Каган Барсбек — кыргыз мамлекет башчысы

Барсбек каган VII кылымдын акыркы чейрегинен — VIII кылымдын башталыш мезгилинде Борбордук Азиядагы саясий кыйчалыш доорунда мамлекетибиздин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, өрнөктүү өмүр жол баскан, азырынча Орхон-Енисей жазма тарыхый булактарда алгачкы ирет ысымы даана кездешкен кыргыз мамлекет башчысы болгон.

Ошол учурдагы тарыхый кырдаалга көз чаптырсак, VII кылымдын аягында Борбордук Азияда көктүрктөрдүн (1-Көк түрк кагандыгынын — 552-630-жж.) кайрадан күчүнө келип, бийлигинин орнотулушу, башка элдер менен бирге эле кыргыздар үчүн да кооптуу болгон. 689-ж. көктүрктөрдүн Кутлуг Чор Элтериш (681-693-жж. башкарган) каганы өкүмдары Баз каган болгон тогуз-огуздарды баш ийдирип, Таң  (Кытай) империясына сокку урган. Булар Борбордук Азияда Түрк мамлекетинин кайрадан күч-кубатына келип, күчөшүнүн белгиси жана 2-Көктүрк кагандыгынын башталышы болгон. Ошол эле жылдары кыргыздардын мамлекетине көктүрктөрдүн кол башчысы Капаган (түрк тарыхий изилдөөлөрдө Капкан – Д.С.) жортуулга барып ийгиликсиз кайткан. Алар менен бирге кыргыздар да бул аймакта саясий үстөмдүккө жетишиш үчүн активдүү күрөш жүргүзө баштаган эле.

Белгилүү тарыхчылар Владимир Мокрынин менен Владимир Плоскихтин маалыматтары боюнча ошол эле 689-ж. кыргыз элинин башчысы Барсбек Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттердин бири катары өзүн каган деп жарыялоо менен Ынанчу Алп Билге деген салтанаттык ылакап аталышты кабыл алган . Муну чечмелей турган болсок, Ынанчу (ynanç) — ишеничтүү, Алп (alp)  — эр жүрөк, баатыр, кайраттуу жана Билге (bilgä) – билимдүү акылман, кеменгер адам болгонун көрөбүз. Ал эми жаш түрколог Нурдин Усеевдин жаңы түшүндүрмөсү боюнча анын аталышы “Элиг Бөрт Опа Барс” – мааниси: элүү, орто жаштагы, өгүздөй күчтүү Барс . Ушул маалыматтан биз, Барсбек өлгөн 711-жылы 50 жашта болсо, анда ал 661- жылы төрөлгөн деген жыйынтык чыгарсак туура болчудай.

697-жыл Капаган (Мочжо Бег Чор – 692 же 693 — 716 жж. башкарган) каган жана ханзада Билге (ал кезде 14 жашында тардуш элинин шады) чыгышта Сары дарыя, Шан – Тун өрөөнүнө (кебетеси, батыштагы Мавераннахр тарапка, башкача айтканда Жүзак менен Самарканддын ортосундагы – Д.С.), Темир Капыга чейин жана Көгмен (Енисейдеги – Д.С.) тоолорунун ары жагындагы кыргыз өлкөсүнө чейин 25 жолу жортуулга чыгышып, 13 салгылаштын жыйынтыгында, сепаратисттик иштерге алектенип жаңылыштык кетирген түрктөргө тууган калктардын бири болгон түргөш каганы өлтүрүлгөн. “Ата бабабыздар ээлеген жерлер, дарыялар ээсиз калбасын деп, — айтылат Билге каганга (716-734 жж. башкарган) арналып 735 – ж. тургузулган эпитафияда, аз калкын (башкача айтканда кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) тартипке келтирип уюштуруп Барсбекке бердик. Хакан наамын ага биз бердик. карындашыбызды ханыша кылып берген элек”. Мындан көрүнгөндөй кыргыздардын өкүмдары Барсбекке 2-көктүрктөрдүн мамлекетин жаратуучусу жана даңазалуу каганы Кутлуг-Чор Элтериш кагандын кызын аялдыкка беришип, дагы бир жолу, эми булар тарабынан «каган» титулу тартууланган. Демек, ага чоң ишенич көрсөтүлүп “аянычтуу ахвалга дуушарланган түргөш жана аз (кыргыздардын башкаруучу уругунун – Д.С.) калктарына” да жетекчилик кылуу тапшырылган. Муну менен алар кыргыздарды өзгөчө жакын тууган катары эсептешип мамлекетинин көктүрктөргө тең аталыгын таанып, өздөрүнө өнөктөштүккө келтирүү аракетин кылышкан. Кийин бул жагдай сепаратисттик аракети үчүн өлтүрүлгөн, ушул эле Барсбектин уулуна бийлигин улантууга мүмкүнчүлүк бериши менен ырасталат.

24 жыл кагандык кылган, Капагандын ашкере тынымсыз талоончул чаап алуучулук жортуулдары менен бирге өзгөчө кийинки мезгилдеги ийгиликсиз тышкы саясат жүргүзө баштаганын көрөбүз. Анын 700-ж. Таңгут мамлекетине, 701-ж. батыштагы алты аймактуу Согдуга (Самаркандка чейин), 703 – ж. бир тууган басмыл Иди-Кут коомуна жана 705-ж. Табгач (Кытайдагы Таң династиясына) мамлекетине жасалган жортуулдары ага аброй алып келбеди. Себеби, 731-жылы көктүрктөрдүн колбашчысы Күлтегинге арналган эстеликте айтылгандай, “барган жерде сенин (Капагандын — Д.С.) жакшылыгың болбоду” делет. Натыйжада түрк эли өз каганына каршы көтөрүлүп чыккан эле . Ушундай кырдаалда тышкы коншулаш мамлекеттер: Таң империясы, Түргөш жана Кыргыз кагандыктары да өз ара биримдикке умтулушуп Капаганга каршы коалиция түзө башташышат. Бул үчилтикте негизги ролду кыргыз каганы Барсбек ойногон. Ал 707 ж. Капаган менен салгылашып жаткан Таң императоруна өзүнүн элчисин жиберген.

Алтын-Көл II жазма эстелигинде түрколог Сергей Кляшторныйдын пикиринде Барс бек кагандын 38 жаштагы Инанчу Алп Саңун лакап ысымга татыган Эрен Улуг деген эгиз инилеринин бири, төрт жолу сыртка элчиликке барып кайра келгенден кийин, Тибет каганына элчи болуп кетип, кайра мамлекетине кайтпаганы жазылган . Ал эми Уйбат I жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Кара Канга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Бул акыркы элчини Барсбек тарабынан жиберилгенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный аныктаган.

Кытай булактары да бул маалыматты ырастайт: «Хягас (кыргыз – Д.С.) күчтүү мамлекет болгон. Аймагы боюнча Дулгас (Тукюе — көктүрктөр –Д.С.) ээликтерине барабар эле. Дулгас (Тукюе) ордосу өз кыздарын алардын башкаруучуларына (аялдыкка -Д.С.) беришчү. Аймагы чыгышта – Гулигани (Байкал көлүнүн жаны — Д.С), түштүктө — Тибет (тагыраагы Чыгыш Түркстан – Д.С.), ал эми түштүк батышта Гелолуга (болжолдуу Жети-Суу – Д.С.) чейин жеткен» . Мындан биз кыргыздардын көктүрктөр менен теңтайлаша алган күчкө ээ болгондугун көрөбүз.

Барсбек каган Көктүрк каганаты үчүн эң негизги коркунуч туудурган башкаруучу болгон. 732-жылы өлгөн көктүрк кошун башчысы Тонукукке арналган эпитафияда бул жагдай ачык сүрөттөлөт: «…Табгач (Таң династиясы — Кытай императору – Д.С.) каган жообуз эле, он ок элинин (түргөштөрдүн) каганы жообуз эле. Артыкча кыргыз күчтүү каган жообуз болду».

Кыргыз башчысына көктүрктөр өз каганынын кызын берүү менен аны тынчтык мамиледе болот деген үмүттөрү ордунан чыкпады. Барсбек Көктүрк кагандыгы менен атаандашуу саясатын уланта берген. Ушул максатта Барс-бек түргөштөр жана Таң империясы менен коалиция түзүүгө макулдашкан.

Таң империясынын коалицияга реалдуу түрдө кошулушу ачыкталбагандыктан, Барсбек 710-ж. Таң династиясынын душманы болгон Тибет мамлекетине өзүнүн элчиси Эрен Улугту тымызын жиберүүгө аргасыз болгон. Бул кабар дароо Таң императоруна угулуп, аны бушайман кылган.

Барсбектин мындай саясий аракетинен өзгөчө кооптонгон көктүрктөрдүн даңазалуу аскер башчысы Тонукук жана ханзадалар Култегин менен Билгенин (шад Могилян) жетекчиликтеринде кыргыздарга дыкаттыкта даярдалган чоң кошун менен кыш мезгилинде күтүүсүздөн кол салууну чечет. Тонукуккө арналган таш эстеликтеги жазууларда ал мындайча сүрөттөлгөн: «Жоолашалык — дедим. Көкменде жол бирөө эле, суук дегенди эшитип, …ал жерди билген киши издеттим…түздөгү аз (кыргыздардын курамындагы — Д.С.) элинен жерди билген бирөөнү таптым… «Аны (Тува жергесиндеги дарыянын аты — Д.С.) суусун бойлой барсаң бир аттык жол калат. Ал жол менен барсаңар ынанымдуу деди. Ойлондум, каганымдан өтүндүм, кол жөнөттүм… Аттангыла!» — дедим. Актермелди кечип атка миндирип, карды жиреп, жогору аттарды жетелеп, жөө жыгач (таяк) тутуп алдыдагы кишилер карды жиреп, чердүү чокуну аштык, кыйналып жатып он түн дегенде тоо этегине бардык. Жол көрсөткүч сапардан (балким атайлап – Д.С.) жаңылгандыктан мууздалды. Кыргыздарды уйкуда бастык… Каны колу (аскери) чогулду… Согуштук, жанчтык, Каганын өлтүрдүк. Каганга кыргыз эли баш ийди…». Бир нече күн айыгышкан салгылашта, көктүрктөрдүн аскерлери көпчүлүк болгондуктан каган Барсбек баатырлык менен майданда курман болгон.

Ошол жараянда көктүрк ханзадасы алп денелүү ат көтөргүс (анткени, ал катышкан салгылаштарда минген даңазалуу аттардын сегизи мерт болгону маалымдалат аталган таш жазууда) Култегиндин минген жылкысы “Байкурундун ак айгырынын жамбашы сынды” делет ага арналган эпитафияда.

Бул жортуулдун натыйжасында кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон. Ошондой болсо да көктүрктөр кыргыз мамлекетин биротоло жойгон эмес. Согушта каганын өлтүрүп, аз кыргыз журтун ээсиз кылбасак деп, элин курап, башчы дайындап келдик делет, Култегинге багышталып орнотулган таш жазуу эстеликте. Изилдөөчүлөр Виктор Бутанаев менен Юлий Худяковдун маалыматында көктүрктөр Кыргыз мамлекетинин башына Барсбектин түрк каншасынан төрөлгөн уулун, ханзада Билгенин жээнин коюшкан . Кытай окумуштуусу Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулунун маалыматында анын ысым аталышы Кутлуг Билге Каган болгон, ал 11 жыл кыргыз мамлекетин башкарган. Өзүнүн атасынын көктүрктөргө болгон саясатын уланткан. 718-жылы Көктүртөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында кыргыз каганы өзүнүн кошуну менен акыркылардын тарабында салгылашып, абдан баатырлык көрсөткөн. Ошондуктан, Таң падышалыгы жагынан: “Атканынан жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган” кошун деген даңазага татыган.

Өз каганатынын коопсуздугун көктүрктөр ушундайча камсыздандыра алган. Ошентип, кыргыз өкүмдарынын бийлиги эч чектелген эмес. Маселен, 713-755-жж. кыргыз элчилиги Таң ордосуна төрт жолу барган.

Ал эми, Борбордук Азиядагы мындан кийинки саясий окуяларга кыргыздардын катышпаганын окумуштуулардын көбү кыргыздардын аскердик жактан алсырашы менен байланыштырышат. Бирок, тарыхый маалыматтардын анализи мунун себебин кыргыздар менен көктүрктөрдүн арасында өз ара жылуу мамиленин сакталышы экенин көрсөтөт. Маселен, Күлтегиндин кара ашына кыргыз каганы өз элчиси Чур Тагдуш Ынанчуну жиберген , ал эми көк түрктөр кыргыздардын Таң империясы менен болгон тышкы байланышына кийлигишкен эмес. Ошондой эле Түрк каганаты алсырап, уйгур, карлүк жана басмылдар 742-ж. бирдиктүү көтөрүлгөндө кыргыздар ага кошулушкан эмес. Ал эми 751-ж. менменсинип кеткен уйгур каганына каршы кыргыздар айбаттуу күрөш жүргүзгөн . Мунун өзү кыргыздардын аскердик жактан эч бир алсырабаганын көрсөтүп турат. Кандай болсо да 710-711-жылдардагы Сунга токойунда (азыркы учурда Хакасияда ушундай аталышта айыл бар) кыргыздардын жеңилүүсү кыргыз мамлекетине кандайдыр бир саясий абройун түшүргөн эмес.

Көктүрк жазууларында Барсбектин ишмердүүлүгү жаңылыштык катары «…өзү жаңылды», — деп бааланып, ал эми кыргыз каганы болсо көктүрктөрдүн негизги каршылашы катары көрсөтүлөт. Көктүрк идеологиясын ачык чагылдырган бул эстеликтерде асман-жердин ортосундагы бүткүл адам баласын көктүрк кагандары башкарышы керек эле. Анткени, түрктөр (ашина — карышкырдан тараган урук — Д.С.) өздөрүн артыкчылыктуу элбиз деп эсептешкен. Ошол эле убакта, кыргыздар да саясий эгемендүүлүккө муктаж болгон жана аларда да өздөрүнүн «артыкчылыктуу башкаруучу» династиясы бар экендигин сезишкен. Кытай булактарында кыргыздардын «өкүмдары ажо (ажэ) деп аталат, ошондуктан анын уругу да ажо деп аталгандыгы» жазылган. Түрколог Сергей Малов кыргыздардагы ажо тукуму Таң династиясынын башкаруучу үй-бүлөсү менен бир уруктан (из одного рода) экендигин кытай булактарынын негизинде, өткөн кылымдын орто ченинде эле, аныктаган. Ал эми, «ажо» сөзүн белгилүү синолог С.Е. Яхонтов байыркы түрктөрдө кеңири колдонулган “инал” (“inäl”) титулунун кытайча жазылышы экенин далилдеген. XIII кылымда бул сөз монголдордо “каан” (“хан”), тажиктерде “падыша” маанисинде болгондугун, XVII кылымда жашаган Хиванын ханы жана тарыхчы Абуулгази Бахадур хан “Шаджара-и түрк ва могул” деген өз эмгегинде ачыктаган . Белгилүү болгон Орхон-енисей жазууларында ажо сөзү азырынча кездешпейт экен. Изилдөөчүлөр Виктор Бутанаев менен Юлий Худяков кытай булактарындагы “ажо” (ажэ) аталышы “аз” (ач) кыргыз уруусун туюнтуп, Кыргыз мамлекетиндеги башкаруучу династия болгон деген жогоруда да айтылган пикирлерин билдиришкен эле.

Кыргыздардын башкаруучу династиясы көктүртөрдүн башкаруучу үй-бүлөөсү менен бирдей деңгээлде турган жана алар өз-ара өзгөчө туугандык байланышта болгон деп айтууга жетиштүү далилдер жогоруда келтирилди.

1878-жылы Абакан дарыясынын оң жээгинде жайгашкан Алтын-Көл деген көлдүн жанынан табылган Алтын-Көл I жазма эстелиги Барсбекке арналып тургузулганы аныкталган. Анын маанисин түрколог Нурдин Усеев төмөндөгүчө такталган жаңы түшүндүрмөсүн берген: “Тексттеги маалыматтар Барсбектин өзүнүн жана жакын туугандарынын сөздөрүнөн турат. Барсбек жердеги барс уруусуна, баатырдыгына тойбогонун, бабасы, колдоочусу болгон Умай бекке (текстте ушундай берилген, мүмкүн мунун касиеттери кийинчерээк эле аял-энеге таандык болуп ооп кеткен сыяктанат — Н.У.) кайрылып аны, анын туугандарын, күлүк аттарын өлтүрбөй жашоо тартуулаганын, сакчы, күзөтчүлөрүнөн айрылганын, аркы дүйнөгө тандалып кеткенин, апасы аны он ай көтөрүп жүрүп, мамлекетине төрөп бергенин, эрдик үчүн эрезеге жетип, көптөгөн баатырлык кылганын, кол салган калың жоого чегинбестен чабуул коюп, ошол согушта каза болгонун жазып, ал баатыр, ага-инилери кудуреттүү болгону үчүн түбөлүк ташын, жазма эстелигин тургузушканын баяндайт. Ал эми, анын бир туугандары Барсбектин аң уулоодо көзгө атар мерген, согушуп, күрөшкөндө күчтүү алп экенин белгилешип, анын каза болушу менен алардын башына оор жүк, муң-кайгы түшкөнүн, алар төрт бир тууган болушканын, аларды жер асты кудайы — Эрклиг айырганын белгилешип, сөздөрүн акыркы саптагы “Алтун-Соңа черинин кийиги арт, (токойго батпай) ташы, (анткени, сени) ата турган Опа (өгүз — Н.У.) Барсым айрылып кеттиң, аттиң ай!” деген алардын кайгысын көркөмдөп көргөзгөн лирикалык чегинүү сыяктуу сүйлөм менен аякташкан”.

Кыргыздардын 711-жылы Сунга токоюндагы салгылашта жеңилиши эстеликтерде айтылгандай көктүрктөрдүн капыстан кол салышына байланыштуу болгон сыяктанат. Ал эми белгилүү россиялык тарыхчы Юлий Худяков бул доордо кыргыздардын аскердик түзүлүшү көктүрктөрдүкүнөн тактикалык жактан начарыраак болгон деп эсептейт. Буга далил катары чек арада кароолдун болбогонун, чалгындоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүн, ошондой эле курал-жарактардын салыштырмалуу жөнөкөй түзүлүштө болушун көрсөтөт.

Ар дайым жүргүзүлгөн согуштар, алыбетте чоң чыгымдарды алып келген, бирок муну менен кошо кыргыздардын этникалык жактан биригишин да шарттаган. Аталган мезгилде кыргыздарга баш ийип, жасак — милдеттүү төлөмдөрдү берип турган, бөтөн (кыштым — айыл сымал — Д.С.) уруулары да «кыргыз мамлекетинин” астында чогулушкан. Кытай булактарында айтылгандай, кыргыздарда аскерий «кошуун куралганда ага бүткүл эл жана бардык вассал уруулар аттанган». Ошол учурдагы кыргыздардын аң-сезиминде «мамлекет», «мамлекеттин бүтүндүгү», «адилеттүү мыйзамдуулук» түшүнүктөрүнүн калыптанышы, өлкөнүн кудуретинин жана аскердик күч-кубатынын өсүшү менен чарбалык потенциалын көбөйтүп, ички биримдигин да бекемдеген.

Ошентип, жыйынтыктап айтканда VII-VIII кк. кыргыздар эгемендүүлүк үчүн болгон күрөштөрдө өз мамлекетин сактоо менен гана чектелбестен, алдыдагы катаал окуяларга тажрыйба топтоп, өздөрүн бараандуу иштерге такшалтканын баамдайбыз. Бул жараянга Барсбек кагандын кошкон салымы чоң экени шексиз. Анын келечектүү демилгеси, урпактары тарабынан 840-ж. Борбордук Азияда Улуу Кыргыз мамлекетинин даңазалуу үстөмдүгүн орнотушу менен уланганын тарыхтан даана билебиз.

Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ,
КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Багыт.kg», 08-16.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий