Сөз өнөрүнүн төрөсү төкмөлүк (2-бөлүк)

Төкмөлүк өнөр, таланттуу акындардын айтышы соңку жылдары кыргыз, казактын кызыгып көргөн башкы шоуларынын бирине айланды. Эки элдин эркиндикти сүйгөн уникалдуу өнөрүнүн оош-кыйыш жактары тууралуу экономист жана публицист Сапар Орозбаков ой бөлүшкөн. Макаланын 2-бөлүгүн сунуш этебиз.

Акынды ала салдырган уйкаштык.

Акыркы могикандын бири Осмонкул бир туш кийизди эле бир саат ырдап берчү дешет. Бир айткан сөзүн экинчи кайталабай, уйкаштарын бир дагы бузбай. Эмне деген чеберчилик! Анын жамак куруу таланты жөнүндө эл арасында ар кандай легендалар айтылып жүрөт. Өзүнүн эле айтыштагы жубу Калык «кызып ырдап отурсаң, кыш койгондой жамайсың» деген жери бар. Башка акындар жазгы күнкү өткүн сыяктуу буркан-шаркан болуп келип, анан жайлай калып, кайра катуулап төксө, Осмонкул эртеден кечке тынбай жааган ак жаан сыяктуу бир кылка төгөр эле дешет.

Муну айтып жаткан себебим, мен чеберчилик жөнүндө бир аз кеп козгогум келет. Жогоруда айтыш өстү дебедимби. Бирок ал жетер жерине жете элек — дагы өстүрсө болот. Айрым акындар дагы эле жамактоо техникасын жакшы өздөштүрө албай жаткандыгы байкалат. Мен жогоруда айткандай, акындар ырды ооздукка ала албай, уйкаш кылайын десе ойду жоготуп алып, ой айтайын десе уйкашын келтире албай, ыр ала салдырып кеткен учурлар дагы эле көп.

Мен төкмөлүккө жаңыдан кызыгып жүргөн жаштарды окуткан «Айтыш фонд» мектеби бар деп угам. Анда такшалган акындар сабак өтөт дешет. Алар кайсы методиканын негизинде кантип сабак өтөрүн билбейт экем. Жөн эле өз тажрыйбасы менен гана бөлүшөбү деп болжойм. Бул багытта кандайдыр бир калыптанган усул деле болбосо керек. Мен, жардамы тийип калабы деп, айрым, өзүм билген нерселер менен ой бөлүшүүнү туура таптым.

Мен кыргыз акындарынын казак акындарын кагазга жазып алып жаттап ырдайт деп күнөөлөгөнүн кулагым чала калып жүрөт. Бул адилетсиз күнөөлөө. Бир кезде алар ошентип башташса башташкандыр. Төкмөлүктү жаңы үйрөнүп жаткандары азыр да ошентиши мүмкүн. Бирок азыркы казактын белгилүү акындары оозуна эмне келгенин ошол замат төгүп эле ырдайт. Жазып алганда айтышкан акын өнөгү «а» десе, ал «бээ» деп бирде болбосо бирде билинип калышы мүмкүн. Андай аларда таптакыр байкалбайт. Жагдайга жараша чукугандай сөздөрдү таап ырдашат. Биздин акындар жаман көрсө да адилет сөздү айтып коеюн, жөнү жок дардаңдай бериштин кереги эмне, биздикилер үчүн бул жагынан аларга жетишке дагы көп бар. Бул бир.

Экинчиден, айтышка даярданышы мүмкүн. Өнөгүм андай десе, мен мындай дейин деп. Бул жаттаганга жатпайт. Мен, мисалы, Ринат биздин Аалы менен айтышканда, ал уюштуруучуларга «Аалы кыйынмын деп жүрөт деп угам, мени ошону менен айтыштырып койгулачы» деп суранып, айтышка даярданып алган деп бир жерден окудум. Муну жаттады дегенге болбойт. Угуп көрсөңөр Ринат түз берилген суроого түз жооп берип, кадимкидей эле алым сабак түрүндө кылып айтышып жатат. Даярданып алды дешпесе, мен аны билмек деле эмесмин.

Илгери мобу азыр карылар үйү турган Нижняя Серафимовка кыштагын чүйлүктөр Туздун оозу дешчү. Ошол жерден Жаманкул деген акын чыккан. Жаш кезинде каза болуп калган дешет. Кыйын акын болгон экен. Мисалы, Шабдандын ашында мен деген акындар турса жарчылыкты баатырдын балдары сынак өткөрүп ошо Жаманкулга тапшырган. Менин бир классташымдын таятасы айтып калар эле «Жаманкул бизге тууган болчу, биздин үйгө келип алып, төшөк салдырып, чалкасынан жатып алып ырдай берер эле» деп. Даярданган да. Ошон үчүн күчтүү акын болду да.

Андай кылбай эле, биздин акындар төгүп ырдашым керек деп, бир дагы кесим эти жок жалаң шырылдаган суудан даярдалган сорпо сыяктуу саптарды «төгүп» жатышат. Анысы кыска болсо мейли эле, 10-20 мүнөт созуп, өнөктөшү бар экенин унутуп калышат. Ушу дагы айтышпы? Бул казактарга караганда биздин төкмөлөргө мүнөздүү.

Мен өзүм башкаларга караганда Баян Акматовду ыракаттанып угам. Анткени анын жамагы бир топ көркөм. Жаш кезинен кыргыз оозеки чыгармачылыгынын жакшы үлгүлөрүн өзүнө сиңирип алып, айтышка кийин гана киришкенби деп ойлойм. Жөн эле төкпөй, сөздүн гүлүн терип кооз жана элестүү саптар менен төгөт экен. Мен ушуга байланыштуу дагы бир окуяны айтып берейин.

Кадимки кара жаак Калык Бишкекке келе электе эки шакирт тарбиялаган экен, Сарыкунан, Каракунан деп ат коюп. Сарыкунаны чүйлүк Сагынбек Дыйканбаев. Токтогулдун 100 жылдыгына арналып райондо өткөрүлгөн чоң салтанат тойдо жарчылыкты ошо кишиге беришкен. Ошол киши бир айтты эле, Калык адегенде мага дастандарды үйрөткөн. Айтышка көпкө чейин салган эмес сынып каласың деп. Мен муну айтып жатканым, биздин мугалимдер дастанга көп көңүл бөлүшпөйбү деп ойлоп кетем.

Жамактын түпкү кирпичи, илимдин тили менен айтканда «атому» дастан. Сөз байлыгы дастанда жатат. Жатканда да кооз жана көркөм сөздөр сап-сап болуп, муун муун болуп уюп даяр жатат. Аны өзүнө сиңирип алган ырчы какап-чакабай, кудай оозуна салып берип жаткандай кооз жана көркөм төгөт. Биздин акындар болсо талант дегенди төрөлгөндө эле кудай башын ачып ыр куюп койгондой түшүнүшөт. Баргын да ырдай бергин деп. Андай эмес да. Ыр ырга жакын болуп, элдик оозеки чыгармачылыкка кызыгып, аны көп укканда жана окуганда гана мээнин түпкүрүнө кирет. Төкмөлүк башка кесип сыяктуу эле талыкпаган эмгектин аркасында жаралат.

 

Адашып жүргөндөр жөнүндө

Биздин төкмө акындарда мага жакпаган дагы бир кемчилик бар. Бул өтө маанилүү нерсе, мен аны айтпасам болбойт. Адабият менен искусствонун башка кызматкерлери сыяктуу эле биздин акындардын чоңунан кичинесине чейин коомдогу болуп жаткан процессти таптакыр түшүнүшпөйт. Түшүнбөй эле караны ак, акты кара деп ырдай беришет. Караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан деген кеп бар го. Биздин акындар капилеттен сөз таба алышканы менен караңгыда жол таба алышпайт. Эгерде алар элди ээрчитип алган болсо, караңгыда эле эмес, күндүз деле адаштырып жиберишет. Анткени, эгерде менин сөзүм катуу тийсе кечирим сурайм, булар өздөрү адашып жүргөн адамдар.

Биздин акындар эмне дейт? Обону менен ырын алып салып, алардын жалаң оюн карап көрөлүчү. Алар илгерки кыргыздар, биздин ата-бабаларыбыз, сонун адамдар болчу, кыргыздын салт-санаасы сонун салт-санаа, бизди батыш бузуп жатат дешет. Дүйнөдө кыргыздан өткөн жакшы жана кыйын калк жок дегендердин сап башында ушул төкмөлөр турат. Макул, булар айткандай бизди азыр батыш бузуп, жолдон адашып кыйналып жатыптырбыз. Эгерде кыргыздар кыйын болсо, мурда, батыш аларды буза электе, эмне үчүн биригип бир мамлекет кура алышкан жок, моңголдорго, кокондуктарга, орустарга багынып, салык төлөштү?

Биздин акындар ойлогондой кыргыздын улуттук салт-санаасы кылымдан кылымга өзгөрүлбөй келе жаткыдай ал катып калган нерсе эмес. Бир кылым мурда жашап өткөн кыргыздар менен бир миң жыл мурдагы кыргыздардын айырмасы асман менен жердей. Энисейлик кыргыздардын, керек болсо, котормочусуз тилине да түшүнбөйсүң. Элүү жылда эл жаңы дейт. Салт-санаа да, үрп-адат да, маданият да, тил да, элдин менталитети да, эмнени ал ак дейт, эмнени кара дейт, кайсы адилет, кайсы адилетсиздик – бардыгы доордун талабына ылайык өзгөрүп турат.

Маселе алар канчалык өзгөрдү, ошол өзгөргөн салт-санаа мезгилдин талабына жооп бере алабы же жокпу ошондо жатат. Биздин төкмөлөр ата-бабабыз деп мактаган бир кылым мурдагы кыргыздын салттары ошол замандын талаптарына жооп берген эмес. Ошон өчөн кыргыз өнүгө албай, көрүнгөнгө жем болгон. Азыркы талаптарга андан бетер туура келбейт.

Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөй жатышынын, кыргыз эли өзүн-өзү багып кете албай, көрүнгөн жерде тентип жүрүшүнүн түпкү себеби батыштын бузуку саясатында эмес, кыргызчылык деген ат менен белгилүү доордун талаптарына жооп бербеген кыргыздын эски каада-салтында жатат. Биз андан дагы эле кутула албай жатабыз. Анткени бирдемени бир аз түшүнгөндөрүбүз айтып, түшүндүрүп отуруп элди кичине алга кадам таштатсак, түшүнбөгөндөрүбуз, анын арасында мен сөз кылган төкмө акындар, жол биякта деп кайра артка салып коюп жатышат.

Төкмөлөрдүн коомдо болуп аткан өзгөрүүлөрдү түшүнө бербестиги бийлик менен элдин тирешүүсүндө даана көрүндү. Логика боюнча Акаев демократиялуу өлкө курам деген алгачкы ой-максатынан кайтып, элди көзгө илбей, балдарына байлык топтоп, биринин артынан экинчисин бийликке алып келип жатканда, Бакиев мен үй-бүлөмдү бийликке жолотпойм деген убадасын аткарбай, өзүнүн уулун мураскер деп жарыялап, майлуу-сүттүү жерлердин баарына бир туугандарын отургузуп жатканда нааразылык акцияларга чыккан элдин сап башында интеллигенция өкүлдөрү, анын ичинде ушу төкмө акындар туруш керек болчу.

Мен илгерки акындардан Корголду баалайм. Коргол чоң талант болгон. Жинине тийгенде Токтогулга деле тиш салып жиберчү дешет. Ал киши совет бийлиги орногондон кийин да ырдап калбадыбы. Аны да филармонияга чакырышкан экен. Келбей койгон дешет. Эркин ырдап көнгөн неме филармонияга келсе, тигиндей ырда, мындай ырда деп жүдөтүшөрүн сезсе керек да. Ал өз алдынча ой жүгүртө билген философ акын болгон. Өз чындыгынан оңой менен кайтпаган өжөр, эрктүү акын болгон. Башкалар уялбай этпей эле Сталин биздин айыбыз-күнүбүз, Сталин болбогондо баарыбыз өлүп, кыйрап калмакпыз деп ырдашса, Коргол мени кармап алып барып түрмөгө отургузуп коет деп коркпой, аларды какшыктап, «биз баарыбыз Сталиндин катыныбыз» деп ырдаган экен.

Мен муну айтып аткан себебим, төкмөлүк, макаланын башында айтылгандай, эркиндик болгон учурда гана өнүгө алат. Эгерде Акаев менен Бакиевге каршы күрөштө оппозиция бийлик үчүн күрөшсө, төкмөлөр жашоо үчүн күрөшүшү керек болчу, менин түшүнүгүмдө. Бир адамдын бийлиги орноду деген төкмөлүктүн күнү бүттү дегенди билдирет. Көрүп жатпайсыңарбы кошуна Казакстанды, Назарбаевди мактасаңар айтыш өткөргөнгө уруксат беребиз, мактабасаңар тилиңерди тишиңер менен тиштеп тынч отургула дешкенин. Ошол акцияларда башкаларга караганда төкмөлөр эки эсе көп аракет кыла турган жерде эле да. Бакиев элди тезек тердирип жатканда да Жеңишбеги да, Элмирбеги да үн катып койгонго жараган жок.

Сапар Орозбаков, экономист, публицист,
“Азаттык”, 10.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий