Ааламдын адамы Сагынбайга 150 жыл

“Баарын коюп Манасты айт!” деген экен кыргыз баласы, кеп ошондой болсун.

Манас, Кошой, Бакайлардын доорунда “такыядай Ташкентти” мекендеген кыргыз ажосу Көкөтөйдүн Мааникер атту турпарынан ашкан ай туяк болбоптурго!

Айчылык жолду бир күндө басып өткөн, басып өтпөй “муунду чөптүн үстү менен, булуттуу көктүн алды менен сызып өткөн” Атасы Көкөтай ажо Оо! дүйнө салганда Бокмурун Таластагы Манаска Мааникерди минип жол жүгөнүн Сагынбай мындай сүрөттөптүр.

Мааникер минип алганы,
Манаста карай бет алып
Кечинде жолго салганы.
Эмдики элдин атынан,
Эки күндүк жол экен,
Шамда кирип барганы.
Учту десе баскандай,
Жер жүйөсүн чыгарып,
Жебенин огу аткандай
Ар кырга барып бир тийип,
Сом туягы жер чийип,
Созулуп жаанын огундай,
Бул кырга барып бир тийип,
Кулагын шамдай көтөрүп,
Куйругун жерге чөгөрүп,
Тар колтуктан суу чыгып,
Таноосунан буу чыгып,
Тери чыгып сызылып,
Дем чыгып сызылып
Данканы тийген таштары
Талкаланып бузулуп
Мааникерин кынтыйтып,
Бада тонунун зымыйтып,
Барып калды Бокмурун.

— Бул Бокмурундун Манаска Мааникер менен барган көрүнүш.

Ажо Көкөтайдын ашына күн жүрүш, күн батыш, чыгыш, түндүктөгү элдерге Бокмурун Жаш Айдарды чакырып кабар айттырып турган жери.

Бадананы кий — деди-
Мааникер атты мин — деди.
Үлкөн тулпар Мааникер,
Өнөрүн акыр барып көр:
Кара байыр, казанат,
Калбыр өпкө жез канат,
Камымыш кулак жез билек,
Кое берсең тушабас,
Мээ кайнаган ысыкка,
Кырылышкан кысыкка
Кырк күн чапса суусабас,
Чөл-биябан жазыкка
Кырк күн чапса кыйналбас,
Ошондой чөлдө жүрсө да
Оозуна ууртап суу албас,
Сүрөтү жылкы зымпыйган,
Териси кошо жыйылып,
Капталга катып зыңкыйган.
Канчалык күнү чапса да
Кардыкпай турган адаты,
Оң жагына кырк чалган,
Сол жагына кырк чалган,
Туу кара кыл канаты,
Бир жумадан бир жума
Жүгүргөндө жупжуда
Андан кийин кызыгы
Так өзнүн адаты.
Энеси аркар жел кайып,
Атасы тулпар чөл кайып.
Сексен күлүк чуркаса,
Серпиндиги, данканы
Сегиз таш жерге бураса
Күчөй турган мал эле,
Айланса дүйнө жүзүнө
Арыктабас жан эле,
Артык өнөр бар эле.
Алтымыш күндүк дайрадан
Аттап өтөөр жан эле,
Токсон күндүк тоолордон,
Эчки жүрбөс зоолордон
Басып өтөөр мал эле,
Бар өнөр мында бар эле.
Кастык кылса кай душман
Карматпасаң кокустан,
Алдоого кирип акыры
Алдырбасаң оокустан
Кечип чапса чок өтпөс,
Кездеп атса ок өтөс,
Жазаыл менен топ жетпес,
Жанаша атса ок жетпес.
Мааникер буудан миниңиз,
Байкап сөзүм билиңиз,
Кыбыланы бет алып
Кылчайбай жолго кириңиз.

— Мына Мааникердин касиети, сапаты! Мындай тулапарды сын-сыпатын сүрөттөп берген Сагынбай манасчынын ой кудирети, чеберчилиги да адам таңдантат!

Жолдош Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий