Жора Сулайманов, Асанкалый Керимбаев атындагы коомдук фонддун мүчөсү: “Орошон обончунун сааты эми чыкты окшойт”

Кыргыз элинин ичинде ондогон ташка тамга баскандай күчкө ээ болгон обончулар бар. Антсе да ошолордун арасынан Чолпон жылдыздай жаркырап жангандар саналуу эле десек болот. Андайлар элдин сүймөнчүлүгүнө сөзсүз алынаарын танууга болбостур? Ток этерин айтканда Кетмен-Төбөдөн чыккан обончу Асанкалый Керимбаевдин кыргыз музыкасына салган салымы бараандуу. Тирүүлүктүн өзүнүн табияты бар экен. Залкар обончу, КР эл артисти А. Керимбаев өзүнүн бир жолу жаралган талант экенин жагымдуу жараткан ырлары менен тастыктады. Элүү жашында, толуп-ташкан кезинде жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Аттиң деп арманда кала бердик. Сөз удулу келип турганда чыгаан обончу туурасында кеп козгойлу. Эмесе окурман күткөн суроо-жоопко өтөлү.

Биз билгенден сиз эки жылдан бери үзгүлтүксүз Асанкалый агабыздын чыгармачылыгы менен алышып келатасыз. Ошонуңуздан майнап чыга тургандайбы?

– Айтканыңда калет жок. Мен Асакемин чыгармачылыгын бөтөнчө баалаганыман, жакындан билгенимен улам талыкпай анын талантына кайрылып келатам. Обончунун уникалдуу кайрыктарында не деген керемет жатат? Ар бир эле обончуда мындай касиет боло бербейт. Теңирим берген өнөрдү кармап калуу оңой эмес. А бирок Асакем ошол шыпааны бекем кармаганга кудурети жетти. Анын ырларын укканда сыйкырга бөлөнүп мурдуңан сүйрөлүп кеткениңди билбей каласың. Т-ээ бийиктен шаңшып чыккан бүркүттүн канат күүлөгөнүндөй керемет кайрыктардан көөшүлүп кетериң аштан бышык. Биздин муундун балдары Керимбаевдин ырлары менен оозанып сугарылды. Жан дүйнөбүздү анын ырлары бийледи. Концерт койгону келгенде ал күн биз үчүн майрамга айланчу. Кайсыл үйдө болбосун магнитофонго анын ырларын жаздырып алып угуудан түк жадабаган элге таң калган эмеспиз. Анткени обончунун ырлары азыркыча айтканда хитке айланып кеткен. Кадимкидей чарчоодон эс алдырган десем калпы жок.

Эми анын ырларын сүйбөгөн адамды табуу кыйын болсо керек? Ыр сүйүүчүсү катары кандай иштерди аракетке келтирдиңиз?

– Ыңгайы келип турганда кебимди айта кетейин. Оболу Асанкалый агабызды так ушул “Мекен инфо” гезитине бир бет кылып чыгаргам. Андан бери эки жылдан ашып кетти. Ошондон көп өтпөй “Тил жана маданият” деген гезиттин өтүнүчү менен макала жазып бердим. Былтыр азыр токтоп калган “Туран” гезитине да жарыяланган болчу. Кийинчерээк “Кырчын” журналына кеңири болуп жарык көрдү. Ал эми өзүм башчылык кылган “Ачык Сөз” гезитинин бетинен түшпөй басылып келатат. Мындан ары да ишти күчөтөбүз.

Өтө кубануу менен белгилеп кетчү жаңылыгыбыз жакында чуркап жүрүп Асанкалый Керимбаевдин коомдук фондун Адилет министрлигинен каттоодон өткөргөнүбүз болду. Көксөгөнүбүздөн жанбай отуруп акыры тилегибиз орундалды. Акыйкатына келсек ал катардагы эле обончу эмес да? Маселен куштун да алгыры анан коркогу болот. Анын сыңарындай беш салааңды ачсаң экинчиси Асакем деп айтуудан кысынбайм. Албетте фондду ачкан соң аны кыймылга келтирүү талап кылынаары белгилүү. Мынчалык жигерденген соң анын өтөлүнө чыкканга күчүбүздү чегеребиз. Чынын айтканда эң башында күйгөн адам болбосо көздөгөн иштин акырына чыгуу кыйын. Ошентсе да бирин-экин андай азаматтар чыгаарына ишеним бар.

– Мунуңузга биз да кубанып турабыз. Эми мындан аркы кадамдар кандай болорун айта кетпейсизби? Бул баарына кызык болуп турат.

– Билбегендердин эсине сала кетели. Обончунун бизден алыстаганына он беш жылдын жүзү болду. Ошондон бери анын жаркын элесин, чыгармачылыгын түзүктөп эскергенибиз жок. Болгону былтыр биринчи каналдан туулган күнүн эскердик. Ошол бөксөлүктү толтуруу максатында республиканын аймагында ыр-сынактарды өткөрсөкпү деп турабыз . Айкелин тургузуу, музейин оңдоп-түзөөгө камкордук көрүлөт. Албетте баары келип каражатка келип такалат. Бирок Асакемин обондору менен ширелген миңдеген ыр сүйүүчүлөрдөн уучубуз кур эмес. Көпчүлүктүн деми аркылуу залкар обончунун дөөлөтүн көтөрүп кетерибизге ишенип турабыз. Саясатка айландыруунун кажети жок деп кесе айта кетели. Анткени Асанкалый Керимбаев өнөр адамы. Ал эч убакта байлардын, же атка минерлердин алдында бөйпөлөңдөп ырдаган эмес. Аны калк кадырлап күтүп алган. Ошондой сапаты аркылуу бүткүл элдин сүймөчүлүгүнө айланган. Бул кызылдай чындык. Бир сөз менен айтканда тигиндей-мындай деп бурмалаганга жол бербейбиз.

Обончу тууралуу кара сөз жазууну каалагандар, ыр токугандар, башка демилге менен чыккандар кимге кайрылса болот? Анткени Керимбаев орошон обончу экендиги талашсыз да?

– Туура суроо бердиң. Ушулардын башатында “Ачык Сөз” гезити тураарын эскерте кетейин. Мейли проза жазабы, же поэма чүргөйбү түз эле мага жолуксун. Биз бардык каалоочулар менен кызматташабыз. Анын жыйынтыктары кандайча бааланарын эмкиде сөз кылаарбыз. Андан көрө чогуу-чаран обончунун ырысын көтөрүүгө жалпы киришели. Жүрөгү тыз эткен ар бир жаран четте кайдыгер болуп турбайт деген ойдобуз. Жакын арада жоболурубузга кирген омоктуу нерселер менен кабардар кылмакчыбыз. Ала-Тоодой бийик, акак таштай тунук обондорду элине мурас кылып калтырып кеткен агабызды кастарлап алалы!

Маектешкен Алмагүл Базарбаева, «Таян.КГ»

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий