Тоолуу аймактарыбызга 68 көпүрө салдырган Бернард Репонд

Батыш менен Чыгыштын көпүрө адамы

“Аргымактын жакшысы – азыраак оттоп, көп жуушайт, азаматтын жакшысы – азыраак сүйлөп, көп тыӊшайт” демекчи, көмүскө жүрүп көп ишти бүтүргөн, көпчүлүктүн көӊүлүн өйүгөн көйгөйлөрдү чечип келген, бирок айгайлап атын чыгарууга ашыкпастан эл ичинде жөнөкөй жүргөн азаматтар адамдык касиеттин сакталышына салым кошуп келишет.

Дал ушундай улуу сапаттарды өзүнө уюткан адамдардын бири “Памир көпүрөлөрү” (“Pamirs Bridges”) коомдук уюмунун жетекчиси Бернард Репонд мырза дээрлик 16 жылдан бери мекенибизге берилүү менен кызмат кылып, Европа менен Кыргызстандын ортосундагы коомдук, маданий алакаларды бекемдөөгө көмөк көрсөтүп келүүдө. Бернард мырзанын айтуусунда, аталган уюм алдыда да коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну уланта бермекчи.

– Бернард мырза, сиздин жана “Памир көпүрөлөрү” коомдук уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү кандайча башталып калды эле?

– Тоолорду сүйгөн киши катары, мен анда Кыргызстанга саякатка келгем. 1999-жылы Караколдун ары жагы Сары–Жаздан баштап Эңилчек, Теректи, Ак–Шыйракка жетип, Ара-Бел, Жууку ашуусун ашып келип, Жууку өрөөнүнө түшкөнбүз. Ошол ат жүрүшүбүздүн узактыгы жыйырма күнгө созулган. Саякат маалында кооз жана чоң жайлоолорду кесип өттүк. Ошол жайлоодогу чөптүн бийиктиги жана ал жайыттарда малдын дээрлик жоктугу бизди таң калтырды. Саякаттын аягында биринчи түшкөн айылдын эле жашоочуларынан эмне үчүн жанга жагымдуу, малга тоюмдуу көйкөлгөн жайлоолорго малдарын алып чыкпастыгын сурадык. Ошондо тургундар ал жакка барбагандарынын себеби, суулар чоң жана көпүрө жок болгондуктан кечип өтүү мүмкүн эмес экендигин айтышты. Анткени, малчыларга суу күргүштөп кирип турган май-июнь айларында жайлоого көчүүгө туура келет экен. Бул саякатыбыз сентябрь айында болгон эле. Ал айларда суунун көлөмү кыйла тартылып калган.

Ошентип, малчылардын мүмкүнчүлүк жана маселелери менен таанышкан соӊ, Бишкекке келдик. Бишкектеги Швейцариянын Консулдугунда жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда биз көрүп-билип келген жерлер жана маселелер жөнүндө маалыматтарды айтып, ой бөлүштүк. Эртеси “CAMP Ala Too” деген коомдук фонддун ошол учурдагы кызматкери Эрнест Гобатуллер деген география университетинин өкүлү менен кезигип, жайыт, көпүрө маселесин талкууладык. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууга макулдашып, биз тараптан зарыл болгон аракеттерди баштадык. Швейцарияга барган соӊ Кыргызстанга бирге келген досум менен Лазаннада жолугуп, ой толгоп олтуруп жакшы ниет менен 2000-жылы “Памир көпүрөлөрү” коомдук уюмун түзүүгө кириштик. Ошол учурдан баштап ар жылы кышында Францияда, Германияда, ал тургай Америкада дагы “Памир кечтери” аттуу жолугушууларды уюштура баштадык. Бул жыйындарда Кыргызстан тууралуу сүрөттөрдү, фильмдерди, слайддарды, маданий жана башка маалыматтарды катышуучулар менен бөлүшөбүз. Мындай кечелерде биздин долбоорлорубузга салым кошкусу келген катышуучулардын акча салуусу үчүн атайын кыргыз боз үйүнүн кичирейтилген макетин коюп коёбуз. Бул боз үйгө чогулган акча көпүрө куруу үчүн бирден бир жол болуп саналды десек жаңылышпайбыз. Ар жылда май айында чогулган акчаны Кыргызстандагы “CAMP Ala Too” коомдук фондуна жөнөтүп турабыз. “CAMP Ala Too” болсо жасаган иштери, алдыда салынуучу сегизден онго чейинки көпүрөнүн долбоору тууралуу маалыматты бизге бир жыл мурун берет. А биз болсо жылына төрттөн алгыга чейин көпүрө куруу үчүн аракетибизди жасайбыз. “CAMP Ala Tooдо” көпүрө куруучу атайы адисибиз бар. Аны менен долбоорубуздун башынан бери иштейбиз.

– Демек, бир эмес, бир нече көпүрөлөрдү курууга белсенип, ишти чоңунан баштаптырсыздар да?..

– Ооба, 2001-жылдан бери биз 69 көпүрө курганга жардам бердик. Анын бирөө гана Тажикстанда курулса, калганынын баары Кыргызстанда курулду. Эми кийинки жылдагы планыбыз боюнча Кыргызстанда 4 көпүрө, Тажикстанда 1 көпүрө курулат. Буга чейин биз эң алыс, эң кымбат, ошол эле учурда эң керектүү, зарыл көпүрөлөрдү салганга салым коштук деп айта алабыз. Мисалы, бир көпүрөбүз Алайдагы Сары-Могол айылынын өйдө жагында, Ленин чокусунун астында 3900 метр бийиктикте салынды. Дагы бири Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жыргалаң кыштагынын жогору жагындагы Ала-Бука дарыясынын өйдөңкү бөлүгүнө курулду. Бул көпүрө эки тараптагы адамдардын Арпа жайлоосуна өтүүсүн камсыздаган жана жергиликтүү тургундардын күжүрмөн эмгегинин жардамы менен курулган эң керектүү көпүрө болуп калды. Анткени, унаа жетип токтогон жерден көпүрөгө чейинки аралыкты ат менен 2 саатта басып өтсө болот. Көпүрөгө керектүү жалпы 15 тоннаны түзгөн темир, жыгач жана башка көптөгөн материалдарды адамдар ат менен же өздөрү асканын боорлорунда, жалгыз аяк жолдор менен жүрүп олтуруп 2 км. аралыкка жеткиришкен. Ал жердеги кыйынчылыкты барып көрүш керек болот. Ошондой кыйынчылыкка карабай материалды ташып баруунун негизги себеби көпүрөнүн зарылдыгында жатат. Ушул жылдын сентябрь айында ошол көпүрөгө барып көрүп келдик. Адамдарды көрүп абдан кубанып, сезимдерге батпай турдук. Көпүрөнүн узундугу 27 метр жана негизги каркасы темирден жасалган. Ошол жерге жеткенде алгачкы жолу 1000ден ашык кой көпүрөдөн өтүп жатканына күбө болдук. Ошол учурда көпүрөнүн мааниси, зарылдыгы канчалык экенин өз көзүбүз менен көрүп, жон терибиз менен сездик. Жайлоодон келе жаткан чабан да абдан бактылуу эле. Малдар жайлоодон семиз түшүп, эч коркунучу жок көпүрөдөн так секирип өтүп атканын көрүп биз дагы абдан кубандык. Мындай долбоорлорду ишке ашырууда “Pamir’s Bridges” жана “CAMP Ala Too” биргеликте райондордун, айыл өкмөттөрдүн токой чарба комитеттери менен иштешип келүүдөбүз.

Памир көпүрөлөрү” уюму көпүрө куруу тармагынан сырткары дагы кандай иштерди аткарып келет?

– Көпүрөдөн сырткары маданий иштерди аткарууга багытталган иш пландарыбыз бар. Биз Тянь-Шань, Памир тоолору менен Европанын Алп тоолорундагы маданий көпүрөлөрдү куруу иштерин дагы өткөрөбүз. Булардын далили катары бир канча мисалдарды айтсак болот.

Өгүзүн минген аксакал саякатчыларга жол көрсөтөт. Күңгөй Ала-Тоолору.

Швейцариялык саякатчы, фотограф, журналист, спортсмен Элла Майяр айымдын 1932-жылкы саякатынын негизинде 1933-жылы басылып чыккан “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга” аталышындагы китебин 2010-жылы француз тилинен кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына тартуу кылганбыз. Кыргызча котормонун 3000 нускасын бүтүндөй өлкө боюнча бекер таратып бердик. Бул котормону биз “Памир көпүрөлөрү” уюмунун эң чоң маданий ишмердиги деп атайбыз. Китептин автору Элла Майяр Кыргызстанга Москва аркылуу 1932-жылы келген. Алгач Караколго келип, ал жерден жылкы жана ат жабдыктарын сатып алып, андан ары Тянь-Шань тоолоруна саякатын улаган. Бул китептин дагы бир маанилүү жагы – 1932-жылдагы Кыргызстанда тартылып алынган ак-кара түстөгү тарыхый сүрөттөрдү камтыгандыгында. Ушул сүрөттөрдүн негизинде биз кийинки долбоорубузду орундаттык. 2012-жылы Бишкектеги Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде Элла Майярдын сүрөт көргөзмөсүн уюштурдук. Зал толо адам болду. Элла Майярдын архивден алынган ак-кара түстөгү сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнө коюлган сүрөттөрдүн саны 120 чакты эле. Бул көргөзмөбүздө дагы бир швейцариялык айым Дао Труонгдун Памирге болгон саякатын жана ошол жактагы кыргыздардын жашоосун чагылдырган сүрөттөрдү кошконбуз. Муну менен катар эле кийинки залыбызда белгилүү сүрөтчү, коомдук жана маданий ишмер Юристанбек Шыгаевдин кыргыздар тууралуу тарткан сүрөттөрүн, андан сырткары Ракманкул хандын сүрөтчү баласы Малик Кутлунун кол менен тарткан архивдеги сүрөттөрүн көргөзмөгө койгонбуз. Ошол көргөзмө “Тарых, кыргыздар, биздин элдин өткөн чагы” деп аталып, төрт автордун эмгегин камтыган чоң көргөзмө болгон. Эки жумага деп макулдашылган сүрөт көргөзмөбүз бир айга созулган. Көрүүчүлөрдүн саны баш-аягы 6 000 адамды түзгөн. Көргөзмө аягына чыкканда сүрөттөрдү үкөккө салып жыйнап алдык. Кийин ошол сүрөттөрдүн автордук укугуна ээ болгон Лозаннадагы “Елисей” музейи бул сүрөттөр үкөктө сакталбай, эл көрүп- билген залда илинип турсун деген тилек менен Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейине белек катары өткөрүп берди. Анан биз, Элла Майяр саякатын алгач Караколдон баштагандыктан, анын сүрөттөрүнүн орду Бишкектеби же Караколдобу деп кеӊешип олтуруп, Караколдогу тарых музейине бардык. Ал музейдин директору Айымгүл Карабекова айымга оюбузду айтсак, дароо эле колдоду. Албетте, Караколдун музейинин залдары тар болгондуктан, балким жаңы чоң зал салып берүү керекпи деген ойго токтолдук. Музей тарыхый мааниге ээ имарат болгондуктан, ага өзгөртүү киргизүү биз үчүн кыйын болмок. Ошол маселени чечүү үчүн Каракол шаарынын мэриясына кайрылдык. Жыйынтыгында, 2016-жылдын 10-сентябрында Элла Майярдын сүрөттөрүн Караколдун тарых музейинин жаркыраган жаңы залына жаңы рамка менен илүүгө жетиштик. Бүгүнкү күндө аталган музейге барсаңыз деле сиз үчүн тарыхый, кайталангыс саякат болот. Анткени, элдин тарыхын, бай маданиятын, жашоо-шартын чагылдырган жана Сталин убагында тартылган сүрөттөрдүн жүздөн ашуун коллекциясын бир жерден оңой-олтоң көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Чоң мээнеттин аркасы менен ашкан көргөзмөгө сүрөттөн маалымат алам, маданиятты үйрөнөм, тарыхты билүүгө кызыгам деген баардык адамдар кире алышат.

Байкашымча, өзүӊүз дагы саякаттаганга кызыгып, Кыргызстандын жаратылышын, тоолорун сүйөт экенсиз. Экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди да орундатууга ойлоруңуздар барбы?

– Албетте, “Памир көпүрөлөрү” уюмунун көпүрө куруу жана маданий иш чараларды өткөрүүдөн сырткары, экотуризмди өнүктүрүүгө да жардам берүү максаттары бар. Бирок биз бул тармакка каржылык жактан колдоо кыла албайбыз. Европада, Америкада “Памир кечелерин” уюштурганыбызда кече өтүп жаткан залдын бир бурчуна атайын столдорду жайгаштырып, Кыргызстан тууралуу маалыматтарды берип турабыз. Ушул жылы уюштурулган кечелерде Кыргызстандан үч, ал эми Тажикстандан бир туристтик компания тууралуу маалыматтар берилип, өлкөлөрдү тааныштыруу иштери жүргүзүлдү. Мындан ары да кечелерибизде ат менен, велосипед менен, же жөө жүрүп Кыргызстандын, Тажикстандын жаратылышын, тарыхын, маданиятын, өзгөчөлүктөрүн таанууга кызыккан адамдарга маалымат берүүнү уланта бермекчибиз.

– Сизге ыраазычылык билдирип, ишиңизге ийгилик каалайм. Элдердин, маданияттардын, адам менен жаратылыштын ортосундагы көпүрөлөрдү курууга жана чыӊдоого салым кошуп, аманчылыкта жүрүӊүз. Бар болуӊуз!

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

PS: 1932-жылы биздин жерге келген саякатчы, жазуучу жана фотограф айым Элла Майяр тууралуу маалыматтар “Каракол аркылуу өзгөчө саякат” китебинен кыскартылып алынды.

 

Элла Майяр

Элла Майяр, 1903-жылы 20-февралда төрөлгөн (Женева). Кенедейинен ата-энеси менен бош күндөрү лыжа тебүүнү, сууда сүзүүнү өздөштүргөн.

1916-1921. 13 жашында Женевада өткөн кайык жарышында биринчиликти жеӊип алса, 16 жашында Швейцариянын француз тилиндеги аймактар боюнча (эӊ биринчи) аялдар арасындагы хоккей клубунун негиздөөчүсү болуп калган.

1924. Англиялык яхтада (Атлантика) бир нече мөөнөттүк келишим менен жардамчы жана матрос болуп иштейт. Ушул эле жылы Швейцариянын атынан кайыкты жалгыз кол менен башкаруу боюнча олимпиадалык мелдешке катышып, 17 улуттун ичинен жалгыз аял гана Элла Майяр 9-орунга илинет.

 

Жүн ийирип отурган кыргыз аял. Ак-Шыйрак.

1925-1934. Уэльсте француз тили боюнча сабак берет. О.э. Берлиндин ЮФА кинокомпаниясы жараткан тоо фильмдеринде аял-каскадёр; 1929-ж., Мюрренде тартылган лыжа тебүү фильминде актриса болуп тартылат. 1931-32-ж.ж., Швейцариянын хоккей боюнча аялдар командасынын капитаны болгон. 1929-жылы Берлинде жүргөн орус эмигранттарынын бири ага орус жаштары жана киносу тууралуу жазуу кызык болорун билдирет. Ошондон улам кадимки Джек Лондондун жесири Чармиэн Киттредж Элла Майярды Москвага келүүгө шыктандырып, ага акчалай жардам көрсөтөт. Бул кадам анын ошондон кийинки тагдырына биротоло чоӊ таасирин тийгизген.

1930. Москвада графиня Толстой менен бирге жашап, кинорежиссёр Пудовкинге жолугат. Анын “Азиядагы бороон” фильмине тартылууну эӊсеп жүрүп, ошондон улам Азияга болгон кызыгуусу артып, жашоо-кыялына айланган.

 

Кыргыз жубайлары. Каракол

1932. Москвадан капысынан жолуккан эки жуп үй-бүлө менен Түркестан жана Теӊир-Тоо кыркаларына келет. Ал өзү үчүн кыргыз, казак жана өзбек турмушун ачат. Саякат учурунда тынчыбаган мусулмандардын (басмачылардын) көтөрүлүшүн Совет аскери кандай кандуу күч менен басканына өз көзү менен күбө болот. Өзү чоӊ тобокелге салып, эч кандай уруксатсыз саякаттап келгендиктен: опурталдуу текшерүүлөрдүн көз жаздымында жүрөт. Кийин колундагы сүрөттөр жана кол жазмалар менен Парижге кайткандагы эрдиги – европалыктар арасында чыныгы сенсацияга айланып, көптөгөн колдоолорго алынган.

Кыргыз үй-бүлөсү Сары-Чат конушунда. Ээр-Таш өрөөнү. Тянь-Шань.

1937. Жүк ташуучу унааларда жана автобустарда Түркия, Индия, Иран жана Ооганстан аркылуу көптөгөн саякаттарды 1939-жылга чейин өткөрөт. Негизги макалалары: ушул өлкөлөрдө болгон прогресстерди чагылдырууга арналып, бир далай Европа өлкөлөрүндө көптөгөӊ лекцияларды окуган.

Темир устанын ат такалоочу жайында. Жети-Суу, Каракол.

1939-1945. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарын Индияда өткөргөн.

1946. Европага кайтып, Швейцариядагы Альпы тоолоруна, Валь дАнивиер, Шандолинде отурукташып калат, бирок аны улам-улам жаӊы саякаттар белгисиз жактарга азгырып турчу.

1957-1987. 1951-жылы жаӊыдан чек арасын ачкан Непалга багыт алып, ал жерден “Шерпалардын өлкөсү” аттуу китебин жазган. Өмүрүнүн кийинки отуз жылында (1957-1987) Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнө барып, маданий иш-чараларды уюштурган.

1989-1997. Лозаннанын Елисей музейи анын өткөнгө сереп салган сүрөттөрүнүн биринчи көргөзмөсүн уюштурган. Бул көргөзмө кийин да Европанын бир нече өлкөлөрүн кыдырып чыккан.

Рыбачье порту. Ысык-Көлдүн батышы.

Элла Майяр өмүрүнүн акыркы он жылдыгында Жер планетасынын айлана-чөйрөсүн курчаган коркунучтар көбөйгөндүгүнө тынчсызданып, аны коргоонун көп аракеттерин көргөн.

Ал 1997-жылы 27-мартта Шандолинде дүйнөдөн кайткан.

«Көк асаба», 26.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий