Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат

Баш кошкон түгөйлөрдүн ынтымакта жашап, биргеликте түтүн булатышына көмөктөшкөн адамдарды тандоодо эмнелер эске алынып, кайсы жагына артыкчылык берилген?

Кыргыз элинде өкүл ата жана өкүл энени дайындоо жөрөлгөсү кылымдардан бери уланып келет. Кыздын келин болуп келген жери жашоонун оош-кыйышында жалгыз болбосун, таламын талашкан киши болсун, алар жаңы келинге жол көрсөтсүн деген тилек менен өкүл ата, өкүл эне шайлаган. Көчүп-конуп күн кечирген кыргыздар турмушка узатып жаткан кызын ошол боюнча көрбөй өтүшү ал убакта кадыресе көрүнүш эле.

Бирок акыркы мезгилде баш кошкон түгөйлөр арасында өкүл ата, өкүл эне тандоо тартиби кескин өзгөрүп бара жатат. Адистер муну заманга жараша ылайыкташып жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Жаш жубайларга баш-көз боло тургандарды кантип тандап, кимдерди койгон? Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мырзакметов атайын Sputnik Кыргызстан үчүн аталган салттын тарыхый маани-маңызын тизмектеп берди.

 

Өкүл ата жана өкүл эне кантип дайындалган?

  • Өкүл ата жана өкүл эне ким болоорун ата-энеси гана чечкен;
  • Ата-эне буга чейин катышып, жакшы мамиледе болгон адамды түгөйлөргө баш көз болуу үчүн тандаган;
  • Эркек бала тарап гана тандаган, кыз тараптын тандоосу жакшы эмес деп саналган;
  • Нике бир жолу болгон сыяктуу өкүл ата, өкүл эне дагы бир жолу гана коюлган;
  • Эгер өкүл ата же өкүл эне каза болуп калса кайра башка коюлган эмес;
  • Карым-катнаш жакшы болбой калса, башка өкүл ата жана өкүл эне тандалган эмес;
  • Эки үй-бүлөнү эмес, бир гана үй-бүлө коюлган;
  • Үйлөнгөндөрдүн ата-энесинен улуу адам болгон эмес, бирок тең же кичүү болгон;
  • Өкүлдүккө бойдокторду эч убакта койгон эмес.

 

Өкүл ата жана өкүл эненин милдеттери:

  • Баш кошуп жаткандардын никесин кыюуда күбө болуу;
  • Эки жаштын ортосундагы идиш-аяк кагышкан учурларды ата-энеге жеткирбей чечүү;
  • Жашоонун кыйынчылыгын башынан өткөргөн адам катары аларга жол көрсөтүү;
  • Материалдык жана моралдык жактан колдоо. Мисалга: мал энчилеп берүү ж.б.;
  • Өкүл ата баланын, өкүл эне кыздын сырын угуп акыл-насаат айтуу;

 

Өкүл балдардын милдеттери:

  • Өкүл ата, өкүл энеден кеп-кеңеш алып, алар менен катышуу;
  • Жакшылык же жамандыкта өз уул-кыздарындай кызмат кылуу;
  • Өкүл балдарды балдары өкүл ата менен өкүл апаны таята, таене деп атоосу;
  • Өкүл ата жана өкүл энеге ата-апа деп кайрылуу;

“Sputnik -Кыргызстан”, 03.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий