Наристеге ат коюу

Байыркы учурдан тартып узак кылымдар бою кыргыз элинде бала туулары менен эле ааламга келген наристеге ат койгон салт болгон.

Атактуу кишинин атын койгондор баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан.

Ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы этегине салып отурган.

Балага ат коюу үчүн азан айтуу ырасымы болгон. Аны айылдагы атайын белгилүү азанчы же молдо аткарган.

Бир топ учурда баланын атасы, же чоң атасы өзү эле азан айтып ат койгон.

Азан айткан адам аруу жуунуп, даарат алып, адалданып, кыбыланы карап, кулак какты кылып, тегерек-чек уга тургандай кылып үн чыгарган.

Балага берилген ар бир атта кандайдыр маани камтылган.

Балдары турбай жүргөн үй-бүлө жаңы бөбөк көрсө көбүнчө ага канаттуулардын, мисалы, Бүркүт, Турумтай ж.б. жаныбарлардын, мисалы, Бөрүбай, Түлкүбек ж.б. аты коюлган. Ошол алгыр куштар жана жаныбарлар баланы ажалдан арачалап калат деп эсептешкен.

Буга чейин жалаң кыз балдар туулуп келсе, “мунусу да кыз болсо, эми эркек келсин” деп Жаңыл, Бурулкан, Бурулуш, Токтокан, Уулкелсин, Уулболсун ж.б. аттарды берген.

Үй-бүлөдө көп бала болуп, энесинин төрөттөн кала турган мезгили келип калса, ага Кенже, Кенжегүл, Кенжебек деген аттар берилген.

Айрым учурда баланын туулган убагындагы жаратылыштын абалына карап да аттар ыйгарылган. Мисалы, Жамгырбек, Бороон ж.б.

Көчмөн турмушта ар кандай кырдаал-шартта баланын жарык дүйнөгө келишине карай Көчкөнбай, Көчкөн, Конушбай, Кыштообек, Жайлообек дегендей аттар ыйгарылган.

Баланын туулган күнү, айы, мезгили да алардын аттарына өткөн учур болгон: Жекшемби, Орозо, Рамазан, Чилдебек, Жума, Бейшенбай ж.б.

Кээде ырымы кылып балага көз тийбесин, башкалардын назары түшпөсүн деп атайын жаман сөздөрдү ысым кылып берүү салты да болгон. Мисалы, Тезекбай, Бокмурун, Күчүк, Итибай ж.б.

Бир топ аттар ушундай кесипке, өнөргө ээ болсо деген тилектен келип чыккан. Мисалы, Отунчу, Жылкычы, Күүчү, Койчу ж.б.

Кыргыздар арасында элдеги жакшы адамдардын, атактуу баатырлардын, журт башылардын атын да балдарга берүү салты кеңири тараган. Мисалы, Курманбек, Курманжан, Шабдан, Балбай ж.б.

Кыздарга сулуу болсун, акылдуу болсун деген ниетте Айсулуу, Айпери, Акылай, Чолпонай, Акчолпон деген сыяктуу аттар берилген.

Бала энесинин ичинде жатып ыйлаган болсо, анын ысымы өзү менен кошо берилди деп Маширап, Шарийпа, Шарип, Мамашарип дегендей аттарды койгон.

Бала төрөлгөндө тиши менен туулса, ага Бөрү, Бөрүбай, Бөрүкыз дегендей аттар берилген, эгер андай ысым коюлбаса, өзүнөн кийинкилерди «жеп коёт» (төрөлбөй калат), же бир кырсыкка учуратат дешкен.

Бала төрөлгөндө бир мүчөсү толук болбой калса ага Нышан, Нышанбай дегендей ысымдарды койгон.

Бала төрөлгөндө бир мүчөсү ашык болуп төрөлсө Артык, Артыкбай, Артыгаалы сыяктуу аттарды коюшкан.

Баласы турбай жүрсө, жаңы төрөлгөн наристени бирөөгө «берип» же үч, же жети, же кырк күн бактырып, анан жол-жобосун кылып кайра «сатып» алганда ага Сатыбалды, Саткын, Сатылган дегендей аттар ыроолонгон.

Баласы турбай жүрсө, жаңы төрөлгөн наристеге Токтосун, Токтогул, Токтокан, Токторбек, Токтор, Токторбай, Токтогүл, Турат, Турар дегендей ат коюшат.

Калы бар туулган балага Калыйман, Калбү, Калыйбүбү, Калы, Калыбек, Калыбай дегендей аттар коюлат.

Төрөлгөндө этинин бир жеринде кызылы болсо Анарбай, Анарбек, Анаргүл дегендей ысымдар берилет.

Эгиз балдарга уйкаш аттар коюлат, мисалы, эркек балдарга Асан-Үсөн, Жаныш-Байыш, кыз балдарга Батма-Зуура, Апал-Үпөл ж.б.

Эгиз балдардын бири чарчап калса, экинчисинин атын Адаш, Адашкан, Адашаалы, Жаңыл сыяктуу аттар менен атап салган, ажал аны таппай калсын дешкен.

Жаңы төрөлгөн балага ат коюуда мурдагы бир туугандарынан аттарына окшоштуруу, уйкаштыруу да кеңири учурайт, мисалы, мурдагы кызы Жылдыз болсо, жаңы төрөлгөнүнө Кундуз деген ат берилиши мүмкүн.

Кыргыздарга ислам дини кирген соң арабча аттар да таркады, мисалы, Мухаммед, Абдыкадыр, Абдимухтар, Аалы, Жусуп ж.б.

Ысым адамдарды бири-биринен айырмалоо үчүн гана ыйгарылбайт. Ал аркылуу ата-эненин тилек-максаттары берилет.

Балага ат коюу вазийпасы эң алды менен ошол наристенин чоң ата-чоң энесине жүктөлүп келген, алар ылайыктуу ат издейт. Же айылдагы, уруу ичиндеги кадырлуу аксакалдар, инабаттуу байбичелер перзентке өмүр жолдош боло турган жакшынакай ысым сунуштайт.

Атактуу, эл-журтка алымдуу адамдар атын койгон балдарын дайыма «мунун атын паландай киши койгон» деп айтып жүргөн.

Көпчүлүк учурда сунушталган ысымды үй-бүлө мүчөлөрү чогуу талкуулап, бир чечимге келген.

Төрөлө элек балага алдын ала ысым бербейт, аны жөн гана «туюкбай» деп коюшат.

Адамдын кийинки жашоосунда анын тагдыры менен аты ылайык келбей калса, «Үйүндө чычкак улагы жок, уулунун аты Жууратбек», «Жаман иттин аты Бөрүбасар» деп мыскылдуу карашкан.

Балага ат коюуда атайын тууган-уругун чакырып, азан айттырып, казан асып, өз ырасымын аткарышкан. «Алло-о, акбар» деп азанчы баланын атын үч жолу кыйкырып, отургандарга угуза айткан. Үч жолу айтылгандан кийин анын ошол аты угуп тургандар тарабынан бекемделген. Ошол аттан кийин бала расмий түрдө киши аталып, өз аты менен башка адамдардын, демек, элдин санына кошулган.

Балага ылайыктуу ат коюу – ата-энесинин бир парызы катары эсептелген жана ошол койгон аттары үчүн алар баласынын алдында өмүр бою жооптуу болгон.

Кыргыз эли үчүн баланын ысымы – ага энчиленген жеке байлыгы, өмүр тагдыры. Ал ата менен эненин балага берген эң биринчи сыйы, ал ысымга эне сүтү менен ата мээрими кошулат.

Наристенин эң биринчи энчиленген аты элдик салт боюнча өзгөртүлбөйт, эгерде ар кандай шарттардан улам өзгөрүп кетсе да, анын өлүмүндө окулган жаназасында, бата кылганда азан чакыргандагы аты менен аталат, баштапкы эң биринчи ысымы менен оо дүйнөгө узатылат.

Жакшы ат ыйгаруу – баланын бактысы жана эл ичине кошулушунун башаты.

Абдыкерим Муратов,
окумуштуу-жазуучу,
“Кыргыз тили”, 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий