Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыз мамлекеттүүлүгүндө бийлик мансап аттары

Кыргыздар бийлик башында болгон, өз хандыгы жана улуу хагандык курган эл. Ал бийлигинин көптөгөн мансап аттары жазма тарыхта жазылып калган. Ошол тарыхта жазылган мансап атоолору «Манас» жомогунда да көп кезигет. Ал тургай жоо жактын мансап атоолору да тарыхта жазылгандай, толук айтылганы кызыгуу туудурат. Ал үчүн Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манас» жомогундагыны алып көрсөк: «…Оң жагында олтурган\ Отуз алты ду-дусу,\ Ордону бузуп көп чуусу.\ Сол жагында дагы бар,\ Токсон эки баңбаңы,\ …Суңдуң менен калдай,\ Журт билгендин далайы,\ Жаңжуң менен ду- дусу,\ Көпчүлүктүн басылбай\ Кулак тунган көп чуусу. Тыйтай менен чыйтайы,\ Доотай менен баңбаңы…» деген сыяктуу байыркы кидандардин мансап аттары айтылат. Ал эми кыргыздын мансап аттары өзүнүн төл сөздөрү менен аталганы, башка тилдер менен аталганы деген эки чоң топко бөлүүгө болот. Төмөндөгү атоолор тарыхта жана «Манас» жомогунда айтылган мансап аттары болуп, «Манас» жомогунун окуяларынын тарыхий арткы көрүнүштөрү катарында турат.

Бий

Кыргыздарда эртеде коюлган мансап аты болуп, анын колдонулушу байыркы кыргыз доорунан башталса, жетип келген доору 19-кылымдын соңку кезине чейин болуп, кыргыздардын коомдук түзүлүшүндө бий нечелеген кылымдарды басты.

Бий мансабы жөнүндөгү жазма баян «Жаңы таңнаама. Кыргыз санжырасында» айтылган, анда «Бий» сөзү кытайча «辈» жана «比» каттары менен берилген. Ушул «Жаңы таңнааманын» баянына негиз тарыхчыбыз Анвар Байтур кыргыз бийлери жөнүндө өзүнүн «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» деген китебинде мындай жазат: «630-, 646-жылдарда Эне-Сай кыргыздары Сыртардуш хагандыгынын карамагында болуп турган. Анда Сыртардуштар кыргыздарга элтебир аталган мансаптар жиберип башкарган. Бирок, кыргыздардын ичинен Кешик бий, Көлжасак бий, Умай бий дегендер кыргыздардын аймактарын өздөрү башкарып турушкан» (537-бет). Кытайча жазылган «Батыш өрөөндөн көргөн- билгендер эстелиги» дегендин 3-оромунда: «Кыргыздар баш кишисин бий дейт, ар бир бийдин бийлей турган аймагы, бөлүп алган элдери болот. Бий өлсө, анын баласы же бир туугандары ордуна отурат» деп жазылган.

«Бий» сөзү жөнүндө кээ бир бирдиктүү эмес пикирлер да бар. Алып айтсак, кээ бир кытай жазмаларында «辈» каты «Бек» деген мансапты туюнтат, «Бий» деген мансап аты 18- кылымда пайда болгон деп карашат. Кыргызстандан чыккан Сейдакматовдун «Кыргыз тилинин кыскача этимология сөздүгүндө» «Бий» сөзү илгерки «Бек» сөзүнүн өзгөрүп айтылган дегенди көрсөтөт. Дегинкиси, «Бий» сөзүндөгү окшобостук пикирлер, биринчиден, анын кийинки кезде пайда болушу деген караштагылар болсо, экинчиси, «Бий» сөзү «Бек» сөзүнөн өзгөрүп айтылган деген караш болуп олтурат.

Кыргыз тилинин тарыхий абалы жана кытайча материалдардагы баяндарга караганда, биздин оюбузча, «Бий» мансабы эртеде эле болгон мансап, 19-кылымдын соңуна чейин колдонулуп келген. Ал «Бек» сөзүнөн өзгөрүп айтылды дегенге азыр айтылган сөздөр ынанта албайт. Ага карата биздин айтар жүйө сөзүбүз мындай: «Бий» сөзү кыргыз сөздүк корунда эчактан бери келе жаткан уңгу сөз, ал сөздөн улам «Бийлик, бийлөөчү» деген кыргыз коомдун түзүлүшүнүн сөздөрү жаралган. Кадыресе, бул сөздөр жаңы сөздөргө жатпайт. «Манас» эпосунда 40 чорого «Бий» шайлоо баяны сонун сүрөттөлүп, «Таш салуу» аркылуу шайлоо өткөн. Мында, Абдылда «Ажы бий» болгону айтылат (Ж.Мамайда), «Манас» баштаган элдик чыгармаларда «Бий» сөзү жөнүндө көптөгөн баяндар айтылган. Эмнеси болсо да, «Бий» сөзү жөнүндөгү изилдөөнү улантууга тийиштүү болуп турат.

Ал эми, 19-кылымдын ичинде бийлер жөнүндө эл ичинде кеңири кеп, сөздөр калган. Асыресе, Кыргызстандык кыргыздарда 19-кылымда бийлер сотчулук милдетти аткарган. Аларда акимчилик болуш, айыл боюнча бөлүнгөн, бийлик да болуштук бий, айылдык бий деп бөлүнгөн. Айылдык бий менен болуштук бий үч жылда курултай аркылуу шайланган. Шайлоодо он башы, элүү башы бир айыл болсо, бир болуш бир нече айылды бирдик кылган. Курултай шайлоосунда «Коргол салуу» аркылуу болуш, бий шайланган. Анын өкүлдөрү 50 түтүнгө бир коргол берип, ал элүү түтүндүн түтүн башы шайлап, элүү түтүн башына ошол бир коргол тийген. Ошондой түтүн башылар өзүнүн элүү адамын шайлоо болгон күнү чогултуп шайлоо болчу жерге чок кылып отургузуп, эсептен өткөргөн соң анан бир корголго ээ болгон. Бий шайлоонун негизи мына ушундай өткөн. Ал эми, Кытайлык кыргыздарда да бийлер болгон. Эң атактуусу Кутчу бий Кашкарда болгон Ак кожо – Кара кожолордун кагылышында зор басырык болуп турганы тарыхий китептерде жазылып калган. Кыргыздардын белгилүү тарыхчысы Осмоналы Сыдык өзүнүн эмгектеринде минтип жазганы бар: «Мен Кашкарга 1901- жылы барган элем. Анда сегиз ай турдум, ал жакта кыргыздар бар. Бизде болуш болсо, аларда бий аталат». Анвар Байтур кыргыздардын тарыхын баяндаганда: «Тияншан кыргыздарында уруунун баш кишиси «Бий» деп аталган. Ал эми, ичкилик кыргыздарда «Бийдин» ордуна «бек» мансабы коюлган»,- дейт.

Эмнеси болбосун, «Бий» өз кезинде сотчулук милдетте болгон. Айылдык бийлер бир жылда бир нече ирет «Бий олтурушу» өткөрүп, айыл доо- док иштерин караган. Бир жылда бир жолу «Болуштук бий олтурушу» өткөрүлүп, анда ар кайсы айылдардын бийлери келип, атайын бир жерге үй тиктирип, болуштун бийи доо- док сурап, ар кайсы айылдар арасындагы чыр- чатактарды кесим кылып турган. Бийлер бийлик акысын эки жактан тең алып турган. Дагы бир кызыгы, бийлерге бардык эле түтүндөр сүр берүүгө милдеттүү болгон. Колунда жоктор бийлерге өзүнө сойгон согумунун эң жакшы чүйгүн жиликтерин алып барып беришкен. Ошого эл ичинде азыр жылкы мүчө-устукандарынын «Бийлер жечүү» деген арналуу мүчөсү айтылып келет.

 

Бек

Кыргыздарда эң эртеде колдонулган мансап, тарыхый жазмаларда жана элдик баяндарда бүгүнгө чейин уланып айтылып келген, жакынкы заманда эле бул мансап эл ичинде болгон, айтор кылымды кыркалай басып, бизге жеткен мансап аты болуп эсептелет.

«Бек» эң эртеде бардык эле түркү тилдеш улуттарда колдонулган мансап болгон. Уламышта түрктөрдүн эң алгачкы баш кишиси «Абам бек» (阿谤步) болгон имиш. Эне-сай ташка тамга баскан жазмаларында «Бек» жөнүндө көптөгөн баяндар жазылып калган. Мисалга алып көрсөк, «Уюк тарлак эстелигинде»: «Алты уруу журтка бек элем» деген баян жазылган.

«Бек» мансабы тээ уруулук коомдо эле бар болуп, бир уруу же бир нече уруу бирикмесинин баш билги кишиси бек мансабында турган түрү бар. Кытай жазмаларында «Бек» мансабы «贝格, 匐 ,伯克, 步» каттары менен которулган. Махмут Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Бег» болуп айтылып, бектердин түрдүү баяндары айтылат. Мисали: «Бег аңа ога берди» (Бек ага уу берди) (1-том, 49-бет, уйгурчасы).

Кыргыз хаганатында бектерден Ынанчу Алп Билге Барс бек деп айтылат. Ал 711-жылы кайтыш болгон. Ошондо «Бек» мансабы «Хаган» даражасында болгонун Барс бектин тарыхий баянынан билдик. «Бек» мансабы тарыхта бектиктер курулган кездерде бийликтин баш кишиси болгон. Кээ бир тарыхтарда «Бек» мансабы алдына аныктооч сөз кошулуп, барча бектик мансаптар болгон. Алып айтсак, тарыхта түмөн бек, миң бек, жүз беги, куш беги (Катчылык башкаруучу) сыяктуу даражаларда болгонун тарыхий китептерден көрөбүз.

«Бек» мансабы кечөө Чиң доорунда түштүк Шинжаңда колдонулуп, айыл башы даражада болгон. Ал эми, түндүк Шинжаңда «Бек» мансабынын ордуна «Акылакчы» колдонулган. Дегинкиси, бек мансабы кыргыздарда эң эртедеги жөрөлгөлүү мансап болгондуктан, «Бек» даңазасынан улам балдарга ат койгондо да бек эмес эле балдарды «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет» деген ой менен ат койгондо бек сөзүн улап койгон абалды көптөп учуратабыз. Ал тургай «Бек» сөзү уланган ысымдар кыргыздардын жөрөлгөлүү киши ысымдары катарында көрүнүп турат.

Чын эле айта турган бир нерсе, «Бек» сөзү тээ илгери парысчадан кабылданган сөз деген караштар да бар. «Бек» сөзү жана «Бышык, бекем» деген сөзгө тыбышташ экенин «түркү тилдер сөздүгү»нөн окудук. Кыргыздарда ушул күндө «Бек кармап сенин колуңду, бергемин сага оюмду» деген сыяктуу «Бек» мансабына тыбышташ айтылган «Бек» сөзү ушул күндө да колдонулуп келет.

 

Эр

Эр мансабы кыргыздарда «Бий», «Бек» мансабынан кийин колдонулган мансап аты, кыргыздар хагандык куруудан мурда (Хаган деген аталма чыгуудан мурда) башкы өкүмдар «Эр, эр киши» болуп аталган түрү бар. Бул сөзүбүздү мындай жазма маалыматтар жана эл ичиндеги айтылыштар менен ырастап көрөлү. Эртеде ташка чегилген орхон- энесай жазуусундагы «Уюк аркан эстелиги»нде «Эр атым яшак баш» деп чегилсе, «1-барк таш» жазмасында «Мен эрлик атакка жеттим» деп жазылган. Бул ташка жазылган маалыматтарда «Эр» сөзү кандайдыр бир жогору атак же жогору даражадагы өкүмдарлык мансап экенин билдирип турат.

Ал эми, эртедеги кытай жазмаларында кыргыздардын баш кишиси «Эр 阿热» деп аталганы жөнүндө бизге ишенимдүү маалыматтарды берет. Алып көрсөк, «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» мындай баян жазылган: «Кыргыздардын өкүмдары (Баш кишиси) «Эр» деп аталат. Ал сөз бара- бара уруунун атын туюнтуп кеткен. Анын туусу кызыл болгон… Эр киши кыштын күнү илбээсиндин терисинен тебетей кийет, жайындасы шоңшогой ак калпак кийет. Эр көкмөн тоосунда коргон ичинде, ак боз үйдүн ичине кабаттап тигилген нече кабат үйдө отурат. Андай үйдү алар «Бөдкө» (медижи) деп аташат. Эр мансабынын алдында жайсаң, тутук, куш беги, мырза, сангун, даркан сыяктуу алты даражада мансап болот. Башка адамдар эт менен кымызды тамак- аш катары ичишсе, Эр киши нан жегенге жетишет. Уйгурларга каранды болуп турган кезде эр киши «Билге тон эркин» деген мансап берилген». Бул баян кытайча «Тынчтык аалам эстелиги. Кыргыздар» бөлүмүндө да айтылган.

Мында биз тактап айта турган нерсе, «Эр» мансабы жогоруда аталган кытайча тарыхтарда «阿热» деген кат менен жазылган. Аны кээ бир тарыхчылар «Аз» деп которсо, кээ бирөөлө «Азы» деп алып айтат да, теги ошол кезде Кытай тарыхында жазылган бул эки каттуу мансап аты өз кезинде кыргыздарда эмне деп айтылгандыгына жөн сал карап келет. Айтпаса да ошол кездерде башка түркү тилдеш элдерде «Эр» мансабын колдонгондугу жөнүндө маалымат жок. Бул мансап тек кыргыздарда гана болгонун жоромолдошот. Менимче, кытайча жазмаларда жазылган «阿热» эки кат өз кезинде кыргыздар «Эр» деп айткан сөздүн түз котормосу катары айтууга мындай жүйө сөзүбүз бар. Анын биринчиси, таш жазма эстеликтерде «Эр» эң зобололуу атак, мансап катары айтылганын көрдүк. Экинчиден, кыргыз эл ооз эки адабиятында «Эр Манас», «Эр Төштүк», «Эр Солтоной» сыяктуу эпостор жаралган. Бул эпостогу башкы каармандардын ысымдарынын алдына «Эр» сөзүнүн кошо айтылышы алардын баатырдык мартабасын гана туюнтуп калбай, арийне алардын өз кезиндеги эл башы болгон адамдардан экенин да туюнтат. Мындан бөлөк кыргыз тилинде, «Эр, эрен» деген сөздөр кайсыл бир тарыхий доордо эң жогору мансап атын туюнтканын санжырачылардын сөздөрүнөн билгели болот. Алып айтсак, кыргыз санжырасында эң чоң мансап эрен, анан берен, андан ноён болгонун айтат («Кыргыз санжырасы», Кыргызстанда басылышы 23- бет). Андан бөлөк, санжыраларда уруунун баш кишилери да «Эр» аталганын айтышат. Алып айтсак, Чоң багыш уруусунун баш кишиси Эрмыкты деген ал урууну Үч каркыра- Көк дөбөдөн көчүрүп Анжиян багытына алып баргандыгы жөнүндө кызыктуу ылакап жомогу айтылып келет.

Корутуп айтканда, «Эр» деген сөз тарыхтан бери кыргыздарда мансап аты жана зобололуу атак катары ушул күнгө келип жетти десек болот. Ооба, тарых менен бирге анын мааниси кээде кеңейип, кээде тарайып келгенин айтпаса да түшүнүктүү.

 

Аажа, ажоо

Бул мансап аты илгери кыргыздарда хагандык курулуудан мурда, мамлекет өкүмдарына айтылуучу мансап болгон. «Ажоо, ажа» сөзү кытайча «Жаңы тарыхнама. Кыргыздар санжырасында» «阿栈» каты менен жазылып, мындай баян кылынган: 648-жылы кыргыздардын баш кишиси Элтебир Ишбара ажо Таң ордосуна барган. Таң тайзуң ажоонун келгенин өтө кызуу тосуп алган да, чоң конок ашы берип сыйлап, аны Кыргыз Тутук мекемесинин тутугу, сол канат коргонуу кошуунунун сангуну (жаңжүн) деген атагын берген. Бул баяндан «Ажоо» кыргыз мамлекетинин баш кишисинин мансабы экенин кытайча тарыхий материалдардан айкын билгели болот.

Ал эми кыргыз санжыраларында, эл ооз адабиятинда «Ажа, ажоо» мансап катары баяндалганын көп кезиктире албайбыз. Бир гана «Ай! дээр ажа жок, кой! дээр ага жок» деген ылакап сөзүн жолуктурабыз. Бул айтылыш нускасы 1940-жылы түзүлгөн Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» (23-бет) айтылган. Бирок, азыркы эл ичинде бул ылакап «Ай! деген ажоо жок, кой! деген кожо жок» болуп айтылып жүрөт. Менче, жогоруда айтылган Юдахиндин өз кезинде жазып алган нускасы өзгөргөн түрү болуп, эл ичиндеги айтылышы байыркысын сактап калганы билинет. Себеби, «Ажоо», «Кожо» байыркы кыргыз тилинде (азыр деле бар) «Башы, баш болгону, башкаруучу, ээси, ээ» деген маанилерде болуптур. Бул сөз байыркы Кидан тилине кыргыздардан кирип, алар да мансаптарын «Ажа, ажоо, кожо» боюнча айта турганын алардын сөздүгүнөн таптык. Ушуга караганда, булар эртедеги кыргыздардын мансап аты экени билинип турат. Ошого, кыргыздардын байыркы баш кишисинин мансабын билдирген «Ажоо, ажа» сөзү ылакаптын ичинде унутулбай бизге жеткен экен деп айта алабыз.

 

Хаган, хан

Мансап аты кытай тарыхый китептерде «可汗» болуп жазылган. Ал эң эртеде, «Жалпы баян» (通典) деген кытайча санжыра китептин 196-оромунун «Аварлар санжырасы» дегенде тилге алынган. Бирок, Япония окумуштуусу Бейнавкоженин маалыматында «Хаган» сөзү кытайлардын «Суңнааманын» (宋书) 96- оромунда «可寒» (Кыхан) деген кат менен жазылганын айтат. Ошондо хаган деген сөз биздин санактын 288- жылдары эле Кытай жазмаларында белгилүү болгон түрү бар. Бирок, көп сандуу окумуштуулар «Хаган» сөзү аварлар бийлик көтөргөн кезден (Биздин санактын 402-жылынан) кийин айтыла баштаган деп карашат. Мына ошондон кийин түндүктөгү улут- тайпалар көтөргөн бийликтерин «Хагандык, хаганат» деп аташат да, бийликтин жогорку өкүмдарынын мансабын «Хаган, хан» деп айтышат. Атап айтканда, түркү тилдеш улуттар кидандар, моңгулдар «Хаган» мансабын аварларды туурап иштеткен деген жоромол бар.

Эң байыркы түшүнүктө, «Хаган, хан» сөзү «Теңирдин жер бетиндеги элчиси», «Теңирдин сүйгөн пендеси» деген маанилерде болгон. Кийин кандайдыр бир бийликтин баш кишиси «Хаган» мансабын тутунган. Кытай жазмаларында жана арап- фарс жазмаларындагы тарыхый материалдарда «Хаган» мансабы хондордун «Теңир кут», араптардын «Падыша» мансабы менен төп келет деген баяндарды айтышкан. Тарыхый материалдарга жана окумуштуулардын укумчул сөздөрүнө караганда, «Хаган» эң алгачында, бир бийликте бирөө гана болгон болсо, кийинчерээк бир бийликте бир же бир нече «Хагандык» мансап тургузулган. Алып айтсак, Түркү хагандыгында бир улуу хаган, бир нече кенже (кичи) хагандар болгон. Мисали: Түмөн хаган улуу хаган болуп турган кезинде, ал иниси Көл кенже хаган болуп турган. «Гректердин тарыхынын толук эмес томунда» Мукан хаган кезинде Түрктөр хаганатында бир улуу каган, үч кенже хаган коюлган (Шө зоңжин түзгөн «Күрктөр тарыхы» деген китептин 112-бетинде). Ошол себептүү, улуусу «Хаган» делип, ал эми, кенжеси «Хан» болуп аталып келгенби деген ой туулат. Айтмак, орхон- энесай жазмаларына караганда, «Хаган» мансабы эң алгачында «Теңир атаа кылган» улуу мансап болгонуна карабай, улам кийинки «Хаган» деген сөздүн алдына дагы да аныктык, тактык сөздөрдөн кошуп, ал мансапты ого бетер улуулатып атаганы байкалат. Алып айтсак, түркү улуттарында «Билге хаган» (Даанышман, билгич хаган), «Ишбара каган» (Ишмер хаган, ишкер хаган) моңгулдарда, Чиңгизхан (Теңиз хан, теңдеши жок хан) болуп айтылып олтурган.

Ал эми, кыргыздарда хагандык (хандык) мансап түркү тилдеш улуттар менен катар иштетилген деп жоромолдоого болот. Бирок, тарых таануучу окумуштуулардын айтуусуна караганда (Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» деген китебинде айтылышынча), кыргыздарда хандык курулуп, андан соң хаганат курулган болуп, андан мурдагы кыргыз мамлекет бийлөөчүсүнүн мансап аты өз тилинин атоосу менен жүргөн экен. Ал эми, ооз эки уланып жеткен санжыраларда, улуу жомок «Манаста» көптөгөн хандардын ысымдары айтылып келет. Алып айтсак, Бөйөн хан, Бөйөн хандан Чаян хан, Чаян хандан Кара кан, Кара хандан Орозду хан, Орозду хандан Жакып хан, Жакып хандан хан Манас болуп, санжыралык желе менен айтылат. Ал «Манастын» жомоктук окуялары ички жети хан жана сырткы жети хандын окуялары менен толгон. «Манас» жомогунда «Хан» сөзү жалпы эле бийликтин баш кишиси жана кол башчысы болгону ал ар бир уруу- урук кичи хандар болуп, өз алдынча асабасы, урааны, эн- белгиси болгону айтылат. Жакынкы замандарда кыргыздарда Ормон хан менен Жантай хан атанганы эл ичинде санжырачыларда кеңири айтылып жүрөт. Ошондой болгондо, кыргыздарда хаган, хан мансап аты эң соңунда 19-кылымда «Ормон хан» менен бирге көмүлгөнүн айтса болчудай.

Дагы бир маанилүү нерсе, хандык тактыга отуруу аземи да өтө салтанаттуу өткөндүгүн кытайча тарыхый китеп «Жовнаама. Түрктөр санжырасынын» 50-оромунда мындай баяндалган: «Алардын хаганы тактыга отурарда, аксакал адамы кийиз жаят да, анын үстүнө хан көтөрүүчүнү отургузат. Анан жан кишилери аны көтөрүп күндүн көзүн тогуз айлантып, тегерене басышат. Анан соң атка мингизишет, анын мойнуна ак кездемени (Ак матаны) кылкынып кетпегидей кылып орой тартат да, андан ороону кайра секин бошотуп барып, ага чукул суроо салып: «Канча жыл хан боло аласың?» деп сурайт. Анда тигил хан көтөрүлгөн киши аптыгып, так бирдеме дей албай калганда, жанагы аксакал кайра кандайдыр бир санды айтып жоруп коёт (Шө зуңжин «Күрктөр тарыхы» кытайча 109- бет). Бул эң эртедеги түркү улуттардын хан көтөргөндөгү абалын кытайча жазмада айткан баян болуп эсептелет. Бирок, бул баян «Манас» жомогунда, Эр Манасты хан көтөргөндөгү окуя менен төп келет. Манасты хан көтөрөөрдө да ак кийизге отургузуп, шөөкөт менен хан көтөргөнү мындай айтылат:

«Ал (Бакай) иштин кылып адатын,
Атасы Калаш санатын.
Ак кийизден жайышып,
Ак кийиздин үстүнө,
Арстан Манас баатырды,
Отургузуп алышып,
Жетимиш киши көтөрүп,
Төбөсүнө орундун,
Төр жагына өткөрүп,
Хан көтөрдүк муну деп,
Калайыкка көрсөтүп»
(Жүсүп Мамайдан).

«Манас» жомогунда хан көтөрүүнүн шөөкөтү тигил баян менен бирдей болуп турганынын себеби, кыргызда тээ эчакта эле мамлекеттүүлүк жана бийлик болгондугун, ал тургай өзүнчө эреже, каадалары менен калыпташканын түшүндүрүп турат.

 

Элтебир

Бул мансап атын орто кылымдагы Эне-сай кыргыздарында колдонулган. Элтебир мансабы жөнүндөгү баянды биз кытай жазма тарыхтарынан «Жовнаама», «Көөнө таңнаамалардын» түркү элине байланыштуу баяндарына көрөбүз. Ал китептерде элтебир сөзү «俟利发,颉利发,颉利吐发» деген каттар менен жазылган. Күлтегин эстелигинде эндегей жаткан кыргыздарды уйкуда басып, алардын элтебирин туткунга алгандыгы жөнүндө баян айтылган. Тарыхчылардын айтуусу боюнча, кыргыздарга элтебир мансабы Эне-сайда өздөрүнө коңшу отурган түркөштөргө каранды болуп турган кезде колдонгон деген жоромол бар. Кээ бир материалдарда, элтебир мансабы хан жана ябгудан төмөн мансап делинет. Япон түркологу М. Моринин пикирине караганда, түмөн же андан көп кол курай ала турган элдердин баш кишиси «Элтебир» деп аталат, түмөндөн төмөн кол курай ала тургандардын баш кишиси эркин мансабы менен аталат дейт (Алынды, Э. Кычанов. Кыргыздар 2- том). Ошондо, элтебир өз кезинде, эркинден мурда колдонулган мансап болгон. Кыргыздардын Элтебир Ишбара ажосу 648- жылы Таң ордосу Чаң- анга баргандыгы жөнүндө баян Кытай тарыхий жазмаларында кеңири айтылат. Корутуп айтканда, кыргыздардын кайсы бир доорунда, жоромолдо түрктөргө каранды болуп турганда, баш кишиси бир элтебир мансабы менен аталган экен.

 

Тутук

Кытайлардын Хан сулаласынын соңунда коюлган мансап аты болуп, бийликтин кошуунун башкарган мансап болгон. Кытайча «都督» деп жазылган. Бул мансап эртеде кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттарга тараган. Тарыхый даректерге караганда, кыргыздарга тээ эртеде эле бул мансап белгилүү болгон көрүнөт. Алып айтсак, таш жазмаларыбыздагы «Уюк тарлак» эстелигинде «Атым Эл Мууган тутук, Теңиримдин элчиси элем» деген саптарды окуйбуз. Мындагы атым дегени «Атагым, намым» деген болуп, тутук мансабында болгонун көрөбүз. Андан бөлөк, кытайча тарыхый жазмаларда кыргыздардын бийлигинде «Эр киши» болгон кезде үч тутук мансабы болгонун айтат («Тынчтык аалам эстелигинде»). 648- жылы кыргыздын Элтебир Ишбара ажосу Таң ордосуна келгенде, ага кыргыз тутук мекемесинин тутугу, сол канат коргоочу кошуундун сангуну мансабын бергенин «Жаңы таңнаамадан» окуп жүрөбүз. Тутук сөзүн «Манас» жомогунда «Дуду» боюнча айтылып келет. Сагымбай Орозбак уулунун айтымында: «…Оң жагында олтурган,\ Отуз алты ду- дусу,\ Ордону бузуп көп чуусу…», «…Ду- дунун кызы Турнаны\ Жандаган жерим ушул жер…» болуп айтылган. Айтмак, «Манас» эпосунда «Дуду» (Тутук) мансабы абдан көп айтылат.

 

Эркин

Кыргыздарда тээ эртеде колдонулган бийлик ордосундагы мансап аты болуп, бул мансапты башка түркү тилдеш улуттар да колдонгон. «Иркин» мансабын Кытай жазмаларында «颉斤, 俟斤» деген каттар менен тыбыштап жазган, «Көөнө таңнаама. Түрктөр санжырасында» эркин мансабы тутундан кийинки мансап болгон деп жазат. Ал эми, шө зуңжин түзгөн «Түрктөр тарыхы» деген китепте «Батыш түрктөрдүн сол беш уругунун баш кишиси эркин мансабы менен аталган. Оң беш урук элдин баш кишиси чоро деп аталган», «Эркин мансабы соогат жеткирүүгө жооптуу болгон» деген баяндарды айтат (аталган китептин 271-, 562-беттери).

Махмуд Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Иркин же эркин» сөзү «Теркен» деп жазылган болуп, анда мындай чечмелеген: «Теркен: бирер аймак өкүмдарина кагандар жагынан бериле турган атак. Бул «Эй, моюн сунуучу» деген маанидеги сөз болуп, аймак башчыларынан башкаларга айтылбайт» деген (1-том, 575-бет, уйгурча нускасы). Ушул мааниден караганда, «Иркин» мансабы бир аймактын бийлөөчүсүнө коюлган мансап аты көрүнөт.

Жогоруда, «Элтебир» жөнүндө баяныбызда «Түмөндөн төмөн кол курай ала тургандардын баш кишиси иркин мансабы менен аталат» деген окумуштуунун сөзүн мисалга тартканбыз. Ошондой эле, Кыргыз каганаты мүңкүрөп, уйгурларга каранды болуп турган кезде, кыргыздын мансаптарына «Билге тон эркин» деген мансап берилгенин «Жаңы таңнаама. Кыргыз санжырасынан» накыл келтиргенбиз. Ушуларга караганда «Эркин» мансабы өз кезинде белгилүү бир аймактын башы кишисине берилген мансап болсо керек, же болбосо, тарыхтын жүрүмүндө ал мансаптын даражасы бирде улуулап, бирде төмөндөп турган болушу мүмкүн. Кантсе да, «Эркинди» кыргыздарда качанкы бир тарыхта колдонгон мансап аты катарында саноого акылуубуз. Кыргыз тарыхында: «Ишбара Шайжо Баш эркин, Чолпон Бага Чоң эркин, Билге Тон эркин» деген мансап кармаган кыргыз хандыгынын баш кишилери Уйгур хаганатынын тушунда кыргыз тактысында олтурган. Ал мезгилде, кыргыздын баш кишилери хан аталбай калган экен.

«Эркин» сөзү кийинки кыргыздардын жазма же ооз эки баяндарында таасын айтылганын таба элекпиз. Бирок, кыргыздарда «Шерне» өткөргөн кезде «Шерне башы» катары «Эрке бала» дегенди коюшат. Ушул соорундагы айтылган «Эрке бала» тарыхтагы «Эркин, теркен» деген мансап атынан улам өзгөрмөлөнүп айтылып келгенби деген ой кылт эте калат экен, кишиге.

 

Инал

Кыргыздарда орто кылымдарда колдонулган мансап аты. Көбүнчө мусулман авторлору кыргыздар жөнүндөгү баяндарында кыргыздардын өкүмдари инал деп аталаарын айтышкан. Алып айтсак, Абылгазы Багадурхандын (1674-жылы кайтыш болгон) айтылуу санжыра китеби «Түрктөр санжырасы» дегенде, инал жөнүндө мындай айтылган: «Кыргыз эли төрөсүн инал дейт, моңгул, тажик падыша дегендей сөз. Ал убакытта төрөсү Орос инал эле». 14-кылымда фарс тарыхчысы Рашидад Диндин «Тарыхтар жыйнагы» деген китебинде инал тууралуу мындай баяндалат: «Алардын ханынын инал деген мансабы бар. Дагы бир областы Эди орун деп аталат. Алардын ханы Орус инал». Ал эми, «Моңгул купуя тарыхында» 1207-жылы (Коён жылы) Чиңгизхан кыргыздарды каратып алууга Айтан, Бухурак деген эки элчисин жибергенин, кыргыздардын ошол кездеги баш кишиси Орус инал элчилерин кабылдап, Чиңгизханга каранды болгонун билдирип, кымбаттуу соогаттар менен Чиңгизханга эл болгонун билдиргендиги жөнүндө маалыматтар айтылат. Бул маалыматтардан караганда, кыргыздар 13-кылымдын 1-чейрегинде баш кишисин «Инал» деген мансап менен атаганын билгели болот. Айтмак, «Дивани лугатыт түрк» сөздүгүндө: «Инал − энеси асыл зат, атасы жөнөкөй букарадан болгон жаштар инал делет. Бул − эреже» (1-том 166-бет. Уйгурча нускасы) деген баянды айткан. Ошого караганда, «Инал» сөзү түркү тилдеринде тээ эртеде эле бар болуп, эртедеги мааниси ошондой болсо керек. Кийинки кыргыздарда бул маани ого бетер кеңейип, бийликтин өкүмдары инал мансабы менен аталган түрү бар. Тыянактап айтканда, моңгул тушунда, кыргыздардын баш кишиси «Инал» аталганы билинип турат. Ал кезде: «Орозду (Орус) инал, Каркатай инал» сыяктуу бир нече баш кишилердин аттары жазылып калган.

 

Шаа, шад

Байыркы доордо кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттар колдонгон мансап аты, кытайча тарыхый материалдарда «Шаа» мансабы жөнүндө көптөгөн баяндар айтылып калган. Ошону менен бирге, орхон-энесай жазма эстеликтеринде да аз болбогон баяндар бар. Алып айтсак, «Жовнаама, түрктөр жөнүндө», «Көөнө таңнаама. Түрктөр жөнүндө» деген китептерде «Шаа, шад» сөздөрү «世,杀,设» деген каттар менен жазылган, ал китептерде мындай баяндалат: «Шаа хагандын аздектеген мансабы, хагандын бүткүл колун башкарат. Ал кичик хаган катарында мамилеге ээ боло алган. Шаа мансап аты: түндүк шаа, батыш шаа, чыгыш шаа деген түрлөр боюнча мансапка коюлган. Анда батыш шаанын зоболосу абдан зор болгон» (Шө зуңжин «Күрктөр тарыхы»нан алынды). Орхон- энесай жазуусундагы «Уюк архан эстелигинде» «Досум, мугалимим, шадым − ушулардан айрылдым» деген сапта «Шаа» сөзү «Шад» болуп жазылган. Ал эми, кыргыз санжыраларында жана эл ооз адабиятинда «Шаа» мансабы да айтылганын учуратабыз. Алып айтсак, кыргыз макалдарында «Дөөлөр келсе, шаалар качат» деген макалдар бар. Осмоналы Сыдык уулу айткан санжырада «Шаа дегени − хан дегени. Кыргызда Сапар шаа деген болгон экен» (158-бет) дейт. Корутуп айтканда, жогоруда келтирилген материалдык далилдерге негиз, «Шаа» мансабы кол баштаган, черүү тартканга кол башчылык кылган адамга берилген мансап аты болгон экен. Бул мансапта эң эртеде Күрк хаганатында Акын шаа (阿贤) деген адам турган экен. Айтмак, шаа мансабынын алдына да атак сөздөр кошулуп, «Тутук шаа, Тартуш шаа» сыяктуу аталыштар менен айтылганын тарыхый китептерден кезиктиребиз. Кийинки кылымдарда кыргыздар да шаа мансабы коюлбаганы менен, «Шаа» сөзү келип жетти. Ал эми, кээ бир окумуштуулар «Шаа» сөзү фарстардын «Шах же шадпыт» деген мансаптарынан келген деген жоромолдорун айтышат. Бирок, бул сөз тээ биздин эранын 200- жылдарында эле бар экенине карап, фарстан кирген сөз дегенге ишенгиси келбей берет. Андан көрө, эртедеги «侠» деген сөзгө жакын көрүнөт. Эмне болсо да изилдөөнү талап кыла турган тема экени ырас.

 

Бойла

Орхон-энесай таш жазмаларында баяндалган мансап аты. Кыргыз каганатында, же болбосо, кыргыз бийлигинин өкүмдарынын алдында бойла мансабы коюлган. Алып айтсак, «суджы» эстелигинде «Мен бойла, улук сотчу болом» деген баянды учуратабыз. Мындан караганда, ал адам мурда бойла мансабында, андан кийин улук сотчу болгондугун бул ташка чегилген бир сап баяндан билсе болот. Тарыхчыбыз Анвар байтур «Шинжаңдагы улуттардын тарыхы» деген эмгегинде: «Хандын иштерине жана бойла менен ярган деген эки чоң мансаптар көмөктөшүп иштеген. Бойла кандын оң кол вазири катарында болгон. Ал саясий, акимчилик жана жоокердик иштерге өкүм чыгара алган» деп жазат (553- бетте). Бойла мансабы жөнүндө азыркы кыргыз тилиндеги мааниси «Буйрукчу» сөзүн жорууга болот. Бирок эл адабияттарынан маалымат таба элекпиз. Ал мындан аркынын изилдөө темасы катары тура турат.

 

Ярган

Илгерки кыргыз бийлигинде коюлган мансап аттарынын бирөө. Бойла мансабы бар кездер ярган мансабы да болгон. Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» китебинде: «Ярган бийликтин сол кол вазири катары кызматта болгон. Ал өкүмдардын өкүмдөрүнүн аткарылыштарын айдактаган жана бакылаган милдетти үстүнө алган» — деп жазат (553-бетте). Ярган мансабы кыргыздардын кийинки элдик адабият булактарында айтылганын таба элекпиз.

 

Тутун, туртун

Байыркы кыргыз бийлигинде койулган мансап болуп, ал ар кайсы урууларга же бектиктерге элчи катары жиберилген. Бул мансап кытайча тарыхый китептерде  «吐屯» деген кат менен жазылган. окумуштуулардын жазгандарына  караганда тутун мансабы бийликтен төмөн даражадагы мансабы болуп, ал уруулардын жосундарын башкарып турган.

Тутун мансабы жөнүндө азыркы кыргыздардан калган санжыра баяндарын же адабияттык баяндардан маалымат ала элекпиз. Бирок, ушул кезде да «Түтүн» бойунча эл санагы айтылганын, түтүн башы, түтүн ээси деген сөздөрдүн азырга чейин айтылып жүргөнүн билебиз. Азыркы түтүн ээси ошол эле байыркы «Тутун» мансабынын жугуму бойунча уланып келгенби? деген ой туулат.

 

Катын, хатун

кыргыздарда илгери колдонулган мансап аты болуп есептелет. Ал кытайча жазма материалдарда «可敦, 可贺享» болуп жазылган. Айтмак, «Хатун, катын» мансабы хагандык курулган элдердин бардыгында, атап айтканда, түркү тилдеш улуттар менен моңгулдарда кеңири колдонулган. Ал мансап хагандыктын оорук иштери, ички иштери сыяктууларды башкаргандыгын тарыхый жазмалардан көрүүгө болот. Катын мансабы жөнүндө кытайча жазма тарыхтарында көптөгөн баяндар жазылып калган. Алып айтсак, «Көөнө таңнаама. Түрктөр баянында» мындай жазылган: «Алардын хаганы болот, ал мурдагы Теңиркут менен барабар, аялдары катун деген мансап менен аталат. Анын балдары тегин деп айтылат» делген. Катын мансабы Махмуд Кашгаринин «Дивани лугатит түрктө» (Түркү тилдер сөздүгүндө) мындай айтылат: «Катун Афырасияптын (Уламышта айтылган түрктөрдүн алгачкы хаганы) кыздарына эле таан атак. Макалда мындай айтылат: «Хандын иши чыкса, катындын иши кала турат» (Дивани лугатит түрктүн 1- том 533-бет, уйгурча нускасы). Түркү тилдери сөздүгүндө айтылган бул баяндан караганда, «Катын» деген мансап, эң алгачында хагандын жамаатындагы ургаачыларга берилген мансап болгон. Ал мансап жогоруда айтылган макалга караганда, хагандан кийинки мансап катары айтылып турат. Жазма материалдардан караганда, хагандык курулган элдерде катын мансабы кийин, көбүнчө, хагандардын аялдарына (Канышааларга) берилген.

Кыргыздарда «Катын» мансабы Эне-сай Кыргыз каганаты тушунда болгондугун «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» мындай айтылат: «Уйгурларга карандысыз болгон кыргыздардын «Эр киши» (阿热) өзүн хаган деп жарыялайт да, түркөш кызына болгон энесин «Эне хатун», өз жубайы болгон Келийенени «Хатун» мансабына коёт» (Алынды кытайча «Кыргыз энсиклопедиясы, Кыргыз хаганаты» тилкесинен).

Улуу жомок «Манаста» катын мансабы Каныкейге берилген болуп, «Кайран катын Каныкей бар сарамжалын так кылып» деп айтылат. Хан Манастын кезинде, ал бүт мүлктү, жоокерлердин камдоо иштерин башкарганын билебиз. Ал тургай маңыздуу иштерди башкарганын билебиз. Ал маңыздуу иштерди чечүүнүн баш кеңешинде болот. Мындай катын мансабы кыргыздарда «Манас дооруна» чейин колдонулуп келген өңдөнөт. Бирок, айтпай болбойт, «Катын» мансабы жакынкы жана ушул замандын кишилерине беймаалым, унут болуп кетти. Дегинкиси, кылымдын жүрүшүндө «Катын» мансап аты карып, өтмө мааниге кетти да, «Кара баштуу эле эрге тийген ургаачынын» бардыгы катын атала турган, ал тургай ушул күндө «Катын, катындар» деп айтса, одоно сөз болуп угула турган болуп кетти. Мына − тарых дегенде эл жаңы болот деген ушул.

 

Кончой, кунчуй

Мансап аты кыргыздарда Эне-сай доорунда жана андан мурда колдонулган түрү бар. Бул мансап аты тарыхый жазмалардан, Эне-сай ташка тамга баскан жазмаларында жана «Дивани лугатит түрктө» маалыматтар калган. Алып айтсак, Барк суусунун боюнан табылган «Барк эстелигинин» (2-, 3-, 4- Барк эстеликтери) көп жеринде: «Куйда кунчуйумга адырылдым» деген саптар кезигет (Маанисы «Ордодо кунчуйумдан айрылдым»). Ушул жазылгандарга караганда, кунчуй ордодогу мансап болуп, ал бийлөөчүлөрдүн аялдарына берилген мансап көрүнөт. «Дивани лугатит түрктө»: «Кончой хатундан эки даражада төмөн турат, мындан улам «Хатун-кончой» деп аталат» дейт («Дивани лугатит түрк» 3-том. кыргызчасы). Орхон-Энесай ташка тамга басылган жазууларды таануучу кээ бир окумуштуулардын «Кунчуй» сөзү кытайлардын «公主» (Гоңжу – канышай) деген сөзүнөн улам айтылганына ынангысы келбейт экен. Ал эми, кыргыз эл санжырасы, эл ооз адабияттарында бул сөз «Күнүчүм, күнүм, күнү» деген сөздөр менен айтылып, көп аял алган (Же эки аял алган) эрдин аялдары бири- бирине күнү болот. Балким бул сөз кыргыздардын «Күнү» сөзүнүн кылымдарда унут калган бир мааниси чыгар.

 

Тегин

Мансап аты кыргыздарда эртеде колдонгон мансап аттарынын бирөө эсептелет. Тегин мансабы жөнүндө кытайча тарыхий материалдардан көптөгөн баяндарды ала алабыз. Ал материалдарда тегин сөзүн «低根,特勒,的斤» деген каттар менен жазган. «Көөнө таңнаама. Түрктөр баянында» хагандын балдары тегин деп наам менен аталат деп жазган. «Жалпы баяндын典通» 197- оромунда «Тынчтык аалам эстелиги 太平寰宇记» 194- оромдорунда тегин хагандардын балдары менен анын инилерине берилчү мансап деп баяндаган да, анын милдети хагандыктын башка элдер менен байланыш түзүү иштерине жооптуу болгонун айтат.

Айтмак, тегин сөзүн «Дивани лугатит түрктө» (Түркү тилдер сөздүгүндө) бул сөздүн түпкү мааниси кул деген болот. Бирок, ал сөздүн мааниси кийин өзгөрүп хагандын тукумдары тегин аталып кеткенин айтат. Бул сөздүктө андай аталып кетишин мындай түшүндүрөт: «Өкүмдардын балдары (хагандын) аталарына кат жазганда кичи пейилдик менен өздөрүн аталарынын кулу катары кармап, аттарын жазганда тегиниңиз (кулуңуз) деп жазышат экен. Ошондон улам хандын тукумдары, өкүмдардын балдары тегин аталып калышты» (Дивани лугатит түрк 1-том 539-бет, уйгурча нускасы). Бирок, кийин тегин сөзү башка кулдардан айырмалануу үчүн алдына аныктооч сөз кошулуп «Көл тегин, Болмуш тегин, Алп тегин» болуп аталып, ырасмий мансапка көтөрүлүп кеткен. Кээде ал эрдик атагы алдына коюлуп, айбандардын сырттандарынын аты менен кошо аталган. Мисалы: Карчыга тегин, Күч тегин, Барс тегин болуп аталган. Тегин сөзү кийинки кездерде «Урпактары, теги» деген сөздүн ордунда колдонулганын жазмалардан ырастоого болот. Орхон-Энесай ташка тамга басылган эстеликтерде тегин сөзү «Текин» болуп жазылып, белгилүү даражадагы мансап катары айтылат. Тегин мансабы хагандык курган элдердин инилери менен балдарына берилчү мансап аты болуп, ал тактыга отуруучу бала «太子» катарында ордодо белгилүү милдеттерди аткарган.

Кыргыздарда «Тегин, теги» сөзү жогоруда Кытай жазмаларында жана «Дивани лугатит түрктө» баяндагандай маанилерди басып, көптөгөн өзгөрүүлөр менен бизге келип жетти. Ушул күндө «Тегин» сөзүн биз жаңыртып, фамилиянын ордуна колдонууга болот деген караштабыз. Ошого азыр «Ов» деген белги менен фамилия туйунтуучулар «Тегинге» өтүп жаткан кези. Сөз оңутуна келгенде айта кетели, дүйнөдө көптөгөн улуттар өздөрүнүн аттарын басма сөздөрдө, соорундарда атаганда фамилиясын, өз атасын кошо туйунтуп келет. Бул инсанат маданиятындагы бир белги болсо керек. Кыргыздарда да жети атасын, тегин сүрүштө кылып келген жөрөлгө бар. Улуу эпос «Манаста» «Тек атыңды терип айт, элиңдеги жакшыны атам деп айтып албагын» деген саптар кезигет. Демек, тек атыбызды айта жүрүү зарыл экен. Ошого мен жетинчи атам «Кармыш балбанды» тек ат (Фамилия) кылып урунууну чечип, бир канча жылдан бери басма сөздөрдө жазып келем. Аны көптөгөн окурмандар менден сураган. Ошого ушул жерде кыпчып (кыстарып) кетким келди.

 

Чоро

Кыргыздарда эртеде колдонулган мансап аты болуп, хагандын оң- сол кол жоокер башчысы болуп милдет аткарган. Балким эң эртеде бир бийликтин баш кишиси болушу мүмкүн. Себеби, Кытай тарыхтарында «Чоро» сөзү «都,啜,咄» каттары менен жазылган. Ал маалыматтарда түрктөрдүн эң мурдагы баш кишиси «Илинса чоро» деп аталганын айтат. Тоголок молдонун айткан санжырасында Тагай бий «Чоро» деген сөз «Хандын обозгери дегенге жатат» дегенин айткан («Кыргыз санжырасы. Тоголок молдо» 54-бет). Шө зуңжин түзгөн «Түрктөр тарыхында»: «Батыш түрктөр (Кыргыздарды өз ичине алган) эки чоң тайпадан куралган. Алар оң жана сол болуп бөлүнөт. Оңдогу беш уруунун баш кишиси чоро деп аталат. Солдогу беш уруунун баш кишиси эркин деп аталат»,- деп жазат. Ал эми, 8-кылымдын баш ченинде Күлтегинге арналган Орхон ташка тамга баскан жазма эстеликте, Күлтегиндин кара ашына (731-жылы) кыргыз хаганы «Чор- Тардуш ынанчуну» кара ашына келгенин жазган.

Чоро мансабы улуу жомок «Манаста» абдан айкын баяндалып, хан Манас 40 чоро койгон. Себеби Манас колу кырк уруу элден куралган (Ар бир уруу элден бирден чоро алган). Кытай жазмаларында «Кыргыздын колу сексен миң» деп айтылган кез ошол Манас хан доорунда болгон. Аны башкаруу үчүн бир нече кичи хаган (Мисалы: Бакай хан, Алмамбет хан, Жакып хан), 40 чоро койгон. Чоролордун алдында миң башы, жүз башы, он  башы даражалары болгон.

Эпосто Семетей төрө мансабында болот да, андан кийин эки чоро мансабы койулат. Себеби, Семетей көптөгөн кол, кошуун курабаган (Ошого Манаска окшош 40 чоро албаган). Айтмак, эпостун «Семетей» бөлүмүндө айтылган Гүлчоро Кытай жазма тарыхтарында «阙啜» болуп жазылган. Андан бөлөк, тарыхый жазмаларда Гүлчоро ысымы көп кезигет. Түркөштөрдүн ханы Сохаба деген өзүнүн чоросу Гүлчоро менен ички уруш жасагандык тарыхты Анвар Байтурдун «Шинжаңдагы улуттар тарыхы» аттуу уйгурча китебинен окудук. Дегинкиси, чоро мансабы орто кылымда зор даражадагы мансап болгон. Эне-сай «Барк эстелигинин» 3-сүндө «Мен сангун оглы Күлүг-чор» деген ташка чегилген эстеликти окуйбуз. Ушул баян «Семетейде» айтылган Күлчоронун ташка жазган эстелиги болушу мүмкүн экен. Кыргыздарда Манас дооруна чейин чоро мансабы иштетилген. Андан кийин кыргыздардын бийлөөчүлөрү чоро мансабынын ордуна «Жигит башы» мансабын койгон түрү бар. Себеби кийинки кыргыз өкүмдарлары (Баатырлары) жанына «Жигит курап» жүргөн. Бул «Курманбекте» таасын байкалат. Курманбек өзү баатыр жана хандык мансапта болгон (Хан Курманбек). Ал жанына 40 жигит алып жүргөн. Андан кийинки бий, бектер да жигит курап жүргөнү кыргыз санжыраларында айтылат. Демек, чоро мансабы эчен кылымдын алдында калган болсо да, чоро сөзүнө кыргыздар жаздемдебей түшүнөт.

 

Жайсаң

Кытай тилинен (宰相) кирген мансап аты. Ал Кытай бийлигинде Чин жана Батыш Хан сулаларынан баштап койулган мансап аты болуп, падышанын вазири милдетинде болгон. Кыргыздарга да бул мансап аты эртеде эле жеткен болуп, Кытай тарыхый жазмаларында кыргыздардын «Эр киши» өкүмдар болуп турган кезде, анын кол алдында жайсаң сыяктуу  алты мансап даражасы бар экени айтылган. Ошол «Эр киши» кезинде  жайсаң жетөө болгонун «Тынчтык аалам эстелиги» деген Кытайча тарыхтан көрдүк.

«Жайсаң» мансап аты катары «Манас» жомогунда да көп кезигет. Мисалга тартсак: «Алгарасын аргытып\ Артынан чаңын баргытып\ Кырк жайсаңы жанында\ Коңурбай өзү жөнөдү\ Эр сайышка барууга» («Манас», Жүсүп Мамай, ички материяал 268- бет). Мындан бөлөк, Сагымбай Орозбак уулунун айтымында «Жайсаң» сөзү эки түрдүү жолугат: бирөө, адам ысмы болуп, «Жайсаңбай» деген кейипкеринин окуясында, дагы бирөө, Үмөттүн уулу Жайсаң болуп: «…Үйшүндөрдүн Үмөтү,\ Үмөт уулу Жайсаңы,…» деп айтылат. Ал эми Сагымбайда деле, көбүнчө мансап атоосу катары келип: «…Он сегизи жайсаңы,\ Ачбуудан аты бүгүлүп,\ Албүбү кызга жүгүрүп…», «…Дебеги, Шалкым баш болуп,\ Алты жайсаң барганы…», «…Эки жайсаң чаптырып,\ Туура  тосуп салыптыр…», «…Тулпар аттар алкылдап,\ Ар бирөөнүн жылоондо\ Экиден желдет талпылдап,\ Он эки жайсаң келгени…», «…Алты жасоол жол баштап,\ Ортосунда чоң кула ат\ Онжоңдотуп жетелеп,\ Он эки жайсаң бош коштоп,\ Жети желдет желдирип,\ Жол ачкын деп бош- боштоп…», «… Капка баккан жайсаңдар\ Катар жатыр булайып,\ Өлүп жатыр сулайып…» деген саптар көптөп кезигет. Ушулардан караганда, жайсаң өз кезинде хагандын вазири болгон. Кыргызда бийлигинде да вазир (Чоро) катары каралат. Бирок, кийинки кездерде жайсаң мансабы колдонулгандыгы жөнүндө ишенимдүү материалдарды көрө элекпиз.

 

Жаңжүн, сангун

Бул мансап байыркы кытай тилинен «Жаңжүн» (将军) боюнча кирген. Эң алгачында илгери Чүнчию доорунун Жиго бектиги «Жаңжүн» мансабын койгон. Кийинки доорлордо улуу жаңжүн, кенже жаңжүндөр коюлган. Жаңжүн мансабы Кытайда илгертен тартып, изи суубай биздин доорго жеткен жоокердик мансап аты болуп саналат. Түркү тилдеш улуттарга, асыресе, кыргыздарга тараган мансап аты. Бул мансап аты кыргыздарга тээ Эне-сай доорунда эле жеткен (Балким Лии Лиң кол башчы тараткандыр), Эне-сай ташка тамга басылган жазмаларда «Сангун» деген айтылыш менен ташка чегилген. Алып көрсөк, барк 3- эстелик ташта «Байна сангун Оглы Күлүг Чор» деген баян сабы бар. Бул жазмадан Күлчоронун атасы жаңжүн деген түшүнүккө келебиз. Балким, Алмамбеттин ислам динине кирүүдөн мурдагы аты Сорандиктин уулу Байна болуп жүрбөсүн деген ой кетет. Эмнеси болсо да, жаңжүн мансабы кыргыздарда эртеде колдонулгандыгын ырастоого абдан болот. «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» кыргыз өкүмдары «Эр кишинин» кол алдындагы алты даражанын бирөө «Сангун» экени айтылган.

«Жаңжүн» мансабы жоокердик тарыхты баяндаган «Манас» жомогунда да кеңири айтылат. Айтмак, Кытайдагы Манасчылар эле жаңжүн мансабын кошо айтып эле калбай, Кыргызстандын залкар Манасчысы Сагымбай Орозбак уулунун айткан «Манасынан» да жаңжуң деген мансап атын көптөп айтканын жолуктурабыз. Мисалга тартсак: «Малакай кийди башына\ Алты жаңжуң ээрчитип\ Жолдош алып кашына\ Жаңжуң деген улугу» деген баянды кезиктиребиз (Сагымбай Орозбак, «Манас» 3-китеп 121-бет). Ал эми, Жүсүп Мамай айтымында: «Ай жаңжүндүн жерине\ Келип калды элине\ Кайгуулчу келип капташты\ Кароолчу турган белине» деген саптар бар. («Манас» ички материал 297-бет).

Кийинки кездерде, атап айтканда, Чиң доорунда Чиң өкүмөтү чек ара райондорго «Жаңжуңфу» куруп, элди бийлеткен. Кытайлык кыргыздарда 1940- жылдары Ысакбек Монон уулу жаңжүндүк мансапты алган (中将军Генерал- лейтенант). Ал эми Кыргызстандагы кыргыздар азыр (30- жылдардан кийин) жаңжүн мансабын «Генерал» деген сөз менен туюнтуп келет.

 

Даркан

Эртеде кыргыздарды өз ичине алган түркү- моңгул тилдеш улуттар колдонгон мансап аты. Эң эртеде бийликтин кол башчысы «Даркан, таркан» болуп аталган. Кытайча тарыхый жазмаларда даркан сөзү «答刺罕 ,达干» деген каттар менен тыбышталып жазылган. Окумуштуулардын жоромолунда, бул сөз аварлардан туурап иштетилген «答寒» сөзү болушу мүмкүн экен. Бирок, 11-кылымдагы кеменгер бабабыз Махмуд «Түркү тилдер сөздүгүндө» «Таркан сөз исламдан мурдагы «Бег» маанисиндеги бир мансап аты − аргуча» деп чечмелеп өткөн (1-том, 568-бет. Уйгурча нускасы). Жакынкы окумуштуулар даркан сөзү кытайча «达官» деген мансап атынан улам айтылган деген түкшөмөлдөрүн айтышат.

Абылгазы Багадурхан «Түрк санжырасы» деген китебинде «Даркан, ханга качан кирем десе эшик ачык, андан эч нерсе албайт. Күнөө өткөрсө, тогузгача сурабайт. Тогуз муун өткөндөн кийин анан сурайт» деп жазат. Бул мааниден караганда, даркан мансабы хагандык бийликтин эң жогору кол башчылык мансабы болуп, ал бийликте кызматы аябай өткөн эрлерге берилген түрү бар.

Кыргыздарда «Даркан» мансабы кыргыздардын бийлигинин баш кишиси «Эр» аталып турган кезде болгонун «Жаңы таңнаама. Кыргыздар санжырасында» айтылганын билебиз. Андагы алты мансап даражасында 6-болуп саналат. 848- жылы айланасында Кыргыз хаганатында Аба даркан деген кол башчы адам болгон. Ал түндүк жакка кол тартып, кыргыз чебин түндүккө карай чойгону тарыхта жазылган. Андан бөлөк, Аба даркан кол башчы Таң ханышайы Тай хыны алып качкан жоонун колунан куткарып, аны Таң ордосуна жеткиргендиги жөнүндө баянды «Куйчаң салтанат жылдарындагы баяндар» дегенден окуганыбыз бар.

«Даркан» сөзү ташка тамга баскан жазууларыбыздан «Сужи эстелигиндеги» «Мен Кутлук Бага тархан оге буйрукчумун» деген сабын окуйбуз. Буга караганда, даркан сөзү таш жазма эстеликтерде да болгонун көрөбүз.

«Даркан» сөзү кыргыз эл адабиятында, «Манас» эпосунда да кезигет. Бирок, ал кандайдыр бир мансап катары эмес, сөз мааниси «Зор, кенен, олбурлуу» деген маанилердеги сөздөр катары айтылганын көрөбүз. «Даркан» сөзү азыркы моңгул тилинде да айтылып «Зобололуу, кеменгер» деген маанилерде колдонуп келет. Ушуга караганда, «Даркан» алтай тил системасындагы карт сөздөн болуп, кайсы бир тарыхтарда мансап аты, андан кийин ардактуу атак катары айтылып, ушул заманда кыргыз, моңгул тилдери сыяктуу тарыхый узун тилдерде сакталып калган окшойт.

 

Япгу

Тарыхый материалдардан караганда, япгу мансабы тарыхта кыргыздарды өз ичине алган түркү тилдеш улуттарда эң эртеде жалпы колдонулган мансап аты. Эң алгачында башкы өкүмдарга айтылган, андан кийин хагандык курулган кездерде бул мансап бийликтин экинчи даражасында, же болбосо, хагандын мартабасы үчүн хаган деген сөздүн алдына коюлуп атала турган болгон. Ал кытайча тарыхый материалдарда «叶护» деген кат менен тыбыштап жазылган. «Жовнаама. Түрктөр санжырасында» түрктөрдүн баш кишиси япгу деп аталат, андан кийинки мансаптар шаа, тегин, элтебир, тутун болот. Андан төмөн да 28 даража кенже мансаптар коюлат деген маалымат бар. Орхон-энесай ташка тамга басылган эстеликтерде «Ябх» болуп жазылган. Таш жазма эстеликтерде: «Батыш түрктөрдүн 3- урпак каханы япгу кахан деп аталган» (Шө зуңжин «Түрктөр тарыхы» 120- бет). Ал эми, Махмут Кашгаринин «Түркү тилдер сөздүгүндө»: «Япгу хагандан эки даража төмөнүрөөк болуп, бухарадан чыккан мансап аты» делинген (Т. Т. сөздүк 3-том).

Айтмак, кыргыздарда орто кылымда же андан кийин «Япгу» мансабы колдонулгандыгы жөнүндө колубузда ишенимдүү материал азырынча жок. Эл санжыраларында, «Манас» эпосунда да япгу мансабы айтылгандыгын таба элекпиз. Ушуга караганда, «япгу» кыргыз тарыхынын терең катмарында бүктөлүп, жабылып калган өңдөнөт. Эң эле кийинкиси «Түркү тилдер сөздүгүндө» жазылып калган окшойт деген жоромолдон башка сөз айта албайбыз.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу
КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору,
филология илимдеринин доктору

Соц тармактар:

Добавить комментарий