Каниет Орозбеков

Мен акынмын! Сен да ушинт тартынбай,
Мергенчилеп ой издейбиз жан тынбай.
Тааныш үчүн эл сени акын катары,
Тап өзүңдү! Тааны өзүңдү алтындай
,” – деп өзүнүн ыр саптарында жазган талантуу акын Каниет Орозбеков 1993-жылы 7-майда Нарын районунун Достук айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук Агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин тапшырып, окуу жайда өзүнүн таланты,жигердүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү менен оозго алынган, көзгө урунган студент болгон. Сезимтал жүрөктү жашынан алсыраткан оору акыры 2015-жылы октябрда арабыздан алыстатып кетти. Ыр дүйнөсүндө тапталган жол менен баскысы келбей, өзүнчө жол, өзүнчө багыт издеп жүргөн таланттуу изденүүсү күч акындынырларын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын жана “Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары, тактап айтканда К.Орозбековдун калемдештери топтоп, “Мурас” аттуу жыйнак кылып чыгарышты.

 

Ырлар

АТА СЕНДЕ

Хочу что у папы все было хорошо,
а у меня как у папы
.

«Туура эмес экен»деп санаса миң,
Таламыңды миңдерден талашамын.
Тиресе да асманды тоо жөнөкөй,
Таянар тоом өзүң да карапайым.

Чач агарып баратат курагың ооп,
Чагылгандай «чарт» эткен кыялын жок.
Чыктын анык пайгамбар дөбөсүнө,
Чымынга да кенедей зыянын жок.

Үйрөтүүчүм, таянчым, устатымсын,
Үшүбөйм түк сен барда муздасын күн…
Бир дем алуу калтырбай ата сага,
Бергим келет болсо эгер жүз жашым, чын.

Билем, тоонун күн тийчү жери күнгөй,
Бактылуумун, көрөмүн сени күндөй.
Ата сенде болсунчу баары жакшы,
А меники болсо экен сеникиндей.

 

АПА, АПА…

— Апа, апа, чүкөм кана? Шапкемчи?
Ачты кардым, айраныңдан апкелчи
Апам жокто: “Кайда кетти мага айтпай?
Ата, ата, апам кайда? Таап келчи.”

— Апа, алып берип койчу сумкемди,
Ак көйнөктүн мобу жерин минтемби?
Аркы аптага эжейибиз жылдырды,
Ата-энелер жыйналышы. Ким келди?

— Апа, баарын жасап койдум, мен кеттим,
Акча керек, отурушка бермекмин.
Анын кызын сүйбөйм, жакпайт ал мага,
Ашык болсо азыр алып келмекмин.

— Апа, алло, баары жакшы… Үйрөндүм…
Агай баасын койбой бир топ сүйрөлдүм.
Айран, каймак, эт, картошка салып ий,
Андан көрө шаарга тартса үйдөн ким.

Мейли, ааламга түбөлүк жаз келбесин,
Мейли элем түгөнсө да чөлдө суум.
Суранычым апа, сенден бир гана:
Суроолорум жоопсуз кала көрбөсүн.
27.01.15

 

* * *

Айыл. Бардык керектүүсүн тандаган,
Ай айылдык түнү тоосун жандаган.
Күндүз дайым тосуп чыккан таң эрте,
Күн айылдык, күмүш нурун камдаган.

Мында түгүл айылдыкы делет бүт,
Мындагылар мендей ойдо демек бүт.
Сыймыгына айлансам дейм мактанар,
Сыймыктанып болгонума элеттик.

Айыл жыты бышкан нандай жыттанат,
Акын жанда анан кантип уктамак.
Көчөсүнө мен эле эмес, көктөгү
Саманчынын жолу дагы суктанат.
26.09.15

 

* * *

Мен бул дөңдү
Бала кезден ашкамын,
Укпай коюп апакемди
Чыбыгынан качкамын.
Келбеймин деп сөз бергемин,
Уулу болом башканын.
Кеч киргенде бирок баргам,
Курсак ачып ач карын.

Азыр болсо мен бул дөңдө
Жыйырма бир жаштамын.
Мурункудай эле экенсиң,
Өзгөрбөптүр таштарың.
Ал кездеги мендей болуп
Ачкарынбы башка ким?..

 

КЛАССТАШЫМА КАТ

Аттаган кез билим үйүн жаңыдан,
“А” тамгасы эсиңдеби тааныган.
Кабарлашпай кайда кеттиң дарексиз?
Классташым, куса болом, сагынам.

Эсимде бар: сен “5” алсаң кубанып,
“2” алып турар элем кызарып.
Эжебизден мен жашынсам артыңда,
Эжекелеп колуң турчу узарып.

Жаза кал деп күйпөлөктөп астымда,
Жардам берген аткарбасам тапшырма.
Достугуңа рахмат айтып койбопмун,
Дардалаңдап тапшырмаңды жазганда.

Кийип жүргөн жарашыктуу фартугуң,
Көпөлөктүн канатындай бантигиң.
Кайран гана биз окуган мезгилдер,
Көз алдыма тартылууда ал күнүм.

Биздин күндө карасынан агы көп,
Бул бир азы, эстей турган дагы көп.
Кезигели кусалыкты жоёлу,
Классташың Орозбеков Каниет.

 

КЕЛЕЧЕКТИН АЛПТАРЫ
(«Жаңы-толкундун» жаштарына)

Биз алгалап… Куюн тартсын артыбыз,
Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.
Тоодой болгон алп ырларды жазалы,
Тоо таянар келечектин алпыбыз.

Мен акынмын! Сен да ушинт тартынбай,
Мергенчилеп ой издейбиз жан тынбай.
Тааныш үчүн эл сени акын катары,
Тап өзүңдү! Тааны өзүңдү алтындай.

Карегиңден чындык үчүн кан агыз,
Катуу, дың, чым жердин баарын чана, буз!
Бүгүн эмне көзгө урунса уядан,
Биз учканда дал ошону алабыз.

Калыс баасын берет бизге калкым чын,
Калем, сыя жооптуу милдет артынсын.
Аруу жолду аруу басып өтүүгө,
Ант берели! Баса албасак ант урсун.

Биз акынбыз, келечектин алпыбыз,
Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.

 

* * *

Мойнубузга жооптуу иш арткан Теңир.
Машакатуу экенин билбейт кээ бир.
Төрт сап ырды кагазга түшүргөнчө.
Төрт тонналык түшүргөн көмүр жеңил.

Күч жумшалат иштесең күрөк менен.
Калем кармап калп эле жүрөт дебең.
Көңканага көмүрдү жыйнаганча.
Кыйын келет ыр сабын ирээттеген.

 

СЫНДЫН КҮЧҮ

Көчө ыры деген баага татыдык,
Калемдешим сындаганда катырып.
Күзөтүп түн маанисиз ыр жазганча,
Көкүрөккө койсом эмне жашырып.

Кыйла жылдан бери калем сырдашым,
Кантем анан, калбай жатса ыр жазуум.
Күтпөгөмүн, көпчүлүктүн көзүнчө,
Көчө ыры деп кыйкырып сындашын.

Калети жок ойлоп көрсөм кебинде,
Кемчиликти чыгарбадым төгүнгө.
Түпкүрүндө ошол сөздүн бар тура:
Ташта кадам, мүдүрүлбө, чегинбе!

Катасыз сөз адамды сын өстүрөт,
Келчи тууган, бир алайын өпкүлөп.
Көз карашым калмак балким өзгөрбөй,
Катуу сынга албаганда тепкилеп.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий