“Куюн доордогу” тарых чындыгы

Ата-бабаларыбыздын акыркы эки кылымда баскан жолун сын көз менен талдап, алар кетирген кемчиликтерден айрылалы! Олжобай Шакир 2016- жылы чыккан “Куюн доор” романында ушул ой окурманды учуктай жетелейт.

Олжобай Шакирдин “Куюн доор” романы — кыргыз элинин дээрлик эки кылымдык жашоосунун күзгүсү. Себеби, жазуучу элдин Октябрь төңкөрүшүнө чейинки жана совет мезгилиндеги жашоосун идеалдаштырбай, тескерисинче, бүгүнкүгө дейре кулк-мүнөзүндө жана салт-санаасында сактап келаткан кемчиликтерин, бөлтөктөрүн, күзгү сыяктуу эмес, микроскоп астында карагандай кылып, эңгезердей көз алдыңа тартат. Романда соңку 10-15 жылда чыккан китептер сыяктуу уруу аксакалдары же журт аталарын көрөгөч, даанышман катары даңазаланып сыпатталбайт.

Бул роман окурманда ата-бабаларыбыз ошончо кыйын болсо, анда эмнеге XIX жүз жылдыкта көпчүлүктүн этеги такымына жетпей, кат тааныбай, ак падышанын этегине эрмешип калды? Эл башкарчу азаматтарыбыз кыйын болсо, төбөлсүз өлкөбүз жемкорлуктун сазынан чыкпай, саясый айдыңда“Кызыл кыргын, сары сүргөн өкүм сүрүүдө?” деген күдүк ой пайда кылат же ушундай суроолордун үстүнөн ойлонтконго түртөт.

Бирок жазуучунун максаты: “Кылдан кыйкым табуу”, элибиздин өткөн тарыхын шылдыңдоо эмес. Эй, калайык, ушундай кемчиликтерибизден айрылалы! Коомубузду өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошчу өнөрдүн түрлөрүн өздөштүрөлү (!) деп үндөө. Ушундан келип, Олжобай Шакир: “Көңкү кыргыздын арылбас шору-эл жакшыларынын, уруу-урук тандалмаларынын көңдөй баштарын көрктөгөн илим-билим, акыл эмей эле тебетей болуп атпайбы! Көңкө кыргыздын көөдөнүн караңгы чалганы шул эмеспи?!” деп, төрт аягы кишенделген тулпардай жер чапчып кишенейт. Мындай эл башына түшкөн катаалчылыктарды көркөм боёктор менен кызыл жаян кылып сүрөттөп, окурманды аябай, жашоо чындыгын көз алдына тарткан сценалар “Куюн доор” романында бир топ.

Тарыхчы-аалым Кыяс Молдокасымовдун айтымында, Олжобай Шакир эл жакшыларын башка жазуучулардай ашыкча идеалдаштырбайт жана аларды тарыхый чындыкка жакын кылып сыпаттайт.

— Ушу жагынан караганда, Олжобай Шакирдин тарыхый романы чындыкка көбүрөөк жакын. Тарыхый чыгармаларда кайсы бир каармандын образын ачып берүүдө көбүрөөк көркөмдөп, идеал тута тургандай деңгээлге чейин көтөрүп жазган учурлар көп. Ал эми “Куюн доор” романында ошол замандагы кыргыздардын нукура турмушу, улуттук деңгээлде ойлонгон каармандары азыраак экендигин, көп учурда уруу башчылардын, жер-жерлердеги эл башчылардын калкты келечекке, жаңычылдыкка үндөөдөгү алсыздыгын, даанышмандык аракеттери чабал экендигин реалдуу көргөзөт. Анткени, архивдердеги эски документтерден ошо доордогу кыргыздын мен, мен деген уруу башчылары, манаптары, бийлери, эл башчылары чөлкөмдүк ой жүгүртүүдөн өйдө көтөрүлө жана элдин келечегине кам көргөн деңгээлге өсүп жете албагандыгын көрүп, бир чети өтө кыжаалат болосуң. Бул тарыхый чындык. Ушу тарыхый чындык ал доорду өтө эле көкөлөтө бербей, оош-кыйыштарын да жазып, эл башчылардын деңгээли ушундай эле, эми кандай деп; ошондон кичине сабак алып, алга умтулуу, алга өнүгүү, башкача өңүттө аракеттенүү болуп жатабы деп, Олжобай Шакирдин романын окуган окурманда ой жаралыш керек.

Бул жагынан алганда, казак жазуучулары, ошо мезгилдеги айрым белгилүү казак инсандары жалпы элдин келечеги үчүн улуттук масштабдан аракеттенгени көбүрөөк байкалат.

Оодарыш. “Куюн доор” романынан алынган сүрөт.

“Куюн доор” романынын баш каарманы Токтогул. Ал эки инисин бугулардын манабы Боромбайдын барымтасынан куткаруу үчүн Ат-Башыдан Каркырага казактардын Тезек төрөсүн ортого салганы барып, анын оң колуна айланат. Баласы Каңдыбай ошо жакта чоңоюп, кийин эр жеткенде элине кайтып келет. Уулдуу болуп, атын Эшмамбет коюп, ал да аксакал карыяга айланат.

Түндүк Кыргызстанды орус оторчуларынын басып алуусу, 1916-жылкы Улуу Үркүндүн трагедиясы, совет бийлиги тушта кыргыз айылдарын коллективдештирүү, нааразы болгондорду эл душманы деп каралоо, Ата мекендик согуш кездеги ооруктагы жашоо жана андан кийинки турмуш — ушу тарыхый окуялардын баары үч муундун тагдыры аркылуу берилет. Арийне, 450 барактык китепке кыргыз элинин XIX кылымдын ортосунан берки баскан жолун толук сыйдыруу мүмкүн эмес.

Ошондон чарбаларды коллективдештирүү кызуу башталган 1928-жылдан берки окуялар, каармандардын жашоосу китептин биринчи бөлүгү сыңары чабыттуу берилбейт, дейт адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев:

— Негизги идеялардын фабулалык алкагында үчүнчү бөлүмү аз болуп калган. Бул бөлүм өзүнчө эле чоң эпопеяга сыя турган окуяларды чапчыган. Бирок, ал окуяларды жазганга Олжобай Шакирде убактысы да жетпеген окшойт. Жалпысынан, бул роман кыргыз адабиятында стили, идеялык жактан да башка чыгармалардан кыйла айырмаланган, кыргыз тарыхына башкараак көз караштан караган жакшы чыгарма.

Бул, албетте, мээнеткеч жазуучу Олжобай Шакирдин чыгармачылык дараметин билип айтылган сөз.

Үркүн. “Куюн доор” романы.

Менин байкашымча, орус падышалыгы казак менен кыргыз манаптарын кайраштырууда, урууларды жиктештирүүдө, Жети-Сууну басып алууда татар тилмечтерин канчалык эптүү пайдаланганын казак жана кыргыз калемгерлеринен биринчи болуп Олжобай Шакир “Куюн доор” романында жазды.

Өкүнүчтүүсү, тилмечтердин образына жазуучу көп токтолбойт жана кыргыз манаптары аларга жеңил эле жетеленип калат. Муну тилмечтердин артында улуу күч — Россия турганы үчүн сөзү өтүмдүү деп түшүнсө болот. Деген менен, Олжобай Шакир тарыхый документтерди өтө ишенимдүү колдонгондуктан, жазуучу өзү “Куюн доордун” жанрын роман деп көрсөткөнү менен, көпчүлүк окурмандар аны тарыхый чыгарма ирети кабыл алат.

Романдын мындай өзгөчөлүгүн илимпоз-тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун сөзүнөн да байкоо мүмкүн.

— Олжобай Шакир тарыхый романдын үстүнөн бир нече жыл иштеп, изденип, ар бир тарыхый окуяга келгенде тарыхчылар менен кеңешип, тарыхый окуяны көркөм бергенге аракет кылды. Биздин бир топ жазуучулардын, алардын ичинде карыя калемгер Калканбай Ашымбаев, Абдыкерим Муратов, Арслан Койчуев, Акбар Рыскуловдун тарыхый чыгармаларды жазганы кубандырат. Алардын ичинен мурда аңгеме жазып жүргөн Олжобай Шакирдин жаңы романы оригиналдуулугу менен айырмаланат. Бул эмгектен калемгердин тарыхый роман жазганга даяр экендиги чыгарманы окуганда дароо эле көрүнөт. Ал айрым бир тарыхый окуяларды, мисалы, кыргыз-казак мамилесин, 1844-45-жылдардагы кыргыз-казак кагылышуусун жаңыча чечмелеп бергенге, башкача өңүттөн караганга аракет кылган. Орусиянын империалисттик, колониалдык саясаты эки элди карама-каршы койгон, кыргыз-казактын эч качан өз ара карама-каршылыгы жок болчу деген таризде берген. Автор эки эл арасындагы кагылышка орус солдаттарын да аралаштырып, өз фантазиясын колдонот.

Бела Уитц. Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү». Эскиз. 1936-жыл.

Башка тарыхый романдарды окуганда көбүнчө каармандар жандуу диалог, кызыктуу баарлашуу жагдайында жазылса, окуя көбүнчө баяндоо иретинде берилет. Бул жагынан да роман башка чыгармалардан өзгөчөлөнөт.

Адабиятчы Жолдош Турдубаев “Куюн доор” романындагы казактардын атактуу Тезек төрөсүнүн кебин угуп, кыргыздын манаптары өз ара элдешип, ынтымакка келбегени “Куюн доор” романында абдан ишенимдүү жазылганын да белгиледи.

— Олжобай Шакирдин кыргыз жазуучулары арасындагы өзгөчөлүгү-раматылык Салижан (Жигитов) агайга окшоп жеке өзүнө да, кыргызга деле сын көз менен караган авторлордон. Олжобай Шакирди биздин “жарма мекенчилдерден” өйдө турганга аракет кылган, Салижан агайдан таалим алгандардын бири деп эсептейм. Бул романдын 1-бөлүгү сапаты, сюжеттик иштелиши жагынан да, окуялардын ырааттуу берилиши, ар бир бөлүмдүн, баптын ирээти жагынан да чыйрак чыккан. Ошого 1-бөлүк китептин жарымысын ээлейт. Китеп XIX кылымда Кыргызстандын Орусияга кошулар алдында уруулардын бирин-бири чабышып, байлар уурулукка, каракчылыкка пайдаланган жигиттерди баатыр деп далыга таптаган, кыргызды кырып-жойгон доордон бери келген окуяларды камтыган чыгарма. Китептин 1-бөлүгүндөгү мага эң жаккан образдардын бири- казактын Тезек төрөсү. Ал киши кыргызга күйүп, атайын келип: “Кырылыша берсеңер, чабыша берсеңер кимге пайда?” – деп, кыргыз манаптарын ынтымакка чакырат. Кыргыз эл башчылары бирикпейт коёт. Бул аябай өкүнүчтүү жагдай.

Олжобай Шакир “Куюн доорду” жазууга камданып жатып, бүркүтчүлүк, саяпкерлик, орнитология, элдик медицина, этнография, аскер куралдарын, XIX кылымдагы соода мамилелерин, атүгүл элдин тил өзгөчөлүгүн кылдат изилдеп чыкканы романдан бажырайып көрүнөт.

“Күтүрөтүп мал айдап жүргөнү менен эндей кара кыргызда аштык тартыш… Күнүмдүк тирилигине керек оокаттын баарын Пергана, Кашкар, Кулжадан саттырып жеген элдин келечек жолуна ой серппейт (Токтогул)… Алчынбайыр, басма чыт, бачайы, шайы, кымкап, чачпак, жибек, шөкүлө, кучмач ээр, ак каңгы ээр, абайы өтүк ат жабуу, сары жаргак чепкенди Перганадан алдырса, Кулжадан күзгү, тарак, шуру, билерик, иймектен тартып түрдүү боёктор менен ийне, жип-шуу, чыны-чайнектен өйдөсүн алдырат. Жер-жемиш, мөмө, күрүчү менен көк куйрук чайды Кашкардан алдырып ичет ко бу кыргыз. .

Жогорудагы саптарды окуп жатып, аргасыздан ошондон бери эмне өзгөрдү деген суроо жаралат. Алдагынын баарын көрүп-билген баш каарман Токтогул жана уулу Каңдыбай өз айылында дөшкө (картөшкө) тигет.

Биринчи агитаторлор. “Куюн доор” романы.

Жолдош Турдубаев кыргыз тилиндеги тарыхый чыгармаларда Каңдыбай сыяктуу дыйканчылык маданиятын алып келген адам алгач ирет Олжобай Шакирдин береги романында баш каарман болууда дейт.

— Кыргыз романдарында Каңдыбай сыяктуу каарман биринчи жолу берилип жатат деп ойлойм. Каарманды орусча “герой” дейт эмеспи. Эл суктангандай каарман болгондо, көбүнчө, баатыр деп, баатыр болгондо дагы жоого аттанган, жоо чапкан, согушкан адамдар эсептелген тарыхый чыгармаларда. Каңдыбай кандуу согушка катышпаганы менен эмес, биринчи кезекте, кыргыздардын турмуш-тиричилик менталитетине, өзгөчө, түндүк Кыргызстандын элинин кескин айырмаланган, тиричилик маданиятын, дыйканчылыкты алып келгени кызыктуу каарман.

Бишкекти баатыр болгон деп айтышат. А чынында, бу Бишкек баатыр эмес, Бишкек деген кедей-дыйкандын атына коюлган деп, Папан Дүйшөнбаев китеп жазып, далилдеп чыкпадыбы. “Куюн доор” романында кан төгүшкөн, согушта салгылашкан деле эмес, жаратман, эмгекчил дыйкандардын, башка чөйрөдөгү адамдардын баркын билгенче эл жана улут өнүкпөйт деген идея бар. Ошо Каңдыбай деген кейипкердин образы мага жакты. Абдан жакшы, жандуу жазылган. Дагы бир каарман-Токтогул. Ал нукура элдик киши. Анын да тагдыры жакшы чечмеленген.

Сөз соңунда Олжобай Шакир бу китебинин өзгөчөлүгү-бөлүктөрүнө ат коюудагы чеберчилиги. Окуп көрөлү:

“Миң жумуртка бир ташка түтпөйт. Бузукунун тил учунан тутанган өрт коркунучтуу. Душмандын айбалтасынан өткөн курч кебез. Кекчилдин өзөгүнөн өрт өчпөйт. Оң жаакка жесе, сол жаагын тоскон эл. Чындыкка көлөкө түшүргөн кызыл тил. Карандай калп апапакай чындыкка оролот. Даанышмандын көлөкөсү жылуу. Жалгыз аяк жолду талашкан качкындар. Аракетин аштыкка алмашкан эл. Бечаранын башынан таяк кетпейт”.

Бул китептин 1-бабындагы гана бөлүктөрдүн аталышы.

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 09.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий