Кыргыздын аңызын аздектеген аалым

Кыргыздын аңыз кебин аздектеп, рухун байыткан залкар педагог, этнограф, «Адеп сабагынын» автору, «Кутбилимдин» санаалашы Сабыр Иптаровдун элесине эссе.

* * *

Сабыр байке билим берүү жана илим министрлигине келе калганда андагы «Кутбилим» газетасынын редакциясына баш бакмайын кетчү эмес. «Маке, кандайсың, гезитиңдин жаңы санын ала кетейин дедим», — деп келген Сабыр байке мени менен убактысы боло калганда кенен бир саат маслеттешер эле. Башкы редакторубуз Кубат Чекиров менен да жолугуп, билим, тарбия багытындагы маселелерди кеңири талкуулап, көпкө отуруп калчу. Убактысы жокто деле жумуштагы журналисттер менен бир аз баарлашканга убакыт тапчу. Кептин баары эмне жөнүндө сүйлөшкөндө жана анын деңгээл, чен-өлчөмүндө болгондуктан, Сабыр байкеге баары ар кандай суроолорду берип, жооп алгысы келчү. Журналисттер кээде Сабыр агайдын оюна макул болбой талашып, тартышканы менен акырында анын терең ойго ширелген жообунан кийин «Ий, ошондой да болушу туура» деп байкенин пикирине муюп, диалогго барып, ынанып калышчу. Сабыр байке мугалимдердин да досу, кеңешчиси болчу. Кыргыз билим берүү академиясында этнография бөлүмүн ачып, негиздеди. Ал «Адеп сабагынын» атасы болчу. Сабыр Иптаровдун мамлекеттик туунун, Бишкек шаарынын гербинин авторлошу болушу эле көп нерсени айтып турат.

 

* * *

Сабыр байке бир гана бизде эмес, коомчулуктагы «мен кыйынмын» деп жүргөн айрым алдыңкы атуулдардын, окумуштуулардын ой-жоруларына, суроолоруна жооп тапчу. «Ал андай болбойт, баатыр, аны мындай кененирээк, тереңирээк ойлонсок, башкача чечмеленет» деп баштачу. Чынында Сабыр байке баардык суроолорго жооп берер эле. Ал көптү билчү. Жөн гана окумалдыгынан эмес, табиятынан зирек, ойчул жаралгандыктан, ар бир окуган, деген маселелерди тереңдеткенге, түпкү маанисин ачып бергенге өтө жөндөмдүү аалым болчу. Эми калем кармап, илим жазгандын баары эле өзүн окумуштуу сезген менен зилинде көпчүлүгү окумуштуу деле эместир. Айрымдар кара курсактын айынан, коомдук орду үчүн илимпоз болуп какайып жүргөн менен Сабырчалык бийиктикке жете албай бушайман болушаттыр. Балким, ал жөнүндө ойлонуп да коюшпастыр. Бирок Сабыр байке ошол окумуштуумун деп жүргөндөр жасабаган иштерди жасап, кыргыз рухун бийиктеткиси келчү. Өмүрү кыска экен, көз ачып жумганча шашкан кишидей кете берди. Балким, мындай адамдар тигил дүйнөгө да керектелип жатса керек…

 

* * *

Сабыр байке мага жөнөкөй да, татаал да адам болчу. Мугалимдерге улуу агай эле. Биз аны байке деп жакын сезип, кепке тартканды жакшы көрчүбүз. Байке десек ал бизге сөөм карыш жакын сезиле түшчү. Ал мага тууган да, дос да эмес болчу. Бирок аны өз агабыздай жакшы көрөр элек. Сабыр байке менен кези келгенде сүйлөшө калганда көп учурда мен ойлонуп жүргөн маселелердин тегерегинде сөздү алып жүрүп олтурчумун. Анын айткандары көп учурда менин ойлогонумдай чыгып калса ичимен кубанып, туура эле ойлонуп жүрүптүрмүн деп калаар элем. Туура эмес чыкса, билип, оңдоп алганыма кубанчумун.

Мугалимдер бир нерсени сураса эки-үч саат алар менен баарлаша берип, барар жерин унутуп калчу. Ал мугалимдерди аябай жакшы көрөр эле. «Адеп сабагын» мектепке киргизерде молдолорду жеңип чыкты. Балким, башкалар жеңилип калат беле, ким билет.

 

* * *

«Кутбилимге» билим берүү тармагын катуу сындаган макала даярдап жатам деп калчу. Ага жетишпей калды көрүнөт. Бийликке барбайсызбы, тигил жакта бүт тааныштарыңыз олтурат деп тамаша-чынында айтып калсам, «Маке, ишти бул жактан деле кылса болот. Мугалимдердин билимин, дараметин көтөрсөк эле өйдөлөп өсөбүз. Алар өссө биздин өскөнүбүз ошо да» деп күлүп койчу. Бир аз жыл Сабыр байке Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборун жетектеп да калды.

Бийликке Сабыр байке умтулган жок. Ал бул турмушта өзүн тапкан, ордун билген адам болчу. Ошондуктан тиякка, биякка жөн эле секире бергенди жаман көрчү. Көрсө турмушта адам өзүнүн ордун тапса, бакыт ошол жерде экендигин анча сезе бербейт окшойбуз.

 

* * *

Ошол Сабыр байке дүйнөдөн өтөргө эки-үч күн калганда министрликтин ашканасынан жолуктум. Жалгыз отуруп тамактанып жаткан экен. Жанына барып, учурашып, чогуу тамактанып калдык. Эмнегедир ошондо Сабыр байке үңкүйгөнсүп, маанайы чөгүнкүдөй сезилди. Бир жакка шашып жатса керек, тез эле тамактанып, «Маке, мен бара берейин. Башка күнү сүйлөшөрбүз» деди.

Мен ошондо кыргыздын бийик наркты, салтты анчалык эч ким ачып бере албастай болгон улуу инсан менен акыркы ирээт көрүшүп жатканымды сезбептирмин, атаганат. «Макул» дедим эртең эле жолугушчудай. Бирок Манастын Бакайындай болгон кыргыздын бирден бир акыл кошчусу, кыргыздын желбиреген туусунун автору, табылгыс этнограф, таамай сынчы, чыныгы окумуштуу, мекен, кыргыз дегенде жанын берген, кыргыз тургай кылымдын тамырын кармап, дүйнө элдеринин маани-шаанисин алаканга салгандай калчап айта алган, «Манасты» туу туткан, улуу журтту андан да улуу кылган залкар адам менен акыркы ирет коштошуп жатканымды билбептирмин.

 

* * *

Мага Сабыр байкенин бул дүйнөдөн эрте кетиши кыргыздын бир жерин эңшерип алгандай, бир өңүтүн жулуп кеткендей элес калтырды. Себеби Сабыр байкедей кыргыздын канын, жанын билген адамдар бизде аябай көп эмес. Бармак менен санагыдай эле. Ошон үчүн мага оор тийди. Мага эле эмес, аны көрүп-билип, сүйлөшүп, жасаган эмгегин баалаган чөйрө, дегинкиси, Сабырды тааныган кыргыз баласынын баарына оор тийди деп ойлойм. Сабыр байкедей баамчыл, акылгөй педагог кыргыз жеринде көбөйө берсе экен, анын эккен үрөнү жайылып өсө берсе экен деп тилейм. Албетте, кыргыздын руху бийик. Сабыр агайдай аалымдар аз дебейин, жаштардан анын шакирттери өсүп келе жатат. Түбү түптүү кыргыздан Сабыр агайдай улуу инсандар көп чыгаарына бөркүмдөй ишене берем. Бирок, аттиң, Сабыр байке кайталангыс адам эле. Биз ар бир ушундай кайталангыс инсандардын тирүүсүндө баркын билип, тирүүсүндө баалаганды үйрөнүп келе жаткандайбыз. Сабыр байке антип бааланганча өтүп кетти. Кеткенден кийин даңктай бергендин бу дүйнөдөн өткөн кишиге зарылдыгы канчалык экенин билбейм, бирок кийинки урпактар үчүн тарбиялык мааниси зордур. Көзү барда ушул сөздөрдү угуп эле жүргөндүр, балким ал өзүн ушунча мыктымын деп ойлобогондур. Бирок аны эл ушундай адам деп баалай баштаганда колдон шум ажал жулуп кетти. Эми кеч…

 

* * *

Анын айткан-дегендерин, жазгандарын, эмгектерин чогултуп, элге тартуулоо парз. Ал көп нерсеге жетишпей да калды. Кайран кишинин ичинде бир чоң кыргыз деген улуу аалам өлүп кетти. Армандын түбү ушунда жатат. Ал айтчу, жазчу нерселерин эртең деп жүрүп, убакыт таппай жаза албай да калгандыр. Ал салыштырып айтканда тирүү басып жүргөн энциклопедия, тирүү жүргөн Сагынбайдай, Саякбайдай элес калтырчу. Кеп Сабыр байкенин кеткенинде эмес, ким өлбөптүр, кеп анын айтпай, жазбай, тиги дүйнөгө ала кеткен билиминде, рухунда, чексиз мейкиндикке сыйбаган ойлорунда, улуулугунда, көчмөн духка сиңирилген кыргыз наркы, салты деген бир океанынын чоң тамчысын ала кеткенинде.

Кандай болгон күндө да, Сабыр байке артына материалдык эмес делген, азыр көр дүнүйө менен алектенген адамга баасы анча арзыбаган, жалпы кыргыз үчүн насилинде зор, өлчөөсүз делген улуу, рухий байлык калтырып кетти. Анын «Адеп сабагы» буга далил боло алат. Ал кыргыздын нарк-насилин чечмелегендей эми ким чечмелээр болду экен…

 

* * *

Бир жолу Сабыр байкеге жогорку билимдин азыркы заманга анчалык деле зарылдыгы жоктугун, ага караганда кесиптик билимге рыноктун талабы өсүп жаткандыгын айтып, кыргыз «папке кармап, чоң болгусу келет, андай заман өтүп кетти. Аны билбей эле ата-энелер балдарын «чоң» окууга окуткусу келе берет. ЖОЖду бүткөн соң жумуш таппай кыйналышууда» деп эмоцияга алдыра сүйлөндүм. Мени угуп олтуруп, сен өзүң жогорку билимдүү болуп алганың үчүн ушунун баарына акылың жетип сайрап жатасың да, орто билимиң болсо булар жөнүндө ойлонмок да эмессиң, туурабы? — деп койду. Мен оюмдун бир жактуу чыгып калганын алдыртан сездим да, Сабыр байке менен андан ары талашкым келбей, башка маселеге өтүп кеткенимди азыр эстеп олтурам.

 

* * *

Бир күнү Сабыр байке кадимкисиндей кабинетиме кирип келди. Ана-мына дегиче кептен кеп чыкты. Кошуна кабинеттерден Сабыр байкенин үнүн угуп Жолдош, Алимжандар келип калды. Кеп төркүнү «Манаска» жетип, анын тегерегинде эпос сымал чалагайым варианттар чыгып жатканы чоң талкууга айланды. Сабыр байке угуп олтуруп, өз оюн минтип ортого сала кетти.

— Ай балдар, талаада аңызды билесиңерби. Аңыз калды. Эгин чабылып кетти. Эми ушул жерде мурда эгин өскөн көөлгүп, шамалга ыргалып, аны дыйкандар чаап алып, нан жасап жеп, жыргап токчулуктун ырын ырдап олтурушат деп айтсаң ишенишет. Себеби бул жерде аңызы калыптыр го. Аңыз жатат саргайып өткөндүн тамыры болуп. Эгин болгону анык. Эми ошол аңызды өрттөп, казып, чаңын асманга сапырып, каман жай кылып омкоруп туруп, башкаларга ушул жерде бир кезде эгин айдалган, анда аңыз талаа бар болчу десең ким ишенет. Эч ким. Себеби аңыз жок. Эл деле ошондой. Элдин аңыз кеби «Манас». «Манасты» жоготсоң ошол аңызыңды, түбүңдү жоготосуң. Түбүңдү, тамырыңды жоготкондон кийин «бизде Манас болгон» деп айтканың бекер кепке айланат. Аны аныкташың кыйын болот. Кеп ошол аңызда. Жанагы «эпосчулар» кыргыздын ошол аңыз кебин жок кылып, анан кыргыз деген элди көөнөртүп сүрүп салганы турганын байкадыңарбы. Ошондуктан кыргыздын улуу, ыйык делген «Манасын», кыргыздын аңыз кебин, океандай аңызын талкалайм дегендер ушулар. Буга биз каршы туруп, элдигибизди, «Манасыбызды» сактап калышыбыз керек», — деди Сабыр байке күйүп-жанып. Сөзмө-сөз келтире албасам да байке ушундай мааниде сүйлөдү. Сабыр байкенин кебинен кийин мен да, кесиптештерим да тириле түштүк. Сөз эмес бекен.

 

* * *

Сабыр Иптаров да кыргыздын ошол аңыз кебин жоготпой аздектеди. Аны ар тарабынан ачып бергиси келди. Кыргыздын аңызын байытты. Ал аңыздан кыргыздын руху, билими байыды.

Кыргыздын аңызын өз жүрөгүндөй, көздүн карегиндей сактаган улуу инсандардын катарында Сабыр байке да бар эле.

Эми Сабыр байкенин аңызын да жоготпой, сактап, элге жеткирсек, кыргыздын бир өңүтү эңшерилмек тургай оожалат, өсөт, өнүгөт. Мекенчилдик ушундан башталат. Тарбия, билимдин очогу да ушул аңыз кепте жатат.

Ылайым кыргызга Теңири Сабыр Иптаровдой руху бай, аңызы түптүү, инсандык касиети күчтүү уул-кыздарды көп бере берсин.

Майрамбек Токторов, “Кутбилим”, 20.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий