Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулу: «Кыргыз – Улуу эл…”

«Мекеним дебеген адам адамдын коомуна жат» демекчи, коомубузда эл-жерим, эне тилим дегенде ичкен ашын жерге койгон патриот уул-кыздарыбыз жок эмес. Мына ушундай кыргыздын мекенчил эр азаматтарынын бири – кытайлык кыргыздардын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулун кепке тартып, өлкөбүздүн келечеги, эне тилибиз, мекенибиз тууралуу маек курдук.

— Адыл Жунусович, эң оболу өмүр-таржымалыңызга кайрылсаңыз.

— 1963-жылы 15-майда Кытай Эл республикасынын Кулжа шаарында төрөлүп, өстүм. Ошол жакта мектепти аяктап Синьцзян университетинин география факультетин аяктадым. Алгач эмгек жолумду Кытай Улуттук академиясынын СУАРдагы география-экология институтунда иштөөдөн баштадым. 1991-жылы союз тараарга 2-3 ай калганда келинчегим экөөбүзКыргызстанга келип 3 ай жүрүп, өз мекенибиз жагып, анан биротоло көчүп келип, жайгашып калдык. Кыргызстанга келгенде адегенде БГУнун кытай тили факультетинде мугалим болуп иштедим. Анан бизнеске баш багып, 2010-жылы шайлоого катышып, акыркы тизмеде жүрдүм. Буйрук экен,2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайландым.

— Эл тарабынан эл өкүлү болуп шайландыңыз. Кандай мыйзамдарды сунуштайын деген ойлоруңуз бар?

— Биздин партиянын ар бир депутаты шайлоонун алдында түзүп чыккан 15 мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, учурда жарымына жакыны ишке ашып, мыйзамдар кабыл алынды. 28 депутат чогуу ынтымакта, жапа тырмак фракциялык чечим менен иш алып баруудабыз.

Депутаттык кызмат кандай таасир берип жатат? Жашооңузда өзгөрүүлөр байкалуудабы? Жандоочтор көбөйгөн чыгар?..

— Мен мурун кандай болсом, ошондоймун. Мүнөзүм өзгөргөн жок, бирок, ар бир маселеге олуттуу карап, жоопкерчилик эки эсе көбөйдү десем болот. Жанымда жандоочтор деле көбөйгөн жок, мурдагы досторум,санаалаштарым, замандаштарым менен биргемин. Негизи, мен бирөөгө кошомат кылганды да, бирөөнүн кошомат мамиле жасаганын да жактырбайм, мындай мамиле чынында адамды иренжитет. Ал эми депутаттык креслого чалкалап отуруу үчүн келген жокмун, мамлекеттин тагдырын чечпесем да, тамчыдай салымымды кошоюн деген максатта болгон күч-аракетимди жумшап жатам.

— Сиздин балалык кезиңиз Кытайда өтүптүр. Өнүккөн өлкөдө билим алып, иштеген инсан катары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

— Кыргызстан өнүгүш үчүн тездик менен ар тараптуу өнүгүп жаткан кошуна мамлекетке көңүл буруп, Кытай менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болуш керек. Бир учурда Кытай да аябай кедей, карызга баткан, калкы жамак шым кийген абалдагы мамлекет болчу. 1977-жылы Дэн Сяопин бийликке келди. Акылдуу, каймана сөз менен татаал саясатты карапайым элге жеткире билген Дэн ХХ кылымдын 60-жылдарында бир учкул сөзү менен бүт кытай элинин эсинде калды: “Кеп мышыктын агында же карасында эмес, кеп ал мышык чычкан алабы же жокпу — ошондо”. Бул сөз кийин бүт дүйнөгө тарап, мындан 30 жыл мурда башталган Кытайдагы реформалардын саясий жана идеологиялык базасы, негизги лейтмотиви болуп калды. Ошентип, бул мамлекетте социализмдин “Кытай варианты” курула баштады. Башкача айтканда, жер мамлекеттин менчигинен ажыратылып, элге жеке менчикке таратыла баштады, майда соода-сатык мекемелери, чакан ишканалар, бара-бара чоң ишканалар да жеке менчикке берилди. Кимдин колунда болсо да, элге иш берип, өзүн-өзү бакса болду деген ишканалар мамлекетке күнкор болбой, өз бетинче аракетин жасап, Кытай экономикасы дүркүрөп өнүгө баштады. Дэн Сяопиндин жетекчи катары жыйырма жылдык ишмердигинин маанилүүсү жана Кытайды экинчи дүйнөлүк экономикага айландырган акылман саясаты — Кытайдын чет элдиктер алып келген акчаларга, технологияларга, идеяларга каалгасын кенен ачканында болду. Ал инвесторлорго шарт түзүп берип, завод-фабрикалар ачылды. Азырга чейин Кытай инвестиция тартуу боюна биринчи орунда. Кытай Америкадагы карызын алып алса, Америка жок боло турган деңгээлге жетти. Бир жарым миллиард элин багып, күрүчүн, алмасын сатып, бүт жакка экспорттоп жатат. А,биздечи? Инвесторлор келип, заводду кура электе эле андан бир нерсе үмүт кылып сурап баштайбыз, канча процентке отурам деп ойлойбуз, анан кантип өнүгөбүз? Биз карызды көп алганыбыз менен, Кытайдан көп инвестиция тарта албай жатабыз. Кыргызстан менен Американы, же Кыргызстан менен алыскы Бразилияны байланыштыргым келбейт, жакынкы кошуна Кытай менен алака түзүшүбүз керек. Өз кызыкчылыгыбыз үчүн иш баштай электе эле инвесторлордун чөнтөгүн каккылап, коркутпай, керек болсо аларга чайыбызды берип, шарттарды түзүп, жылуу мамиле менен мамлекетибизди өнүктүрсөк болот.

— Эми теманы башка нукка бурсак, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз Кытайда жашашат экен. Сизди Кыргызстанга кандай күч жетеледи?

— Биздин чоң аталарыбыз 1916-жылы Үркүндө Көлдөн качып барып,Кытайда отурукташып калган экен. Жети-Өгүздө үч атамдын, Түптө 3 атамдын сөөгү жатат. Мен мектепте окуган кезде атам: “балам, биздин түпкү жерибиз Кыргызстан, Ысык-Көл” деп көп айтчу. Ал кезде Кыргызстан дегенди түшүнбөйт элек. Университетте окуганда бизде «СССР» деген сабак болуп, «КР-СССР» деп окудук. Ошондо картадан Ысык-Көлдү көрүп, атам айткан сөз эсиме келип, картаны карап билдим. Атам айтчу: «6 баламдын бирөөсү болсо да Кыргызстанга кетсе эки дүнүйө ыраазы болор элем» деп. Кийин Кытай Улуттук илимдер академиясында иштеп, Кыргызстан тууралуу кененирээк тааныштым. Биринчи келгенде мен бул жакта калып калам деп келген эмесмин, ата-бабаларым жашаган жерди көрөйүн деп келдим. Эсимде, алгач Кыргызстанга келгенде келинчегим экөөбүз ЦУМдуналдында маданияттуу, окумуштуу жаштарды көп көрдүк. Орусча сүйлөгөнү эле болбосо, бизге аябай жакты. Кытайда чапан кийип, мал менен алектенип жүргөн жөнөкөй кыргыздарды көрүп жүрүп, бул жактагы кыргыздарды көргөндө ушундай европалыктардай жогорку деңгээлдеги эл турбайбызбы деген ойго келдим. Кыргыздарды көрүп көзүбүзгө жаш алдык. Фотоаппарат менен көзгө көрүнгөн кыргыздын баары менен сүрөткө түшүп, Кытайдан алып келген плёнкабыз түгөнүп, бул жактан түстүү плёнка табалганжокпуз. Ысык-Көлгө бардык, филармонияга барып концерт көрдүк. Бек Борбиевдин кассеталарын алып, Москвага учуп жөнөдүк.Ошондо самолёт айдаган кыргыз учкучту көрүп, «кыргыздарда да учкуч бар турбайбы, ушундай улуу эл турбайбызбы» деп толкунданып ыйлаганмын. Кытайга барганда отура албай калдык, өзүбүз жумушта болсок да кыялыбыз Кыргызстанда болуп туруп алды. Анан жакшы кызматты, үйдү таштап, көзүбүздү жумуп мекенибизге келе бердик. Мен чоңойгон Кытайдын Кулжа шаарында 3-4 эле кыргыз үй-бүлө бар болчу. Көк-Терекке барганда 30-40 эле кыргызды кезиктирчүмүн. Мен бир күн да кыргыз мектепте окуган жокмун. Кыргызстанга келгенде миллиондогон кыргыздарды көрүп, аралашып чогуу жүрүүдөн ырахат алдым. Телевизор, газета, радио баары кыргызча. 26 жыл убакытта көп кыйынчылыктарды да көрдүм. Алдамчыларга да жолуктум, бут тосуулар да болду. Бирок, Кыргызстанда жашап жаткандыгымда ал кыйынчылыктар убактылуу гана көрүнүш бойдон калды, ага көп деле маани берген жокмун. Кыргыз элиме ыракмат, Кытайдан келсем да, өз койнуна алып, көп досторду, жакшы санаалаштарды таптым. Кытайлык кыргыздар самап, максат кылып, өзүнүн Меккесиндей көргөн Кыргызстанда жашап жатам. Мен өзүмдү бактылуу сезем.

— Сөзүңүздүн башында «көпчүлүгү орусча сүйлөйт экен» дедиңиз. Тил билүү жагынан кыйынчылык болгондур?..

— Мектепте уйгур тилинде билим алып, университетте кытайча окудум. Бирок, атамдын талабы менен үйдө кыргызча сүйлөчүбүз. А, сыртка чыкканда кыргызча сүйлөгөнгө мүмкүн эмес эле. Таң калыштуусу, Бишкекке келгенимде баары орусча сүйлөшөт экен. Кыргызча сүйлөдүм дегенинин жарым сөзү орусча экен. Бир жолу,Кытайда жашап жүргөндө көчөдөн кыргыздарга жолугуп калып, аларды үйгө конокко алып бардым. Алты кыргыз бири-бири менен орусча сүйлөшүп, биз менен гана кыргызча сүйлөшүп жатышты. Баары эле«вообще» деген сөздү кошуп сүйлөй беришти. «Байке,«вообще» деген эмне деген сөз, ар бир сөзүңөргө туздай кошуп сүйлөйт экенсиздер, бул кыргызча сөзбү?» деп сурасам, эч ким мага жооп бере албады. Сөздөрүнүн маанисине карап,«кыргызча «такыр» деген сөз турбайбы» десем, «ии, точно ошондой» дешти. Бирок, «точно» дегенин түшүндүм. Биринчи жолу Бишкекке келгенимде орусча кайсы автобус кайсы жерге бараарын гана сурай алчумун. Сурасак эле орусча жооп берчү, «кыргызча айтыңызчы» десем, жаман көрүп кетип калышчу. Абышкалардан сурасак, «эмнеге орусча түшүнбөйсүң?» дешип, орусча билбегендик күнөөдөй туюлчу. Тил жагынан аябай кордук көрдүк, канчасы «сен улутчул турбайсыңбы» дешчү. Азыр кудайга шүгүр, Жогорку Кеңештен баштап бүт жерде кыргызча сүйлөп, иш-кагаздары кыргызча жазылып калды. Бирок, мамлекеттик тил жакшы өнүгүп калганы менен, мамлекеттик тил деген айбатын сактаган жок. Мамлекеттик тилде баары сүйлөш керек. Иш-кагаздар, көчөдөгү жарнактардан баштап кыргызча болуш керек. Биз келгенге караганда жакшы, бирок дагы мүчүлүштүктөр бар.

— Атаңыздын кайсы сөзү жадыңыздан кетпейт?

— Атамды эстесем эле кыргызды мактаган сөздөрү жаңырат. «Кыргыз каганат куруп, көп жерди башкарган улуу эл, эл башкарган инсандар көп чыгат» деп айтат. Басса турса эле кыргызды мактайт. Бир ирет кошуна казак, уйгурлар менен сүйлөшүп отурушса: «кыргыздар эмнеге президентиңерди кууп кетире бересиңер?» дешиптир. Атам “анткени биздин апалар жалаң президент төрөйт. Казактарда болсо бир эле президент төрөлүптүр” деп кырдаалдан чыгыптыр. Атам абдан мекенчил, намыскөй адам.

— “Казанда бар нерсе чөмүчкө чыгат” деген кыргызда жакшы сөз бар. Атаңызды жазмакер адам деп укканым бар…

— Атам 1950-жылдарда кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп университетте окуган. Кулжадагы Көк-Терек айылынан чыккан биринчи кыргыз студент. Университетте мал чарбачылык адистигин бүтүрүп, Кулжадагы мал чарбачылык техникумуна мугалим болуп келип, 25 жыл директорлук кызматта жүрүп пенсияга чыккан. Өзүнүн кесиби боюнча 11 китептин автору, андан сырткары котормолору бар. Пенсияга чыккан убакта эки китеп («Ата тегиңди биле жүр», Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Ала-Тоонун көз жашы”) жазып бүтүрдү. Атам азыр 79 жашта. Кыргызстанга келип-кетип турат.

— Коомубузда сизди эмне иренжитет да, эмне түйшөлтөт?

— Мага «кыргызча кылдык», бир жерге эрте барса «немисче убакыт», кечигип келсе «кыргызчылык» деп койгон жакпайт. Эмнеге кыргыздарды жаман жоруктардын символу кылабыз? Эмне үчүн «Манастын урпагыбыз, Ала-Тоонун кулунубуз, улуу тарыхы бар улуу элбиз, жоо келсе тайманбаган эр жүрөк Баатыр калкпыз» деп өзүбүздү өзүбүз көтөрө албайбыз? Өзүбүздү өзүбүз басмырлап, желкеден алып жерге чаап, «аа, баягы кыргыз байкушпуз» дей берсек, бизди ким көтөрөт? Менин айтаарым: кыргыз деген сөздү жаман, тескери маанидеги эмес, жакшы жоруктардын символу кылганды үйрөнөлүчү.

Дагы бир маселе, жумушсуздуктун айынан жаштарыбыздын, ишке жарамдуу жарандарыбыздын мигрант болуп кеткени мени ойлондурат. Башка жакка жумуш издеп мигрант болуп кеткен мамлекеттин аброю эмес, башка жакка инвестор болуп кетсе мамлекеттин аброю. Мигранттарыбыз өз мекенинде келинчегинин колунан ысык чай ичип, көз алдында баласынын чоңойгонун көрсө кандай жакшы. Эч кандай эмгек келишим түзбөй иштеп, чет жерде укугу тепселенген жарандарыбыз көп. 18тен 50 жашка чейинки атуулдарыбыздын басымдуу бөлүгү сыртта жүрөт. Булар кыргыздын тукумун уланта турган, кыргызды көбөйтө турган муундар да. Аба-ырайынын ар кандай шартында, ар түрдүү оор, зыяндуу жумуштарда иштеген жаштарыбыздын ден соолугу мени тынчсыздандырат. Инвесторлор тартылып, завод, ишканаларыбыз ишке кирип, жумуш орундары түзүлсө чет жакта мигрант болгон жаштарыбыз өз мекенинде иштемек.

Жылдыз Бороева,
“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий