Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жолдору

«Кыргыз тили» гезитинин 2015-ж. 26-августундагы санына чыккан«Кыргызстанда кыргыз тили коркунучта» аттуу макаламда мен өз өлкөбүздө мамлекеттик тил макамына ээ болгон кыргыз тилинин бүткүл кыргыз эли каалагандай деңгээлде жана ыкчамдыкта өсүп-өнүгө албай жаткандыгынын негизги себептерин атап өттүм эле.

Алардын ичинен негизгиси — бул Кыргызстанда орус тилинин басымдуулугу. ССРС (мурдагы көнүп калган СССР деген кыргызча ушундай кыскартылып жазылыш керек эле, а биз болсок ойлонбой туруп эле орусча кыскартылышын жазып да, окуп да көнгөнбүз, бизди ошого көндүрүп койгон басымчы бийлик) учурундагы бийликте турган орус элинин өкүлдөрүнүн «биз бир совет эли болобуз, коммунизмди бирге курабыз» деген ураандарынын түпкү максаты – бул бара-бара, акырындап, жылма жол менен өлкөдө бир эл, бир тил кылуу саясаты болгону ар бир мекенчил кыргызга түшүнүктүү го.

Троллейбустан түшөйүн деп даярданып, троллейбус токтоочко (аялдама деп туура эмес айтып жүрүшпөйбү азыр) жакындап калган болчу, ордумдан туруп, чыгууга даярданып ортодо тизилип тургандарга жакындап келип, алдымда турган аял кишиден кыргызча «сиз азыр түшөсүзбү?» деп сурасам, ал башын бир аз буруп «еще один нацик нашелся!» десе болобу! Ичим күйүп, каным кайнап, элимдин ушундай абалда калганына ыза болдум.

А менимче, ушул эле бир окуя көпчүлүктүн терең мекенчилдик сезимин ойготот, далай “мен кыргызмын” деп сыймыктанган кыргызды ойлонтот да, катуу толгонтот.

Мен өзүм иштеп жүргөн кишимин, шаарда болобу, тышта болобу дайыма элдин арасындамын. Жогоруда айтылган сыяктуу орустар тарабынан мурундарын көтөргөн, кыргыздарды басынткан, ал эми күбөлөр жок жерде кордогон, шылдыңдаган учурларды көп эле кездештирем.

Мындай мисалдарды келтирип айтканымдын себеби — орустардын кыргыз тилин үйрөнүү мындай турсун, ал тилде сүйлөгөндөрдү уккусу келбегени, кыргызча айтылган сөздөр алардын кыжырын келтиргени айдан ачык эле көрүнүп турганын баса белгилегим келди.

Жогоруда келтирилген мисалдар жана фактылар айтып тургандай биз (бул биздин мамлекетибиз дегеним) орустарды, орусча сүйлөгөндөрдү (орус тилдүүлөрдү) эч убакта окутуп үйрөтө албайбыз, алар үйрөнүшпөйт, үйрөнгүсү да келбейт, анткени аларга кыргыз тилинин кереги жок, кыргыз тилин билүүгө муктаждык жок.

Бардык эле жерде орус тили пайдаланылып жатса, басса-турса орус сөздөрүн укса, иштин баары эле орус тилинде жүрүп жатса, кайда караба орусча жазуулар турса, бала-бакчадан баштап, мектеп, жогорку окуу жайларында окуу-тарбия иштери орус тилинде жүргүзүлүп жатса аларга кыргыз тилин үйрөнүүнүн кереги эмне? Алардын баары ушундай ойдо. Ошондуктан аларды окутабыз деп (мен мектептердеги, жогорку окуу жайларындагы кыргыз тил сабагын айтып аткан жокмун, мен аларды окуп бүтүп, иштеп жүргөндөрдү айтып жатам), тилди үйрөтөбүз деп убара болуштун бизге кереги жок. Андан көрө ошого кеткен каражатты мектептерде ж.б. окуу жайларында кыргыз тилин окутуу процесстерин жакшыртууга, заманбап технологияларды, окутуу ыкмаларын пайдаланууга, сапаттуу окуу китептерди даярдап, жетиштүү санда басып чыгарууга жумшоо маанилүү да, пайдалуу да болор эле.

Чоңоюп калган орустарды (орус тилдүүлөрдү да) кыргыз тилине окутуу деген — бул куру убара, текке кеткен чыгым, популисттик саясат. Бул маселени муктаждык гана чече алат. Орус тилине Кыргызстанда «расмий тил» деген макамын берүү — бул кыргыз тилине кылган чыккынчылык болгон. Ушунун айынан биздин эне тилибиз өнүгүүнүн ордуна, жоголуунун алдында турат. «Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп саналат» дегенди Кыргызстандын Конституциясынан алып салса эле кыргыз тилинин көйгөйлөрү өзүнөн өзү чечилип, бардыгы өзүнүн ордуна келмек, ошондо гана кыргыз тили дүркүрөп өсүп-өнүгүп кетмек.

Тил маселесин чечүүдө саясат болбош керек, болбосо саясат тилдин түбүнө жетет. «Электорат, электорат» деп жан талашып атып, мына Акаевдин кылганы эмнеге алып келип отурат? Өзүбүздүн өлкөбүздө өзүбүздүн тилибизди коргош керек экен деп мекенчил атуулдарыбыз жан талашып күрөшүп жатабыз!

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу мен кыргыз атуулу катары Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылар элем: Конституциядан «орус тили расмий тил» дегенди алып салуу керек. Аман-эсен болсоңор,ашып кетсе 4-5 жылдын ичинде Кыргызстанда кыргыз тили толук кандуу мамлекеттик тил болуп, өзүнүн макамдык функциясын күнөмсүз аткарып калганына күбө болосуңар. Кыргыз эли баш көтөрүп, өзүн эл катары санап, дүркүрөп өсүүгө умтула баштайт. Атуулдук, мекенчилдик сезим — бул чоң күч, ошол күчтү пайдалануу зарыл. Элимди ушуга чакырам!

Кадыр Аманов,
Улуттук илимдер академиясынын
Геология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери,
геология-минералогия илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз тили», 16.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий