Мидинден күлкү

Өткөн 1939 жылы, азыркы Россиянын Карелия жери үчүн СССР менен Финландия ортосунда согуш болгон. Мидин таякем ошол согушка катышып парашюттан секиргенде, бутун окустатып алып госпиталга туш болот. Ошол госпиталда жатып Кыргызстанга залкар акын Абдрасул Токтомушевге кат жазат. Анда Мидин таякем болгону 22 жашта экен. Катта Абдрасулдун ал-ахвалын сурап андан ары башкалар тууралуу ыр менен мындай дептир.

Жазуучунун балбаны,
Бир центнер салмагы…
“Кең-Суусу” кургап сай болуп,
Кеңигендир арманы…
Түкөм аман бар бекен?

Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кең-Суу” романы журналга чыгып, айрмдар тарабынан катуу сынга кабылып жаткан кез экен.

Жазуучунун тармалы,
Элдин сүйгөн ардагы.
Бойдокчулук жагынан
Калган жоктур арманы…
Кара көз кыздар көп эле
Бар бекен сүйүп алганы?
Жокем (Жоомарт Б.) аман бар бекен?

Ташка салса – таш кескен,
Сууга салса – суу кечкен,
Поэма менен котормо,
Шаркыратып шар өткөн.
Эр Бакайдын атасы
Кукем аман бар бекен?
(Кукем – Кубанычбек Маликов)

Алга тартат каламы,
Артка тартат арагы….
“Ажал ордун” көтөрүп,
Жусукем ара жолдо калабы?
(Жусукем — Жусуп Турусбеков)

Ушул жашка чыкканча
Бир уюмда турбаган.
Көпчүлүктүн абалын
Бурулчадан сураган…
Эрикенде ээрчитип,
Көк күчүк менен чуркаган.
Үйүндө жатып тымызын,
“Узак жолун” улаган
Мука аман бар бекен?
(Мукам – Мукай Элебаев. Бурулча жубайы)

Абдрасул Токтомуш,
Сөзгө кулак тоссоңуз:
“Какшаалдан кат” ыйлатты,
Мыкты чыгып кошсоңуз,
Бул жакта да тема бар,
Алыска кол созбоңуз.
Ясыр агаң жаныңда,
Эч бирөөдө коркпоңуз!
(Ясыр Шиваза – дунган акыны)

Жыйрма эки жаштагы Мидин жазуучуларга азил-тамаша ирээтинда айтуу менен ар бирине таамай баа берген.

Жогоруда Мидин таякемдин 1939 жылкы фронттон жиберген сүрөтү.

 

* * *

Залкар комузчулар Карамолдо, Атай, Ыбырай жана башкалар менен тең жүргөн, терме күүлөрдү келиштире черткен раматлык Чалагыз Иманкулов бир жолу Мидин тууралу мындай окуяны айтып берди эле.

— Мидин көзү өтөөр алдында:

— Чаке жүрү “көк базарга” барып эшек минип бир сүрөткө түшүп коелу деп көп жолу асылып жүрдү.

Эмнеге? дейм мен.

— Эстеликке түшпөйлүбү, эшекке минип сүрөткө түшсөк сүрөттү көргөндөр сөзсүз күлөт, — дейт Мидин.

Ошенип жүрүп биз “көк базара” ээрчишип бардык. “Төкөлдөш” айлында жашаган өзбектер эшекке чегилген араба менен базарга жүк алып келишет, бирөөлөрдүн жүгүн үйлөрүнө ташып жеткизип киресин алышчу. Мидин акчасын берип бир өзбектин эшегин алды, базардын тегерегиндеги сүрөтчүнү сыртка чакырып сүрөткө түштүк.

— Эми эшегин бер ээсине Мидин дедим.

— Акчасын актай элек бул эшек Чаке, — деп Мидин эшекти ары, бери кайтыңатып жүрөт. Элдин баары карап турат Мидинди. Аңгыча болбой эле көчөдө автобус токтой турган жерде топтошуп турган жаш кыздар жигиттердин бирөөсү:

— Мидин байке автобус жок лекцияга кечигип жатабыз, жеткизип койбойсузбу?! деп тамашалап калды.

— Анда Мидин артын карап ургаачы эшектин куйругун көтөрүп:

— Кирип отургула баарың кабинага! дей салды эле тигил жаштар, карап турган элдер боорлорун тырмашып күлүп жатышты.

 

* * *

Ырым, сөзүм элге жетип даңкталаармын,
Кылымдан-кылымдарга сакталаармын.
— деп жазыптыр акын тирүү кезинде. Быйыл Мидиндин 100 жылдыгы, ыры да сөзү да сакталуу эл оозунда.

Райкан менен Мидин кыш чилдеде “кырк жылкыны айдап алып” кечкээ маала үйлөрүнө бири-бирин сүйөшүп бара жатышса, алдынан баш кийимдери жок эки жигит чыгып тоотпогондой салам айтпай өтүп кетишет. Райкан:

— Я, Мидике “түү!” деген түкүрүк жерге түшпөй жаткан ушул суукта өкөөбүз тумакчан, ичте да 40 градус бар, ошентсе да үшүп баратабыз, бу өтүп кеткен жылаң баш жигиттердин баштары, мээлери эмне үшүбөйт? деп сурайт.

— Анда Мидин:

— Ой, Раке болбогон суроону бересиң да, алардын мээлери болсо үшүйбү, мээлери жок болсо эмнеси үшүмөк эле?! деп айтат дейт.

 

* * *

Райкан менен Мидин Омор Хаямдын шарап тууралуу осуяттарын “так аткарып жүрүшкөн такыба адамдардан” болушкан эмеспи. Азыркы Эркиндинк бульварындагы “Сейил” кафеси турган жерде жайкы кафе бар болчу, ал “Мидинкана” аталып кеткен, кийин өрттөнүп кеттип ордуна “Сейил” салынган. Ошол “Мидинканада” Райкан менен Мидин ашказандарын сугарышып кечинде Райкандын үйүнө ээрчишип жөнөшөт. Райкан ал кезде жубайы менен ажырашып жалгыз бой экен. Үй ичи музак. Өкөө эптеп “контромарка” деп аталган бийик мешке от жагышып жылыткан болушат. Жатарга келгенде Райкан:

— Мидин сен кичүү болсоң да менин коногум эмесиңби, кроватка жат, мен жерге эле жатып алайын деп, эки жер төшөктү кабатап салып пальтосун жамынып жатат. Мидин кроватка жатат. Экөө уйкуга киришет. Эртең менен ойгонушат. Райкан:

— Атаңгөрү мешке көмүр салып койсом болмок экен, “ичтеги кургур” ысытып жаткан, илеби каткандан кийин эле үшүй баштадым, чыйрыгып калыпмын дейт. Анда Мидин кроваттын тушунада илинип турган жер шарынын чоң картасын жулуп алып:

— Чыйрыксаң мына бул картадагы Африканын үстүнө жат, тим эле дароо тердеп чыгасың! деп айтат дейт.

 

* * *

Жумгалда, Чаек айылында Мидиндин Карыбай беле же Карыбек беле эсимде калбаптыр, айтор ушундай ысымдагы дүкөнчү теңтушу болуптур. Мидин айылга барганда эки куржундун төрт көзүнө толтура дүкөнүндөгү: арак, түрдүү консервалардан, тамеки, ширеңке, конфет, шоколад, печенье, сүр эт толтуруп эки атка артып Мидинди ээрчитип жайлоого алып кетчү экен. Мидин Фрунзе шаарында жүрсө суук кабар келет:

— Күтүлбөгөн жерден теңтушуң Какеңдин көзү өтүп кетти — деген.

Бул кабарды уккан Мидин:

— Атаганат! деесе, кыйын болгон экен, ыйманы салават болсун, “кайран Какем өзүнчө эле көчмө дүкөн эле!” деп айтат дейт.

 

* * *

Илгери 50-жылдары күзүндө Мидин Жумгалда жүрсө Кочкорго бир досу чакырып кетет. Ар ким конокко чакырышып акындын ырларын, куйкум сөздөрүнөн угуп чер жазышат. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин бирөө Мидинден:

— Я, Мидике, Фрунзеге же Жумгалга качан кетесиз? — деп сурайт. Анда Мидин: “ала карга деле Кочкордун тукул теректерине бир кыштап кетет турбайбы, мен ошол ала каргачалык жок бекенмин бир кыштап кетемго”, — деп айткан тура.

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий