Монголиядагы кыргыздар

(Уландысы. Башталышы өткөн санда)

Алас-дубалары

Монголиялык кыргыздарда ырым-жырым ырларынын ичинен “дуана бейити” деген ыры абдан кызыгууну жаратты. Аларда үйдүн ичин жин-шайтандардан тазалаш үчүн атайын дубаналарды чакыртып, атайын алас ырлары ырдалган. Ал ырлары мындай:

Ак паледен как!
Дуана келсе эсиктен,
Палакет качат тесиктен.
Таркамаса кырсыгың,
Дуанен берем шешип мен.
Кызырдын алып батасын,
Мусанын туттымасасын.
Шарапат бар байымда,
Палакет-сайтан кашатын,
Конбайдыдуам кууларга.
Аякты терисбасатын,
Бакыт берсин журтыма.
Багы шалкыпжататын,
Дуниекумасжаксылар.
Жамылган жалгыз матысын,
Кешире көр Теңирим,
Пенденин кылган катасын.
Ак паледен как!

Мазмунуна келе турган болсок, ал үйдү жаман нерселерден тазалаш үчүн жасалган ырым-жырымда айтылчу сөздөр. Бул кыргыздын Нооруз майрамында айтылып жүргөн алас ырынын эле аналогу.

Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Жакшылыкты Теңирим берсин,
Жарык күндү кеңири берсин!
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас!

Маани-мазмундук жактан алганда кыргыз элинде Нооруз майрамында түшүмдүүлүктү чакыруу жана үйлөрдү арча түтөтүп тазалоодо айтылган ыр монголиялык кыргыздарда үйдү тазалоо үчүн дуаналарды чакыртып ырдалган ырдын функциялык кызматы окшош. Сөздөрдүн структуралык түзүлүшү, муун өлчөмү жагынан да окшош экендиги талашсыз.

“Ак паледен как!” (аларда)

“Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!”
(бизде).

Сүйлөмдөрүнүн аягында бата тилөө сөздөрү да орун алганын байкасак болот. Негизи дуба айтып жин-шайтандарды кубалагандан кийин, “мындан ары үйгө жакшылык гана кирип турсун” деген таризде айтылган ишеним десек болот.

“Бакыт берсин журтыма…
Кешире көр Теңирим,
Пенденин кылган катасын!
” (аларда).

“Жакшылыкты Теңирим берсин,
Жарык күндү кеңири берсин!
” (бизде).

Айырмалуу жагына келсек, кыргыз элинде Нооруз айтымдарын улгайып калган, сөздүн кадырын билген энелер айтат. Ал эми монгол кыргыздарында кылган иштери, сүйлөгөн сөздөрү менен элге кадыры бар дубаналар аткарган. Дубана деген сөз ислам дининин келиши менен шамандардын молдо, дубана, имам деген түшүнүктөрүнө өтүп кетиши толук мүмкүн. Анткени эл арасында дарыгерчилик менен алектенип жүрүп эл башчыларына акылмандыгы менен жаккан шаман жоокерчилик заманда көп болгон. Ошол эле Чыңгыз хандын шаманы мамлекеттик иштерге чоң таасир эткен. Ал эми молдо, дуаналар да исламдан кеңири түшүнүгү бар инсандар болгондон кийин элдер ислам динине ооп кеткенден кийин шамандардын функциясы дубана, молдолорго өтө баштаган десек болот. Ал эми Орто Азия кыргыздарындагы ритуалды эне аткарганы биздин азыркы мезгилге абдан ылайыктуу трансформацияланганынан кабар берет. Демек, монгол кыргыздарындагыдай аластоо ырымын бизде да убагында шамандар аткарышы мүмкүн. Кийинчерээк гана энелерибиз аткарып калган болушу ыктымал.

 

Макал-ылакаптары

Макал-ылакап турмуш-тажрыйбасын топтоп келип, бир кичинекей сүйлөмдүн тутумуна батырган элдин этика-эстетикалык, турмуштук-тарыхый, диний-философиялык, мамлекеттик жана коомдук түзүлүш системасын мезгил-мейкиндик жактан өз кучагына алган түшүнүк. Ар бир элдин күнүмдүк турмушта пайдаланган сүйлөөречинен улам ошол элдин тарыхын, маданиятын, динин, философиясын, коомго, дүйнөгө болгон көз карашын толук баамдасаң болот. Кандай макалды көп пайдаланганынан улам ошол элдин аксилогиялык баалуулук ченеми көкүрөктөн тышка агылып чыгат. Бардык элдерде кыска-нуска, муун-өлчөм ыргагына жол берген, каймана мааниде берилип, өз мазмунуна көлөмдүү ойду батырып, күнүмдүк колдонууда өз активдүүлүгү менен башка жанрлардан айырмаланып турган табияты монгол кыргыздарындагы макалдарда да орун алган. Алар менен сүйлөшүп олтуруп жазып алган макалдарынын дээрлик көпчүлүгү уруу-уруу болуп, азчылыктын көпчүлүк алдындагы, жекенин жалпы алдындагы, жапыздын бийик алдындагы артыкчылыгы орун алган. Монгол кыргыздарынын дээрлик көпчүлүгү жайлоолордо малчылык менен алектенип, үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой багып, жайлоолордо жашашат экен. Азыркы постиндустриалдык коом менен чатагы жок болгондугу, капитализмдин кеңири массага сиңбегендиги, акча, пайыз, киреше түшүнүктөрү кичине бар, бирок, жалпы журтка жайыла электиги алардын күнүмдүк турмушта пайдаланган макалдары коомдон, жамааттан бөлүнсөң — өлгөнүң сыяктуу макалдар. Мисалы: “Суудан шыкса балык өледи, элден шыкса жалгыз өледи”, “Адам адамдан өссө да, элден аспайды”, “Элин жамандаган эр оңбос, эрин жамандаган аял оңбос”, “Жети атасын билмегенжетесиздик,руынбилмегенүлгисиздик”, “Көпкетопырак шашпа, көптү жамандаган көмүсүз калады”, “Элге сымаган, жерге сыймайды”, “Тексиз кыз алма, теги жарымагандынсаркытын ичпе” деген сыяктуу макалды байма-байма кайталанганы, салттуу коомдо жашап жаткандыктарынан кабар берет. Бул макалдар азыркы кыргыз коомчулугу үчүн жарым-жартылай актуалдуу десек болот. Бизда батыштын индивидуал-эгоистик маанайдагы маданий баалуулуктары каптап, көпчүлүктүн, улуунун сөздөрүн бучкагына теңебей, жалгыздын укугу жалпы элдин укугунун жогору болгон заманда өмүр кечирип жатабыз.

Кыргыз элинин бай маданий мурасы анимистик, шамандык, Теңир динине ишенген жоокерчилик мезгилде пайдубалы түптөлгөнүнө кыргыз эпостору, макал-ылакаптары, кошок-угузуу ырлары, кыймылдагы бийлери, обондогу ырлары далил боло алат. Кыргыз баласынын феномени Теңир жараткан жаратылыштын теңдигин сактап, теңсалмактуулугун бузбаганга аракет жасаган. Ошол аракеттери эпосторунда (“Кожожаш”), макалдарында (“Көккө түкүрсөң көзгө түшөт”, “Суу менен ойносоң чөгөсүң, от менен ойносоң күйөсүң”, “Суу кордогон кор болор”, “От менен ойнобо”, “Аарынын уюгуна тийбе”, “Шамал менен жарышпа”) абдан кеңири экендиги талашсыз.

Монгол кыргыздарынын да маданиятынын байтүбүн түзгөн, кылымдар мурун пайда болсо да өз актуалдуулугун жоготпогон анимистик, фетиштик, политеистик маанайдагы кыска жана нуска сөздөр бар экендигин мисалга тартабыз. Кут жөнүндө: “Куттыконакконса, кой эгиз табады.Кутсызконакконса, койгакаскыршабады”, суу жөнүндө: “ Кус төреси–акку, жер төреси – суу”, анимистик: “ Иттин иесиболса, бөрүнүн Теңири бар”, “Төбесиз жер болмайды, төрөсүз эл болмайды”, “Үркер көтөрүлдү, жылкыга жал, түөгөком, сыйыргы май, кой-эшкиге жел бүтө бастар” деген сыяктуу макалдарды окусаң тыбыштык гана өзгөрүү болбосо, бардыгы биздин макалдар менен маанилеш экендигин баамдасак болот.

Дагы бир өзгөчө деген жагы: кыргыз элиндеги макалдардын уландылары бар экендигине токтолсок болот. Монгол кыргыздарында: “Ажал айтып келбейт, жастык кайтып келбейт”, “Аш бала ток бала менен ойномойду, ток бала аш болом деп ойломойду”, “Ат айланып казыгын табады, эр айланып элин табады”, “Адам ашпаймын деген эшигин үч ашады, ат баспаймын деген жерин үч басады”, “Кол карышына тартады, сур ийинине тартады” деген макалдардагы маанилердин кыргыз эли биринчи гана сүйлөмдөгүлөрүн пайдаланып келебиз, мүмкүн бизде деле толук варианты бардыр, бирок кеңири масса биринчи гана сүйлөмдөгүлөрдү пайдаланат.

Жогорудагы монгол кыргыздарынын маданиятынын бир кичинекей бөлүкчөсүнө илимий анализ кылуу менен төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим.

Биринчиден: монгол кыргыздарынын маданияты жерден тамырын жулуп ала элек мезгил экени алардын маданиятынан билинип турат. Алар табиятты сыйлап, зыян келтирбей, боор тартып, митекечтик ой жүгүртүү бара элек.

Экинчиден: жалпы жамааттын кызыкчылыгы биринчи планга коюлуп, уюмдашып жашоо кечирген мезгил экендигин баамдасак болот.

Үчүнчүдөн: интернет, соцжеле, абателефон деген нерселердин аз болгондугу алардын маданиятынын нукуралыгын сактап, өзгөрө электигинен кабар берет.

Төртүнчүдөн, монгол кыргыздарынын маданиятынын көп өзгөрүүгө дуушар боло электиги биз үчүн жакшы нерсе. Анткени, бизде сакталбаган маданияттын үлгүлөрү алардан чыгышы мүмкүн. Тилекке каршы, убакыт аз болгондугуна байланыштуу аз гана материалды алганга үлгүрдүк. Кудай буюруп, дагы илимий экспедиция уюшулуп калса, түп-түз эле Монголиянын Баян-Улген аймагындагы кыргыздарга жана ошол жерден 100-150км. аралыктагы жерде рун тамгалары менен жазылган түркологияда анча белгилүү эмес эстеликтер бар экендиги аныкталды, мына ошол жерге баруу.

Бешинчиден, монгол кыргыздары кыргыз бийлиги менен жолугушуу уюштуруп берүүнү кайра-кайра өтүнүп жатышты. Ошондон улам мындай ойго келесиң: Кыргыз Республикасы тарабынан аларга саясый колдоо керек. Монголияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан алар жөнүндө толук маалыматтарды билбейбиз. Демек, Монголияга элчилик ачылышы зарыл. Алардын кыргыз тарыхы, тили, маданияты жөнүндө жеткиликтүү маалыматы жок экендигин байкадык. Ошондон улам, алардын жаштарына кыргыз окуу жайларынан окуганга, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек.

АмангелдиСабыр уулу,
КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият
институтунун кенже илимий кызматкери,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *