Атам — үлгүлүү инсан эле

Кечээ-жакында бир канча ыр жыйнактын ээси, мезгилинен эрте бул дүйнө менен кош айтышкан белгилүү акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык маарекеси болуп өттү. Улуу акындын кызы Нүргүл Кожомбердиева менен болуп өткөн иш-чара тууралуу маектешип кайттык.

— Саламатсызбы, Нургүл эже, маанайыңыз, ден соолугуңуз жакшыбы, сыркоолоп аттыңыз эле жакшы болуп калдыңызбы?

— Рахмат, сасык тумоо болуп катуу оорудук, деги абдан жабышкан түрү экен. Улам эле кармап калып, эми араң жакшы болуп келе жатабыз. Атамдын 75 жылдык мааракесин мамлекеттик денгээлде өткөрөлү деп кат жазсак, бардык жактан быйылкы юбилейлердин тизмесине кирбей калыптыр, Өкмөттүн токтомуна илинбей калыптыр деген ар шылтоолорду айткан “отписка” жоопторду алып, көңүлүбүз түшүп турганда, бизге жардамга ЖК депутаты Каныбек Иманалиев келди. Ал адамдын колдоосунан кийин кыргызымдын башка мыкты жигиттери жардамга өздөрү колун сунушту. Алар: Маданият министри Түгөлбай Казаков, ЖК депутаты Кожобек Рыспаев, Улуттук Маданият борборунун директору Рыскулбек Боромбаев, Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмоновдор. Калган жагына өзүм жалгыз жүгүрдүм. Балама эле убал болду. Чын айтсам, жакшы каралбай калды, көп ооруду. Мен эртең менен кетип, кечки 5-6га чейин жүгүрүп жүргөндө үйдө камалып жалгыз отурду. Антпесек баары токтоп калмак. Айла жок ушинтишке аргасыз болдум. Дагы жакшы АКШда жашасам менин бул кылыгым үчүн кесип жиберишмек. Бирок биз канча кыйналсак да, Кудайга шүгүр, кечэни эң жакшы өткөргөнгө жетиштик. Бир чындыкты айтып коюш керек, Каныбек Капашович жардамга келбегенде бул финалдык маараке өтпөй калмак. Чүйлүктөрдүн эң намыстуусу Каныбек Иманалиев экен. Дагы жердештерден бизге бул иш-чараны уюштурууга абдан жардам берген — Боромбаев Рыскулбек агай болду. А калгандары аман-эсен эле болушсун. Өзгөчө, Жайыл районунун администрациясы, алар мааракебизге келип, бизге жакшы сөзүн айтып колдогонго да жарабады. Алардын бул кайдыгер мамилесине бүт кыргыз эли күбө болду.

— Алп акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдык маарекесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө кылган аракетиңизди тууралуу айтып берсеңиз

— Былтыр атамдын 75 жылдыгын мамлекетик деңгээлде өткөрүүгө жардам сурап Жазуучулар союзуна кат жазып барсам: “Биз аны 2016-жылдын иш-чараларына киргиздик” десе, сүйүнүп жүрө бериптирбиз. Жыл башында ал кездеги премьер-министр Сариевге кат жазсак, «75 жылдык дата юбилейлик болуп эсептелбейт. Турар Кожомбердиевдин 75 жылын юбилейдик иш-чарага кошууга болбойт жана мүмкүн эмес» деген жооп келгенде абдан ыза болдук. Бирок бул жооптон кийин 2016-жылдын 16-январында бектилген КР Өкмөтүнүн №21-р «Юбилейлерди өткөрүү боюнча жобо» деген токтому бизди абдан таң калтырды, ушул жылы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлердин тизмесинде 75 жылдык юбилейден беш-алтоо жүрөт. Аргасыздан, кайсы критерийлер менен бул тизмеге тандоо жасалды деген суроо салып дагы бир жолу Темир Сариевдин өзүнө кат жаздык. Кайра эле “отписка” кайдыгер жооп алдык. Ага катуу нааразы болдук. Деги эмнеге ушундай кылышат? Кимдин таанышы-билиши болсо, ал бул тизмеге кирет экен. А нукура талант, мыкты акын Турар дайыма кирбей калат. Мисалы, 2011-жылы акын атам Турар 70ке чыкканда да «70 жылдык юбилейлик дата эмес, акындын 75 жылы болгондо анык юбилейи болот, ошондо белгилеп беребиз» деп алдап коюшканын эстесем ыйлагым келет.

Быйыл мага: «Мамлекет өзү өткөрөбүз дебегенден кийин, эмне кыласың?! Эч ким сени колдобойт! Өзүң эле кыйналып каласың, балаңды кучактап, жөн эле отура бербейсиңби» деп айткандар болгон… Бирок мен намыс үчүн мындай дегем:

«Мени силер колдобосоңор мейли! — Мени Кудай колдойт! Силер колдобосоңор мени — Кудай колдойт! Эң негизгиси, менин атам Турарды кыргыз элим колдойт!». Азыр ойлосом, эң туура жооп бериптирмин!

Кудайга шүгүр! «Всем чертям на зло», атамдын 75 жылдык мааракеси жакшы өттү! Бул мааркени өткөрөбүз деп быйыл көп иштер жасалды, балдар китеби басылып чыкты, республикалык конференция, көргөзмөлөр өттү, көп ийгиликтерге жетиштик. Бул анын 80 жылдыгына жакшы репетиция болду. Бул менин эң чоң жеңишим болду! Кимдин-ким экенин эми жакшы билдим!

Чын эле, мени Кудайым колдоду. Бул иш-чараны өткөрүүгө кыргызымдын мыкты жигиттери колун сунду. Бул мааракени уюштурууга ЖК спикери Чыныбай Турсунбеков да өз салымын кошуп, Жогорку Кеңештен акчалай жардам берди. 16-декабрдагы акындын маараке концертине Президенттин аппартаты 100миң сомдук сертификат тапшырды. Мына ушинтип жалпы кыргыз элимдин колдогону үчүн атамдын маарекеси жакшы өттү. Баарыңыздарга миң мертебе ыраазычылык айтам! Бар бол кыргыз элим! Кыргыз эли канча жашаса, акын атамдын чыгармалары ошончо жашай берет! Баарыңыздарга таазим кылам жана ЧОҢ РАХМАТ айтам.

Анатай Өмүркановдун “Турар поэзияга үйрөнчүк болуп келген жок, ал жабылып калган эшикти шарт ачып, тиш каккан чеберлер отурчу секиге чыгып отурду” дегени — 20 жашында жараткан ырлары мектептин окуу программасына кирип калганы өтө чоң жетишкендик. Деги эле Турар Кожомбердиев чыгармачылыкта ири жетишкендиктерди багынтканында кеп жок. Ал эми үйдө кандай киши эле?

— Ал үйдө эң негизгиси үлгүлүү жакшы инсан болчу. Жароокер, карамдуу, бала дегенде үзүлүп түшкөн мыкты ата болчу. Кара жумушка жок болгону менен бардык иштерди жасай турган адамдарды таап койчу. Тыкан, абдан жоопкерчиликтүү, калыс мүнөздөрү менен эсте калды.

— Орто мектепти аяктаганда музыкалык окууга тапшырайын деп, бирок баштапкы музыкалык билими жок болгондуктан аргасыз филологияга тапшырган деп айтылып жүрөт. Турар агайдын ырчылык да өнөрү бар беле?

— Абдан ырга жакын эле, өзү да мыкты ырдачу. Үнү да жакшы болчу. Гармошка менен мандолинде жакшы ойной турган. Үйгө обончу, композитор достору күндө келип, алар менен тыгыз иштегенине көп күбө болдум. Алар Сардарбек Жумалиев, Калый Молдобасанов, Үсөн Сыдыков, Калыйбек Тагаев, Советбек Исраилов, Жолдубай Кайыпов, Камчы Букалаев, Шеркул Дүйшөналиев жана башкалар. Алар менен мыкты иштешип, жаңы обондорду жаратышып жатканын далай көрдүм. Обончулар менен иштеп жатканда үйүбүз өзгөчө шаңга бөлүнүп турчу.

— Музыка деп калдык, акындын канча ырына обон жаратылган?

— Композитор Советбек Исраилов деген досунун айтуусунда акындын 600дөй ырларына обон жазылган, бирок нота жазылып сакталгандары 300дүн тегерегинде экен. Азыр алардын 10дон 1 бөлүгү гана ырдалып жүрөт. Аттиң, азыр атам өзү тирүү болгондо баарын чогултуп, бир китеп кылып чыгарып бермек…

— Ырлары орус тилинен башка дагы кайсы тилдерге которулган?

— Ырлары учурунда көп эле тилдерде которулган: орус, казак, түрк, өзбек, грузин, украин, молдова, азербайжан жана башка 20дай тилдерге которулган.

— Ыр гана эмес, пьеса да жазчу деп эжесинин айтканы бар, бирок сакталып калган эмес дейт. Пьеса же башка чыгармалары жазылбай, бирок айтып бергени эсиңизде барбы?

— Чынын айтканда, ал тирүү кезде мен чыгармачылыктан алыс киши элем, анан дагы өтө жаш болчумун. Медакадемияда окуганыма байланыштуу башым окуудан чыкчу эмес, анткени ал жакта окуу өтө эле кыйын.

Азыр жыл өткөн сайын мен чыгармачылыкка өзгөчө берилип кеттим десем, калп болбос. Атам үчүн адабиятчы, адабий сынчы, акын-жазуучу, журналист да болуп баратам. Анын чыгармачылык жолун терең изилдеп чыгууну жана аларды жаштарга кенен жайылтууну негизги максат кылып алдым. Эми акырындап акын атамдын жазган пьесаларын изилдеп чыксам деп ойдомун.

Сыймыктуу атанын күйүмдүү кызы болгону кубантарлык. Улуу акындын басып өткөн жолун, кылган мээнетин эскерип, кызыктуу маек курганыңызга ыраазычылык билдирем.

Маектешкен: Нурзат Бактыгул кызы,
“Саресеп”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *