Сөзгө жан киргизген жазуучу

Көптөн бери, наати жыйырма жылдай болуп калды окшойт, жаш баланын тилиндей ширин, жүрөгүңдү кубанычтай туйлаткан, сөз жанынын сүйүнүчтүү үнү угулуп турган, ошол эле учурда ошол сөз махабатынын эки дүйнө арманынан жаралган сеникиндей анделек жыттуу аңгеме окуй элекмин, Абдиламит. Ошону айтсаң, азыркы кыргыз прозасы булбулу качкан токойдой болуп томсоруп турбайбы. Булбулдун сайрашы түгүл, балапандардын канат кага “апалаган” үнү угулбай калбадыбы. Кырдаал кылычын тартпай койду го, кыязы, ушундан улам болсо керек, тили ширин, маин мүнөз, жылдыз кыял проза тургай, азыр поэзия да сүйлөбөй калды. Тилине тикен сайылган, боору таштан, жүрөгү канжар мизинен жасалган нескара чыгармалар эл безерлеринин эрмеги болуп жатат окшойт.

Адабиятыбыздын гүлдөө мезгилин жараткан Ө.Даникеев менен А.Саспаевдин, А.Жакыпбеков менен А.Стамовдун, М.Гапаров менен К.Жусубалиевдин, жазуучу-агартуучу К.Жусуповдун, булардан кийинки сен арасында жүргөн прозачылардын чыгармалары эмне болот? Аларды бизден башкалар окубай калабы? Анда кыргыз адабияты эмне болот? Бир күнү Индонезия адабиятындай жок болуп кетеби? Абдиламит, мен негедир ушуларды ойлоп жүрүп, анан бүгүн ала салма мезгилдин карыш салган кабагына карабай, сага кат жазууну чечтим.

Абдиламит, бир тилим коондун даамындай таңдайда калчу аңгемелериңди эстеген сайын, мен дагы бир курдай ширин аңгеме жазайын дегем. Көкүрөктө көктөп ал жаныбар гүлүн ачып калган эле. Ооба, жабыркаган көңүл менен тилинип бүткөн жүрөктүн жалаң муңунан жаралган музыканын балбылдаган айыпсыз карегине канжар сайып туруп таштап кеткен, сүрөттүн тили жете алгыс жалгыз тагдыр кайрыгын бир аңгеме кылайын дегем. Болбой койду, болбой койду эмес, жаза албай койдум. Канча бир ирет караңгы түндө туурунан качкан куш болуп, бу дүйнөнү сабалап учуп айлансам да, көкүрөгүм ыйлабай койду. Көзүмдөн таштай муздак жаш тамыза ызаланып туруп кетип жүрдүм. Аңгемеби, же повестпи, айтор бүт бардыгы бар, аягы да, башы да көкүрөктө көктөмдөй ырдап турат. Айрым окуялар дилимде сөз болуп күйүп жүрөт, а бирок жаза албай койдум, жаза албай эмес, жазылбай койду. Мына ушул жазда сегиз жыл болот. Бүт бардыгы дапдаяр, а бирок ошол күндөн ушул күн чечекейди чеч кыла көкүрөккө сайылган найзанын жүрөктө калган сыныгындай кыйнап келет.

Билесиңби, Абдиламит, ошондон бери сенин “Далдалчынын уулундагы” Өсөр чалды эстей берчү болдум. Бечара Далдалчыга кыйын эле болгон экен. Мага да таш тийгендей иш болду. Ошондо өзүмдү бир билдим да Абдиламит, мен байкуш бу дүйнөдөн бакыт, сүйүү, атак дегендерди таба албай, тигил ааламга кайып каалап кетип калгандар жөнүндө гана жаза алат экенмин.

Абдиламит, жакында сенин аңгемелериңди дагы бир жолу окудум. Чынын айтайын, адамдын лапсизи жаман эмеспи, мен кайрадан оолугуп чыксам болобу. Ошо сенин чыгармаларыңдай наристенин жыты жыттанган, турмуш ар дайыма жылмайып турган, анделек даамдуу аңгемелерди ушунчалык бир укмуш кумар менен жазгым келди. Жазганда да жалгыз аяк жол боюнда ак сүтүн берген апасынан ажырап, башын жөлөп буркурап отурган жаш баладай ыйлап туруп, куу казык болгон кусалыгымды бир кандыра жазгым келген. Маңдайыңда сүттөй ак желеги желбиреген аңгемени ошо бойдон жетим баладай муңая жер карап жаза албай койдум. Ошондо сени кайрадан эстедим, дилимдеги дарыянын шоокумун тыңшап отурдум. Көрсө, сенде, “сөз багуу өнөрү” (Ч.Айтматов) өзүң менен кошо жаралып, өзүң менен кошо жанын тытып жетилген тура. Андай сапат сенин көркөм чыгармаларыңдан эле эмес, гезиттик кара макалалар деп коёт эмеспизби, ошондой жазгандарыңдан да көз уялткан күзгүдөй жарк дей түшөт. Биринчи мен окуган студенттик курулуш отрядынын эмгеги, турмушу жөнүндөгү макалаңдагы күн муруту чыга элек маалда “суу жетелеп келатам” деп жазганың ошо 1978-жылдын жай чок кармап турган кезден бери эс-көөдөнүмдө жылаажын болуп келатат.

Сенин кийинки китебиң “Атамды көргөн өлбөсүн…” (2004) деп аталат. Ал көлөмдүү жыйнак “Палван” деген аңгеме менен ачылат. Ошо чыгармаңда сен экөөбүздөн башка эч ким таба алгыс, калем учунан эмес, кайып-талант даарыгандан жаралгандай эки учур бар. Сен ошону азабоюңа таркаган кан тамырыңдын кагышы менен сездиң бекен? Сезген чыгарсың, Абдиламит, ал сенин жүрөгүң ырдап, карегиңе жылдыз ашык болуп турганда жаралган чыгармаң. Сен ошону байкасаң да, непадам байкабай калсаң да көктөмдөй көңүлүңө асел сөз кылып кайра салайын.Аерде базар тамашасынын таманын кызыл кыла кызыткан көз байлама оюну аркылуу палван атыккан Ярмат менен кадимки илбирс жамбаш атка конгон, ошо жамбашына түшкөңдөрдүн бели үзүлүп, далысына жер өтүп, эки көзү көк тешип калчу Сурман палвандын жан-дүйнөлөрү жарыша берилет. Ушул параллелизм аркылуу адам дүйнөсү, адам мүнөзү, психологиясы жана адам тагдыры ачылат. 32 кило деп 16 килолук ташты ойноп жаткан Ярмат палвандын ким экенин көзү азиз Сурман палван анын ташын көтөрө калып эле 32 кило эмес, 16 килолук экенин билип, таза эмес оюнга нааразы боло таштарды таштап жиберет. “Жалганды билбеген наристе” – Сурман палванды жетелеп жүргөн бала да сөзүнүн аягына чыга албай калат.

Экинчиси, Фергананын эзиле бышкан базарына тил бүткөрө сайратып турган коончулардын пул санаткан соодасы. “Коончуларда сүрөтчүнүн жүрөгү бар”. Бүттү, жылдыздын кызындай болгон ушул сүйлөм аңгеменин экинчи күрөө тамырындай эстетикалык күчкө эгедер. Базар турмушунун, көрөр замат жүрөгүңдү туйлаткан базарчылардын жашоо дүйнөсүнүн, жылдыздардын көк асмандан жерге түшкүсүн келтирген коон пирамидаларынын өзүңдөн көзүңдү, көзүңдөн карегиңди талашкан бир керемет көрүнүшүнүн, жер менен күндөн, аба менен суудан жаралган күз жытынын касиеттүү ааламы мен мисал келтирген сенин төрт сөзүңдүн тилинен асылдыктан жаралган асел болуп таамп турат. Сенин каарманың – коончулардын анделек жыттуу кепесинде ширин-ширин аңгемелерди жазгысы келген өспүрүм жездесине “балдарга коон ала кетеличи, мазар басып барат”, — десе, анысы: “Ноокат, о-уу, каякта жатат. Олор коон жебесе кысыр калбайт”, — деп маанайга чаба сүйлөп жөнөп берет. Өзү болсо колун бооруна алып, аларга ыйман-ызаат төгүп турган базарчынын “көрүң” деп берген коондун бир тилимин кабыгына чейин шашпай кемирет. Ошондо эки көзү булардан өтүп турган коончунун “колу боорунан түшүп кетти”. Дагы төгөрөктү төп батырган төрт сөз. Окшоштукпу, дал келүүбү, а балким турмуштун карама-каршылыгыдыр?..

Чынында, Абдиламит, аңгемеңдеги ушул психологиялык абалды, ушул кыл учунда турган драмалык көрүнүштү чыгарманын өзүңдөгүдөй баяндап да, сүрөттөп да берүүгө мүмкүн эмес. Көзүң көрүп, өзүң да бир каарман болуп ошол жерде турасың, тигилердин каректеринен алардын жан-дүйнөсүнүн абалын көрөсүң, андагы психологиялык карама-каршылыктардын ичтен жеме күрөшүнө түздөн-түз катышасың, ошо маалда алардын биринин төбөсү көккө тийип, биринин таман алдындагы жер жарылып, дилинен сыза күзгүдөй сынып турганын сен туюнтуу каражаттарынын өзүңө гана таандык өзгөчөлүктөрү аркылуу сүрөткө сөз кудурети менен тартып салгансың.

Көрсө, Абдиламит, сөздүн да миң бир түрдүү, миң бир сырдуу боёгу болот экен. Сен базардын дал ушул эки башка турмушун жазганда өзүңдүн жазуучу-сүрөткер экениңди сездиң беле? Анткени аңгемедеги ушул эки көрүнүш турмуштун кыл тамырындагы карама-каршылыгынан, адам жашоосунун татаалдыгынан улам өмүрдүн өзгөрбөс тагдыры болуп жаралган. Сөз касиетин, сөз улуулугун таланттуу жазуучу гана ушинтип жаратат. Сен ошондой улуулуктун касиетин, сулуулуктун түбөлүк сөзүн жараткан жазуучусуң.

Сен кыргыз адабиятындагы тагдыр-турмушу бир аз башкача болсо да Т.Сыдыкбековдун Соке абышкасы менен Ч.Айтматовдун Едигейинин нарк-нускасын улаган Өсөр, Нарыбай, Шергазы, Асанкул, Мадимар, Артык, Туйту өңдүү бири-бирине окшобогон, а бирок ички дүйнөсү, нравалуулугу боюнча сүттөй таза карыялардын жашоо образын, кыргыз аксакалдарынын турмуштук философиясын жараткан, сөзгө жан киргизген жазуучу катары айтыла берериңе ишенемин.

Экинчиден, агынан жарылар адамдардын пейили менен караганда, сенин “Тандыр”, “Далдалчынын уулу”, “Палван”,”Атамды көргөн өлбөсүн”, “Экзамен”, “Таразачы”,”Момун чал”, “Турмуштан тамган тамчылар”, “Ак коргон” өңдүү чыгармаларыңда сен айыл адамынын жөнөкөй, бирок ички психологиялык жана нравалык жактан алганда алардын татаал тагдырын ички трагедиянын, Ч.Айтматовдун сөзү менен айтканда “жашоону даңазалаган трагедиянын жеңиши” менен көрсөтө алганың мени ар дайым кубанта берет. Ошондо гана ыйык гуманизм, асыл идея жаралат, ошондо гана жазуучунун ички бийлиги өлбөстүккө бет алат.

Жакындан бери, Абдиламит, сенин “Далдалчынын уулу” аңгемеңди ойлоп жүрөм. Бул мен редактор болгон, бейиши болгур К.Эдилбаев рецензиялаган сенин “Тандыр” жыйнагыңа кирген аңгемелериңдин бири. Жыйнак кырк эле бет болчу. Оо, анда мындай көлөмдөгү китептин жарык көрүшү… Кыргыз адабиятындагы эң көлөмдүү китеп “Каныбек” романы эмеспи, биз анда 30-40 беттик жыйнагыбыздын жарык көргөнүнө ошо “Каныбектей” калың китеп чыгаргандай сүйүнчү элек го. Биринчи жыйнак, биринчи сүйүнүч! Азыр ойлойм да, ошо “Далдалчынын уулун” “Далдалчы” эле десек болмок экен. Ч.Айтматовдун “Ак кемеси” “Жомоктон кийин” эмес беле. Ошондой, Абдиламит. Ошондо Далдалчынын тагдырына басым коюлуп, өмүр менен турмушту уланткан трагедия болмок экен. Түшүндүңбү? Ии, ошондой. “Далдалчынын уулу” дегенде, сезип жатасыңбы, Далдалчы Өсөр чалга эмес, анын кыз жандап калган Аттокур баласына басым коюлат экен. Нравалык көз караш, мезгил, турмуш жөнүндөгү ой жүгүртүүнүн ошо 80-жылдардагы канондору, болот чептей бектиги, жаңы адамдын жан-дүйнөсүнүн жеңиши дечи. А бирок, базарга баласы үчүн барбай калган Далдалчычы? Анын аарынын уюгундай ызылдаган ички трагедиясычы? Адам трагедиясычы? Ал жөн эле Далдалчы чал эмес, туз жалаткан турмуш айынан далдалчылык кылган жан эмес, ал өзүнчө бир айылдын, бак ачар болгон базардын турмушу, турмуш болгондо да, турмушту турмуш кылып турган элдин береке чачар калыс жашоосу, жашоо базары. А Далдалчы болсо ошол базардын кагып турган кан тамыры болчу.

Ушундай ойлор келет, Абдиламит. Сенин кыздын баласындай аңгемелериңди окуп жатканда мен андагы ар бир сөздү, ар бир тамганы ак кагаздан ала коюп, жаңы оюнчукту көрө калган жаш баладай кармалай бергим келет.Тамгалары деле мен билген тамгалар, сөздөрү деле мен жазып жүргөн сөздөр, а бирок аларды кайдан, кантип тапканыңды ким билсин, айтор, Ноокаттын таңкы абасындай, Кыргыз-Атанын шаркыратмасындай, Көк-Белдин булбулунун тилиндей туюла берет. Ошол үчүн, Абдиламит, сен жазышың керек, балкасынан башы айланган устадай жазуучулар көбөйгөн кезде жазышың керек.

Сен экөөбүз караганы кара курттай каардуу, жыландай муздак каармандардын турмушун тузун чыгара жаза албайбыз. Анткени сен адам тагдырынын, айыл турмушунун сулуулугун ырдаган жазуучусуң. Мындай жазуучу ар бир жаңы чыгармасынан кайра жарала берет. Мунун өзү таланттын өмүрү болуп саналат. Ошентсе да адабият канчалык күчтүү болсо, анын окурмандары андан кем турбаган билимдүү болуш керек. Эгер өркөнү өскөн, изденгич адабияттын интеллектуалдуу окурманы жок болсо, анда ал баркталбаган бактысыз адабият. Азыр кыргыз адабиятынын окурманы бар. Биз ошол Улуу Окурманыбыз үчүн жазышыбыз керек. Бул заманда сен унчукпай койсоң, ал унчукпай койсо, мен унчукпай койсом Улуу жана Устат окурман эмне болот? Кусалык менен асыл сөзгө болгон арманга муңкана берип, дүйнөдөн өтүп кетеби?

Бу дүйнөдө чыккан күн бар экен да, батпас күн жок экен. Ошентсе да асман алдында, жер үстүндө адам жашап турганда, “байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” (Ч.Айтматов) “Манас” жашап турганда, ХХ кылымдын дүйнөсүнүн көркөм сөзүнө, ошол сөздүн жанына айланган чыгармалары менен Чыңгыз Айтматов биз менен бирге жашап турганда биз эч качан элдин эсинен чыкпайбыз, биз эч качан унутулбайбыз. Сенин анделек жыттуу, асел даам аңгемелериң кең жайлоонун төрүндө, көк асманды көктөй улуу төбөсү менен көтөргөн керемет ыйык тоолордун айдарым таза желин искеп, булбулдун гана үнүн уккан ак гүлдөй мени ар дайым чакырып тура берет. Анткени, сенде асыл сөздүн жүрөгү, сүрөтчүнун көзү бар, Абдиламит!

Самсак СТАНАЛИЕВ, “Ачык сөз”

Соц тармактар:

Сөзгө жан киргизген жазуучу: 1 комментарий

  • 25.01.2017 в 00:17
    Permalink

    Укмуш жазылган экен.Укмуш!!!

    Ответ

Добавить комментарий