Таттыбүбү (эскерүүлөрдөн чогулган эссе)

* * *

Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баракат.
Аталбайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен…

Ушул ырды келиштире ырдаган Таттыбүбүнүн опералык ырчы болбой калганына өкүнүп, Дарика Жалгасынова мындайча эскерет:

— Мен анда Москва консерваториясынын вокалдык факультетинин 4-курсунда окуп жаткам. 1965-жылдын жай айы эле. Бир күнү Ташкентте театр институтунда окуган жолдошум Жайлообектин бир тууган иниси Козукеев Жумабек телефон чалып калды:

— Биз театр институтунан келген 14 студент Москвада практикада жүрөбүз. Эртең силерге жолугуп кетели, келинчегим менен барам, — деди.

Эртеси болжошкон убакытта Жумабек келбей, келинчеги Кандалат Муратова жолдош кызын ээрчитип келиптир. “Курбум, курсташым” деп Таттыбүбүнү тааныштырды. Анын ажарлуу жүзү, сүйкүмдүү күлгөнү, эркелей сүйлөгөнү жүрөгүмдү жылытып турду. “Ушунча да сулуу болот экен ээ” деп ичимден ашык болдум. Таттыбүбү атына заты жарашкан кыз экен.

— Биз Ташкентте институтта 14 студент бир группада окуйбуз. 9 группанын ичинде кыргыз группасы дайыма биринчилерден болуп жакшы окушат. Биз бир туугандай жүрөбүз. Уялаш агам Нуркан да биздин группада, комузда, аккордеондо ойнойт. Обон чыгарат. Мен анын ырларын ырдап жүрөм. Институтта вокалдан сабак алам. Экзаменде Альябевдин “Соловейин” ырдадым”, — деди.

— Кандай жакшы үнүң бар, эмнеге консерваторияга келбейсиң? Эми деле кеч эмес. Эгер опералык ырчы болсоң, ушундай келбетиң менен, ушундай актердук чеберчилигиң менен, билесиңби, кандай даражага жетесиң, — дедим.

Көз алдыма классикалык опералардын башкы каармандары Аида, Тоска, Лиза, Дездемона, Татьяналар келе түштү.

— Жүр, азыр сени вокалдык факультеттин деканына алып барайын, “Соловейди” ырдап бере аласыңбы? – десем, Таттыбүбү тартынбай эле:

— Ырдайм,- деди.

Мен факультеттин деканы Гуго Натанович Тицке алып бардым.

Гуго Натанович адептүү, илбериңки адам эле, студенттерге атасындай мамиле кыла турган. Адатынча жакшы кабыл алды. «Ну, что же, давай послушаем “Соловья”, — деди. Мен Таттыбүбүнү вокалдык класска киргиздим. – О, красавица то какая! Такую девочку врядь ли отпустят?» – деп күлүп роялга отурду. Гуго Натанович Таттыбүбүгө вокалдык көнүгүүлөрдөн ойноп, музыкалык жөндөмдүүлүгүн, диапазонун текшерди. Улам өйдөлөгөн сайын Таттыбүбүнүн үнү кооз жана жеңил чыга баштады. Көнүгүүнү экинчи октаванын сибемолуна чейин алып барды. Таттыбүбү үнүнүн бардыгынча бийик нотаны алганда Гуго Натанович өтө ыраазы болуп, жеткире мактады. “Если действительно хочешь петь, приезжай, мы тебя примем в консерваторию, а пока надо закончить институт”, — деди. Таттыбүбү консерваторияда окуганда классикалык ырчы болмок, үнү вокалдык термин менен айтканда диапазону кенен драмалык сопрано деп аталмак. Группанын айы да, күнү да Таттыбүбү экен, ал канчалык каалаганы менен достору жибербеси бештен белгилүү эле. Алар Таттыбүбүнүн мындай үнү бар экенин билсе да маани беришкен эмес, анын ырчылык карьерасын “Ай баратат” менен бүтүрүп коюшкан. Мен бул учурду унутуп деле коймокмун, эгерде Таттыбүбү өлбөгөндө. Балким ал опералык ырчы болгондо өлбөйт беле деп ойлоп калам. Себеби биздин адистик көп жагынан айырмаланат. “Сактанганды теңирим сактайт” дегендей, биз солисттер үндү сактоо үчүн көп нерселерден сактанабыз. Кыргыз драма театры ташкенттик жаш актерлордун катышуусу менен “Кар ханышасын” коюшту. Мен бул спектаклди суктануу менен көрдүм. Таттыбүбү Кар ханышасын ойноду. Чындыгында ал спектаклдин гана ханышасы эмес, театрдын да ханышасы эле. Айрыкча ал каарданып, эң бийик нотаны алып, сөзү жок ырдаганда менин оюма дагы эле баягы окуя түштү. Аттиң ай, ушундай үн менен эмнеге классикалык ырчы болбой калды?.. (Э.Турсунов, Д.Жалгасынова, «Триумф жана трагедия»)

 

* * *

Таттыбүбүгө көп ырлар арнап жазган Кыргыз эл акыны маркум Эрнис Турсунов дагы «Кар ханышасына» байланыштуу окуяны Дарика Жалгасынова менен биргелешип жазган «Триумф жана трагедия» китебинде төмөнкүчө баяндаган:

— Кыргыз драма театры ташкенттик жаш актерлордун катышуусу менен «Кар ханышасын» коюшту. Мен бул спектаклди суктануу менен көрдүм. Таттыбүбү «Кар ханышасынын» ролун ойноду. Чындыгында ал спектаклдин гана ханышасы эмес, театрдын дагы ханышасы эле…

Таттыбүбү 1975-жылы академиялык драма театрында режиссер Офелия Эркимбаева койгон «Замандаш» спектаклиндеги башкы ролдордун бири Тамараны аткарган. Бир күнү сквердүү бактан жолугуп калды. Жанында курбусу Аятбүбү Абдрахманова бар экен. Жароокер эрке карындашымдай назданып, асемденип мойнумдан кучактады да:

— Келтире жазыпсыз. Он жолу ойнодум, он жолу зал жык-жыйма болду. Кайда жүрөсүз деги, бир көрүнүп эле жоксуз?

Ошондогу Танянын наристе, периште, ымыркай баланыкындай гүлбурак жыты ай! Азыр да эстегенде каңылжаарды өрдөп, мурунду жарып турат. Аттиң дүйнө!

— Ийгиликтериңди куттуктайм! — деп эки актрисаны колтуктап, «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдынан гүл сатып берип, «Пишпек» ресторанына алып кирдим.

Таттыбүбү кирген зал тең жарылды. Бардыгы ичкен-жеген тамагын таштап, кылчайып эле бизди карап калбаспы. Петербург үлпөтүндө Татьяна балга келгендей болду окшойт. Биз да аны эркелете Таня дечүбүз. Залга ажайып нур кирди. Көрсө Таттыбүбү баралына толуп, бышып-жетилип, толукшуп турган учуру экен. Агы ак, кызылы кызыл чырайы шыңга боюна төп келишип, жаркылдаган жайдары мүнөзү олтургандарды арбап алыптыр. Бардык көздөр биз жакты эле карайт.

Сыйга чакыраарын чакырып, Таня менен Аятка ээ боло албай калдым. Улам эле бири келип бийге алып кетет. Суранып турган соң жибербей коюш уят. Алар менин энчимде эмес. Эрк өздөрүндө. Тамак жайнаган үстөлдө жалгыз олтуруп, акыры музыкага заказ берип эки актрисаны алып бийге түштүм да, экөөнү колтуктап салондон чыгып кеттик. Танянын келбети ушунчалык келишимдүү, көркөм экенин ошондо билдим. Орус, кыргыз, өзбек, казак, түрк, балкар дебей, айрыкча чет өлкөлөрдөн келгендер суктанып өлүп кала жаздашкан.

1982-жылдын 22-декабрында эл энеден төрөлгөн Таттыбүбү жер энеге берилди. Театрда анын жогу кадимкидей билинип, сахнанын бөйрөгү эңшерилип тургансыды. Ал дүйнөдөн өткөндө селт этип чочуп кетип, калемибиз колубуздан ыргып калтырап, кайра кармап, арнап жазган ырларыбыздын бир сабагы:

Сахнада чолпон элең учуп өткөн,
Сансыз көз карай берген канбай кумар.
Сезимге өзгөчө бир таасир эткен,
Сенчелик актриса чанда чыгар.
Чанда чыгар!
Чаңкаткан Таттыбүбү кайдасыңар?!

Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий