Малик Аликеев: «Беш жашымда атам кайтыш болуп калды. Аны жоктоп ырдап элдин баарын ыйлатчумун»

«1969-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын кенжесимин. Атам Жунуш 5 жашымда каза болуп, апам Калемкаш бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, эч нерседен кем кылбай чоңойтту» деген ырчы бала чагын эстеп өттү.

«60 КОЙДУ КАРЫШКЫРГА КЫРДЫРГАМ»

— Апамдын тарбиясы катуу болгондуктан, бала чагымда шоктугум жок болчу. Эл катары мал менен чоңойдум. Атам мага 1 кара кашка ат энчилеп кеткен экен, аны минип, 1 кара уюм бар эле, ошону айдап алып токойду аралап заңкылдап ырдап жүрчүмүн. Эсимде, 5-классымда кой жайып жүрүп 1 бала менен сүйлөшүп отура берип 60 койду карышкырга кырдырып алгам. Анан райондон комиссия келип ызы-чуу болду. Жарымын төлөп берип, жарымын башкарма «кенедей бала ээ боло албай калыптыр» деп эптеп жапкан.

Мен кичинекей чакта биздин көчө дайыма шаңдуу болуп турчу. Улуу-кичүү дебей чогулуп алып «Чабалекей», «Ортого түшмөй» деген оюндарды ойночубуз. Чүкөнү болсо катырчумун. Көчөмө-көчө кыдырып ойноп, футболкамды шымдап, курсакка окшотуп ичине толтуруп чүкө утуп келчүмүн. Мен келатканда балдар «Малик келе жатат, анын элик сакасы бар» деп коркуп турушчу. Чүкөлөрдүн арасынан жашылын, кызылын, жаңысын тандап атчумун. Сакаларды тешип коргошун куюп же зым ороп алгандардын айынан кээде чыр чыгып кетчү.

Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтчүмүн. 3 күн калганда апам чийбаркыттан күрмө-шым тигип берип, ага чайдын жалтырак целлофандарын оймо-чийме кылып шымдын багелегине, күрмөнүн жеңине чаптап берет. Ошону мектепке кийип баруу мен үчүн укмуш сезилер эле. Бир туулган күнүмдө апам «Смена» үлгүсүндөгү фотоаппарат сатып берди. Аны мектепке алып барып классташтарымды сүрөткө тартып, үйгө келгенде сабакка даярданбай түнү менен сүрөт чыгарып, кургатып, эртеси алып барып берчүмүн. Кошуналарды, үйдөгү эжемдин балдарын жыйылып турган тезекке жөлөп коюп эле тарта берчүмүн.

Дагы бир туулган күнүмдө апам велосипед сатып берген. Аны жөн теппей гүл тагып, кооздоп тепчүмүн. Зымдан дөңгөлөк жасап, рогатка атып, айтор, түрдүү оюндарды ойноп чоңойдум.

 

«ОТУРУШКА 1 ЖОЛУ БАРГАНЫМ БИЛИНИП КАЛГАН»

— Атам жаш кезинде филармонияда иштептир. Устачылык жайы да бар эле, ал чапкан комузду 3-классымда өз алдымча үйрөнүп алгам. Ошондон тарта мектепте ырдап, «Коңколой-чоңколой» деген сатираларды аткарып жүрдүм. Комуз көтөрүп жүрсөм классташ балдарым мени шылдыңдашчу. 4-классымда арданып Жаңы жыл майрамында ырдабайм деп үйгө качып келдим. Анан апам «сен атаңдын жолун жолдобойсуң» деп көк чыбыгы менен сабап кайра мектепке кубалап келген. Апам мага:

Толукшуп жаткан кең жайлоо,
Тоолуктун малы жайласын.
Томсоруп ыйлайт Малигиң,

Торгоюм атам, кайдасың?
— деген сыяктуу саптары бар 5-6 куплет атамды жоктоо ырын үйрөтүп койгон. Ошону мектептен ырдап элдин бардыгын ыйлатчумун. Облустук, райондук иш-чараларга мугалимдер мени алып кетишчү. Ал кезде тартип күчтүү. 7-классыбызда отуруш уюштурдук. Ойлоп тапканыбызды айтпайсыңбы, башкаларга билинбейли деп кыздарды эркекче кийинтип отурушка алып бардык. Ал убакта балдар арасында эмне кылганыбызды мугалимдерге жеткирип турчу тыңчылар иштечү. Ошентип 1 жолу отурушка бара коёбуз деп мугалимдерге билинип калганбыз.

Бир күнү эле апам экөөбүз үйдө отурсак эшикте ит үрүп калды. Чыксам мектептин директору, тарбия иштери боюнча орун басары, класс жетекчим үчөө турат. Ичимден «эми булар мени жөн койбойт, апама айтышат экен» деп ойлодум. Үчөө үйгө кирип апама «биз жакшы жаңылык менен келдик. Маликти Фрунзеге Комсомолдун XVIII съездине чакыртып жатышат. Эртең ошого жибериңиз» дешти. Фрунзени, филармонияны, кинотеатрды ошондо 1-жолу көрүп алып таңыркап, оозум ачылган. Кайра айылга келсем мектепте «Малик Фрунзеге барып келиптир» деп күжү-күжү. Достор чогулуп сабак окумай жок. «Ток менен жүргөн автобус бар экен» десем, «ээ, ошондойбу?» деп сурашат, мен болсо аларга шаардын кооздугун айтып түгөтө албайм. Бир күнү мектепте чогулуш жасап, облустук комсомолдун 1-катчысы мага Ардак грамота анан 10 рубль берди. Ал акча ошондо чоң эле, аны апама бердим. Ошентип съезддин артынан отурушка барганым үчүн тил укпай калгам, андан кийин отурушка барган жокмун.

 

«КЫЗДАРДЫН ЧАЧЫН ПАРТАГА БАЙЛАП КОЙЧУБУЗ»

— 7-класста 1 класс кийин окуган кызды жактырып калдым. Ага көрүнүш үчүн чачты суулап тарап, атты минип койкоңдотуп бастырып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Султанмураттай болуп атайын анын көчөсүнөн өтчүмүн. Жактырган кызыңа балдар менен чогуу барасың. Кыз 3 жолу жарыкты өчүрүп-күйгүзсө чыгам деген белгиси. Чыкканда болгону 3 сөз сүйлөйсүң. Ошол үчүн суукта тоңуп, кечтин киришин элеп-желеп болуп, сабагыңды да жакшы окуп күткөнүңдү айт. Бир жолу бир кызга барсак, килейген ит келип мени талап, мени коргойм деген досторум кошо таланган.

Классташ кыздардын чачтарын арткы партага байлап койчубуз. Анан мугалим фамилия менен тургузганда кыздар отуруп калышат. Кээде алар турганда отургучуна кнопканы чалкасынан коюп койчубуз. Алар отуруп, кайра секирип тура калышат да, мугалимден тил угат. Ошентип эле кыздарды ыйлатып жүрчүбүз.

 

«ИНДИЯ КИНОЛОРУНАН ТАЖАЧУ ЭМЕСМИН»

— Айылга индиянын кинолорун 10 тыйындан коюп келишчү. 10 тыйынды алыш үчүн таң атпай туруп, малды өз убагында жайгарып, короону таптаза кылып шыпырып, үйдүн полуна чейин жууп жиберчүмүн. Андайда апам «аа, бүгүн соо эмес» деп өзү деле сезип калат. Мага «эмне мынча лыпылдап калгансың?» деп, анан акча берет. Кинодон кийин кыздарды узатсаң узаттың, себеби алар да апасы же агасы сыяктуу «жан сакчылары» менен келет да, болбосо кыялдарга чөмүлүп үйгө жөнөйсүң.

Индиянын кинолорун көргөндөн тажачу эмесмин. 6-7 жолу көргөндөн кийин ырларын комузга салчумун. Азыр деле балалыкты эстеп кээде комузга салып чертип калам. Митхун Чакрабортинин сүрөттөрүн чогултуп альбомдорго чаптайсың. Азыр деле ал сүрөттөр альбомдордун арасында жүрөт. Чач жасалгаң да алардыкына окшош. «Романтик» деген магнитофонум бар эле. Ага индиянын ырларын жаздырып алып көчөдө көтөрүп басмай же үйдүн терезесин ачып коюп катуу жаңыртып коймой мода эле. Клёш шым, такалуу платформа деген туфлини мен да кийип калдым. Апам 10-классымда жазгы платформа туфли алып келиптир. Ошону кычыраган кышта үшүгөнүмө карабай мектепке кийип баргам. Элге көрсөтүш керек да (күлүп). Чачты суулап туруп улууларды туурап артка силкчүбүз да. Силксем эле апам «эй, моюнуң үзүлөт, силккенди ким коюптур сага» деп урушуп жатып калчу. Балалыгым ушундай өттү.

Асхат Субанбеков, “Супер-инфо”, №744, 03-09.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий