«Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.

«Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде «Манас» кинотеатрында болот.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — «Борбор Азиядагы мыкты актер» жана «Борбор Азиядагы мыкты актриса» кошулган.

«Мыкты тасма» номинациясы үчүн «Асман алдында», «Биртууганчик» жана «Сүтак» фильмдери ат салышмай болду.

Номинациялардын тизмеси:

  • «Мыкты тасма»
  • «Мыкты режиссер»
  • «Мыкты сценарий»
  • «Мыкты оператор»
  • «Мыкты художник»
  • «Мыкты композитор»
  • «Мыкты үн режиссеру»
  • «Мыкты монтаж»
  • «Эркектин мыкты ролу»
  • «Аялдын мыкты ролу»
  • «Мыкты даректүү тасма»
  • «Мыкты кыска метраждуу тасма»
  • «Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма»
  • «Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн»
  • «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»
  • «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»
  • «Борбор Азиядагы мыкты актер»
  • «Борбор Азиядагы мыкты актриса»

«Sputnik-Кыргызстан», 25.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий