Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир

Кыргыз искусствосунда булбул үндүү опера ырчысы, КРдин Эл артисти Дарика Жалгасынова быйыл 75 жашта. Эки доорду көргөн ырчы 80 жашты утурлап калса да, боюн түз алып, орду менен сүйлөп, табит менен кийинет. Опера ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаевага 75 жылдык мааракеси жана басып өткөн чыгармачыл жолун баяндап берди.

— 75 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Телефон менен байланышканыбызда кичи мекениңиз Таластан келе жатам деп калдыңыз, ал жактан да белгилеп келдиңизби?

— Тоюмдун акыркы бөлүгүн туулуп-өскөн мекеним Талас шаарынын Кара-Буура районунда өткөрүп келдим. Мени менен чогуу СССРдин Эл артисти, курбум, чогуу иштеген Кайыргүл Сартбаева, акын эжебиз Гүлсайра Момунова жана аксакалдар уюмунун башчысы Дөөлөтбек Шадыбеков өңдүү залкарлар барышкан. Негизи, Төө-Ашуудан өткөн сайын тоодой болгон энергия алам. Элим менен жолугуп өзүмдү абдан бактылуу сездим.

— Туулган жерге барганда эмнелер эсиңизге түшөт?

— Менин балалык күндөрүм кыйын убакка туш келди. Беш жашыбыздан баштап, мага окшогон кыздар тамеки тизип, муздак сарайда отурат элек. Жайдын күнү эшик абдан ысык болсо да, сарайдын ичи салкын тартып турчу. Тамекинин жалбырагы муздак болгондуктан, алдыбызга жылуу төшөнчүлөрдү салып коюп, курсагыбыз ачка болсо да тамеки тизип ырдап отура берчүбүз. Ошол кезде эле мен ырды жакшы көрчү экенмин. Кандай жумуш жасабайын кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн.

— Демек, кичинеңизде эле ырдаганды жакшы көрчү турбайсызбы?

— Мен да апамдан,»кимди тартып ырчы болуп калдым»,— деп сурай берчүмүн. Ошондо апам атам жөнүндө көп эскерип, ырчылык өнөр ошол кишиден берилсе керек деп калаар эле. Атамды апамдын айтуусу боюнча эле билем. 31 жашында согушка кеткен. Атам апамдын кайниси болгон. Илгери кайнисине алып берүү деген салт болгондуктан, ал орой деле көрүнчү эмес экен. Экөө баш кошкондон кийин унутулгус сүйүүнү баштан кечиришиптир. Бир жолу Жамиля менен Даниярдын киносун көрүп «ой тобоо, мунуң кудум эле биз жөнүндө тартылган го»,— деп жашыган экен. Көрсө, атамдын да Даниярдыкына окшогон арабасы болуп, узак жолго чыгаарда дайыма апамды салып алчу экен. Анан жолдо ырдап баратса, апам аны Жамиля сыяктуу кулак төшөп укчу экен. Апамдын 36 жашында жалгыз бой калганы өкүнүчтүү. 95 жашка келип, оорубай-сыркабай карылыкка моюн сунуп, 1980-жылы дүйнө салды. Азыр ойлосом апамда да талант бар экен. Кошокту ийнине жеткирип кошчу. Жамандыктарга барып калганда «апа, кичине кошуп ырдап койчу», — десем тымызын ичиндеги бугун кошо чыгарып созуп, ырдап калчу. (Биздин маектеш энесин көзүнө жаш алып эскерди)

— Ырчылык өнөргө кимдер жол көрсөттү?

— Ар бир адамдын маңдайына жазылган таланты, тагдыры болот экен. Менде атаман калган данек бар дебедимби, жогоруда. Бирок мен ал данекти андан ары жогорку деңгээлге өркүндөттүм. Катардагы ырчыдан Эл артисти наамына жетүүгө салымын кошкон адамдардын алгачкысы апам болду. Эки жакка кеткенде балдарымды тарбиялаганга жардам берип, баарын чоңойтту. Алар төрөлгөндөн эки айдан кийин эле жумушка чыгып кетчүмүн. Апам тың эле, 90 жашында күлчөтай жасап, балдарды тойгузуп, мени жумуштан күтүп отурчу. Чыгармачылыгыма себепкер болгон дагы бир адам бар. Интернатта окуп жүргөндө талантымды байкап, өзүнүн көзөмөлүнө алган улуту украин, баян ойногон Дядя Коля (Алагуша) эле. Ал мага ар түрдүү улуттун ырларын берип, сынактарга катыштырып жолго салды. Ошондой эле Сайра Кийизбаева деген эжебиз «сенден өнөрлүү адам чыгат. Окууңду аяктаганда Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга бар», — деп кеңеш берген.

— Операда бир топко чейин созуп ырдоо кыйынга турса керек. Үн бир калыпта, көп убакытка кооз чыгыш үчүн кандай ыкмалар колдонулат?

— Ырчылык кесипти тандап алган соң аны өмүр бою сүйүп, барктап баалап алышыбыз керек. Андыктан анын нормаларын так аткарууга милдеттүүбүз. Үн кооз чыгыш үчүн аны да аздектеп күтүш керек. Ал үчүн муздак, газдалган суу менен ичимдик ичүүгө болбойт. Эрте жатып, конокко көп барбаш керек. Көп сүйлөөгө да болбойт. Тамак чарчап калбаш үчүн концерт болоор күнү сүйлөчү эмеспиз. Анткени операда үч сааттай ырдайбыз да. Азыр ырдабасам дагы бул эрежелерди сактап турам.

— Конокко барганда ырдап бериңизчи деп калган учурлар көп кездешсе керек?

— Конокто «Айылдын аркы жагынан» деп аталган же дагы фольклор жаатындагы ырларды ырдай берем. Бирок дүйнөлүк классикаларды оркестрдин жардамы менен гана аткарам. Сахнада 72 жашка чейин ырдап жүрүп пенсияга чыктым.

— Бир кезде кыргыз искусствосу жогорку деңгээлге көтөрүлдү эле. Азыркы учурда театрга барган адам деле жок. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

—  Азыр деле театрда мыкты, өз ишин кыйын билген таланттуу профессионалдар көп. Болгону эл азыр башка нукка өтүп кеткендей. Бир кезде Кайыргүл Сартбаева, тенор Токтонаалы Сейталиев, Болот Миңжылкиев өңдүү таланттар «топ жылдыздай» жандык эле. Андан соң мага деле опера басаңдап, тынчып калгандай сезилди. Бирок Керим Турапов, Бакыт Ыбыкеев, Эсен Нурмамбетова, Сайра Чоткараева өңдүү ырчылар чыга баштаганда көңүлүм тынып калды. Өнөр адамдары сыйлык, наамдарды алганда шыктанып чыгармачылыгынын үстүндө андан да катуу иштей баштайт эмеспи. Мындан улам мен дагы бул адамдарга «Эл артисти» эмес, «Эмгек сиңирген» деген наамдар качан берилет деп кейип жүрдүм. Быйылкы жылды президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана маданият жылы деп жарыялап жакында эле бир топ маданий кызматкерлерге, өнөр адамдарына түрдүү наамдарды ыйгарды. Бул жакшы көрүнүш болду.

— Балдарыңыздын ичинен ырчылыкка багыт алгандар барбы?

— Балдарымдан эч ким деле жолумду жолдогон жок. Улуу кызым Улуттук консерваториядан пианист кесибин бүткөн, бирок учурда балдары менен үйдө. Экинчи кызым англис тили боюнча котормочу. Уулум деле майда-чүйдө жумуштар менен алектенет. Келиним казак улутунун кызы.

— Неберелүү болуу да өзгөчө сезим болсо керек…

— Үйдө неберелерим менен жаным бирге. Уулумдун эки кызы бар. Аларга тамак-аш деле жасап бербейм, бирок бош убактымды ошолор менен өткөргөнгө аракет кылам. Бир небереме Дарика деген ысым берип коюшуптур, фамилиясы да Жалгасынова.

— Өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз, сыры эмнеде? Кийингениңиз да өзгөчө…

— Искусство адамдары дайыма эл көзүндө болгондуктан өзүңдү карашың керек. Бирок азыркылардай болуп стилисттерге деле барбайм. Жада калса, атайын чач тарач деле жалдаган эмесмин. Биз консерваторияда окуп жүргөндө «грим» деген сабак өтүлчү. Ошол сабактан бардыгы үйрөтүлгөн.

— Элиңизге болгон каалоо- тилегиңиз?

«Sputnik-Кыргызстан», 06.11.2016-ж.
Сүрөттүн автору Табылды Кадырбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий