Кытай архивиндеги кыргыз китеби

Кыргыз тарыхы болуп да кыргыздардын бийлик-мамлекеттүүлүк тарыхы кытай жазмаларында өтө ишенимдүү сакталып калган. Кыргыздар 7-кылымдын башында эле күчтүү мамлекет (кытай жазмаларында жана Билге каган таш эстелиги сыяктуу түрк кагандарынын эстеликтеринде ушундай атаган) катары эл арага таанылып, дипломатиялык барды-келдиде болгону кытай архивдеринде айкын жазылган. Биз көргөн кытай архивинде, биздин санактын 843-жылдан баштап кытай императорунун кыргыз каганына жазган каттары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын билүүдөгү абдан ишенимдүү материал болуп берет деп эсептейбиз. Каттардын мазмунунда Кытай менен барды-келди качантан башталгандыгы, Кыргыздардын 9-кылымда улуу кагандык куруп, бүткүл эле Гоби аталган түндүктөгү улуттарды бийлеп тургандыгын, Кыргыз каганынын оорагын (сыймыгын) император биздин санактын 843-жылы чын курандын 15-күнү жазган катында мындай баяндаган:

«Каган сиздин көсөмдүгүңүз башкача, акылмандыгыңыз ашыкча, ары баатыр, ары иш билги экенсиз. Ошондуктан өз чебиңизден бөлөк, бүткүл эле чоң чөлдүктү (гобини) тынч кармап жатасыз. Даңкыңыз түз эле биздин ордого угулуп турат. Сиздин (коомго) өткөргөн кызматыңыз жана кол жеткирген ийгиликтериңизди ойлосом, өзүнчө тереңден терең сагынычта болом»

(караңыз, Ли Дыйү макалалар жыйнагынын кыргыз каганына жазган каттарына).

Бул баяндан, кыргыз каганынын ошол кездеги оорагы «Манас» жомогунда айтылып жеткен Манас бабанын элесин көзгө тартат. Ал эми тарых жагынан карасак, катта айтылган сүйлөмдөрдөн Кыргыздын улуу мамлекеттүүлүгүн билдирип турат.

Кытай архивиндеги баяндарга караганда, Кытай менен Кыргыздын мамлекет даражадагы дипломатиялык катышы биздин санактын 632-жылдан башталган болуп, өз кезиндеги Кытайдын Таң падышалыгынын падышасы Таң Тайзуң өзүнүн Ваң Йиху аттуу вазирин Кыргыз кагандыгына жөнөткөн. Андан соң, Кыргыздын ажоосу Ишбара ажоо өзү 647-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң Анга келген. Бул эки мамлекеттин алакасына тарыхта көрүлбөгөн жакындыкты байланыштыра алганы айкын жазылган. Таң падышасы Кыргыз ажоосун өзгөчө күтүп, чоң атактарды берип сыйлаган. Ошондон баштап 756-жылга чейин, чамасы жүз жыл ичинде, Кытай менен Кыргыз мамлекетинин барды-келдиси үзүлбөгөн (караңыз, императордун катына). Бул баяндан 7-8-кылымдарда кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзүп турганын билүүгө болот. Аралыкта кыргыздар башка улуттарга каранды болуп калып, Кытай менен өз алдынча каттоо биздин санактын 840-жылына чейин үзүлүп калганы жазылган. Ал кыргыздар 840-жылы улуу Кыргыз каганатын кургандан кийин, Кытай менен мамлекеттик байланышты тыгыз алып барган. Архивдик материалдарда, 840-жылдан 847-жылга чейин болгону 7 жыл ичинде, Кыргыз каганатынан Тапказ сангун, Жоокусол, Онкор, Дадас Ынанчор сыяктуу сангундар Кытайдын Таң падышалыгына элчиликке барган. Ал Кытайдан падышанын вазирлери Жа Дан, Жав Фан, Лү Шу, Вий Зоңчың, Ли Йе, Жиң Су сыяктуулар Кыргыз кагандыгына элчиликке келген.

Сакталган китептин сүрөттүү бети. 843- жылы, Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен, бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып, бүт улуттук кийим кийип, аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып Таң падышалыгына келген көрүнүш.
Сакталган китептин сүрөттүү бети. 843- жылы, Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен, бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып, бүт улуттук кийим кийип, аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып Таң падышалыгына келген көрүнүш.

Ушул 7 жылдык Кытай менен болгон дипломатиялык барды-келдинин ичинде көптөгөн маанилүү окуялар чечилген. Ошолордун ичинде, Кыргыздын тарыхы, маданиятына түз байланышы бар бир улуу жумуш − кыргыздар боюнча сүрөттүү китеп жазылып калган. Биздин бул макала ошол китептин чоо-жайы боюнча сөз кылып, кыргыз тарыхы, этнографиясы боюнча ал 1-китепти кыргыз тарыхындагы табылгыс байлык деп көрсөтүүнү ылайык көрдү.

843-жылы, Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен, бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып; бүт улуттук кийим кийип; аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып, Таң падышалыгына келген. Бул Кыргыздын элчилик тобунун көрүнүшү Кытай падышасынын көөнүн бурган. Падыша өзүнүн такты мурасчы ханзаадасы Вий Зоңчын, ордонун улук бүтүкчүсү Лү Шу экөөн кыргыз элчилиги түшкөн конок сарайына жиберип, кыргыздардын бүт салт-санаа, ошондо ордого алып келген белектери, кийим, кебете-туругу сыяктууларды жазып, бир китеп кылуу буйругун берген. Канчалаган убакыт ичинде алар өтө кылдаттык менен жазып бүтүп, китептин атын «кыргыздардын ордого келиши жана тартуу белектери, алар жөнүндө баян» атаган. Ал китеп бүткөндөн кийин, ошол кездеги Таң падышалыгынын окумуштуу вазири Ли Дыйүгө тапшырат. Ал вазир жазылган китепти окуп чыгып, ал китепти ого бетер күчтүүлөтүү максатында, сүрөт сызма устатка, китепте баяндалган окуяларга сызма сүрөт коштоткон. Андан соң ал китепке вазир өзү баш сөз жазып, аны падышага тастыктоого жолдогон. Ошол баш сөзүндө мындай санжыраны жазып коюу мурдагы падышалардан калган салт экенин атайын белгилеп, бул кыргыздар жөнүндө жазылган китептин чындыгын баса белгилеп мындай деген: «Вий Зоңчың, Лү Шулар конок сарайына барышып, келген элчиликтегилер (кыргыздар) менен сүйлөшүп, алардын биз менен окшош жана окшош эместиктерин байкашып, алардын жол азабын сурап билишкен. Мурдагы (кыргыздар жөнүндө) жазылгандарды толукташкан. Ал түгүл алар ашып келген тоолор, басып келген жолдоруна чейин баяндашкан. Бул китепте айтылууга тийиштүү мазмундар толук баяндалган. Китеп бир кыйла бышык болуптур, баяны да жатык тил менен берилип, түшүнүктүү чыгыптыр. Мен Вий Зоңчың, Лү Шулардын жазган нарктуу, кызыктуу окуяларына негиз, бирөөгө сүрөттөр сыздырып чыктым. Бакырыңыз батылдуулук кылып, бул баш сөздү жазып койдум. Мында сүрөт менен баян шай келишти. Баш сөздү ошолордун алдына койдум» деген (караңыз, Ли Дыйү чыгармалар жыйнагына).

843-жылы Жоокусол алп баштаган Кыргыз элчилиги Таң падышалыгынын ордосунда
843-жылы Жоокусол алп баштаган Кыргыз элчилиги Таң падышалыгынын ордосунда

Китептин баш сөзүндөгү бул баянга караганда, 9-кылымдын башында жазылган бул китепти кыргыздын маданияты, тарыхы, этнографиясы боюнча баяндалган төл башы китеп десек болот. Ошол доордо жазылган бул китеп кыргыздын тарыхынын узундугун белгилеп гана калбай, кыргыз улуу кагандык курган, кадыресе башка элдерге да барктуу эл экенин биринчи иретте эле түшүндүрүп турганы менен сыймыктанабыз.

Китептин баш сөзүн жазган падышанын окумуштуу вазири баш болуп, кыргыз таануу илимин баштаганы алардын китептеги баянынан ачык билинген. Эң оболу, «кыргыз» деген ары улуттун аты, ары мамлекеттин аты экенин айкындашкан. «Кыргыз» сөзүнүн маанисин кыргыздын өз оозунан сурашып, аны так атоо жана тарыхтан бери жазылып келген кытай жазмаларындагы «кыргыз» сөзүн тыбыштап, аны кытай иероглиф менен бирдиктүү калыпташтырып жазуу жагын изилдеп-такташкан. Ал тургай, «кыргыз» сөзүн туюнткан кытайча иероглифти падышага жолдоп, падышалык тастык менен кыргыз деген сөздүн ошол улут айтымына жакын болушун көңүлгө алып, «ke-kuet-sie»(纥扢斯), боюнча тыбыштап, жазууну сунуштаган (Ли Дыйү). Соңунда, биздин санактын 843-жылы жалган куран айынын ортосунда, падыша өзү окумуштуулар менен кеңешүү аркылуу «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, түндүктөгү улуттардын (жети кыраанын тилин билген) кытай окумуштуусу Жа Дан мурдагы чыгармаларында жазган боюнча, «Get-ket-sie» («黠戛斯») болуп жазылсын деген коолуну падышалык буйрук деген наамда түшүргөн. Ал буйрукту толук окусак: «Кыргыз мамлекет атынын жазылышы мурда батыштагы улуттардын жазууларынан тыбыштап которулуп жазылып келген. Ошол себептүү иероглифтик жазылышы окшош болбой жүргөн. (Мындан ары) падышалык буйрук боюнча, алардын (Кыргыздардын) мамлекет башчысына наам бергенде, Жа Дан жайсаңдын «Чар тараптан баян» чыгармасында жазылганы боюнча «Get-ket-sie» (黠戛斯) деген үч иероглиф менен бул мамлекеттин аты тыбышталып жазылсын» делген.

Айтмак, Кытай архивинде сакталып турган кыргыздар жөнүндөгү бул китептин баасы, оболу, ушул күнгө дейре «кыргыз» сөзүн ар кандай жоруп сүйлөөнү ачып бергенинен көрүндү. Өкүнүчтүүсү, бул китептин ушул күндө баш сөзү гана колго тийип, аны кыргызчага которуп, ушунчалык маалымат алганыбыз менен, китептин толук мазмунуну менен али тааныша элекпиз. Китептин толук мазмуну колго түшсө, байыркы кыргыздын өңү-түсү, кийими, бардык эле этнографиясы менен таанышууга жетер элек. Өзгөчө белгилөөчү нерсе, китеп Кытай архвинде жатканына 1300 жыл болуптур, барактаган, барктаган киши ушул күнгө чейин табыла элек. Кыргыз тарыхына болгон кайдыгер мамиленин мисалы ушул китепке кызыкпаганыбыздан көрүнүп келет. Бул китептин баш сөзү бар, ичиндеги сүрөттөрүнөн көрдүк, ушуга таянып «Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китеби», — деп атоого акылуу болуп турабыз. Бирок бул китепти ким табат? Кыргызга керекпи? деген максат менен бул макала талкууга түшкөнүн атайын айтууга туура келди.

Макелек Өмүрбай уулу,
ШУАР «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору,
филология илимдеринин доктору

Соц тармактар:

Добавить комментарий