Бекмамат Осмонов маселени тарс эткизе бетке айтып дароо чеччү

Бекмамат Осмонов кандай киши эле? Абийирине камчы чаппаган чынчыл эле. Ашкере патриот, кыраакы болчу… Тайманбас, арстан жүрөк чыныгы эр эле… Замандаштары ушинтип айтышат.

“Өлкөбүз качан өнүгүп-өсөт? Трайбализмден, “чылыктардан” арылганда… Бийликтегилер элге жакын болгондо… Алар эл менен элдин тилинде гана сүйлөшө алганда”, — дечү экен. Элине жакын болуп карапайым, жөнөкөй жүрүп, мамлекетине ак кызмат өтөдү. Салмактуу ойлору, таамай сөздөрү менен эсибизде калды. Ал 51 жаш курагында 1997-жылы Москвада жүрөгүнө жасалган оор операциядан кийин каза тапты. Бул өлүмдү да табышмактуу болду дешти. Ошондон бери бул трагедиянын да ак-карасы ачылбай келет.

Бекмамат Осмонов 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланып, ошол эле жылдын күзүндө президенттикке талапкерлигин койгон. Президенттикке өткөн жок, бирок Акаевдин саясатын колдогон радикал демократтарга кошулат. Чоң саясатка мына ошентип аттанат. 1991-жылдын 29-ноябрында туңгуч өкмөт башчы Насирдин Исанов күтүүсүз кырсыктан каза болуп, анын ордун Бекмамат Осмоновго сунуш кылышкан. Премьер-министр да болбой калды. Өкмөттүн ордуна ошол кезде Ош облусунун курамынан жаңыдан бөлүнүп чыккан Жалал-Абад облусун башкарды. «Кыргызстанды куурчактай кылып койсо болот да» деген жетекчи облустун инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө салым кошту. Жолдор оңдолду. Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы уюштурулду. Дагы көп иштерди аткармак, бирок..

Баарынан да Бекмамат Осмоновдун Бакиев тууралуу Акаевге айткан эскертүүсүн узун сабак кеп кылышат. Бул тууралуу Аскар Акаев өлкөдөн качып кеткенден кийин берген маегин илгери “Де-факто” гезити да чыгарган элек. Интервьюну Санкт-Петербург, Москва шаарларынан публицист Мелис Арыпбек алган. Анда Аксы окуясына токтолгон экс-президент кандуу окуя болгондо чет өлкөдө жүргөнүн, окуя тууралуу биринчи Танаев маалымдаганын, келип таанышса К.Бакиев “Аксыны тынчытуу” (“По усмирению Аксы” ) деген токтом кабыл алып, ал токтомдун негизинде куралдуу күчтөр Аксыга топтолгонун жана Бакиев кылгылыкты кылып коюп, президент чет өлкөдөн кайтканда отпускага арызын жазып, эс алууга кеткенин, ал кандуу окуянын азабын аягында ошентип өзү тартканын айтат. Анан А. Акаев ыраматылык Бекмамат Осмоновдун: “Бакиевди кызматка коюп бекер кылып атасыңар. Бул жеткен интриган, азапты кийин ушундан көрөсүңөр” дегенин укпай койгонун айтып өкүнөт…

Анын ылакапка айланган таасын кептери да эл арасында унутулбай аңыз катары айтылып келет. Токтогул районунда райкомдун биринчи секретары кезинде сөз таасир этпеген тилазар башкармаларды тумшукка берип, Бекмамат акенин муштуму тарбиялаган дешет. “Кыз-келиндер менен кыткылыкташып маселе чечкенди койсоңор боло” деп тарс эттире бетке айткан ачыктыгын эскеришет. Ошол Жалал-Абадда губернатор болуп турганында бир чогулушка Я. Е. Фишер катышып калат. Бекмамат Осмонов кыргызча доклад жасайт. “Я не понял» деген Фишерге губернатор: «Ян Ефимович, сиз канча жылдан бери Кыргызстанда жашайсыз, эмнеге кыргыз тилин үйрөнбөйсүз? Болбосо котормочу ала жүрүңүз», — деп уяткарган экен.

Бекмамат Осмоновду саясатка эле эмес, музыка, тарых, адабиятка да кызыккан инсан эле дешет. Сулуулукка суктана билип, илхамы келгенде ыр жазчу экен. Айрыкча табигаттын кооздугун тим карап туралган эмес. Патриоттук темадагы ырларды жазыптыр. Курманжан датканын 180 жылдыгында даткага арналган ырына атүгүл обон жаралыптыр. Өмүрүнүн акыркы сааттарында Кыргыз эл артисти Керим Тураповду телерадиодон көрүп, экөө чогуу түштөнүп, “мен эки сааттан кийин Ошко учам. Убактың болсо кел” деп аэропортко чакырып, “Туулган жерди сагынуу” деген ырын ырдатып, буркурап ыйлаптыр. Бул тууралуу Керим Турапов: “Буфетте отурабыз. Ырдап беришимди өтүндү, кыйыктансам болчудай эмес. Үнүмдү жай чыгарып, акыры-ын ырдадым. Экинчи куплетин бүтө жаздап калганда бир добуш чыккандай болгон. Көрсө Бекмамат Осмонович буулугуп ыйлап аткан экен. Ырдын аягына чыгып-чыгалекте “у-аа” деп жарылып кетти. Чоочуп кеттим. Тык токтодум. “Бул ыр мага жазылган, менин өмүр баяным, басып өткөн жолум, бул – менин ырым, — деди. Көрсө анын атасы да жылкычы болуптур. “Үйүр-үйүр жылкы айдаган, атам конгон журтту сагынам” же “Жылаңайлак чырпык ат минип, жылгалардан тунук суу кечип” деген саптар ушундай дал келиптир да. — Карачы, балтырымды тилип караган деп атат, буттарыма тикенек кирип, менин балтырымды да момундайынан караган тилип кетчү. Атамдын жылкы айдап, апамдын сары май сүйкөп берген ысык нанын айтып атат” деп ичиндеги бугун бир төгүп алды”,- деп эскерет. Ошондо Бекмамат Осмонов Ошко, анын эртеси Москвага, операцияга учуп кеткен экен. Өлөрүндө ошентип ырдан кандайдыр бир деңгээлде ырахат алып, өткөнүн эстеп ыйлап алганын кара. Өзү баатыр сындуу, сүрдүү болгонуна карабай жүрөгү назик экен да…

Нурзада Ташбаева, “Де-факто”,  30.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Бекмамат Осмонов маселени тарс эткизе бетке айтып дароо чеччү: 2 комментария

  • 01.02.2017 в 20:24
    Permalink

    Кыргыз элиме Бекмамат акедей патриот к-к болуп туру….!

    Ответ

Добавить комментарий