Ваң Жие: Кыргыздын аты, теги жана байыркы орду жөнүндө

(макаланын кыскача мазмуну)

Биринчи, кыргыздын аты

1 Мурдагы изилдөөлөрдө

Ушул кезде, кыргыз изилдөөсү Кытайда жана башка мамлекеттерде кыйла алып барылды. Болуп да мурдагы совет кезинде Бартолъддин «Орто азияа түрк тарыхы 12 лексиясындагы» кыргыздар баяны сыяктууларды атоого болот. Ал эми байыркы кыргыздардын улут атынын кытайча жазылышын эң эртеде Франсиялык чыгыш таануучу профессор Паул Пеллиот (Paul p elliot) болду. Ал киши «чиркон моңгол тилинин так саны боюнча кыргыз сөзүнүн эң эртеде кытай тилинде жазылышы «ke-konду» чечмелеп көргөн. Ал эми Бартолъд болсо, «Кытай жазмаларындагы «кыргыз» сөзү жөнүндөгү маалыматты моңголдун кайсы бир уруусунан алганын» айтат. Анын баамында, кыргыз сөзү моңголдун айтымынан келген дегиси бардай. Бартолъд дагы «кыргыз» сөзүн изилдеген совет окумуштууларынан бир канчасынын атын атаган. Ал эми Канадалык окумуштуу E. G. Pulleyblank «Кыргыз улут атын изилдегегенде» аттуу макаласын «Алтай таануу журналында» жарыялап, Кыргыздардын ар кайсы доордогу улут аты менен байыркы түрк жазууларындагы «Qïrqïz» улут аталышын салыштырып олтуруп, кытай жазмаларындагы кыргыз атынын жазылышы байыркы түрк жазмаларындагы аталыштан көчүрүлүп жазылганы чын, бирок бардыгын бүт эле байыркы түрк жазуусунан көчүрүлүп олтурган дегенден алыс болгон жөн деген ойго келген.

Ал эми кытай окумуштууларынан Сын Жоңмиан мырза «Түрк тарыхыындагы» «Жалпы баяан», «Тынчтык аалам эстелиги», «Жаңы таңнаама» сыяктуу кытай тарыхынын алынгын маалыматтарга сөөнүп, алардагыны салыштырып чыгуу аркылуу айткандары нарктуу пайдалануу материал болгон дегенди айтсак болот. Дагы окумуштуу Ма Чаңшунун, Жов Ланкуаң сыяктуу окумуштуулар кыргыз сөзү, теги, байыркы орду боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү алып барышкан.

 

2 Байланыштуу тарыхий материалдарда

1кытайча тарыхий материалда

Таң падышалыгы кезинде жазылган жаңы, көөнө «Тарыхнаама» кыргыз тарыхын изилдөөчү тарых негизи болуп бере алат. Болуп да «Жаңы тарыхнааманын» «Кыргыз баяаны» кыргыздар жөнүндө маалыматты бир кыйла толук берген.

2) байыркы түрк таш жазмаларда

«кыргыз» сөзү «Туй Йукок таш жазмасы», «Моюнчор таш жазмасы», «Билге каган» сыяктуу таш жазмаларда кенен айтылган.

 

3 Кыргыз атынын аталышы жана өзгөрүп айтылышы

1) Кыргыз улут атынын кытай жазмаларында өзгөрүп жазылышы

«Кыргыз сөзү эң эртеде Сыма Чандын «Тарыхы эстеликтеринин Хондор баяаны» бөлүгүндө «kek-ku∂n» (鬲昆) болуп жазылган. Андан кийинки доорлордо, көп айтым, көптөгөн иероглифтер менен жазылган. Аны бул жадыбалдан көрсөк болот.

 kytay

Мындай болуунун негизги себеби, кытай тилинин ар кайсы доорлордогу фонетикалык өзгөрүштөрү, иероглифтердин окулушунун окшобостугу, дагы тарых жазган адамдардын жергиликтүү айтымы кошулганынан көрсөтсө болот.

2) «Кыргыз» сөзүнүн Кытайда изилдениши

Кытай тарыхында Таң Тайзоңдун жингуан аталган жыл санак мезгилине (биздин санактын 627-жылдары) чейин жогорку жадыбалдагыдай түрдүүчө жазылып келген.

Ⅸ кылымдын башында кытай жазмаларындагы «кыргыз» сөзүн тыбыштап, аны кытай иероглиф менен бирдиктүү калыпташтырып жазуу жагын изилдеп-такташкан. Ал тургай, «кыргыз» сөзүн туюнткан кытайча иероглифти падышага жолдоп, падышалык тастык менен кыргыз деген сөздүн ошол улут айтымына жакын болушун көңүлгө алып, «ke-kuet-sie»(纥扢斯), боюнча тыбыштап, жазууну сунуштаган (Ли Дыйү). Соңунда, биздин санактын 843- жылы жалган куран айынын ортосунда, падыша өзү окумуштуулар менен кеңешүү аркылуу «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, Жа Дан жайсаңдын «Чар тараптан баян» чыгармасында жазылганы боюнча «Get-ket-sie» (黠戛斯) деген үч иероглиф менен кыргыз аты тыбышталып жазылсын деген буйрук да чыккан.

Айтмак, ошол эле Ⅸ кылымдын башында изилдегенде, «кыргыз» сөзү уйгурдун «кызыл йүз» дегенинен келген деген сөздөрдү да айтышкан. Менимче, андай айтуу улуттун өз атоосуна туура келбейт. Себеби «кыргыз» сөзү биздин санактын 716-725 жылдары таш жазмаларда «Qïrqïz» аталган, ал өз улутунун атоосу болгон. Ошого кыргыздын өз атоосуна урмат кылып, кытай жазмасындагы түрдүү жазылыштарды кыргыз сөзү менен которуу керек деп караймын. Ал кытай жазмаларындагы «Get-ket-sie» (黠戛斯)болуп жазылышы байыркы түрк тилинин, ооба кыргыз тилинин тыбыштап айтылуусунан жазылган дегенге негиз бар.

 

Экинчи, кыргыздын теги

Кытайдын «Жовнаама» атттуу китебинде кыргыздардын түрктөр менен болгон тектик байланышын жазган. Анда кыргыздан түрктөр менен тең ата, тектеш экени айтылат. Тарыхий маалыматтарда кыргыздын тегин мындай төрт жактан караштырат: Теле (Телегет, төөлөс) тукуму: Олоба адамдарынын тукуму: Ли Лиңдин тукуму: кызыл жүздүү, көк көздүүлөр деген сыяктуу тукумдарга бөлүп карашат. Биз билген материалга негиз кыргыздын тегин төмөнкү эки жактан караштырабыз.

Кошунду Теле (Телеңгет) тукуму деген айтымга келсек, кыргыздар менен түрктөр тектеш болуп, теле тукумунан деген маалымат жазылган. Теле хан падышалыгынын кезинде (санактан мурда) Хондордун түндүгүндө, санактан мурдагы үчүнчү кылымда Хондор менен тең тайлаш жүргөн эл болгон. Санактан кийин Ⅲ-Ⅵ кылымда Телелерди түштүк жагындагы Ыбыр- Сыбыр, Аварлар басымга алган, ошону менен Моңгол түсү көрүнө баштаган. Алтынчы кылымдын орто ченинде Кыргыз мамлекети менен Телелер Эне- Сай өрөөнүндө ынтымак түзө алышкан.

Кыргыздар Хондор менен да урушуу-табышуу аракеттеринде көп болгон, ошого кээ бир сөөк жаңыртуу демейки иш деп айтса болот. Бирок, Таң падышалыгы кезинен кийинки тарыхта жазылганы кыргыздар түрк тилдүү элдерден болгон деген айтым басым орунда болуп келет. Ошого, кыргыздар Теле менен тектеш деп айтуу ишенимдүү.

Кыргыздар Ли Лиңдин тукуму деген карашка токтолсок, кытай тарыхында Ли Лиң менен кыргыздардын байланышы жөнүндө жазылган маалымат жок, бирок, 840 жылдан кийин Тай падышалыгы императору менен Кыргыз каганы ортосундагы каттарда «тектешпиз» деген сөздөр колдонулган. Ли Лиң чын эле Хондордун колуна түшкөнү, айтылган жерлерге барганы да чын, бирок кыргыз ичинде туруп калды дегенге дагы көп тарыхий материал талап кылынат.

 

Үчүнчү, Кыргыздын байыркы орду

Кыргыздын байыркы ордун биринчи болуп Сыма Чандын «Тарыхы эстеликтеринен» окуйбуз. Анда, Хондордун түндүк жагында экени айтылган. Ошондо орду Мобиде болот.

Хан-Сүй-Таң падышалыктары мезгилинде (санактан кийинки 220- 620- жылдарда) кыргыз Об суусу боюнан чыгышка жылып Эне- Сай суусунун баш жагына өткөн да, бүт Саяан тоолорунун түндүк жагындагы батыш Сыбырды каптаган. Дагы бир бөлүгү Ала-Тоо (Теңир-Тоо) этектериндеги Идикут, Кара- Шаар чөлкөмдөрүндө болгон. Ошондо алардын жергеси чыгышы Горкандар менен (Байкал көлү айланасы, азыркы Анкара суусу бойлору), чыгыш түштүгү Туба (Түмөн тоосунун түштүгү, Таңнураңкау тоосунун түндүгүндө) чектешкен. батыш түштүгү Карлуктар менен чектешип турган.

Ал эми, 840-жылдар айланасында, кыргыздар улуу каганат курган да, жергеси ого бетер кеңейген. Батыш жагы Жымсар, Күсанга чейин, түштүк жагы Тибетке жеткен. Чыгыш жагы Таң падышалыгы менен чектешкен.

Ваң Жие,
КЭР Ички моңгол педагогикалык университети,
тарых илиминин доктору, профессор

Которгон Макелек Өмүрбай

 

Ваң Жие

1967-жылы Кытайдын Кыйлоңжаң провинциясынын Дачың шаарында туулган. 1991-жылы Кытайдын Ички моңгол педагогикалык университетинде тарых илимдери адистигин бүткөн. 2009- жылы Ички моңгул университетинин тарых илимдери боюнча докторлукту ийгиликтүү жактаган.

Азыр Ички моңгол педагогикалык университетинде тарых-маданият иниститутунун профессору, аспирант жетекчиси. Көп изилдөө орундарынын сунушталган изилдөөчүсү.

Эмгектери: аймактык жана Кытай мамлекеттик изилдөө түрлөрүнөн үчтү ийгиликтүү аткарган.

Тарых илимдери бюнча изилдөө багыты байыркы кыргыз тарыхы болуп, кыргыз тарыхына байланыштуу төмөнкү темаларда кытайча макалалар жарыялаган:

  1. «Байыркы кыргыздардын аты, теги, жайгашкан орду жөнүндө» («Ички моңгол коомдук илимдер» журналынын 2008- жылдык 1-номери, кытайча)
  2. «Түрк таш жазмаларындагы Кыргыздар, Түрктөр, Уйгурлардын байланышы» ( «Ички моңгол коомдук илимдер» журналынын 2009 жылдык 1 номери, кытайча)
  3. «Кыргыз кагандыгынын саясый түзүлүшүнө сереп» (Ички моңгол педагогикалык университети илимий журналы» 2010-жыл 3- номери, кытайча)
  4. «Кытайдын «эки Хан» падышалык доорундагы Кыргыздын жашаган чөлкөмдөрүнө тарых жазмаларынан сереп» (Ички моңгул радио теле университети илимий журналы» 2010- жылы 4- номери)
  5. «Кыргыз дуду мекемеси (өкүмөтү) менен Таң падышалыгынын байланышы» («Ички моңгол коомдук илимдер» журналынын 2010-жылдык 5- номери, кытайча)
  6. «Архилогиялык өңүттөн Кыргыздын коомдук экономикасын караганда» (Ички моңгол «Жайлоо маданий мурастары» журналынын 2011- жыл 2- номери, кытайча)
  7. «Кыргыз каганатына караган урууларды алып айтканда» (Ички моңгол педагогикалык университети илимий журналы» 2011- жыл 3- номери, кытайча)
  8. «Кыргыз маданиятынын байыркы түсү» (Ички моңгул радио- теле университети илимий журналы» 2011-жылы 4-номери, кытайча)
  9. «Ⅶ кылымдан Ⅹкылымга чейин Кыргыздардын жоокердик иштер тарыхын иликтөө» (Ички моңгол педагогикалык университети илимий журналы» 2012- жыл 1- номери, кытайча)
  10. «Байыркы кыргыздардын тарыхы өзгөрүштөрүнө жоромол» (Ички моңгол педагогикалык университети илимий журналы» 2012- жыл 5- номери, кытайча)
  11. «Кыргыз каганатынын калптануу убакты жөнүндө изденүү» («Ички моңгол коомдук илимдер» журналынын 2013-жылдык 3- номери, кытайча)
  12. «Кытайча кыргыз атынын которулуштарын иликтөө» («байыркы маданийлик» журналы 2013- жыл 3- номери, кытайча)
  13. «Таң падышалыгынын шиантың жыл санагы (биздин санактын 670-жылы) кезиндеги кыргыздарга берилген наамдар» («Ички моңгол коомдук илимдер» журналынын 2014-жылдык 2-номери, кытайча)
  14. «Орхондун ойронун чгаруу жөрөлгөсү: 840-жылдан кийинки Кыргыздардын Эне-Сай өрөөнүн ээлеп турушу» (биргелешкен котормо, Ички моңгол педагогикалык университети илимий журналы» 2014- жыл 5- номери, кытайча)
  15. «Тарыхы эстеликтерден кыргыз тарыхын караштырганда» (2012-жылы баш оонада ачылгын илимий талкуу жыйында окулган)

Байланыш

  1. Адд: КЕР Ички Моңгул Кокхот шаары сайхан микиро район жаңы курулуш батыш көчөсү жавуда жолу 81-короо
  2. Почта: 010022
  3. E- mail: hhhtwj@163.com
  4. Tell: +86- 13848511696
Соц тармактар:

Добавить комментарий