Залкардан калган таберик Жеңижок акындын комузу

Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар.

Иш сапарда жүрүп түркүн — түркүн кызыктарга жолугасын, бул сапар да сапарыбыз олжолуу болду деп айтсам жаңылышпаган болом. Заманыбыздын залкары, жез таңдай төкөмө Өтө Көкө уулу –Жеңижок Аксыда жашап өткөнү жаамы журтка маалым. Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар. Ошол жез таңдай төкмө деген улуу наамды да дал мына ушул Сулайманкул болуш ошол айтыштан кийин ыйгарып, Өтөгө колуктусу Көксулууну алып бергендиги тарыхтан бизге маалым. Эсенаман төкмөнүн айтуусунда мындай деген сап учурайт.

«Ажынын уулу Сулайман,
Ала барман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт,
Антсе дагы башкарып,
Акысынын ичин билди
,- дейт» деген сап учурайт. Эмне үчүн Эскең Сулайманкул болушту бакшы деп жатат. Анын өзүнчө тарыхы бар. Базар-Коргондо чоң той болуп калат. Ошол жерде Жеңижокко көз тийип, сыркоолоп калат, ошондо Сулайманкул болуш бир торпок алып келдирип, садага чаап жиберип, ырымдатып Жеңижокту сактап калган. Дал ошону айтып жатат. Бул да болуштун Жеңижокко көрсөткөн урмат сыйы деп кабыл алууга болот. Анын өмүрү Кыргыз эли үчүн кымбат экендигин билген, болуш. Дал ошондон Өтөнүн өмүрүн кандай болбосун сактап калуу керектигин ойлогон.

Оозунда элеги жок айрым адамдар Жеңижокту комуз чертпеген деп да чыгышкан. Бирок мезгилинде Жеңижок залкар жез таңдай төкмө гана эмес чоң комузчу, Манасчы, Семетейчи болгондугу бизге чейинки маалыматтарда жетип келди. Токтогул Сатылганов да Жеңижоктун талантына таазим кылып, Аксыга келип бирге жүрүп, чыгармачылык бир сапарда болгондугун айтсак ким танат. Аны Токомдун бир сөзү далилдеп турат. «Мен Өтө акем бар жерде комуз чертип, Ныязалы бар жерде ырдап олтурганым оң» деген. Мына ушунун өзү залкарлар бири-бири кандай урматтагандыгын көрсөтүп турат. Ал эми Өтө болсо өлөр алдында ырдаган «Ким айтат менин ырымды» деген чырамасында «Бир билсе Токтогул билет сырымды, көп болбосо азыраак, Токо сен айтып кой ырымды» деп табыштаган саптары бар. Бул эки залкар өмүр бою бирин-бири сыйлап ардактап жүрүп өтүшкөн. Токтогул сүргүндөн келгенден кийин да Кетмен-Төбөгө жүрө албай кайра Аксыга Өтөнүн жанына келген. Өтө Токону Айгерим деген келинге үйлөп, өзүнүн Раватынын жанына эки бөлмөлүү үй да куруп берген экен. Ошол үйдүн урандылары азыр да сакталып калган. Мезгилинде Током бир гана комузчу гана болбостон колунан көөрү төгүлгөн уста да болгон. Анын бир нече комуздары ушул мезгилге чейин сакталып келет. Төкмө акын Аалы Туткучев да Токтогулдун комузу деп ардактап алып жүрөт, ал эми бир комузду Сыймык Бейшекеев да алып жүрөт.

Жакында Аксыдагы Жаңы-Жол айылында жашаган Турдукул Жуманалиев деген комузчу, чыгармачыл адамдын үйүндө конокто болуп калдык. Ал киши азыр ардактуу эс алууда, мезгилинде Жаңы-Жол айылдык маданият үйүнүн директору болуп көп жыл иштеп, нечен жаштарды тарбиялап уядан учурган адам. Ушул Турдукул акенин бир Борон деген жездеси Жеңижокко тууган адам болгон экен. Борондун байбичеси Турдукул акенин атасы менен тууган, карындаштары болгондугун айтат. Борон аксакал өзү Түбү Таластан болот эле дейт. Жеңижок өлгөндөн кийин Жеңижокко Токтогул өз колу менен чаап берип, чертип жүргөн комузу мына ушул Борон аксакалдын колунда калат. Ал киши ардактап алып жүрүп, кийин көзү өткөндөн кийин комузду Жуманалы аба алып, андан уулу Турдукул акенин колунда калат. Жүз жылдан ашык сакталып келген комуз, көп жабыр тартып калган. Бирок залкардын колунан жаралып, жез таңдай акын өз колу менен кармап чертип жүргөн ыйык жана таберик буюм катары бизге жетип келгени эле чоң табылга деп эсептеп калдым. Комузду бир формада, ат менен жер кесип алып жүрүүгө ыңгайлуу кылып жасап, чапкан экен. Токтогул акындын формасы экендигин көргөн дө эле тааныдым. Союздун учурунда Алымкул Үсөнбаев атабыздын байбичеси Назим апам Токтогулдун комузу деп дал ушундай комузду мага көрсөткөн эле. Дал ошол комуздун өзү экен.

— Менде бир кылымдан бери атадан балага өтүп аздектелип сакталып келе жаткан буюм бар. Сен Токтогул тууралуу бир топ макалалардын сериясын жаздың эле, Абдымомун ушуну сага көрсөтөйүн деп Турдукул аке комузду алып келди. Мен абдан кубанып Турдукул акеге ыраазылык билдирип, комузду Кербен шаарына алып келдим. Кандай сакталган болсо ошол боюнча сүрөткө тартып, бул табылганы элге журтка жарыя кылып койсомбу деп чечтим. Биз үйдөн чыгып баратканда Турдукул акенин байбичеси Уулбү эже жоготуп койбогула, бул кайнатамдан калган таберигибиз деп кайра кайра табыштап жатты.

Мына ошол Током өз колу менен өрүктөн чаап, Өтөгө белек кылган комуз мына ушул экен. Жез таңдай төкмөнүн табериги менен таанышып койгула урматтуу окурманым.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын-жазуучу,
Ашым Жакыпбеков атындагы
адабий сыйлыктын ээси, Аксы району,
“Аймак.КГ”, 14.09.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий