Рыскулова: Жазуучу болсом жазат элем, аттиң…

Баш сүрөттө Кадыркул Өмүркулов жана Бүбүсара Рыскулова


“Бакайдын жайыты” кинотасмасынын сценаристи, “Ак куулар конгон айдың көлдүн” режиссеру Кадыркул Өмүркуловго дагы башка классикалык кинотасмалардын сценарийлери таандык экени маалым.

Бирок, жазуучу Касымаалы Жантөшев белгилүү сценаристтин атасы, акын Нуркамал Жетикашкаева энеси болгонун, анын залкар таланттардын ордосунда чоңойгон бактылуу да, татаал да тагдырын билгендер аз.

Жазуучунун жубайы, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жазуучунун чыгармачылык дүйнөсү, жеке турмушу жана арманы тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.

“Азаттык”: Агайды мен элүүдөй сценарийи, ондон ашык китеби бар, белдүү жазуучу, таланттуу сценарист катары билем. Бирок, купуя дүйнөсүн сизден артык эч ким билбесе керек. Сизди агай менен “Бакайдын жайыты” тасмасы тартылып жатканда таанышкан, ага залкар актер Муратбек Рыскулов салым кошкон дешет, чынбы?

Бүбүсара Рыскулова: Салымы бар деп ойлойм. Кийин Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева эже экөө бизге өкүл ата, өкүл эне болушту. Алиман Жангорозова, Батипа Малдыбаева эжелер бар болчу. “Бакайдын жайытына” жаш артисттерди издеп атышыптыр. Бир жарым жылдай студияда окуп, театрда бир аз иштеп калган кезим болчу.

18 жашта элем. Актриса болоюн деген каалоом бар эле. Абдыашым Көбөгөнов, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов өңдүү чыгаандар сабак беришчү. Адегенде кыйналганым – айылдан кичинекейимде келип, орус мектепте окуп калганым болду. Мага “Бечара энемдин ак чачы” деген спектаклде жаш кыздын ролун бермей болушуп, “к” тамгасын кыргызча айтпасаң албайбыз дешти. Эне тилим да, тез эле көнүп алдым, анан жаш кыз эмес, башкы роль – эненин ролун беришти.

“Азаттык”: “Бакайдын жайытындагы” ролуңуз биринчи эмес турбайбы?

Бүбүсара Рыскулова: Кинодо биринчиси, анан акыркысы да болду. Бир күнү көчөдөн кармап эле бирөө киного тартабыз деп чакырды. Тийишип атат го деп, качып кетсем, театрга аркамдан келиптир.

“Азаттык”: Кадыркул Өмүркулов бекен?

Бүбүсара Рыскулова: Жо-ок. Экинчи режиссерлордон го. Кадыр агайыңарды кинотасмага сынак учурунда көрдүм. Мага көңүл деле бурган жок. Сценарий жазып, Москвадан кинематографисттер институтун (ВГИК) жаңы бүтүрүп келип, эч кимди теңине албай турган кези экен. Жанында режиссер Төлөмүш Океев бар. Кыздардын баары аларды карашат. Мени көпкө чейин караган деле жок. Акырындап жакындаша баштадык. Анан эки жылга жакын сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.

 

“Менин биринчи университетим”

“Азаттык”: “Бакайдын жайыты” акыркы ролум деп атасыз. Кадыркул агайга турмушка чыгышыңыз актердук карьераңызга бут тоскон жокпу?

Бүбүсара Рыскулова: Мен негизи артист болом деп музыкалык окуу жайдагы окуум калып калган. Анан үйлөнгөндөн кийин Кадыркул «сен окушуң керек, билимиң жок болсо мага кызыксыз болот» деди. Ошентип Искусство институтун бүттүм. Балдар кичинекей, окууга талап күчтүү, мен болсо кыйналам, окугум келбей “сага диплом эле керек болсо дипломдуу кыздар толтура, ошолорго барчы” дейм. Кадыр китептер менен жабдыйт, балдарды караганга киши табат, “кийин рахмат айтасың” дейт. 18 жашымда жолугуп, ошондон тарта инсан катары калыптанганыма салымы чоң болду. Мен ыраазымын. Аны мен “биринчи университетим” дейм.

50 жылга жакын чогуу жашадык. Бир сырдуу, бир кырдуу адам эле. Шайыр көрүнгөнү менен түнттүгү да бар эле. Таарынса жазылышы кыйын эле. Кээде асман түшүп кетсе да катуу, кескин айтып койчу. Тиричиликке такыр жок болчу.

“Азаттык”: Кадыркул Өмүркуловду азыр айрым сынчылар могикандардын акыркысы деп атышпайбы. Чыгаан сценарист болчу. Чыгармачылык дүйнөсү кандай эле?

Бүбүсара Рыскулова: Башында киного түшүп атканда “Бакайдын жайытын” деле түшүнгөн эмесмин. Кадырдын чыгармачылык дүйнөсүн кийин-кийин, чыгармаларын кайталап окуп атып түшүндүм. Азыр деле кайра-кайра окуганда терең философиялык чыгармалар катары тааныйм. ВГИКте окуп жүргөндө Кадырдан негизги темаңыз эмне деп сураганда “Мен өмүр бою бир эле теманы жазып келатам” деп айткан экен. “Бакайдын жайыты”, “Мөңгү муңу”, “Ак куулар конгон айдың көл” – бардыгында адам, табият, Жер эне тууралуу жазган. Биринчи чыккан “Жылдыздуу түн” деген китебинде “Бурма” деген аңгемеси бар. Жыйырма жашында жазган. Ошондо минтип атат:

“Экөө ээн жолдо келатышты:

— Жерден эмне булоо чыгат? Же күйүп атабы, — деп сурады Кубат.

— Дем алып атат, — деди Бурма”.

Жыйырма жашында ушинтип жазып атат. Кийинки “Жылдыздуу түн”, “Жер касиети”, “Эски тегирменде” деле – адам менен табияттын байланышы. 27 жашында Төлөмүш экөө – бири Москвада, бири Фрунзеде отуруп “Бакайдын жайытын” кантип иштешкени тууралуу каттары бар. Ошол “Бурмадагы” лейтмотивди, сызыкты акыркы күнүнө чейин алып келген.

Акыркы күндөрү «мен бир чоң чыгармага отурганы жатам, бышып деле калды, убактымдын көбү өтүп кетти» деп айтты эле. Тилекке каршы, 72 жашында кетип калды. Жазылган үзүндүлөрү бар, бирок, жазуучу болбогондон кийин толуктай албайм да. Бирок кыргыз элине чоң эле иш калтырды. Эми баасын деле алды. Эл жазуучусу болду. Бирок, биздин үй-бүлөдө балдарга байланышкан көйгөйүбүз бар. Мен ачык адам катары айтайын десем, өзү аны каалачу эмес.

 

“Кадыркул “күйүп” кетти”

“Азаттык”: Өзүнүн да балалыгы татаал экен. Ошол эле учурда кызыктуу, чыгармачыл адамдардан чыккан экен го. Мисалы, энеси акын Нуркамал Жетикашкаева болсо, атасы Өмүркул биринчи кинорежиссер болгон дешет. Кийин экинчи атасы Касымаалы Жантөшевдин колунда чоңоюптур.

Бүбүсара Рыскулова: Чынында Кадырдын үч атасы, үч энеси болгон экен. Мен деле 70тен ашып калдым, аттарын айта берейин, тергебесем кечиришээр. Өз энеси — Нуржамал. Кийин 90го чыкканда дүйнө салды. Өзүбүз жерге бердик. Нуркамал балалуу болбой калып, бир тууганы Нуржамалдын уулун ымыркайында багып алыптыр. Өз атасы да, экинчи атасы Жумакмат да Кадыр кенедейинде эле согушка кетип, кайтпай калышыптыр. Москвада окуп жүргөндө Өмүркул атабыздын Кронштаддагы эстелигине кийин гүл койдум деп айтып калчу.

Кадыркул Өмүркулов, Нуркамал Жетикашкаева (ортодо)

Кийинки чоңойтуп, эрезеге жеткирген, үйлөнткөн атасы Касымаалы Жантөшев болгон. Байбичеси каза болгондо Нуркамал Жетикашкаеваны алып беришет. Кадыр ошондо 1,5 жашта болгон. Нуркамал апабыз 30дан ашып каза болот. Ошондо өз апасы келсе кетпей койгон экен. Сыдыкбеков, Токомбаев арачы түшүп алып калышыптыр. Кийин окуусун бүткөндөн кийин Касымаалы атабыз энесине алып барып, мына эми балам десең болот деп Кадырды тапшырган экен. Абдан жакшы адам эле.

Бир жолу экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө таанышат элем деп, театрга пирожки көтөрүп алып барыптыр (күлөт). Шопоков көчөсүндө жер тамда турушчу. Үйлөнгөндөн кийин бөлүндүк да. Тун кызым боюмда бар. Келсек бирин-серин байлаган шабдалысы бар эле. Ошондон бирди жаздыгынын астына катып коюптур, менин көзүмчө же деп берип, карап отурган. Атабыздын көзү биз үйлөнгөндөн бир жылдан кийин өттү.

Кадыр атасын абдан жакшы көрчү. Мурда Жантөшев экен, кийин кайсы бир себептер менен кайра эски фамилиясына өтүп алыптыр.

“Азаттык”: Чынында балалыгы бала көтөрө алгыс татаал болгон экен. Ошол балалык уйгу-туйгусун бөлүшчү беле?

Бүбүсара Рыскулова: Ошондой залкар адамдардын арасында чоңойсо деле жеке арманы да болду. Бирок, адамгерчилиги, үй-бүлөгө, балдарга мамилеси өзгөчө болчу. Улам карааны алыстаган сайын чанда кезикчү инсан катары баалайм. Грибоедов бир “Акылдан азап” менен тарыхта калды. Изилдөөчүлөр “Мөңгү муңу” кимдин муңу?” деп жазышкан. Ичинде көп муңу бар эле. Анын баары өзү менен кетип калды.

Эми биздин жашоодо ачуу-таттуу болду. Баштан көп нерселер өттү. Ыраазымын. Султан Юсупов — байкем, Мукаш Абдраев — жездем. Эгер алар Бишкекке алып келбесе, Молдобасанов, Давлесов сыяктуу залкарларды көрбөй, жашоомо ушундай из салынбай калат беле…

“Азаттык”: Азыр эми Кадыркул Өмүркуловдун, Нуркамал Жетикашкаеванын, Касымаалы Жантөшевдин мурастарына ким кам көрүп атат?

Бүбүсара Рыскулова: Бул иш бизде кыйыныраак. Кадыр атасы (Касымаалы Жантөшев), апасы (Нуркамал Жетикашкаева), өзү тууралуу бир китеп чыгарам деп атты эле. Тилегине жетпей калды.

“Азаттык”: Балдардан агайдын, сиздин жолду жолдогондор барбы?

Бүбүсара Рыскулова: Кызым мени менен иштейт. Бир баласы Кадырды жолдомок, дымагы, ички сезимдери, билими менен ашса ашмак, кем болмок эмес. Тилекке каршы, социалдык ооруга кабылды. Кадыр ошону көтөрө албай күйүп кетти. Мен деле ошону жон терим менен сезген үчүн ушул иште жүрөмбү деп ойлойм.

“Азаттык”: Азыр эми “Сезим” аркылуу далай адамдарга колдоо көрсөтүп келатасыз. Ал үчүн сизге терең ыраазычылык. Ден соолукта болуңуз.

Бүбүсара Рыскулова: Силерге да ырахмат. Агайыңарды эстеп, билбеген жагын элге таанытып атасыңар. Эми бул аз эле бөлүгү. Ички дүйнөсүн кагазга түшүрө алган адам – жөн адам эмес да. Жазуучу болсом жазат элем, аттиң…

(Белгилүү сценарист, Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов 1941-жылы 16-февралда туулуп, 2013-жылы 6-декабрда көзү өткөн.)

Бурулкан Сарыгулова, “Азаттык”, 16.12.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий