Жаңы сөздөрдү сөздүккө киргизүү заман талабы

Алып барган: Осмоналиев Каныбек:

Студиянын коногу: Асанов Эмил Дайырович

Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович өзүнүн коллегасы Сучеленков Николай Викторович менен бирдикте, Кыргызстандын илимий жана интеллектуалдык аймагындагы чоң жаңылыктуу жакшы нерсени баштап отурат. Радиоугармандар, мен сиздерге ушул жаңылыкты айткым келип отурат, булар жакында кыргызча-орусча 51000ден ашуун сөздөн турган кыргыз адабий тилдин нормаларына ылайык сөздүк түзүлгөндүгүн жарыялашты.

Эмил Дайырович, мен сизге сөз берээрден мурда мен өзүм да сөздүктү карап көрүп, бир четинен таң калуу, экинчиден сыймыктануу менен экөө тең эле мен үчүн чоң жаңылык болуп жатат, себеби атактуу Юдахин, Карасаевдердин сөздүктөрү бар болчу. Эми сиздердики жарык көрүп отурат. Эмне үчүн дегенде 51000ден ашуун кыргызча-орусча чечмелеп чыгарып берүүнүн өзү абдан чоң жаңылык болуп эсептелет. Бул сөздүгүңүз үч бөлүктөн турат экен. Адабий нормалар, адабий эмес нормалар, кийин кабыл алынган же кийин камтылган сөздөр деп, абдан оригиналдуулугу менен айырмаланат. Сизди 26 жылдан бери мен жакшы билем, сиз Москвадагы Бауман Жогорку техникалык окуу жайынын бүтүрүүчүсүз. Техника жана технология боюнча алдыңкы инженер-педагогсуз. Анан келип эле, кыргызча-орусча сөздүктү түзүүнүн, анын үстүнө Юдахиндердин контексинде жоголуп кетпей турганына ишенесизби? Ушунча көп жылдан бери эмгектенип чыгаргандын натыйжасы эмнеде? Ушул жөнүндө сөз кылып кетсеңиз.

sozdukЭмил Дайырович: Рахмат, эгерде качан чыккан жана эмне болгон деп сөз баштасак, анда эгерде Юдахиндин редакциясы алдында сөздүктү эле алсак, ал 1961-жылы чыккан эле. Андан мурда, анча-мынча чыгып жаткан болчу. Ал толукталып отуруп 1965-жылы чыккан. Ошондон бери 3-4 жолу басмадан кайрадан басылып, бизде ушундай сөздүк бар деп кыргызча-орусча сөздүктү колдонуп жүргөнбүз. Андан бери каалоочулар, талап көп болуп таркатылып да, ал тартыш болуп да келет. Бирок ошончо жылдан бери келип кыргыз тили да өзгөрүп бара жатат. Өзгөргөндө канча сөздөр келди, жаңы түшүнүктөгү сөздөр келип калды. Кээ бир сөздөрдүн мааниси да өзгөрүп кетти. Ошону жасай турган эч ким жок болуп калды да.

Осмоналиев Каныбек: Бизде Илимдер Академиясында атайын институттар, бөлүмдөр ошол жаңыдан кошулган сөздөрдү кошуп, ырааттуу түрдө иштеген адамдар бар да. Алар эмне кылып жатышат?

Эмил Дайырович: Мен ал жактагы маалыматты билбейт экенмин. Биз болсо иш чара деп айтып жатпайбызбы ошонун натыйжасы жана жыйынтыгы. Азыр иш-чара менен натыйжаны чаташтырып жатышат. Иш-чараны бүткөн нерсе деп ойлошот, натыйжаны эч ким ойлобой калды, аны унутуп ташташты. Натыйжа бул китеп болобу, же башка проблемабы бул бир иштин жыйынтыгы. Ушунча жылдан бери жыйынтык көрсөтпөй жатат. 25 жылдан бери Академияда жыйынтык чыгара элек. Ошентип, биз Академия деп кыйкырабыз, баланча академигибиз, окумуштууларыбыз бар дейбиз, а натыйжасы барбы, жокпу? Илгерки сөздөр колдонулуп жатат, бирок ал неологизмге кирип кетти да. Аны ким айтат, ким көрсөтөт, ким тааныйт, аны эч ким билбейт муну иреттеш керек.

Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович бул теманы абдан жакшы баштадык. Мен өзүм физикмин, аны билесиз. Мен да эки томдук кыргызча китепти жаздым “А.Нобель жана физика” деген, жакында басмадан жарык көрөт. Анан бир жаш жигитке атын атабай эле коюп мисал келтирейин, “спин электрона” деген сөздү кандай кабыл аласың деп суроо бердим, анын базалык билими кыргыз тил жана адабиятчы жигит. Ал жигит эртеси “электрондун ийини” деп которуп келиптир. Эгерде мен аны башка сөздүккө салыштырбасам ал “электрондун ийини” бойдон которулуп кете берет эле да. Ушул сыяктуу миңдеген сөздөрдү эске алып эмгек жасаптырсыздар да. Ушул китептин тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз, аны кандайча баштадыңыздар?

Эмил Дайырович: Кыргызстанда 1994-жылы компьютеризацияга катуу киришип, ошондо WINDOWS дегенге кирип иштей баштадык. Бирок ошол мезгилде компьютердик терүүнүн алгач англисчеси болуп, кыргызчасы жок болчу. Ошондо биринчи орусчасы чыккан эле. Союз кезинде украинча, орусча, белорусча варианттары чыккан, калган варианттары жок эле. Мына болот деп жаткан учурда союз чачырап, тарап кетти. Бизди өзүңөр жасайсыңар деди. Биз өз алдыбызча мамлекет болуп калгандан кийин, ал биздин талап болуп бизге керек болду да. Кыргызча макала, китеп, газета-журналдар жазыш керек эле. Компьютеризация маселеси чечилмейинче эч нерсе жасалбайт деп ойлоп андан кийин кириштик. 1994-жылдары жаңы газеттер чыга баштады. Ал учурда газеталар мурдагы версткалар менен жасалып, ал эки күндөн кийин чыгыш керек эле, аны жаңы компьютердик версткага алмаштырыш керек болду. Алгач биз компьютерге кыргызча тамга жасоо менен кириштик. Андан кийин “кол баскыч” же болбосо клавиатураны бүтүрдүк, аны 1995-жылы жасадык. Андан кийин ал Кыргызстандыктардын баарына тарады, азыркыга чейин колдонушат. Мындан кийин 2000-жылы Кыргызпатентке барып автордук укук алдым, андан ары эч кандай колдоо болгон жок. Ошону менен ал токтоп калды. 2001-2002-жылдары кайрадан жаңы этап башталды, ишти улантыш керек болду.

Осмоналиев Каныбек: Мен анда Кыргызпатентке директордун орун басары болуп иштеп калдым эле. Ошол учурда Кыргызпатентте комиссия түзүлүп жаңыдан иш башталган.

Эмил Дайырович: Андан кийин компьютеризация маселесинен кийин техника маселеси каралды. Техникалык маселесинде кыргызчасы кандай болду экен деп кичине китеп чыгардык. Бирок ошол китепке да колдоо болгон жок. Анткени кээде адамдар туура эмес ойдо болушат экен, эгер бул WINDOWS болсо, анда ал америкалык программа турбайбы, Америка жасап берет экен, бизге дегендей ойлор. Биз болсо аны күтөт экенбиз качан болот экен деп, кой дедик да өзүбүз программа жасоого кириштик. Компьютердик MIСROSOFT программасынын өкүлдөрү келишкен эмес. Кийин Кыргызстанга ХР программанын өкүлдөрү келип, ошондо кыргызча клавиатурасын киргизишти. Андан кийинкиси, мисалы орфография 2002-жылы биринчи жолу жарыялап туруп, көрсөттүк. Компьютерде кыргыз шрифтин киргизилгенине 13 жыл болду, 2003-жылдан бери кыргыз шрифтин баары колдонуп келе жатышат. Ошол учурда Илимдер Академиясы тилекке каршы өзүнөн- өзү оолактап калды. Экинчи жактан таанып, жактап, колдогон эч ким болгон жок. Аны ким жасаганы, кандай болгон экен, өзү эле келип калгансыгандай эле болуп калды. Кээ бирлери бул америкалык программисттердин жасаган иши же россиялыктардын жасаганы деп ойлошот.

Осмоналиев Каныбек: Анда бул сөздүктү кичине иш чара уюштуруп, китептин бет ачарын жасаш керек экен.

Эмил Дайырович: Буюрса, быйыл бет ачарын жасайбыз. Буга чейин Илимдер Академиясыбы, же Билим берүү министрлигиби же университеттер болобу көмөк көрсөтөбү деп ойлодум эле болгон жок.

Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович, анда биздин “Марал” радиосу биринчи жолу виртуалдык болсо да бир бет ачарын жасап жаткан турбайбы. Эмил Дайырович эми жалпы эле китептин миссиясын айтып берсеңиз.

Эмил Дайырович: Китепке чейин, кыргыз тамгасынын техникалык жагы жасалып бүткөн, б.а. компьютеризация жагынан проблема жок. Кээ бирлери мисалы, Таджикстанда, Түркмөнстанда компьютерлештирген эмес, Өзбекстанда мисалы, орфографиясы латынга өткөн 2008-09 жылдары жасап, колдонуп жатышат. Бизде 2002-жылдан бери кирилицаны жасап, колдонуп келе жатабыз. 2006-жылы мен жаңыдан кыргызча-орусча сөздүктү баштадым. Себеп дегенде, алгач мурдакы Юдахиндин сөздүгүн компьютерге киргиздим. Аны бүткөндөн кийин бул бар экен иштеп турсун деп ойлодум. Юдахиндин сөздүгүн компьютерде колдонуп жатышат. Андан кийин, 2007-жылдан баштап 2015-жылга чейин 8 жылда иштеп жүрүп, бул сөздүктү 1000 нускада чыгардым. Кээ бир кыргыздар сурайт да сен акчаны кайдан алдың. Мен акчаны ойлобой эле колдоно бер деп жооп берем. Ар кандай суроолорду беришет. Юдахиндин сөздүгү 38000 сөз, калган сөз кайдан келди деген ой жатат. Бул биринчиден интернет булагынан алынды. Интернет жагын карасак учурда көп жаңы сөз аралашып кыргыз тилинде колдонуп калган. Аны угуп, карап чыгып, иликтеп, уңгусун таап, андан ордуна коюп, грамматикалык сөздүккө киргизип, ирээттеп, анан жаздык. Ошон үчүн бизге грамматика керек болуп калды. Андан грамматиканы издей баштадык, карап турсаң кыргыз тилинде грамматика жок экен. Анткени, грамматика деген сөздү кээ бирлери орфография деп айтат, кээ бирлери синтаксис, кээ бирлери морфология деп, кээлери фонетика дейт. Булардын баары биригип келип грамматика болуп саналат. Буларды ар бирин өзүнчө карап келишкен. Тилди кой сойгондой жиликтеп туруп өзүнчө бөлгөндөй карап жатабыз, бири- бири менен байланышпайт. Ошон үчүн жаңыдан жасай баштадык. Убагында академик Батманов жасаган экен, 1935-1939 жылдары 3 китеп чыгарган, ал жөнүндө эч ким билбейт экен. Ошону таап, карап чыгып колдонуп, андан кийин жаңы чыккан сөздөрдүн грамматикасын иликтеп отуруп жаздык. Эми анын ичинде адабият деп жатабыз. Адабият болсо ошол эле Илимдер Академиясын, Жогорку Кеңешти алып карасак сөздөр туура айтылып жатабы же жокпу, чар-жайыт болуп жатат, туура келеби, келбейби, ушул жагы кызык болуп жатат. Ошол үчүн кыргызча-орусча сөздүктү адабий нормада деп берип жатабыз. Андан адабий эмес норма деп бөлүп карап чыктык. Ал сөздөрдү колдонсо болот, бирок адабий тилде болбой калат, ошентип талдап бөлүп сөздүк катары биринчи жарык көрдү. Адабий жана адабий эмес нормадагы жаңы чыккан сөздөр, англис тилинен келген сөздөр ж.б. ал сөздөрдүн маанисин ансыз деле жакшы түшүнөбүз.

Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович, эми ушул багыт боюнча, мен да кыргыз мектебин бүткөм, кыргыз тилинде мүмкүн болушунча дурус эле жазам деп жүрчүмүн. Бирок спецификалык китептерди жаза баштаганда физика-техника боюнча, алсыз экендигимди сезип, ардандым. Анан Кыргызстандагы бир топ техникалык терминдердин сөздүгүнө кайрылдым. Биринчиден эмнени байкадым, алар бири-биринен асман менен жердей айырмаланат. Академик А.Жайнаковдун жетекчилиги астында өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында терминдердин сөздүгү чыккан. Андан кийин профессор Ж.Усубалиевдин жетекчилиги менен КТУнун мугалимдери да сөздүк чыгарышкан. Экөө бири-бирине туура келбейт. Мисалы, лазер технологиясы боюнча жазып жатып, бир эле терминге эки башка түшүндүрмө берген. Бир чети эки китепти салыштырып жатып күлкүң келет, экинчи жагынан кайгырасың. “Лазердик накачка”, “заселение уровней” деген сөздөрдү эки китепте бири-бирине карама-каршы, болгондо да физикалык маанисин бузуп которушкан. Эми бул сиздердин китептин бет ачаарын жасап, Илимдер Академиясы менен айкалыштырып, ошол унификация маселесин чогуу кароо үчүн отурсаңыздар болобу?

Эмил Дайырович: Сиз туура сөз айтып, терминология боюнча кайрылып жатасыз. Кептин баары терминологияда болуп жатат. Терминком деген Совет убагында Илимдер Академиясында бар болгон. Азыр Илимдер Академиясы бейтарап болуп калып, 1998-жылы өзүнчө Тил комиссия болуп чыкты, ал 2008-жылга чейин колдонуп жүрүштү. Андан кийин ал иш Терминком Өкмөткө келип калды. Ал жакка келгенден 2 жылдан кийин жок болуп жоюлуп калды. Илимдер Академиясына барайын десем ал жакта жок экен. Эми кайрадан куруп жатат. Ошон үчүн мурдагы чыккан сөздүктөр бар беле, же жокпу белгисиз болуп жатат.

Осмоналиев Каныбек: Эми сиз экөөбүз чындыгында, чоң маселе көтөрүп жатабыз. Менимче радиоугармандар уккандан кийин да, бул маегибиз “Марал” радиосунун интернет баракчасына да чыгат. Ошол себептен керектүү адистер менен да жолугуп сүйлөшөбүз деген ойдомун.

Эми сиздерге мен өтүп бара жаткан жумадагы эң чоң илимий жаңылыктарды даярдап келдим эле, аны окуп берейин.

АКШнын Орегон университетинин окумуштуулары ар бир адамды микробдордон турган уникалдуу көзгө көрүнбөгөн булуттар курчап жүрөрүн аныкташыптыр. Алар эксперимент караты бир нече ыктыярчыларды герметикалык кабиналарга жайгаштырган, андан соң аларды курчаган абанын үлгүсүн тыкыр изилдешкен, натыйжада ар бир адам үчүн мүнөздүү болгон майда бөлүкчөлөрдөн турган булутчалардан тураарын катташкан. Окумуштуулар аларды персоналдык микроб булуттары, же болбосо “зыяндуу нимбалары” деп аташты. Булуттарды өздөрүнүн уникалдуулугу жагынан, адамдын индивидуалдуулугун көрсөткөн манжаларынын изи менен теңөөгө болот экен. Криминалистика менен медицинада колдоно башташты. Эң кызыгы ушул жуманын шейшемби күнү Сан-Диегодо Калифорния университетинин профессору Питер Доррештайн жогорку булуттарды пайдаланып, адамдын жашаган жерин, кандай тамак ичкенин жана кандай ооруга чалдыкканын таап, аныктап бере ала турган компьютердик программа түзүүгө жетишкен. Окумуштуунун ою боюнча ал молекулалар адам мобилдик телефон менен суйлөшкөндө, ошол телефондо калган дем алуусунан алса да болот экендигин изилдеген. Демек, бул технология менен кылмышкерлерди кармоого чоң көмөк берет дешүүдө. Чындыгында интернет сайттарда бул абдан дүркүрөгөн чоң жаңылык болуп жатат.

Дагы бир жаңылык, урматтуу радиоугармандар, Улуу Британиялык физиктер суунун жаңы төртүнчү агрегаттык абалын аныкташты. Эми биз суу өзү үч агрегаттык абалда болоорун мектептен окугандан баштап эле билебиз. Суу – суюктук, газ түрүндө- бууланат, катуу түрүндө – муз болот. Бирок, заттын төртүнчү абалы плазмага да айланат экен. Болгондо да эң экстремалдык температурада эмес, жөн гана кайноо температурасына чейинки эле температурада алууга болот. Ушуну англиялык физиктер аныктап чыгышты жана бүгүнкү күндө катуу талкуу жүрүп жатат. Ал үчүн суунун температурасы 40-60 оС болуш керек экен. Демек, биз күнүгө эртең мененки чай кайнатып жаткан учурда суунун плазма абалынан өткөрүп жиберет экенбиз да. Эң кызыгы 50 оСда суунун сынуу коэффициенти өзгөрөт экен, оптикалык коэффициенттеринин бири. Экинчиден, 53 оС болгондо, анын электр өткөрүмдүүлүгү өзгөрөт, 60оСда жылуулук өткөрүмдүүлүгү өзгөрөт экен. Демек, суунун температурасы өзгөргөн кезде агрегаттык абалынын өзгөрүшү жүрөт экен. Плазмалык абал деп биз жогорку иондошкон газды элестетебиз. Демек, биз электрондук-плазмалык чайды ичип коёт экенбиз. Бул да абдан кызыктуу нерсе.

Дагы бир кызыктуу окуя, Швецариялык окумуштуулар көзү азиз, сокур адамдар үчүн эң сонун курал жасашты. Кубаттуу, бирок кичинекей компьютер эки камера жана наушник менен жабдылган, азиздин айлана чекесин толук сканирлөөгө жана ага бардык маалыматтарды бере тургандай кылып жайгаштырылган. Эң башкысы ал жолуккан кишини тааный алат. Анткени тааныштарынын баарын программа аркылуу системага алдын ала жазып, киргизип коюлат. Ошондой эле жасалма интеллект технологиясынын негизинде азиз кишинин айланасында болуп жаткан кубулуштарды да байкап турууга болот. Бул чынында эле абдан жогорку технологиялык жетишкендик болуп эсептелет. Бирок, тилекке каршы бул азыр абдан кымбат. Ошол эң кичине компьютер, эки камера, наушник өзүн бири-бирин системага келтирип иштетип, ирээттүү түрдө пайдалануунун өзү абдан чоң технологиялык жабдуу болсо керек.

Эмил Дайырович! Ар кандай илимий жаңылыкты айтсак эле дароо спецификалык терминдерге жолуктурабыз, дуушар болобуз. Ар кандай чар жайыт которуулар менен өзүбүздүн да башыбыз айланып калды.

Эми сиздин жалпы эле биздин бүгүнкү билим берүү системасы жөнүндө оюңуз кандай?

Эмил Дайырович: Өтө татаал маселе. Мен дайыма ойлочу элем, Совет убагында кандай экенин биз азыр көрүп жатабыз. Бирок кудайга шүгүр, жакшы эле балдар бар, бирок жалпы, бизде азыр министрликпи, же башка жердеби бардыгын жакшы билген адистер жетпей жатат. Мисалы, кызык, бир кезде мен өзүм сурамжылоо жасагам. Жолдо өтүп бара жатып үч бала келе жатат. Окуучулар силер кай жерде турасыңар десем, алар айтат мына театрдын жанында турабыз дейт. Кайсы театрдын, атын билесиңерби. Опера балет театры дейт. Мунун аты ким десем Малдыбаев атындагы театр. Малдыбаев ким экен деп сурадым. Бирөө айтат бул комузчу беле деп, экинчиси жок ал ырчы болчу, жок ал ырчы беле же манасчыбы деп коет. Жок силер эч нерсе билбейт турбайсыңарбы бул театрдын биринчи директору болгон дейт. Көрдүңүзбү? Ошого жеттик биз.

Осмоналиев Каныбек: ЮНЕСКОнун акыркы билдирүүсүнө караганда биздин Кыргызстанда 60 000ге жакын бала мектепке барбайт деген маалымат бар. Анын ичинен 30 000 бала нормалдуу, баштапкы билим ала албай келишет, 85%ы мектепке чейинки балдар бала бакчага бара алышпайт. Дагы бир сан, биздин университеттердеги профессорлордун, доценттердин алган маянасы Россияга караганда 10 эсе аз, Казакстанга караганда 8 эсе аз. Эми кептин баары эле ушул акчада болуп жатабы, же биздин өзүбүздүн пейилибиз да кээде тарып баратабы?. Айталы, согуш жылдарында деле мындан жаман каржылоо болгон да. Билим берүү системасын агартуучуларыбыз көтөрүп келишкен да. Мен да мурунку билим берүү министри катары мойнума алам, көп, бирок, канча аракет кылсак деле жыйынтыгы начар болуп жатат. Бирок, жогоруда айткандай натыйжа жок болуп жатат. Илим фонду түзүү боюнча кандай дейт элеңиз. Билим берүү министрлигинин алдында Илим фонду түзүлүп, анын жетекчиси бир азаматыбыз ошол эле учурда илим департаментинин башчысы, ошол эле учурда билим берүү министрлигинын орун басары экен. Эч кандай биз күткөндөй натыйжа болбой жатат го.

Эмил Дайырович: Биз даяр нерсеге көнүп калдык окшойт. Эч ким эч нерсе жасабай эле даярды карап отурабыз. Ошол эле билим, илим деп жатабыз. Ошол эле Илимдер Академиясын алсак, мурда болсо илимдер Академияга жазыш керек деп анын баасы жогору болчу. Азыр Академия дегенди жөнөкөй нерседей кабыл алышат. Бир жолу мен Илимдер Академиясына барышым керек болуп калды. Бир таксист баладан сурап калдым, Академияга жеткирип кое аласыңбы, ал жерди билесиңби десем. Билем деди да мени башка эле жакка алып барды. Сен кайда алып келдиң десем, мына “Финансовая академия” деп жатпайбы. Бул эмес десем. А башка Академиябы, Юридикалык академиябы. Ошо жакка барасызбы дейт. Ай, Улуттук Академияны билесиңби десем, биринчи угушум дейт. Көрдүңүзбү Улуттук Академияны билбей бара жатышат. Азыркы жаштар Академия деген сөздү окуу жай деп түшүнүшөт экен. Демек азыр иштебейт, жыйынтыгы да жок, өзү да билинбей калып жатат. Мисалы, алар китеп чыгарат, бирок, эч кимге жетпейт. Алар колдонуп жатабы, университеттерге жеттиби, студенттер окуп жатабы, жыйынтыгы, натыйжасы тилекке каршы билинбей калып жатат.

Осмоналиев Каныбек: Тилекке каршы деңгээлибиз төмөндөп бараткандай. Менин түшүнүгүм боюнча билим берүү, илим системасы, айрыкча интеллектуалдык менчик системасы, инновация булар бири-биринен ажыратылгыс каралыш керек. 25 жылдан бери булардын ар бири өз-өзүнчө болуп келишет. Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда мисалы, патент системасы жана билим берүү системасы бардыгы бир министрликке баш иет. Таджикстанда да 3 жылдан бери ушул системада иштешет. Ал жакта менин аспирант докторантым азыр Илимдер Академиясынын президенти. Аны менен тез-тезден байланышып турам. Аларда да жогорудай системага баш иет. Сиздин оюңуз боюнча кыргызча-орусча сөздүктү түзүп, башыңызга келип жатканын сезип жатсаңыз керек. Ушунун баарын чар жайыт кармап алганыбыздан болуп жаткан жокпу.

Эмил Дайырович: Кыргызпатенти биз бөлүп-жарып кетип, ал майдаланып чачыранды болуп калгандыктан, анын аты бар заты жок болуп калды. Эч кандай каржылоо жок, эч ким аны колдоо көрсөтпөй ушундай төмөнкү деңгээлге жетти.

Осмоналиев Каныбек: Тилекке каршы чынында эле ошондой болуп жатат. Мени абдан кайгырткан нерсе илим системасы менен инновация системасын экиге бөлүп, илим саясатын билим берүү министрлигине, инновация саясатын Кыргыз патентине берип койду. Мунун өзү эле туура эмес экендигин билдирет.

Дагы бир аз убактыбыз бар. Урматтуу угармандар дагы бир чоң жаңылыкты айтууга кызыгып турам.

Оксфорд университетинин окумуштуулары адамдын илебинен, оозунун кыймылынан окуй ала турган жаңы компьютердик программаны түзүшүптүр. Аны “Липнет” деп атап коюшуптур. Ошол эффект менен сүйлөп жаткан адамдын сөзүн 93%га чейин билүүгө болот экен. Көрдүңүзбү кандай жетишкендиктер болуп жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

 Эмил Дайырович: Техника менен инновацияны тең колдонуш керек. Техника жагын унутуп калып жатабыз. Биз ошол лингвистика деп жатабыз. Лингвистика азыр техника менен байланышып калды. Лингвистика бул фундаменталдык илим, “математикалык лингвистика” деген өзүнчө бир багыт бар. Биз аны адабий нормасын карап эле тим болобуз. Мисалы, компьютердик тил корпусу деген бар, ошону менен биз колдонуп жасап жатабыз да. Корпусту кээ бирлери ойлойт, бул өзүнчө имарат деп. Бул жерде корпус-тулку деген маанини, компьютердик кыргыз тилинин тулкусу дегенди билдирет. Ошонун компьютеризациясын жасап, техникалык жагын иштетип, математикалык жагын караш керек болуп жатпайбы. Ошону эч ким түшүнбөй жатат.

Осмоналиев Каныбек: Мен, биздин кыргыз илимин акыркы 5 жылдан бери изилдеп макала даярдадым. Акыркы 5 жылдагы илимдеги жетишкенибиз кээ бир индивидуалдык жекече иштеген адамдардын жасаган ишинин негизинде гана болуп жатат, системалуу көрсөткүчтөр жок. Мисалы, Кытайда темир жол вагондорду жасоо корпорациясы темир жолдун (левитация) үстүндө калкып уча турган жаңы поезд ишке киргизди. Бул баягы левитация деп айтып жүрөбүз, бирок булардын конкреттүү иш жасаганын караңыздарчы. Поезддин ыламдыгы 600 км/саат болот экен. Бул самолеттун учуу ылдамдыгына жакындап жатат. Экспериментте 5 км аралыкта жасашып, Пекин шаарынын четинде сынашты. Мурда 5 жыл мурун ошол эле эффекти Шанхай шаары менен анын аэропортунун ортосунда байланыштырып жасашкан. Анда ал поезддин ылдамдыгы 430 км/саат болгон экен. Азыр аны дагы ылдамдыгын 170км/саатка көбөйтүштү. Магниттин эсебинде Джозесффон менен Мейснердин эффектиси иштейт. “Воздушная подушка” деп коёт. Японияга барганда көрдүк эле эксперимент түрүндө, ал эми булар болсо реалдуу түрдө жасап жатышат. Демек, биз Кыргызстанда, айталы, Конституцияны жоготуп жиберип ызы-чуу болуп жүрсөк, башка элдер самолеттун учуу ылдамдыгына жакын келип жүрө турган поездди жасап отурушат. Мында сүрүлүү деген жок болуп, эң негизгиси Мейснердин эффектисин б.а. өтө өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылыш керек. А бизде өзүбүздүн асфальт төшөй турган жолдорубузду жасай албай жүрөбүз. Эмил Дайырович, чынында өзүңүздүн жасаган эмгектериңиз, линвистика боюнча оюңуздү билдирип кетсеңиз. “Марал” радиосунун жамаатына кандай пикириңизди, тилектеризди, сунуштарды айтсаңыз.

Эмил Дайырович: Мен айтат элем, азыр биз ХХI к. жашап жатабыз. Баары компьютер менен байланышкан. Эгерде лингвистика жагын айтсак, компьютердик лингвистика колдонулуп иштетилип жатат, ошону белгилегим келет. Биз сөздүк жазып жаткан учурда, мурдагыдай эмес компьютер жагынан алып караганда, эки адам 60 компьютердик программа жасап койдук. Ошол программалар менен колдонуп жатышат, бүтүндөй бир институттун ишин жасап, эгерде эл компьютерди туура колдонсо, биз аларга бир топ жеңилдик келтирдик. Компьютердик кыргыз тилдин корпусуна 12 500 млн сөздү киргиздик. Казакстан, Түркмөнстанда мына жакында жасалып жатат. Мисалы, Россияда Илимдер Академиясынын катышуусу менен 65млн. сөздү жасашкан. Бирок биз Кыргызстанда жасап койсок да колдоо тапкан жокпуз. Быйыл Тил Комиссиясы акча бөлүп беребиз деп атакет жасашты. Бирок ар кандай себептер менен ал да калды. Акча берип иштетсе болбойт беле, аларга жыйынтык керек болгон да.

Осмоналиев Каныбек: Эмил Дайырович эми жалпы эле илимге күйүп-бышып отурганыңызды биздин “Марал” радиоугармандары да сезип жаткандыр. Биринчиден, ушундай аба ырайынын татаалдыгына карабай сыркоолоп турсаңыз да келип аңгеме куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Ден соолугуңуз чың болсун. Урматтуу “Марал” радиоугармандары ушуну менен биздин “Илим жана турмуш” радиоберүүбүздүн соңуна чыгып бара жатабыз.

Саламатта болуңуздар. Радиоберүүнү алып барган мен, профессор Каныбек Осмоналиев.

“Марал ФМ”, 22.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий