Бабалар руху байырлаган “Сыргак китеп”

Жуңго кыргыздарынын туңгуч китепканасы — “Сыргак китеп” ачылды! Бул жагымдуу жаңылыкты жалпы кыргыз эли кубануу менен кабыл алды.

syrgak_achylysh

Филология илимдеринин доктору, Жуңго жана чет элге белгилүү тил маманы, көп кырдуу изилдөөчү агайыбыз Макелек Өмүрбай уулунун улуттук казынабызга кошкон салымы – көөнөрбөс рухий булак болгон “Сыргак китеп” китепканасын ачкандыгы жөнүндө Жуңгонун массалык маалыматтарында айтылып, жылуу пикир, каалоо-тилектер жазылып жатат.

“Сыргак китеп”тин бет ачары да өкүмөттү туурабай өзгөчөлөнгөн, агарып-көгөрүү, көктөө ырымы боюнча сөгөт дүмүрүнө көк жалбырак жабылуусу табигый келип, көргөндөрдүн көөнүн бурду.

syrgak_zhashyl

Китепкана короосунун төрүнө сөгөт жыгачынын дүмүрүнө 100 килограмм көк уюл таш коюлуп, “Манас акылы колдо” деген кат чегилген, уучубуз кур эмес деген мааниси бар, уучубуздан Манастын акылы үзүлбөсүн, Манастын акылы ар  дайым колдоп, акылдан азбайлы деген үмүт-тилек чагылдырылган.

Астанасын аттаганда эле короодогу койкойгон элестер руху бийик ата-бабаларыбыздын баскан байсалдуу изине жетелегенсийт да, заматта кан-жаныңды жылуу сезим аралап, сыймыктануу менен таанышууга ашыгасың.

syrgak_tash

Китепкананын дубалына илинген алкактар өзгөчөлөнүп көзгө дароо урунат. Биринчи алкакта кыргыз тарыхы андан кийин кыргыз кагандары, ошондой отуз алкак бар, китеп окубагандар “дубал китеп” окуп, сүрөтүн көрүү аркылуу маалымат ала алышат, чынында  азыркы адамдар көрбөсө ишенбейт, ачпаса көрбөйт, ошого сүрөт менен түшүндүрмөсү илинип коюлганы заманга бап келген. Жер бетиндеги Манастын айкелдеринин сүрөттөрү топтолуп, түшүндүрмөсү менен бул алкакка жайгаштырылганы да зор кызыгууну жаратат. Бакай атанын символикасы  арчадан жасалып, башындагы калпак кыргызда бирөө эле болгондугун айгинелеп турат.

Китепкананын ачылышында элге кызмат кылуунун бийик үлгүсү катары, коомдун күзгүсү катары да калайык-калкка түбөлүккө кала турган рухий казынабызга карата алкыштар, ак тилектер айтылды.

“Макелек аганын кадыр-баркы буга чейин эле бийик болчу, бул китепкананы келечек үчүн курганын көрүп анын зоболосу мурдагыдан да жогорулап баратканын сездим. Азыр адамдар той-ашка куру намыс менен кетирип жаткан каражаттарын чогултуп урпактар үчүн бир иш жасап коюшса, улутка кылган көөнөрбөс кызматы болоор эле деген ойлорго кабылдык. Аралап жүргөндө бизди тааныштырып жаткан Макелек ага: “Бул китепкананын биринчи кабатын өмүрүмдүн аягына чейин толтурууга аракет кыламын, калган кабаттарын кийинки муундар толтурушаар” деген тилегин билдиргенде терең ойго кабылдым”, — дейт акын Мамбеткерим Осмон.

Коомдук ишмер Токтонур Аамат: “Китеп үйүндө сакталган китептердин түрү сегиз миңден ашат. Китеп үйүнө кирген киши өтө чоң ойго кабылат экен, китептердин энергиясы таасир кылат окшойт. Жеке адамдын демилгеси менен курулган бул китеп үйү көргөн ар бир адамдын жан-дүйнөсүн толкутуп, ойлорун курчутат”- деген оюн билдирди.

Атактуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев ага «Сыргак китеп»ке атайын ат арытып келип, арноо сөзүн жазып калтырды жана “Жети сөз жана Куңзы” китебин тартуу кылды.

syrgak_kj

«Сыргак китеп»те Кубатбек Жусубалиев ага «Манас» боюнча сакталган китептерди көрүп, узак маек курду. «Манас»тын сыры ачылуу доору келип жеткенин, адамзатка айкөлдүк идея Манастан келерин, табиятка, адамдар ара айкөлдүк болсо, дүйнө тынчтыгы жаралары жөнүндө улуу сөздөр айтылды. Баш  аягы 40 мүнөттүк маек тасмага алынып, «Сыргак китеп»тин казынасына коюлуп, улуу сөздөрдүн башаты катары сакталып кала турган болду.

Кубатбек Жусубалиев ага менен кийинки «Сыргак китеп» маеги «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» деген темада болду. Ачыла элек сандык «Манас», ал ичиндеги бычыла элек кундуз анын мазмуну экени айтылды.

Кубат ага ушул күндө «Лаозы» өнөгөлүү чыгарманын орусчасын окуп жаткандыгын айтып, маекте Куңзы менен Лавзынын ойлорунун окшош жана айырмалары боюнча сөз козгоду. Давчулукту (Лаозы)ны Кубат ага которуп жатканын ашкереледи. Аны которуудагы максаты байыркы чыгарманы кыргызча сүйлөтсө өзүндөй чыгабы? Кыргыз тилинин кубатын сынап көрүүнү максат кылганын да жашырбады. Куңзы менен Лавзынын ар бир оюна «ооба да» деп которуп жатканын, «Манас»тын сандыгы ушул ачкычтар менен ачыларына ишенерин билдирди.

«Манас» илим, адамзаттын улуу карашы, ошол карашты ачууга умтулуубуз керек деген сөздөр айтылды. Убактысын аябай, урпактарыбызга улуу сөздөн белек кылган агага алкыш айтабыз. Бул рухий баарлашуу болочокто  (а балким ушу күндө) баа жеткис байлык болуп калары эске алынганы менен баалуу болду. Улуу-Чат ооданына кайрылып өтөр “Рух ордобуз – “Сыргак китепти”” кудайым  бизге кут кылсын, казынасы касиеттүү болуп, андагы  ар бир айтылган улуу сөздөр жан-дүйнөбүздү жазгы желаргыдай  сылап, журтубузга жугумдуу болсун!

Тилибизге, маданиятыбызга болгон камкордукту Макелек агайдын жасаган иштеринен, айткан кеп-кеңештеринен байкап, бактыбызга ушундай адамдардын болгонуна каниет кылып келебиз. Жакында эле 2016-жылы жетинин айынын 15-16-күнү Тарым университетиндеги кыргыз окуучулардын талабына ылайык, ШУАР улуттар тил-жазуу комитетинин алдындагы тарбиялоо борборунун чечими менен «Кыргыз адабий тилинин айтылыш жана жазылыш эрежеси»н үйрөнүү, сыноо берүү курсу аталган университетте ачылды. Курска ырасмий катышкан окуучу-окутуулар 47, сырттан катышкандар 50гө жакын болуп, жалпы 90дон ашуун киши катышты. Курста филология илимдеринин доктору, профессор Өмүрбай уулу Макелек агайыбыз кыргыз жазуу тарыхы, кыргыз тилинин адабий айтымы жана эмила эрежеси, грамматикада сакталып жаткан маселелер боюнча сабак өттү. “Макелек агайдын биздин университетте лекция береринен кабардар болгон жакын аймактардагы университеттерде, колледждерде билим алган кыргыз жаштары да атайлап келишти. Көптөн бери кыргыз тилинде сабак болбогонуна байланыштуу абдан толкундануу менен кабыл алып, кызыгуу менен угуп отурдук. Азыркы жаштардын келечек жолуна жарык, акылына азык берген акылман агайыбызды ар дайым ийгилик коштоп  жүрсүн!” – дейт угуучулардын бири Салыйка Осмон кызы.

Жогоруда ойлорун билдирген замандаштар менен бирге бизди да сыймыктануу сезими бийледи. Агайыбыз биз эңсеген билим дүйнөсүнө жетелеп, биз жетпеген китептер дүйнөсүнө жолубузду ачып берди. А балким, бабалар руху байырлаган жердин касиети ыроолоп, бул “Сыргак китепке” келген болочок окумуштууларыбыздын, бийик инсандарыбыздын бешенеси жаркып тургандыр… Ылайым ниетибиз жолдош болсун, китеп өргөөбүз түндүгү бийик, астанасы ыйык болгон БИЛИМ очогуна айлансын!

Дабыт Абдылбары уулу,
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдындагы
Кыргыз-кытай факультетинин магистранты

Соц тармактар:

Добавить комментарий