Казак сериалдарынын катыгын берген кыргыз режиссеру

Кыргыз кинорежиссеру Айбек Дайырбековду өз өлкөсүнө караганда Казакстанда жакшы тааныйт. Алматы менен Астанада тарткан телесериалдары ага жакшы атак алып келди.

— Айбек, Казакстанда азыр сиздин “Айман менен Шолпан” аттуу жүз бөлүктөн турган соңку сериалыңыз өзгөчө популярдуу болуп жатканын уктук. 100 сериалуу тасма тартуу оңой болбосо керек?

— Албетте оңой эмес. Сериалды тартып жатканда сценарийин алмаштырып койгон учурлар да болду. Сериал 100 сериядан тургандыктан эки топ менен тарттык. Биринчи топ “Казакфильмдин” ичинде иштесе, экинчиси чет жакта. Эгерде бир группа менен тартсак анда 8-9 айга созулмак, эки группа менен иштегендиктен 100 сериялуу тасманы 4 ай ичинде тартып бүтүрдүк. Толукметраждуу тасманы орто эсеп менен бир күндө эки көрүнүштөн (сценка) тартышат, биз бир күндө 13-14 көрүнүштү тарттык. Ар бири эки барак тексттен турат. Эми ойлонуп көрсөңүз, актер бир күндө 13 көрүнүштү аткарыш керек. Бир көрүнүштү бир канча дубльдан тарткан учурларыбыз да болгон. Ошондуктан биз эң мыкты актерлорду тандаганбыз. Даярданбаган адамга бул эң эле оор. Эртең мененки жетиден кечки тогузга чейин иштөө көнүмүш адатка айланып калган. Башкы ролду ойногон Салтанат Бакаева эӊ мыкты ойноду.

Сизди кошуна мамлекетте кыргыз режиссеру катары таанышабы?

— Биринчи сериалды тартып баштаганда мен жөнүндө Казакстанда такыр сөз кылышчу эмес. Үчүнчү сериалымдан кийин гана журналисттер кайрыла баштады. Соңку «Айман менен Шолпан» телесериалы бүгүнкү күндө көрүүчүлөрдүн айтымына караганда, мыкты тартылган сериалдардын бири катары кабылданууда. Ушул сериалдан кийин казак журналисттери мени көбүрөөк таанытышты окшойт. Кыргызстандан барганымды баары билишет, дайыма «кайсыл жерден келдиӊиз?» деген суроону беришет. Негизи казак телеканалдары сериал тартууга башка жактан дагы көп чакырышат. 2015-жылы чыккан «Аялуу арман» сериалында орусиялык Александр Гончаров деген оператор менен иштештим. Сценарийлерин дагы орусиялык сценаристтер жазышат. Себеби Казакстандын өзүндө сценаристтер аз. Бул проблема бизде дагы орчундуу – сценаристтер жокко эсе.

— Казак сериалдарын кантип тартып калдыңыз?

— Казакстанда баш аягы 6 телесериалга режиссерлук кылдым. Алгач капысынан барып калгам. 2009-жылы агайым Эрнест Абдыжапаров Казакстанда сериал тартып жаткан эле. Бир жумага башка жака кетиши керек болуп калып ордуна мени калтырып кеткен. Ошентип күтүлбөгөн жерден Алматыда бир жума сериал тартып калгам. Мени менен иштешкен продюсерлерге жеӊил болдубу, же иштегеним жактыбы, же мага Эрнест Абдыжапаровго караганда азыраак маяна төлөштүбү айтор бир жыл өткөн соӊ «Астана телефильм» компаниясынын продюсери Алия Увальжанова «Жаным» сериалына режиссер катары чакырды. Көп адамдар аралашкан, техникалык жактан татаал болгон съемкалар кандай болоорун өздөштүргүм келип макул болгом. Ал биринчи сериалымды эки тайпага бөлүнүп казак режиссеру Бахтияр Сейтказиев менен бирге тарттык. Көп миллион бюджеттүү чоӊ сериал тартууда тез ылдамдыкта тартуу максатында бир эмес, эки же үч тартуучу тайпа менен көп иштешет. Болбосо 76 сериядан турган телетасманы бат бүтчүдөй эмессиӊ. Ошентип Бахтияр экообүз эки группа менен тарттык. Мен үчүн бул сериал ушундай ыкма менен иштеген биринчи тажрыйба болгон. Сериал тартуу менен кино тартуунун айырмасын ошондо бизге консультант болгон москвалык продюсер Валентин Опалев түшүндүрүп берген.

— Ошондо жалпы канча тасма тарттыңыз?

— Казакстанда 6 телесериал, Таджикистанда 1 кыска метраждуу кино тарткам. Ал эми Кыргызстанда 1 толук метраждуу тасма, төрт кыска метраждуу тасма. Буга эксперимент катары тарткан анимациялык тасмаларды кошпойм.

Башка чет мамлекеттерден да тасма тартууга сунуштар болуп жатабы?

— Болуп турат. Акыркы эки жылдан бери бир чоң долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бирок азырынча айтууга эрте.

Гүлкайыр Бабаева, «Кабар 24», 18.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий