Перизат Алмаз кызы

1992-жылы Бишкек шаарында туулган.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспиранты, илимий кызматкери.

 

Ырлар

* * *

…Өмүр!
Өмүр!..
Кап-караңгы,
Жап-жарык.
Кара жерди канча адам таптадык?..
Таалай издеп –
Таалайды да,
Таппадык.
Таалайсыздар таалайлуга
таң калып…

…Теңир!
Теңир!..
Теңириме кат жазып,
Тегеренем тереңдикке баш багып.
Тереңдиктер тетирсинип каш кагып,
Тепкиленем тай кулундай таш жарып…

…Кечир!
Кечир!..
Кечирсеңчи жаш жарык!..
Ак –

каранын арасынан аттатып,
Карайлагам караңгыда ач калып.
Ачка –
Токмун,
Тоолор толбой ап арык!..
Карабасаң Кудуретим жан салып!..
Кара жаным кайдан болот
Жап-жарык?!

…Өмүр,

Өмүр!..
Кап-караңгы,
Жап-жарык.
Асман – жарык,
Жер – жарык.
Жарыктыкта;
Сен жарыксың!..
Мен жарык…

 

ЖАШОО КЫЙЫН БОЛСОҢ БОЛО БЕР!

…Лап,лап –
Лапылдатып аяз согот, жел согот,
Жалганчылар жанды сорот, кан сорот.
Соорото албай өмүр менен өзүмдү,
Өзүм – жомок,
Өзөк – мокоп.
Мокоп калдым жарыктыгым бүт короп…
Кара жерде кимдер-кимге бут тосот?!

…Лап,лап –
Лапылдатып ызгаар согот, муз тоңот,
Бу жалганга;
Сен да конок, мен конок!..
Кара жанды адамдар ай не соёт?!
Кечиргиле адамдар ай,адамдар!!!
— Андайларды «АКМАК» адам деп коёт!..

…Лап,лап –
Лапылдаба!..
Алды жакта жарык жашоо сүт-жомок,
Сүт-жомоко күлкүм түшүп нур-оймок.
Жашоо канча кыйын болсоң боло бер,
Жашап кетем миң өмүрдү бүт ойноп.

Кошпогула короолордон көр-кошок!
Көрдөн кээде чоочулаймын төр-бошоп.
Боштук кылып жибербе сен өмүрдү,
Өмүр аттиң!..Өтүп жатат кур короп…

 

АСЫЛ РУХ

…А-а-а-ай!
Асыл –
РУХ!
Асыл
рух!..
Асман,
айдан агып
КУТ.
Кудуреттүү КУДАЙЫМ!..
КУДАЙЫМДЫ кадыр
тут,
Турмуш туусун туруп
Ут!..
Уят,
намыс,
калыс — УК!
Кайран жаным,
жалындаптыр
жанда
БУК!..

..Бул
өмүрүм улуу
Кут,
Улуу кутта
сулуулук.
Сулуулукту куурутуп.
Өтпө жаным –

Тумчугуп!..
Кылым, жылдар чуурушуп,
Өттү, кетти учушуп.
Ушул жылым жаңырган,
Жаңыласын жанды бүт!..

…Асман, айдан –
агып сүт,
Бак, береке,
ырыс кут!..
Куттуктаймын ааламды!
Кубанышсын адам бүт!..

 

ӨМҮР БУРКУРАК

Ах чиркин ай!
…Өмүр жыты жылгалардан –
буркурап,
Күн чыгыштан күн кыздары –
кулпунат.
Суу үстүндө балыктар мас –
суу сурап,
Сүт көлүндө сүйүү сүзүп
чумкумак.
Сүйөм сени!!!
Садагасы – өмүрүм!..
Сага сүттү эмиземин –
упчулап…

Туу чокуда сызып барат –
тулпар ат.
Турмуш күүсү тулпарымды –
тумчулап,
Сен – тулпарсың,
Мен – шумкармын өмүрүм!..
Чымырканам чындыгымды –
чымчылап,
Чыйыр жолду мен саламын –
кымтылап.
Кылымдарга кылым ырдан –
сызмалап…

Пах, чиркин ай!
…Өмүр жыты жылгалардан –
буркурап,
Бул ааламда алды-артынан –
сыйкырлап.
Эртең кыш да,
Шамал согот ыркырап.
Шайтан менен урушпачы чыркырап!..
Эй, аңкыма!.. Өмүр жытын жыттайын,
Чыда жүрөк!..
Жүлүн жүдөп зыркырап.

 

МЕН КҮЗМҮН

…Мен,
Күзмүн! –
Анын боп-боз топурагы,
Аткарылбай антың
Кош!..Кош!..
Тоо урады,
Томсоруп тоолорумдун чокулары.
Коңур Күз,
Кызга ичтен кобурады…
— Неге Сиз сүйө албай
боз уланды?!

…Өзөктөн өртүм күчөп, от тутанды,
Өз өмүр өгөйлөтпө ой тумарды!..
Өлүм кечип кечээки көк туманды,
Жалгыздык ай, ай менен көп турабы?!
Күзүм укчу?..Бере сал,ак шумкарды!..

…Мен,
Күзмүн! –
Анын боп-боз топурагы,
Жо-жо-жок жомоктогу –
Мөл булагы.
Кел!..Кел!..Күзүм –
Өзүң менен бий куралы,
Балдай таттуу жүзүмдүн и-и-и-и-ий курамы!..

…Мен,
Күзмүн көп ойлонбой
Миң убайды,
…Өлөрдөй сүйүп алып бир
КУДАЙДЫ!..

 

КУДАЙ БАРДА

…Асман элем, –
Ай элем. –
Агып келем!..
Ай, ай!.. Аалам алдыңа;
Отту – жагып,
Сууну – чачып –
Төгүп берем.
Кылымдарды топуракка көмө салып,
Кыз башыма гүл өстүрүп –
Нур өстүрүп дайым терем!..

…Жакут элем –
Жаркын элем.
Учуп келем –
Периштемин сүйлөшкөн –
КУДАЙ менен!..
Жердин сүтүн сүзүп берген –
Умай энем.
Өмүрүмдүн жыл-айларын –
Санай берем, санай берем!..

Мен тарыхмын!
Тарыхты улай келген,
Рух башатты башкарып –
Чубай келген!..
Өмүр деген атыңдан айланайын!!!
Өчүп калбас Кудай барда улук эгем…

 

АДАМДАРДЫН

…Адамдардын!
Адалы – аз,
Акмагы – саз.
Акыйкаттан качып жүрөт жадырап жаз,
Акынсынып андайда ичтеги наз.
Кимге айтам назымды ?..
Түшүнгөн аз!..

Түшүрүп адамдарды кагазга жаз,
Түтүндөн уулангандыр асманда каз?!
Түркөйлөр көп көчөдө, көчөөлөдө,
Түртүшүп тирүүлүктү тирүүлөр мас…

…Адамдын!
Актары – аз,
Акмагы – саз.
Актыкттын дубалдары көпкө турбас,
Туталанам биздеги кайда мурас?!
Мурункудан сабак алып турам ырас.
Ырга жазып жан дилим өчүп калбас!..

 

РУХУМ КҮН

Мейкиндикте –
мемиреген рухум – күн,
Күлмүңдөгөн күлкүчү го кою түн?..
Күбүр-шыбыр шылдыраган өмүрлөр,
Тунук булак сенден чыгат назик үн.

Чексиздикте –
Чимирилген рухум – ай,
Ченеми жок төгүл-ташыл айран-май.
Шааниси кут берекелүү жылдардай,
Кылым,жылдар бара жатат карматпай.

Сансыздыкта –
Санааларсыз рухум – бай,
Балбылдаймын асмандагы жылдыздай.
Жашоолордун жашыл шибер майсаңы,
Майрам болуп бара жатат каймактай.

Соц тармактар:

Добавить комментарий