Ааламдын адамы Сагынбайга 150 жыл

“Баарын коюп Манасты айт!”

— Бабам Кошойдо акыл-эс менен намыс, кара күч ширелишип, жуурулушуп турган экенго чиркин!

Байркы грек мифологиясындагы Геракл тууралуу баянда анын кара күчү тууралуу айтылган менен Кошойдун акылмандыгы намыскөйлүгү сыяктуу сөз айтылбайт. Көкөтөйдүн ашында калмактардан дөө Жолой күрөшкө чыгат. Жолойдун кебетеси, турпаты мындай айтылат.

Оңбогон Жолой капыры,
Баары каапыр баалаптыр,
Балбанга аны баалаптыр.
Тырмагына караса
Ак жолборстун салаадай,
Муруттарын караса
Тегирмендин күпчөгү
Текши каккан барадай.
Өлчөөсү жок өзгөчө,
Чечекейи чарадай!
Атасы бар бата жок,
Айтканы бар ката жок,
Энеси бар нике жок,
Элде мындай бөкө жок!
Туурасы жоон бою бас,
Дулдугуй беттүү өңү саз.
Комдонуп жаткан кара иттей
Маңдайында кашы бар,
Козголуучу дөө эмес,
Даш казандай башы бар,
Артына түшкөн айдары-
Кыл чылбырдай чачы бар,
Кырктын орто ченинде,
Кысталактын жашы бар.
Мунарадай бою бар,
Бул жаандын балбанын
Койбоймун деген ою бар.
Кулагы калкан-кол чатыр,
Калмактан чыккан бир баатыр,
Майданга басып келеатыр.
Абакең Кошой айкырат,
“Балдар бириң чыккын-деп,
Мактанпай итти жыккын”-деп. Кошой Эр Төштүк баштаган кыргыздын көй кашка баатырларын баарын кыдырып чыгат. Бирок, баары “Жолобоймун Жолойго!” деп макул болушпайт. Кошой Манаска келип “сен чык майданга Манас!” дейт.

Бу сөздү угуп эр Манас
Мукктанып калганы:
“Келгениңиз эп эле,
Айтканың айтаар кэп эле,
Аянып калсам капырдан
Анда мени жемеле!
Айтайын жооп сөзүңө,
Абаке кошой өзүңө,
Ат үстүндө турганда
Ажалга тууган ок элем,
Эзелтен жөөгө жок элем”-деп, андан ары Манас “күрөшкө түшүп намыс алаармын, бирок найза сайышка түшсөм алсырап калаармын?!” деген ойун айтат. Сөз жүйөөсүнө Кошой түшүнөт. Манас болсо “абаке намыс үчүн Жолойду ала салдырбасаң болбос!” дейт. Кошой сөздөн чыга абай, намысы түтөп айтып турган жери.

“Атигине дүнүйө,
Жашаган сайын шайманың
Бошойт экен күнүгө!
Көкөтөйдүн ашы-деп,-
Көрүүгө сонун ушу-деп,-
Карысынан кандар көп,
Карап турсам жер жайнап
Канча түрдүү жандар көп.
Кичигинен улук көп,
Эсеп жетип болгусуз,
Эчен тирдүү урук көп.
Ушинтип турган чагымда,
Убара кылдың канкорум
Сакалымдын агында.
Арманым арбын, дартым зор,
Ажал деген чиркиниң
Туюк соккан темир тор,
Азыркысын абакең
Жаш жагынан болду кор!
Бабаң Кошой баш болсо,
Жылас болгон Кошойдо,
Жыйрма беште жаш болсо,
Чын ушундай аш болсо,
Жолой чыкса жолумдан
Башы таштан болсо да
Соо кетпес эле колумдан!
Отуз беште жолукса
Ойрондобос эр белем,
Ошол иттен кем белем!
Обдулуп найза салышса,
Ойдо- дөңдө алышса,
Оролтуп аяк чалышса,
Оңдобой турган мен белем,
Оосурак иттен кем белем!
Кырк беште чыгып калышса,
Кыйгактуу найза алышса
Кыйып кара башыны,
Кызыл-кызыл чыгарып
Оозунан ичкен ашыны,
Кустурбай турган мен белем,
Кутурган кулдан кем белем!
Элүү жашта кезиксе,
Эптебей турган эр белем,
Эптеп жердин тешигин
Көктөбөй турган эр белем,
Эсирген кулдан кем белем!
Абаңдын шайы кеткенде,
Сексен бешке жеткенде,
Арсында отуз жыл,
Арманда өтүп кеткенде,
Калкымдын каалап калганы,
Канкорум айта салганы,
Карап турсам опозус
Кашайган дүйнө жалганы!
Каапырдын көөнүнүң тындырбай,
Канкордун шагын сындырбай,
Калкына уят кылдырбай,
Төгүлбөй турган кан барбы,
Өлбөй турган жан барбы,
Булуттан чыгар муздак жел,
Мырдар кул мынча келген соң,
Карысам да тобокел!
Тобокелге салайын,
Токтолбойун барайын!

Мына, 85 жаштагы бабам Кошойдун күйүтү, күйтүнөн да күчтүү намысы!…

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий