Көкөнбек бий – Памирдин миңбашысы!

Карт тарыхтын кордугун көрүп, далай азабын тартса да чөкпөгөн, чачылып-тозуп чайпалса да бөксөрбөгөн, түгөнүп баратканда чыйралып, кайра түтөгөн кыргыз урпагы кылымдарды карытып, бүгүнкү доорго чейин жетти. Артта калган катаал доордун ач бел, куу жонунда нечендеген элдердин сайда саны, кумда изи калбай житип жоголгонуна күбөбүз. Биз алардын катарында дайын-дарексиз калбай, өмүр сүрүп жатканыбыз үчүн Жараткан менен Кудайга миң ирет тообо келтирип, ыраазылык билдиришибиз керек.

Албетте, Жараткандын колдоосу менен Кыдыр атабыздын урпактарын Манас бабабыз баш болгон Кошой, Бакай, Семетей, Сейтек, Эр Төштүк, Курманбек, Эр Табылды, Жаныш-Байыш, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдүү баатырлары сактап, эл-жерди коргоп келди. Алардын эрдиги эл оозунда байыркы мезгилден бери тынымсыз айтылып, ыйык мураска айланганын билебиз. Ал доорго үңүлсөң, кыргыз ээлеген кең мейкиндик түндүгү Алтай, Эне-Сайдан башталып, Талкан менен Кундузга, чыгышы Тибеттен баштап Кавказга чейин кулач жаярын көрөбүз. Бирок замандын капшабы деген ушундай экен, кайчылаш келген тагдырда чабылып-чачылып, үстөмдүк кылган калктардын саясий талаасында кертилип-кесилиппиз. Муну катаал тарых койнуна катып, мисирейип түнөрүп турат. Биз мына ошондой саясаттын курмандыгына айланып, кыргыз ээлеген аймакка кирбей, сыртта калган Сары-Кол (Памир) кыргыздарындагы Асандын уулу Көкөнбек миңбашы жөнүндө учкай кеп козгоп, үч улуу держава күрөшкөн аймакта өзүнүн кыраакылыгы менен кылдат саясатты жүргүзгөн, XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында азыркы Мургабдагы кыргыздарды чейрек кылымга чукул аралыкта канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай келген тарыхый инсан боюнча азыноолак сөз кылабыз.

Алдын-ала айтсак, байыртан бери Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактары мекендеп, 70 миң чарчы чакырымдай аянтты камтыган Сары-Кол (Памир) өрөөнүн азыр беш мамлекет ээлеп жатат. Сары-Кол жалпы ат, учурда Памир деген аталышы менен кеңири белгилүү. XIX кылымдагы Англия, СССР, Кытай империяларынын баскынчы аскерлери Памир өрөөнүндө тогошуп, сарыколчу кыргыздарды бешке ажыратып салышкан. Бир бөлүгү Кытайда актоолук (Опол, Музтаг-Ата) кыргыздар, экинчиси Тажикстанда мургабдык кыргыздар, үчүнчүсү Ооганстанда памирлик кыргыздар болуп бөлүндү. Ал эми төртүнчү жана бешинчиси Пакистан менен Индияда күн кечирүүдө.

Мына ошол Сары-Колдун бир бөлүгү болгон мургабдык кыргыздардын Кыдыр-Шаа уруусунан чыккан Көкөнбек миңбашы эл үчүн, кыргыз үчүн опол тоодой эмгек сиңиргени бүгүнкү күнгө чейин эл арасында кеңири айтылып келет. Бирок жалпы этникалык кыргыздарга тиешелүү болгондой, Мургабдан чыккан чыгаан инсандарга мамлекеттик деңгээлде кеңири изилдөө иштери жүрө элек. Элдин оозунда айтылып калган улуу сөздөр менен гана кечээки баатыр бабаларды жергиликтүү калк таанып-билип отурат. Дегенибиз менен, биздин доордон бир кылым мурда жашап өткөн Көкөнбек миңбашы жөнүндө билген сарыколчу аксакалдар дээрлик калган жок. Бирок Көкөнбек миңбашы адегенде Мургабдан Бадахшанга чейин, кийин Кара-Көл менен Бартаңга дейре каккан казыктай бийлик жүргүзгөнү эл ичинде кеңири айтылып келет. Азыр Кара-Көл айылынын Жаңы-Жер деген жайлоосунда Кашкардан усталарды алып чыгып миңбашы салдырган коргондун чулдусу, жүздөгөн чүрчүттү чанач менен суу ташытып, Оксалдыр-Атада кайын энесине курдурган күмбөзү турат. Болжол менен 1894-жылдары жалпы Памир өрөөнүнө миңбашылыкка дайындалып, 1919-жылдары революциядан соң кызматтан четтеген. Айтор өтө кыйчалыш мезгилде үч державанын талашы жүрүп жаткан маалда бийликте турган экен. Миңбашы 1920-жылдары ажылыкка жол тартып, Мекеге бир күнчүлүк убакыт калганда жарыкчылык менен кош айтышканын бирге кеткен сапарлаштары айтып келиптир.

Көкөнбек миңбашы боюнча көптөгөн легендалар сакталган, бирок улуттук саясатка ылайык, аларды тизүүнү кийинкиге калтырып, азыр тарых бүктөмүндөгү элестерге токтолууну эп көрдүк. Анда береги сүрөттөргө көз чаптырсак (1-сүрөт), Көкөнбек миңбашынын 1987-жылы жарык көргөн “Памир” китебиндеги А.Г.Шпилконун архивинен алынган “В юрте богатого киргиза. Восточный Памир 1910-е годы” деген ат менен берилген элеси турат. Муну Көкөнбек миңбашынын небереси, 3-5 жашында чоң атасын көрүп калган Мамытов Мыйман аксакал 80 жашка таяп калган учурунда китептен таанып, сүрөттө миңбашынын балдар-кыздары, казысы жана кол алдында иштеген жигиттердин бири тартылганын небере-чөбөрөлөрүнө айтканы бар. Бирок “богатый киргиз” дегени мургабдагы калктын кээ бирин бүдөмүк ойго түртүп, “Кудайберген бай деген киши болушу мүмкүн” деген божомолдорду жараткан. Биз аны тактоо үчүн Санкт-Петербург шаарына кол сунуп, ПАМИРде кызмат өтөгөн Снесаревдин (Фото из семейного архива Снесаревых, переданное и хранящееся в настоящее время в архиве ИВР РАН) архивинен Көкөнбек миңбашы баягы орден жана медалдары менен түшкөн сүрөттөрүн алдырдык.

Снесаревдин архивиндеги сүрөттөрдө (2, 3, 4 – сүрөт ) А.Г.Шпилько тарткан кишинин дал өзү, айтылуу Көкөнбек миңбашы так ошол орден, медалдары жана кылычы менен түшкөн. Белгилей кетерибиз, Снесарев Көкөнбек миңбашыны А.Г.Шпилькодон он беш жыл мурда тартып, “Волостной Кокан-бек отправляющийся домой” жана “В гостях у волостного” деп аты-жөнүн так жана даана жазып, Москванын жана Санкт-Петербургдун архивине сактаптыр. Ошондой эле Көкөнбек миңбашынын көкүрөгүндөгү орден-медалдардан сырткары мойнундагы белгиден болуш дагы болгонун көрүп турабыз. Ал эми жалпы Памирге атагы чыккан атабыз датка наамын алганын көпчүлүк биле бербейт. Аны жалгыз гана Мамытов Мыйман абабыз айтып, Бухара хандыгы датка наамын ыйгарганын, алтындан жасалган алакандай төөнөгүч (орден) бергенин бир нече ирет билдирген. Сыныкка өгөөлөп ичирип, абдан жукарган кезде Сары-Колдун Кытай тарабында калган кызы Карлыгач алып кеткенин кулакка куюп келген эле. Бирок аны тактаганга азырынча кол жеткен жок. Асыресе учурда өзбек менен кыргыздын мамилеси оңдолуп жатат, Кудайым буйруса муну алдыда документтер менен тастыктайбыз.

Мындан сырткары, Көкөнбек миңбашы бий да болгонун береги мөөрлөр далилдөөдө. Ак күмүштөн жасалган мөөрлөрдүн эң кичинекейинде “Хасандын уулу Көкөнбек” (№5) деп, андан чоңураагында “Хасандын уулу Көкөнбек бий” (№6) делинип, эски орус тамгасы менен сыртында “Хасанбаев” деп кошумчалап жазылыптыр. Береги кооздолгон, оймо-чийме түшүрүлгөн эң чоңунда “Хасандын уулу Көкөнбек бий, Памирдин миңбашысы” (№7) деп турат. Эске сала кетсек, Көкөнбек миңбашыга наамдар Россия империясы тарабынан берилгени маалым. Дегенибиз, Кыргызстандын ичинде жана сыртында жашаган кыргыздардын арасында даңазасы таш жарган айрым датка жана хандардын Көкөнбек миңбашынын мөөрлөрүндөй болгон үч даражадагы белгини бергени эмес, өздүгүн аныктаган жалгыз мөөрү болбогонун турмуштан көрүп, күбө болуп келе жатабыз. Бирок ызы-чууну катуу салып, кыргызды бөлүп-жарып, тентитип-тозутуп, кан төккөндөр гана айтылып, ал эми Көкөнбек миңбашыдай эл-жердин бүтүндүгүн сактаган Сары-Кол (Памир) кыргыздарынын кыйын уулдарына тарых да, тарыхчылар да өз баасын бере элек. Биз өз жеринен, элинен качып-бозгон хан-бектерди туу тутпай, мына ушундай бабаларыбызды урпактарга үлгү кылганда гана оңолобуз. Чымындай жанын артык көрүп, жалгыз башын калкалоо үчүн жалпы кыргыздын тагдыры менен ойногон эрендерди улут сыймыгы катары аздектебей, өз эли, өз жери үчүн жанын аябай, кара башын канжыгага байлаган баатыр аталарыбызды акыл менен таразалап, ажыратып, аларды кастарлаганга көнгөндө гана келечегибиз кең болот, таза муунду тарбиялай алабыз.

Памир Манас, «Де-факто», 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий