Кыргыз жана кийит

Журналист Султан Жумагулов кедей кыргыздар кантип кийитке миллиарддарды коротуп, коңшулардын экономикасына көтөрүп жатканы тууралуу кезектеги баянын сунуштайт.

(Кедей кыргыз кантип кытайды байытып жатат?)

Жакындагы үч окуядан баштайын.

Катышыбыз бар теӊтушум келип: “Бир байпагым жок отурганда уулум кычап үйлөнөм дейт. Кошумчаны эртелей бергиле, тойго камданайын”, — деп кейип-кепчиди. Чогултуп бердик. Анан той болду. Баягы “бир байпагы” менен калган аяшыбыз ресторандагы 200 чамалуу коноктун ар бирине… бирден белек таратты. Кытайдын арзан буюму, эч ким урунбайт, андайлар ар бир кыргыздын үйүндө керексиз жыйылып жатат…

Коңшубуз куда тосту. Күн мурунтан кийит болбосун деп сүйлөшкөн экен, бирок кудалары сөзгө турбай, кийиттерин көтөрө келишиптир. Арасынан дагы бир “билерманы” чыга калса керек салтты бузбай, ырымдап ала баралы деп. Коңшубуз алдастап калды, дагы жакшы, азыр ар бир кыргыздын үйүндө кытайдын “сырты жалтырак, ичи калтырак” кийиттери кийилбей, шкафында бүктөлгөн бойдон чирип жатпайбы, ар кимибиз бере салып, ажаат ачтык…

Ошто кайсы бир жаш мекеменин онбу, бешпи жылдык мааракеси болду, мекеменин жаш жетекчилерине (курактары 30дун ары-бери жагы го) кементай, Бакай калпак кийгизишкен экен, ал сүрөттөрүн Фейсбукка чыгарышты. Байкашымча Кытайдан чыгарылган арзан синтетика кийиттер. Ага деле мейли дейли, бирок жапжаш жигиттер карыяларга жабылчу кементайды кийип, маашырлана сүрөткө түшкөнү өтө өкүндүрдү. Бирок мен ал жигиттерди эмес, аларга көзү ачылгандан тарта кийит жапмайды сыйдын сыйы деп үйрөткөн өзүбүздү — чоң кишилерди ичимен сөгүп отурдум.

Эми кийит бул кыргыздын… кандай десем? Артта калган аң-сезими десем ашөпкө кетип каламбы? Кыскасы, 21-кылымга эбак жарашпай калган адат, жумшак айтканда. Кагылайын агайын-туугандарым, кийит кийгизүү деген азыр абсурд – эч бир акылга сыйбаган көрүнүш болуп калганын түшүнүп туруп, эмне баш тартпай жатабыз?!

Кийит — туташ дефицит баскан совет доорунан калган кесепет. Эсимде, ал кезде кудасына каракүл тумак, кудагыйына жакалуу пальто жабыш үчүн потребсоюздан тааныш издеп, айла кеткенде исполкомдун чоӊдоруна чейин кирип, акелеп-жакелеп жатып алышчу. Кийин лама пальто деген чыгып, аны кийген аялды көздөрү акканча карап, ушул пальтого жетүү ар бир аялдын өмүрлүк максатындай эле.

Андан бери кийимден көзүбүз каткан жаныбыз Кытайдын бир кийме да, сапаты мыкты да кийим-кечегине көзүбүз тоюп бүткөндөй болду. Бул эле Ала-Тоонун аркы бетиндеги туугандар үйүндө тиге салып, жип-шуусу чыгып турган “адидос” (ооба, “адидос” деп ката жазуусу менен келчү эле го?), бир кышта жакасы да, сырты да түлөп калчу тондорун, катуу суукта курушуп катып калган кайыш сымал күрмөлөрүн бир-эки сыйрадан кийип, иренжип бүттүк го.

Бу “биздин ата-бабалар далай жолу чаӊ салып куруткан, жыртыйган кытайлар” биз өңдөнгөн алабарман, алакөөдөн, куру намыска алдырган элдин колдон-колго өтүп, тынбай айланган кийиттеринин эсебинен оӊой кирешеге туйтунуп жатышат, эр экен!

Ушуну биз билбейбизби? Билебиз. Биз базардан жаакташып соодалашып жатып, сатып келген синтетика көйнөк, калпак, чапан, бир байлам жоолук айланып-тегеренип отуруп, кайра өзүбүзгө кайтып келип жатканын билбейбизби? Билебиз. Ушул акылга сыйгыс нерселерди билбесек, анда кыргыздар – маңыроо койлор десе жарашат эле. Билип туруп, жасап жатпайбызбы!

Биздин кыздардан, аялдардан кагылып кетсек болот! Бирок, мына ушул кийиттин тыйылбаганында, керек болсо кайра күчөгөнүндө силердин күнөөңөр чоӊ! “Элден чыгалыбы?”, “Тигилер деле беришиптир!”, “Куттуу үйдөн куру чыгаралыбы?” ж.б.у.с. Тим эле биздин аялдарды кытайлык ишкерлер тымызын колго алып алгандай да…

Анда сыйлуу коногубузга, кудабызга, юбилейин өткөрүп жаткан досубузга эмне тартууласак? Тартуулай турган белектер өзүбүздө толтура. Өгүнү бир курсташыбызга Шайлообек Дүйшеевдин үч томдук “Агындыларын” сатып бердик. Сыйлуу кишиме мен кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен, уздарыбыздын колунан чыккан керемет буюмдарды белекке берем. Кыргыз күүлөрүн, сөздүктөрдү, балдар китептерин берсек, бизге ким бирдеме дейт? Андай эле кийит жапкыбыз келсе, бере турган кишинин боюна карап, бышык кийим тартууласак болот да.

Ар бир кыргыз базардан арзан кийит алдым деп өзүн жооткотот. Бирок арзан, кийилбеген кийитти ар бир кыргыз үй-бүлөсү жылына аз дегенде 2-3 жолудан сатып алып жатпайбы! Эми эсептей бергиле – миллиарддаган сомдор чыкпаса мага кел!

Ал ортодо райондо, облуста же борбордо болобу, кайсы гана ооруканага кирип көргүлө – кызылдай кыргыздар зарыгып кезек күтүп отурушат… Кийитке карыздасак да, ыйласак да, жер чукусак да пул табабыз. Ал эми ден соолукка караганга дайым акчабыз жок! (Кыргыздын ден соолукка, өз жанына мамилеси тууралу кийин өзүнчө сөз болот).

Мага бир-эки аттуу-баштуу адам эмнеге мындай майда темаларга асылып жатасың, тышта саясый чоӊ маселелер болуп жатса дегендей айтышты. Дароо жооп берейин: саясый турмушта далай ызы-чуулуу окуялар болуп келген, мындан ары да боло берет, четинен эскирип, унутулганы унутулат. Биз, кыргыздар адам баласы тынымсыз өзгөрүп жаткан, сапаттуу жашоо үчүн жарыш заманда өзүбүздүн жүрүм-турумубузду, каада-салттарыбызды бир сыйра сын көздөн өткөрүүгө милдеттүүбүз — азыр мындан чоӊ саясат жок!

Биздин айрым үрп-адаттарыбыз, ой жүгүртүүбүз жаңы доорго шайкеш келбей, улутту өнүктүрбөй, артка тартып жатканы тууралуу маалымат каражаттарында, ар кандай форумдарда, парламентте талкууланып жатат. Демек, бул эбак бышкан, керек болсо улуттук ири проблема.

Артка кылчайсак, көп сандаган өлкөлөр кайсы бир тарыхый бурулушка келгенде кылымдар бою карманып келген каада-салттарын, жүрүм-турумун кайра карап, айрымдарынан чечкиндүү баш тартып, кээсин заманга ылайыктоого мажбур болушкан. Ушундай жол менен алардын алдыга тез озгонун көрөбүз. Мисалы, Петр I күчкө салып, орус элинин жашоо образын өзгөртүү, өсүп-өнүүсүнө тоскоол болгон салттарынан баш тартуу аркылуу Россияны алдыӊкы өлкөлөр катарына чыгарган. Керек болсо мужиктеринин сапсайган сакалдарына чейин салык салууга барганын билебиз. Түркияны феодалдык-диний башкаруудан европалык үлгүдөгү илим-билимдүү, индустриялуу республикага жеткирген Ататүрктүн, ар башка тилде сүйлөп, ар башка салтты карманып, ич ара ыркы жок алакандай Сингапурду саздан чыгарып, башкалардын көзүн кызыткан “оюнчукка” айланткан Ли Куан Юнун мисалдарын айтсак болот. Мындай өрнөктөр толтура.

Биз да өзүбүзгө башка көз менен карайлы. Мисалы, мигранттарыбыз азап менен таап салган акчаларды эмнеге кийилбеген кийиттерге же желбей жугундуга төгүлгөн тамакка коротушубуз керек?

Кыргыз ооба, сеники чын деп коюп, бирок өзүнүкүн кыла берет дегенге да макул эмесмин. Жакында Нарынга кайра бардым. 10-15 кой жегендер улам азайып, жаңы баш кошкон балдарга энчилеп же акчасын берип жаткан мисалдар көбөйүптүр. Оштон Нарынга куда келип, эки тарап чактап сыйлашкандан кийин ортодон акча чыгарып, эки балага үй сатып беришкенин кеп кылышты…

“Эл эмне дейт?” деп, элге шылтабай эле жасаса, өзгөрсө, өзгөртсө болот экен да.

Султан Жумагулов, «Азаттык», 15.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий