Актан Арым Кубат, кинорежиссёр: «Адам болуп туруп айбанча иш кылганыбызга кайгырам. Жаңы тасмамдын маңызы да ушунда»

– 3-4 жыл мурун «эч нерсе жасабай туруп интервью бере бермек белем» дедиңиз эле. Эми маектешчү учур келди окшойт…

– Мен өзүм кино көп тартпайм, оюм, ички толгоолорум бышканда анан тартат экенмин. «Свет аке» тасмасын тарткандан бери 7 жыл өтүп кетти. «Свет аке» менен «Маймылдын» аралыгы 9 жыл. Бул акчанын тартыштыгынан деле эмес. Каражат жагы продюсеримдин моюнунда.

– Башка кинорежиссёрлор акча издесе, сиз акчалуу продюсер издейт экенсиз да…

– Бул да тагдыр болуш керек. Коомдук ишмер Төлөндү Тойчубаев менен чогуу «Ой арт» компаниясын ачып бир нече тил билген, бухгалтерия, экономика жаатын түшүнгөн продюсерге сынак жарыяладык. Талапкердин бири болуп Алтынай Койчуманова келип калды. Уулум Мирланга турмушка чыгат деп деле ойлогон эмесмин. Ошондон бери Алтынай кинолорумдун такай продюсери. Учурдагы киночуларды көрүп жүрөм, алар үй-бүлө мүчөсүнүн бирин кыйнап эле акча жагын сен алып кетесиң деп продюсер кылып коюшат. Алтынай келин болгонго чейин эле бул жаатта бышып калган десем болот, продюсер катары «Боз салкын» фильмин чыгарган.

Негизи тасма айдыңына аралашкандан тарта эле чет элдик продюсерлер менен иштештим. Атайын деле издеген жокмун, тарткан фильмдерим менчик компаниялардан тартылып, башынан эле туура жолго түштүм окшойт. Азыр ата мекенибиздеги продюсерим Алтынай болсо, Францияда Чедомир Колар, Германияда Танассис Каратанос, Голландияда Дени Васлин, Японияда Юджи Садай. Булар менин чыгармачылыгыма кызыккан адамдар. Мен бир ой жаратсам, алар ошого каражат табышат.

– Жаңы тартылган «Кентавр» тасмасынын бет ачары Германияда болору бекеринен эмес экен да…

– Кинону тартып бүткөндөн кийин аны дистрибьюторлорго (ред. Тасманы тартуучу топтон алып, сатыкка чыгарган адамдар) сатабыз. Алар кинону кайсы фестивалда көрсөтүшөт өздөрү чечет. Андыктан бет ачардын кайсы бир өлкөдө болуп жатканына продюсердин тиешеси жок. Кино негизи былтыр март айында бүткөн, сатуучу бет ачарына ылайыктуу фестиваль издештирип жатып, 1 жыл өтүп кетти. Пусан, Таллин, Роттердам, Торонто кинофестивалдарына көрсөтүү сунушу түшкөн, деңгээлдери төмөн болгону үчүн макул болгон жокпуз. «Кентаврдын» бет ачары болчу Берлинале фестивалы дүйнөдөгү эң мыкты фестивалдардын бири.

– Кыргызстанда кинорежиссёрлор тартканга өзү акча табат, тартып бүткөн соң өзү чуркап прокатка коёт, ошондо сиздин прокат менен ишиңиз жокпу…

– Ооба, ошондой. Мисалы, көпчүлүк кесиптештерим өздөрү киного акча таап, өздөрү тартып, өздөрү сатышат. Акча таппаса да айрымдарынын аты чыгышы мүмкүн. Аты да чыкпай, акча да таппай калгандары канча? Актандын продюсерлери бар, ал киносун сатып жиберет деп ойлогон туура эмес. Сатып алуучу кинону кайра элге сатат да, ошондуктан фильм жакшы болуш керек. Эгер элге өткөрө албаса дистрибьютор күйөт да. Мен тарткан кинону КМШ өлкөлөрүндө өзүбүз сатабыз. Анткени биздеги кино тармагын алар баары бир бизден артык билишпейт. Сатуу менен да билген адам алектениши керек. «Свет аке» тартылып бүткөндө борбордогу кино театрлардын бирине сатыкка койдук. Кийин чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен жолуксам «тасмаңыздын үнү начар болуп жатат» деп айтып калышты. Алтынайга айтсам, ал барып өзү укту, чын эле кинонун үнү чыгып-чыкпай жатыптыр. Кинотеатрдын жетекчилигине айтсак «анда биз башка жерге которобуз» деп калышты. Андай болбойт деп чыгым болгонубузга карабай 1 жумадан кийин прокаттан алып салдык. Рысбек Жабиров менен жолугуп калсам, «байке, киноңузду бербейсизби прокатка коюп көрөйүн, бирок менде бир суроо бар» деди. Макул десем, «тарых музейинин жер төлөсүндөгү кинозалды сурап бериңиз» деди. Сураганда эмне, оңой эле да деп ойлогом. Кайдан? Ал жерге бир жыл мурун кезекке туруш керек экен. Маданият министрлигине чалып аке-жакелеп араң 20 күнгө алып бергем. 200 кишилик залга 20 күнү тең 2 сеанс менен эл толтура келди. Прокатка аралашып жүрбөгөн жаным туура эмес театрды тандап алып жатпаймынбы. Дистрибьютор дегендер прокатты билген адамдар болушу керек.

– Кесибиңиз боюнча кинорежиссёрсузбу?

– Алган билимим боюнча сүрөтчүмүн. Азыркы Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөм. Окуумду аяктагандан кийин кыргыз киностудиясында сүрөтчү болуп иштедим. Кино тартуудагы менин корунганым ушул болуш керек, кино жаатында билим алган жокмун. Ошондуктан ката кетирип албайын деп ар бир ишти кылдаттык менен жасайм. Бардыгы тартип, талап, кырааты менен кетиши керек.

– Жол көрсөткөн устатыңыздын сизде салымы чоң экен да…

– Геннадий Базаровду устатым деп жүрөм. Базаров менен тасма талаасында чогуу иштешип көп нерсени үйрөндүм. Төлөмүш Океевди да устатым деп билем, ал кишинин мага тарткан кинолору жакчу. Союз тарар алдында менчик студия ачып, ошол жерден тартылчу киносун билими жок мага ишенип берген.

– Жаңы тартылган тасмаңыздын аты эмнеге «Кентавр»?

– «Кентавр» деген грек мифологиясында алды киши, арты ат болгон жандык. Биз, кыргыздар, илгери көчмөн эл болгондо тигил элди чаап алганбыз, буларды кырганбыз, анан алар бизден коркушчу деп санжыра айтып келебиз го. Тасмадагы башкы каарман дагы «биз илгери укмуш болчубуз» деп мактана берген адам. Эл аны шылдыңдап, «Кентавр» деген лакап ат коюп алышат. Биз бүгүнкү күндүн кентаврларыбыз деп айта алам. Айрымдар таарынат болушу керек. Бирок адам болуп туруп айбан жасачу иштерди кылып жатканыбызга кайгырам. Мисалы, кенедей баланы, жадакалса, атасы өз кызын, агасы карындашын, жаштар чоң апаларыбызды зордуктамай, атышмай, бири-бирин сатмай, уурдамай, эшектин этин жемей дегендей. Биздин өкмөттө азыр ууру эмес ким бар? Иши кылып жашообузга ушунчалык нааразымын. Мен негизи ислам динине каршы эмесмин. Мен да Кудай деген кишимин. Бирок эмнеге Кудайга араб тилинде кайрылышыбыз керек. Куран, намаз, келме бүт арабча. Кыргызча кайрылсак Кудай укпай коёбу? Кыскасы, ушул маселенин баары «Кентавр» тасмасында камтылган.

– Кажы-Сайда кино тартылып, биздин айылдагылар аты менен барып массовкага тартылышкан. Атам: «Режиссёр деген тамагы айрылгыча кыйкырган киши болот турбайбы» дегени эсимде, сиз да ошондойсузбу?

– Бизде режиссёр өкүрүп-кыйкырып башкарган, тамекини болушунча тарткан, кофени ичкен, өйдө-төмөн сүйлөгөн адам болот деген мода бар. Бирок мен андай эмесмин.

– Айылда турчу элеңиз, шаарга көчүп келдиңизби?

– Ооба, азыр шаарда кудамдын неберелерине белек кылган батиринде турам. Айрымдар, «кудаң берген үйдө кантип жашайсың?» деп шылдыңдап калышат. «Кудам берген эмес, неберелеримдин үйүндө жашайм» деп жооп берем.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

«Жубайым, кыздарым кино тармагында иштешпейт. Аларды тамашалап «бул кыздардын иши эмес» деп коём».

 

Уулум Мирлан менен келиним Алтынай. «Ата баласын мактабайт» деген кыргызда сөз бар, бирок «атасы баласы менен сыймыктанбайт» деген сөздү уга элекмин (күлүп), Мирлан менен сыймыктанам».

 

«Кентавр» тасмасынан. Бул чыгармада мен башкы каармандын образын жараттым. «Свет аке» каарманын да ойнободум беле. Дагы бир образ жаратуу менен кино тартып триптих кылайын деген кыялым бар».

Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №743, 27.01-02.02.2017-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий