Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баш кишилери (кагандары)

Кытай жазмаларындагы ырасмий маалыматта, Кыргыз мамлекетинин баш кишилери булар болгон:

1. Какей хан (583-жылы).

Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583- жылынан 603-жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы 99-ором. «Түрктөр баян»).

 

2. Элтебер Ишбара ажо (643-жылы).

Жазма тарыхка караганда, Элтебер Ишбара ажо 643-жылы Кыргыз бийлигинин ажосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхый жазмаларда кенен жазылган. Ажо 648-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң- анга өзү элчилик тобун баштап келип, эмператордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажого сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажо да сый дасторкондо, кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнчү болуп: «Теги-түбүбүз бир экен», — деген сөздү айтып, ажоону абдан урматтаган. Элтебер Ишбара ажо 37 жыл тактыда олтурган деген маалымат жазылган.

 

3. Тачам кутлук (681-жылы).

Кытай жазма булактарында, кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изделип жатат. Тачам Кутлук 681-жылдан 693-жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турганы жазылган.

4. Жетисан Бекбай Багачор (693-708)

Кыргыз бийлигинин Тактысында 14 жыл чамасы отурган. Бул кыргыз хаганынын ысмы жана мансабы кытай тарыхында айкын жазылып гана калбай, анын таштан сомдолгон айкели да таң падышалыгынын байыркы ордосу «Чаң-анда» ушул күнгө чейин турат. Кытай тарыхында, бул кишиинин өз аты «Жетисан» экени, ал өз кезинде «бек» болгону жана «бай» деген атагы бар экени, ошол кездеги мансабы «багачор» аталган деп чечмелеген. Ал эми таң падышалыгы аны «сол канат сангун, кыргыз коргоочу мекемесинин тутугу» деген наам менен атаганы жазылган. Кыргыздын бул баш кишисинин байыркы ордо Чаң-анда (азыркы «Ши-анда») таш айкелинин тургузулушун мындай чечмелеген: биздин санактын 683-жылы таң падышасы Таң Гавзоң (Ли Жие) каза болгондо, анын кара ашына келген чет элдик төрөлөрдү эстеликке алуу үчүн, 684-жылы таң падышалыгынын тактысына чыккан аял падыша Ву Зытыян буйрук берип, ал кара ашка келген чет элдик төрөлөрдүн айкелин таштан ойдуруп, падыша көрүстөнүнө тургузууну чечет; ошону менен, азыркы Ши-Ан шаарында, 61 мамлекет жана бектиктердин төрөсүнүн таш айкели «Чыянлың» аттуу Таң Гавзуңдун көрүстөнүнүн аянтына аза күтүп турган кейипте, 24 жыл ичинде бүтүп тургузулган; бирок кийин ал таш айкелдердин баштары жоголуп, «61 башсыз таш айкел» деген аталыш менен ушул күнгө жеткен. Бирок мен барып көргөн кезде, кыргыздын бул баш кишисинин айкели башы менен (чокусу учуп кеткени болбосо) турган эки айкелдин бирөө болуп чыкты. Көрсө, ал баш 1974-жылы жергиликтүү дыйкандар жагынан кайсы бир жерди казууда таап алынат да, изилдөө аркылуу ал «кыргыздын башы» экени ырасталып, башын өзүнө аштап кайра катырыптыр. Ал эми өз кезинде, алардын аты- жөнүн жон жагына чегип койгон экен, ошол жазмасы сак калган 6 айкелдин дагы бирөө ушул кыргыздын баш кишиси Жетисан Бекбай Багачор болуп чыкты. Мен бул айкелди өз көзүм менен көрүп, ал таш айкелди сүрөткө алдым.

 

5. Барс бек (708-жылы).

Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барс бек кыргыз хандыгына 708-жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барс бектин баяны чыгыш түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барс бектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барсбек Чыгыш Түрк хаганы кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк деген баяндагы хаган ошол Барс бек болмогу убакытка шай келип турат.

 

6. Кутлук Билге хаган (711-жылы).

Кутлук Билге хагандын баяны 718-жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен бирге согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган» кошуун деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына «Оң канат ноён сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.

 

7. Ишбара Шайжо Баш эркин (722-жылы).

Тарыхый булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара Шайжо Баш эркини 722-жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш эркин тактыда бир жыл гана олтурганы жазылган.

 

8. Чолпон Бага Чоң эркин (723-жылы).

Тарыхый жазмада, кыргыздын Чолпон Бага Чоң эркин баш кишиси 723-жыл дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң эркин тактыда 35 жыл отурганы жазылган.

 

9. Билге Тон эркин (758- жылы).

758-жылдан 790 жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон эркин кезинде, арабтардан абдан оор кебез булаа олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганын жөнүндө баян жазылган.

 

10. Кыргыз хан (790-жылы).

Кыргыздарды карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин, уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте кыргыздардын баш кишиси «Кыргыз хан» деп аталат деп да жазылганы бар.

 

11. Бойла Кутлук жаркан (822-жылы).

Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхый жазмаларында эң көп баяндалган хаганы болуп, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Асыресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыгыз байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Эне-сайдан баштап, Тияншан- Памирга чейинки аймактар экени тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң-анга келгенде, падыша өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгениги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, баянын жаздырып, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Ал китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок бул китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу турат. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы Таң императору өтө салтанат менен, атайын элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.

 

12. Орус инал (1207-).

Кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «Инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инали, Каркатай инали деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз.

 

13. Мөңкө Темир хан (1399~ 1415)

Тарыхта Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталган. моңгол бийлиги тушунда ооматы келип, Атсо, артай уруулару менен биргелешип, ойрот ханын жеңип, кандык тактыда олтурган. Юан падышалыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. Бийлик жүргүзгөн кезде «ойротто жок» баш киши болуп өкүмүн жүргүзгөн.

 

14. Эскей хан (1415~1425)

Мөңкө Темир хандын баласы. Аны эл ичинде Отор хан деп да атаган. атасы Мөңкө Темир хан (Огачы Кашка) ойроттор жагынан өлтүрүлүп, бир мезгил бийликти ойроттор алган. Эскей эр жетип, Миң падышалыгынын колдоосу менен моңгол талаасынын бийлигин кайрадан алып, 10 жыл тактыда олтурган. Кийин бийликти кайра батыш ойроттор алуу менен, кыргыз бийлиги колдон кеткен. Ошондон соң кыргыздардын батышка көчүүсү басым болуп, моңгол талаасы кыргыздын колунан кеткен.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу,
КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору,
филология илимдеринин доктору

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий