Шайлообек Дүйшеев: “Кыргыз кышы”

Орус поэтикасында, поэтикасы эле эмес, жалпы эле орус коомунда “орус кышы” же “русская зима” деген түшүнүк бар. Айтыла берип, жазыла берип, таңуулана берип, орус элинин “менчигине” айланып, кадыресе “орус кышы” болуп кеткен. Түптүү, долу, өжөр, көк бет эл ушундай.

Пушкин, Есенин, Тютчев, Фет жазган орус кышы чынында эле укмуш!!!

Орусияда армияда кезимде жаштары жапырт шаарга баса берип, каралбай, таралбай калган орус хуторлорун көп көргөм. Бир күнү эле ошол хуторлордун айыбын да, айыпсыз азап-тозогун да душман көзүнө көрсөтпөй, Александр Сергеевич Пушкиндин ямщигине окшогон коңгуроолуу аппак кыш каптап өтүп кетүүчү. Көрүп ал анан!

Кудайдын кышы жер үстүнөн кылайган ала калтырбай, ойрон орустун жамандыгын жаап-жашырып, баарын тегиздеп, баарын унуткарып, ак аюудай баарын таман алдына басып калар эле. Ошондо кудуреттүү кыштын өзү дагы дүйнөдө эмнеге колу жетсе ошонун баарын орустуку кылгысы келген, жадагалса Кудайдын кышын да орустуку кылгысы келген орус калкынын өжөр, өзүмчүл мүнөзүнө окшоп кетер эле. Буга бир чети ардансам, бир чети суктанчумун…

Анан мен дагы кыргыз поэзиясына “кыргыз кышы” деген түшүнүктү киргизсем деп тилер элем. Муну мен эми бүгүн, керемет кыргыз жеринин башка аймактарынын көбүнөн кышы катаал Ат-Башынын мисалында айтып олтурам.

 

КЫРГЫЗ КЫШЫ

Алкынганда аппак ызгаар төгүлгөн,
“Ауу!” десе таш экиге бөлүнгөн.
Кыргыз кышын көрдүң беле андагы,
Кызыл бороон кырдан-кырга сөгүнгөн.

Кузгун да жок, куш дагы жок, бак да жок,
Кудай гана жалгыз мында жаккан от.
Куюккандан чыдай албай Ак-Сайда
Кулап түшөт суугуна аткан ок.

Күйүккөндө күндүк жолдон күрсүнүп,
Күүлөнгөндө күрткү болуп түртүлүп.
Күкүктөнгөн ызгаар агат бир гана
Күн Чыгыштан Күн Батышка бүркүлүп.

Жээликкенде жер табалбай сыйгандай,
Жел да тоңуп, желип-жортор кыр калбай.
Жээгин бербей мелт-калт болуп кыш жатат,
Жер шарынын кышын мында жыйгандай.

 

АТ-БАШЫДА

Албууттанып аяз тоого соктугат,
Ала буурул адыр-түздөр кошкурат.
Ак жоолукчан кыш далбактап эшикте
Айылдардын боорун жүрөт топчулап.

Кайыңдынын кара суугун түшүнбөй,
Карагайлар калч-калч этет бүтүндөй.
Жылуу түтүн колу менен көктөгү
Жылдыздарды кармап турат түшүрбөй.

Сай жалтылдап тонун муздан тиктирген,
Сагызгандар бадалдарга тик кирген.
Салып-уруп сарайына баратат,
Сары-Коолук сары жигит ЖИП минген.

Аз калгандын шамал бүтөп жылчыгын,
Ач калгандын ак кар бүтөп жыртыгын.
Эңкейиштен экиленген жыт келет,
Эттин жыты… болгондо да жылкынын.

Бул өрөөндү ызгаар менен апаптап,
Буудан минген чилде жүрөт акактап.
Бубак баскан зым карагай түбүндө,
Бубак баскан эшек турат апаппак.

Алтай-жетай, чеги кайда, билинбей,
Азапка да, тозокко да ийилбей.
Асман-Жердин ортосунда жатат кыш,
Ат-Башыга таштап кеткен Сибирдей.

 

АТ-БАШЫГА БАРГАНДА

Ат-Башыга бара калсам, баягы,
Асман-Жердин аппак болуп аягы.
Канча жылдан бери таппай келаткан
Карды көрдүм, көрдүм сары баланы.

… Айылдардан анда жалаң кут агып,
Аяп тийчү Күндүн табы жукарып.
Үшүгөндөн кире качып от үйгө,
Үшүгөндөн аяз турчу кызарып.

Кайран кез ай, бубакка окшош зымдагы,
Каңгып жүрүп кайткан кезде шымдары
Картон болуп… кагып-силкип апабыз,
Кактап мешке кайра киши кылганы.

Колтугунда ойноп өстүк муз-кардын,
Коюнуна кар салчу элек кыздардын.
Эмне кылар айла таппай ошондо,
Эриндери күйүп кетчү ызгаардын.

Чокулары алда кайдан көрүнүп,
Чоорун тартса бороон болуп төгүлүп .
Агып жаткан экен ак жал дайрасы,
Ала буурул аргамжыдай өрүлүп.

Коньки тепкен көралбадым балдарды,
Короолорду “Аудилер” айланды.
Согум сойгон жерден көрдүм соксоюп,
Сотка чукуп олтурушкан чалдарды.

Ушунча жыл мени кимге кул кылды,
Улуулугуң бүгүн араң туйдумбу?
Тоону тиктеп шамалыңа тууган жер,
Топозго окшоп тосуп турдум мурдумду.

 

* * *

Асмандан аздап бөлүнүп,
Агарып тоолор көрүнүп.
Ак чаңгыл болгон булуттан
Ай түштү сайга өрүлүп.

Ай түшкөн ошол сайдагы,
Ачмыйып арык талдары.
Айылдын көзү кыпкызыл,
Айнектен тиктеп тамдары.

Күрөндү кылган дөбөнү,
Күрөк тур бурчта жөлөнүү.
Ит барып жаба сийди да,
Ийреңдеп ары жөнөдү.

Түйдөгүн түрүп күндөрдүн,
Түтүнү бийлейт үйлөрдүн.
Түйшүгү жеңил болгойле,
Түн катып жолдо жүргөндүн.

Тытынып шамал ынтыккан,
Тырмалайт тынбай жылчыктан.
Сактай көр, Кудай айылды,
Саат-сабыр, бөөдө кырсыктан?…
21-январь, 2017-жыл, Арча-Бешик.

 

* * *

Буурадай жолдо лакылдап,
Буулукса бороон жакындап.
Булуттар “чаңын” күбүдү,
Будуң-чаң түшүп лапылдап.

Адыр-түз, там-таш, мал корук,
Агород, кемпир-чал болуп.
Ала жер калбай айылдан,
Агарып жатты кар болуп.

Ат жолдор тоого ашыгып,
Айдоолор чээнге жашынып.
Кечээки келген бейитти
Кепиндеп кетти жашырып.

Аздан соң тынчып, мемиреп,
Аптыккан аба демигет.
Түбүндө көңдүн көк дөбөт,
Түндөгү сөөктү кемирет.

Тиштеген данын түшүрбөй,
Тирмиет чымчык үтүрдөй.
Керели-кечке тынбастан
Керней тартат түтүндөр.

Саяктар салат бозосун,
Сагалы эстейт топозун.
Чоң ызгаар, тышта бөбөк тур,
Чорбойтуп алып чочосун.

 

* * *

Толготту асман тунарып,
Тоз каптап жерди мунарык.
Тоолордун баары–кыламык,
Токойдун баары–буламык.

Кара жол, ат жол агарып,
Кар жатты карга каланып.
Агарбай койду бир гана
Каргалар көктө карарып.

Көбөөттөр окшойт–уяга,
Көк дайра–төккөн сыяга.
Жок издеп чыккан андагы
Жолоочу барат кыяда.

Ак көңүл, кыроо, секелек,
Аптабын сууктун сезелек.
Алгачкы кышты айылга
Апкелди шамал жетелеп.

Көмүрсүз күндөр жашты алат,
Көйгөй да мында башкараак.
Көз жоосун алган элетте
Көр оокат эми башталат.

 

* * *

Каймактай талаа. Зым мамы–
Карагай комуз. Зымдары–
Каамытсыз калган элеттин
Кайрыгын черткен кылдары.

Санаасыз күндөр кылымдай,
Сай тоздоп “мурду” тыйылбай.
Сарайлар түтөйт коктуда
Салаага кыскан чылымдай.

Көр-жерди ызгаар агызып,
Көгөрөт чийлер кайышып.
Көк муштум талга таранчы
Көз жашын өттү тамызып.

Агалбай булут көгүндө,
Азасы турат өңүндө.
Айталбай койдум мен ага,
Адашкан бакыт жөнүндө.

Атайлап келип төргө Күн,
Адырдын сылап бөйрөгүн.
Арманда кетти чечалбай
Ак кардан кийген көйнөгүн.

 

* * *

Булут чаңдап, кар боройлоп,
Булуң-бурчту копшогон.
Бул айылды басты будуң,
Бурганактап боздогон.
Зыркаар ырын алып учуп,
Зымкарагай созду обон.
Жол бечера адашты го,
Жондон үзүп топ бороон.
Какшайт ызгаар эски оорудай
Качанкыны козгогон.
Кашат жактан улуйт шамал,
Карышкырга окшогон.
Жанга-малга не болду экен,
Жалгыз-жарым оттогон?
Кылч-кылч этип кымтыланып,
Кыш далисте боздогон.
Кепе тамда зикир чалат,
Кеч бошонуп ноктодон.
Калдалаңдайт көлөкөлөр
Кара чырак коштогон.

— Айтчы, энеке, жомогуңду
Алда-качан токтогон.
Азадар түн кайдан келди,
Ай карегин жоктогон?

Айтчу элең го: “Абайлай көр,
Арам оокат жан бузат”.
Адал жолду кайдан табам,
Азабы жок, кайгысы аз.

Дагы канча агыш керек,
Дайрасында азаптын?
Көздү жумсам кум куюндап,
Көзүмдү ачсам басат муң.

Өз элим деп өңдөн азып,
Өзгө Күнгө кактандым.
Кагаз-талаа, кар-өмүрүм,
Карандаштай аз калдым…

Шайлообек Дүйшеевдин фейсбуктагы өздүк барагынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий