Тазагүл Закирова, акын: “Кыялымдагы адам тууралуу күнү бүгүн да жазып келатам”

Ош шаарында жашаган акын Тазагүл Закирова жакында Бишкекке келип, ыр ышкыбоздору менен жолугуп, быйылкы жылы чыккан “Жүрөк – күзгү”, “Тазалоочу ыйык тоо – Сулайман-Тоо” аттуу китептеринин бет ачарын өткөрдү. Буга чейин акындын “Купуя сезим”, “Кусалык”, “Боз торгойдун ыры”, “Ырыстын тагдыры” ж.б. китептери жарык көргөн.

— Дооронбек Садырбаевдин “Визитка” аттуу китебинде “Тазагүл Закировага. “Акын” аттуу сизге арналган ырынын бир куплетин келтире кетейин:

“Айтканым сага жакпаса,
Агытсаң агыт, такмаза.
Бирок,
Арманда кетип жүрбөйлү,
Ааламдан өтүп таптаза…”
— деген саптары бар экен…

— Дооронбек агайдын 90-жылдары жазган ырынын таржымалы мындай: — Жалал-Абад облусунун губернатору Бекмамат Осмонов адабиятты мыкты билген киши эле. 1991-жылы Аксы районунда Жеңижоктун 131 жылдыгына карата алып баруучулар бир ай даярданса да көңүлүнө толбой, кечени губернатор өзү алып барды. Жеңижокту эскерип турган дөңдө аттуу-баштуу меймандар да арбын келген. Алардын арасында Дооронбек Садырбаев да бар эле. Кече башталгыча сүйлөшүп турганда, агай сүйлөгөн кезде аския-тамаша айта бериптирмин. Анда жаш экенмин, улуулар жаштарды көтөрмөлөп турганын сезип, такмаза сөз айтканым агайдын жанындагыларга да жагыптыр. Бир жылдан кийин агайдын “Визитка” аттуу китеби чыгып, мага берип жибериптир. Ошол китептеги ушул ырды окуп, улуу кишиге аския айтканыма уялгам.

Менин бир өзгөчөлүгүм курч аския айтканды жакшы билем. Бул мага атамдан жуккан экен. Кезинде Ысмайыл Борончиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Мыскал эже Жалал-Абаддан биздин үйгө келип, мейман болуп кетишчү. Ал учурда ар ким эле андай мейман күтө алчу эмес, бир тоголок дан таппай калчу кез. Атам мектептин директору болуптур. Залкарлар комуз черткенде кыймылдабай олтурсун дешкенби, биздей балдарга комуздун кулагын тиштетип коюшаар эле.

Балалыгымда да, өспүрүм курагымда да, дегеле өмүр жолумдун бардык баскычтарында жакшы адамдар, жакшы чөйрө арасында болуп келдим.

— Азыркы акын-жазуучулар арасында да аския-тамаша түшүнгөн замандаштарыңыз кимдер?

— Марттыгы, шарттыгы, шайырдыгы менен белгилүү Майрамкан Абылкасымова, адамдык даражасы бийик, ак сөөк Мелис Абакиров жана Кален Сыдыкова, Бактыгүл Чотурова, Байас Турал, Жедигер Саалаев менен аралашып жүрөбүз. Сүйүнбай аке, Сооронбай аке менен да жакшы мамиледе элем. Сүйөркул Тургунбаев менен аския айтышып калчубуз. Москвадан Расул Гамзатов, Давид Кугультдинов менен жолукканда, Расул Гамзатов мени кишини башкарганды жакшы билет деп “красный буржуа” деген лакап ат коюп койгон.

— Бир кездери “түптүз” баскан партиялык кызматкер да болуп иштеген экенсиз…

— Кезинде партиялык, советтик кызматтарда иштеп, “түптүз” басып да жүрдүк. 16 жыл бириккен партиялык уюмдун катчысы болдум. Бирок алардын арасында да тартипти “бузуп” койчу элем. Айрыкча 89-90-жылдары кыргыз тили тууралуу мыйзамды кабыл алуу үчүн жан тартып, түштүк аймагынан 230 миң кол топтогонбуз. Артыман КГБ түшүп алып, обком партияда түшүнүк кат жазып жүргөн күндөр өттү. Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов аксакалды көрүп, ишин, насаат сөздөрүн уктук. Түштүк аймакты сакман, пахта терүү, чөп орууда агитбригада менен кыдырчу элек. Кенедейимен улууларга аралаштым, аларга барган жерден калпак кийгизсе, мага да кийгизип коюшаар эле. Биринчи тракторист кыз Ырысбүбү Кудайбердиева тууралуу, Уркуя тууралуу тасма тарттым. “Бөпө эженин бактысы” аттуу тасманы тартып жүргөндө бир кызык факты ачылды. Барпы Алыкуловду көзү азиз болгон дей беришет го, убагында ал киши жакшы эле көрчү экен, басмачылар Полот деген агасына кол салганда, Барпынын да башына доо кетип, адегенде бир көзү, кийин эки көзү такыр көрбөй калган экен. Бул тууралуу анын жээни Сапар аке айтып берген. Фильм кыргыз, англис, орус тилдеринде чыкты. Ал Голландия, Индияга чейин барды. Алымкул Үсөнбаев менен айтышып жүргөн Ады Өмүралиев аттуу киши тууралуу да тарыхый маалыматтар менен тасма тарткам.

1991-жылы Курманжан датканын 180 жылдыгын ийне-жибине чейин даярдоого катыштым. Борбордон Төлөгөн Касымбеков менен Камбаралы Бобулов келишкен. Курманжан датканын бала чагы тууралуу чакан тасма тартайын деп ал туулган Орке деген айылга боз үй тиктирип, тасманы тарта баштайлы десек, боз үйдү тегеректеп турган кишилер улуттук кийимсиз кыргыздар кыргызга окшошпой, Ходженттен баркут, Оштун Жибек комбинатынан жибек алдырып, улуттук кийим тиктиргенбиз. Азыр кыргыздын улуттук кийимдери кеңири жайылса, ал учурда такыр эле улуттук кийим кийилбей калган. Кыргыздын ХХ кылымдагы кыйын аялдары тууралуу беш даректүү фильм тарттым.

Ошто кыргыз бала бакчалары жок деп “Кыргызстан маданияты” гезитине жазып, маселе көтөргөнбүз.

— Эл аралык “Насыят” аттуу аялдардын эл аралык ассоциациясын түзгөн экенсиз?

— Ооба, килем токуган, сайма сайган, кол өнөрчү 120 аялды окутуп, үйрөтүп, алардын турмуштан өз нанын таап кетишине салым коштук.

— Бир катар ыр жыйнактарыңыз, китептериңиз чыкты. “Кусалык” аттуу ырыңызды алыста жүргөндөр жакшы көрүп ырдашат экен…

— “Кусалыкка” 80-жылдары Маматибраим Бостонкулов мыкты обон чыгарып, аны Айнагүл Сарыкова ырдап чыкты. Айнагүл искусство институтун бүтүп жатканда бут кийимди чечип, колго кармап алып, институт менен коштоштук дейт. Ноокат районунда бир кечеге барышкандар да ырды 70-75 жолу коюп уга беришиптир.

Илгери биз чайга олтурсак деле ырдап кирчү элек. Дүйшөналиев аттуу декан агайыбыз мени “Тазагүл акын болбосо, эстрадалык ырчы болмок” деп айта берчү эле.

— Ушул жылы эле эки китеп чыгарыптырсыз. Бири — “Жүрөк – күзгү”, экинчиси “Тазалоочу ыйык тоо – Сулайман-Тоо”. Дагы эле ыр жазып келатасызбы?

— Дагы эле деген туура болбой калат. Ырды ар дайым жазам. Кээде бир күндө 11-12 ыр жазган күнүм болот. “Жүрөк – күзгү” аттуу жыйнагымда ырлардын датасы көрсөтүлүп коюлган. Ыр келбегенде жазбай калган күндөр да болот. Ал эми кыялымда баккан идеал адам тууралуу күнү бүгүн да алгачкы күндөгүдөй жазып келатам.

— Бишкектеги кечеңиз кандай өттү?

— Биз эл менен жашайбыз да. Жакшы сөз, жакшы тилек кымкап чепкен жапкандан да кымбат. Биз – сөздүн кулубуз. Бирок мен баарына сын көз менен карайм. Ар бир ишимин кемчилигин да көрөм. Ийгиликке жоолугумду булгалап кетпейм. Болбосо кийин ийгилик жаратышың да кыйын болуп калат.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Кыздарым, неберелерим бар. Кудайга шүгүр, балдарым, неберелерим музыкага шыктуу, билимдүү.

Маектешкен Айгүл Бакеева, «Политклиника»

Тазагүл Закирова

* * *

Ырдан көрөм ууз сезим шооласын,
Тунгуч перзент ак маманы эмгендей.
Арып-чарчап улам айтып тообасын,
Чөлдөн тоолук тоосун эңсеп келгендей.

Ырдан көрөм булут челген бийикти,
Жапыздыкты тереңдикке чумкуган.
Махабатты, маанайы пас күйүттү
Санаа торойт, шайырлыкка умтулам.

Ырдан көрөм жылуу, назик сезимди,
Сүйүү отун куйкалачу аптабы.
Ырдап айтам сага арнаган сөзүмдү,
Түндө түрө ырлар жазып жапжаңы!

 

* * *

Сөздөрдөн куралган бу дүйнө,
Сөздөргө кармалып турабыз.
Сөздөрдүн жаны бар, жаны жок,
Канаттуу сөздөр бар бир алыс.

 

* * *

Канаттуу, ырыстуу сөздөргө,
Жете албайт кубаты чабалдын.
Жашашат сөз кунун тебелеп,
Көрө албай жакшысын адамдын.

Соц тармактар:

Добавить комментарий