Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө казак журналистинин макаласы

«Ысык-Көлдү кандай гана сүйөм! Абасынан дем алуу кандай керемет! Эгерде кайра жарала турган болсом, ушул жерди тандамакмын” – деп белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзов айткан.

“Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жанында анын кичинекей үйү жайгашкан. Азыркы чоң үйлөргө салыштырмалуу өтө эле кичине, бирок, ал жерден чыгармачылыктын аурасы сезилип турат. Дал ушул жерде жазуучу чыгармаларын жараткан”, – деп Ысык-Көл жана Ауэзов жөнүндө “Экспресс К” гезитине казак журналисти жазат.

Башкалардай болуп ал бийликтин сөзүн сүйлөй алган эмес. Чыгармалары да эски элдик нарктарга, улуттук баалуулуктарга багытталган. Элдик чыгармаларга кызыгып, 1920-жылдары “Манас” эпосун изилдөөгө киришкен.

1952-жылы бүткүл союздук жыйында “Манас” эпосу “элге каршы” чыгарма деп табылышы керек болот. Көпчүлүк трибунага чыгуудан коркуп турганда Ауэзов чыгып тартынбай сүйлөгөн (ал тургай кыргыз адабиятчылары да корккон). Ал эми жазуучу тобокелге салып жатканын билип, аялына “билсем дагы болбой кетип баратам” деп кат калтырган.

“Ал сүйлөгөн соң зал тынч алып, арадан бирөө терезеге чуркап барып, сырттагыларга “Манас” куткарылды” деп кыйкырган. Ошондуктан, кыргыздар “Манаста” Ауэзовдун салымы бар экенин унутпайт” – деп жазат журналист.

Ошондон кийин ал жумушунан айдалып, камоого ордер берилет. Жазуучу жашыруун Моквага кетип жашайт. Бир топ убакыт өтүү менен кайрадан Алматыга кайтат.

Ошол кездерде Ысык-Көл жергесине келип эс алып, жаратылышына абдан суктанат. “Абасынан дем алуу кандай керемет!” деген сөздү жазуучу көп кайталаган.

Кийинки жылы кайрадан көлгө келип эс алат. Көп өтпөй кыргыз эли ыраазычылын билдирип, ага көл жээгинен жер тилкесин берет. Ал жерге эс алуу үйүн (дача) салууга Түгөлбай Сыдыкбеков кол кабыш кылат. Там салынып бүткөндө аялы менен эки баласын алып келип эс алып турат.

Ауэзовдун үйүндө көптөгөн чыгармачыл адамдар конокто болушат. Манасчы Саякбай Каралаев, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов деген сыяктуу алптар келип –кетип турушкан.

“Казак классиги көл жээктеп басканды абдан жакшы көргөн. Жашоочулар менен тамашалып, кыргыз жармасын тамшанып ичкен” – дейт журналист.

1961-жылы дарылануу үчүн Москвага кетип, операция учурунда көз жумат. Ал эми үй бүлөсү кийин деле Ысык-Көлгө келип эс алып турат. “Үйдү кийинчерээк өткөрүп беришет да, кийин ал жер жазуучунун китепканасы менен музейине айланат. Азыр ал там дагы деле бар. Айрым бөлмө, оокаттар ошол калыбында”, — деп макаласын аяктайт.

Назира Кенжебекова, “Саат.КГ”, 09.08.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий