“Ташка жазгандан кагазга жазууга өттүк, кагаздан эмнеге электрондук технологияларга өткөнгө болбосун?”

“КЕРЕГЕ” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун кеңсесинде «Билим берүүдөгү жаңы тренддер» аттуу талкуу болуп өттү. Талкууда билим берүү тармагындагы көптөгөн маанилүү маселелер, интернет тармагытууралуу сөз болду. Тегерек столдо модераторлук милдетти “КЕРЕГЕ” фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулу аркалап, талкууга Калиман Жунушалиева, Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүүнү башкаруу кафедрасынын жетекчиси; Эмил Үметалиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси; Абдывахап Нурбав, ЖК депутаты; Алтынбек Дүйшөналиев, “SECOM” билим берүү мекемесинин жетекчиси; Азиз Абакиров, “UNIQUE Тechnologies” компаниясынын негиздөөчүсү; Данияр Эмилов, “Ишкер” долбоорунун автору, билим берүүгө инновацияларды киргизүү боюнча адис; Жылдызбек Жакшылыков, Ататүрк – Ала-Тоо университетинин Жаңы технологиялар факультетинин окутуучусу; Темирлан Сарлыкбек уулу, ишкер, коомдук ишмер; Фархад Пакыров, ЖИА Бизнес ассоциациясынын өкүлү катышты.

Модератор: – Билим берүү өнүкпөсө, өлкө өнүкпөйт экен. Билим берүү өнүкпөсө биздин көйгөйлүү маселелерибиз чечилбей калат.

Калиман ЖУНУШАЛИЕВА: – 2014-жылдын 21-июлундагы токтомдун негизинде мектептерде билим берүүнүн мамлекеттик стандарты чыккан, билим берүүнү компетенттүүлүк негизде окутууну ишке ашыруу үчүн. Азыркы учурда стандарттын негизинде билим берүүнүн предметтик стандарты иштелип чыгып, 5-9-класстын стандарттары министрликтин коллегиясындагы чечими менен бекитилип турат. Бирок, өкмөттүн токтому менен чыгыш үчүн дагы кандайдыр бир процедураларды басып өтүш керек. Жогоруда айтылып жаткан эки предметтик стандарттар биздин Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банктары аркылуу өнүгүп жатат. Бир четинен сүйүнсөң, бир жагынан иштеп жатканда башка жактан келген инвесторлорго көз каранды болосуң.

Эмил ҮМЕТАЛИЕВ: – Биринчиден, кыргызда “акыл жаштан” деген сөз бар болчу, ал совет доорунда бузулган. Эгерде кыргыздын тарыхый баалуулугун, мурасын жаңы шарт менен кошобуз деп жаңыча ой жүгүртсөк, анда баягы эле кыргыздын “акыл жаштан” деген сөзүн унутпайлы. Азыр жаштардын арасында улуулардан көптү таанып калган, жер жүзүндөгү жакшы нерселерди сиңирип алган өкүлдөрүбүз бар. Ошолордун акылын, сунушун четке какпасак эле көп нерселер алдыга жылганы турат. Биз азыр совет доорунун приоритетинен чыкпай турабыз. Биз жер жүзүн таанып, жакшы билим алып, PhD жактап келгендердин Кыргызстанга жарактуулугуна жол бербей атабыз. Бул – кыргыздын маңкуртчулугун тастыктаган нерселердин бири. Эң алдыңкы өлкөлөрдөн алдыңкы жаштарыбыз барып билимди терип келип атса, аны бул жерден жактырбай атабыз. Биз мындай ойдон чыкмайынча элибизди алдыга ээрчите албайбыз. Экинчиден, ата-энелерди мектепке тартпай эле, аларга эркиндик беришибиз керек. Биздин министрлик ага көп жылдан бери эркиндик бербей, эми гана четинен чектөөлөрдү алып атат. Бирок, бул толук эркиндик эмес. Эгерде мамлекет эркиндикти бербесе, ата-энелер качып жүрө берет. Анткени алар мамлекеттен коркот. Ата-энелер өздөрү мектеп салуунун ордуна керектүү акчаны берип коюп ошону менен маселе чечилди деп жүрүшөт. Аны менен маселе чечилбейт. Алар өз баласына керектүү билимди өзү тандамайынча маселе чечилбейт. Өзү тандаш үчүн толук эркин укугу болушу керек. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө бүт дүйнө жүзүндө маалымат мейкиндикте. Бүт дүйнө жүзү илимге-билимге тиешелүү маалыматтын баарын мейкиндикке таштап, ала бер деп койду. Ким күчтүү болуп алдыга умтулгусу келсе, ошол ала берсин деп таштап койду. Бирок “алма быш, оозума түш” деп, кол сунбай чочулап турабыз. Интернет менен иштеген жаштарыбызга мектептерди интернет менен камсыздап бериш керек. Муну менен көп балдардын бактысы ачылып кетмек.

Абдывахап НУРБАЕВ: – Билим берүү тармагы мамлекеттик экономиканын локомотиви болуп эсептелет. Жеке менчик мектептердин калыптанышы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктым эле. Биринчи окуудан өттү. Экинчи окуудан кайра кайтарып алдык. Себеби, сүйлөшүү жолдорун өткөрүп алалы деп атабыз. Буюрса, бул долбоорду бышырып, коомдук талкууга чыгарабыз.

Азиз АБАКИРОВ: – Биз өңдүү компаниялар маалыматтык технологиялар менен иштейт, компьютердик программаларды жасайт. Бүгүн четтен долбоорлорду алып Кыргызстанда иштешет. Биздин “Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштеш” деген урааныбыз бар. 2008-жылдан баштап маалыматтык технологиялар боюнча ассоциацияны түзгөнбүз. Көп компаниялар көмүскөдө иштеген. Көмүскөдөн алып чыгыш үчүн биз “жогорку технология паркы” деген мыйзамды иштеп чыкканбыз. 2014-жылы 3-8 компания иштесе, азыр 28 компания иштеп атат. 2014-жылы 80 млн сом жүгүртүү болсо, азыр 251 млн сомдү түздү. Бул компанияларда 250 программист иштейт. Ар бир программист Кыргызстанга миллион сом алып берет. Биз жогорку технология паркына 2030-жылга чейин 50 миң иш орунун ачып берүүгө аракет жасайбыз. Ар бир үй-бүлөдөн бирден программист чыкса, биз максатыбызга жетебиз. Азыр академияда 50 бала окуйт.

Модератор: – Идея жакшы болсо, башка программалардай болуп тез жайылып кетиши керек. Бул талкуудан бири-бириңер менен таанышып, бири-бириңер менен иштешип кетсеңер деген гана ой.

Алтынбек ДҮЙШӨНАЛИЕВ: – Мурун биз балдарга компьютерди колдонгонду үйрөтчүбүз. Кийинки келе жаткан жаш муун өздөрү эле үйрөнүп, даяр келгендиктен аларга компьютерди колдонууну үйрөтүштүн кажети жок болуп калды. Буларга кыска мөөнөттүн ичинде көп нерсени үйрөтүш керек. Окуучулардын талабы ошого өтүп баратат. Биз мурда англис тилинин бир деңгээлин эки айда үйрөтчүбүз. Азыр эки ай десең балдар “Эки ай эмне деген убакыт?” деп чалкасынан түшүшөт. Кыска мөөнөттүн ичинде үйрөтөм десең кызыккандар көп болот экен. Бул окуучу кыска мөөнөттүн ичинде бардыгын билиш керекпи же маанилүү эле жерлеринби деген нерсеге түртөт экен. Себеби мурун мугалим билимдин булагы катары каралса, азыр мугалим багыт берчү адам болуп калды. Биз кээде тажрыйбалуу мугалимдерди тартканга аракет кылабыз. Алардан тез аранын ичинде көп нерсени үйрөтүү үчүн негизги жерлерди окуткула деп талап кылабыз. Азыркы балдарды бир нерсеге шыктандырып, таң калтырыш да кыйын болуп калды. Чогуу иштешүү жагын да эске алыш керек экен. Андан көрө топ-топко бөлүнүп иштегенде да жакшы натыйжа берет экен.

Данияр ЭМИЛОВ: – Өзүмдүн ишимди баштайм деген жаштарга план түзүп, эки жылдын ичинде миңден ашык окуучуларды окуттук. Миң кишиден 152 ишкер 20-30-40 миң сомдон пайдасын таап атышат. Эң башкысы мугалим багытты туура берип, балдарга мотивация бериш керек деп ойлойм.

Эмил Үметалиев: – Интернеттештирүүгө тоскоолдук кылган үч күч бар. Алар келесоолук, коррупция жана чыккынчылык. Эгерде биз тоскоолдук кылгандарды ачык эле чыккынчылык деп атасак биринчи экөө ошол жерден эле чечилип кетет. Элге, калкка, анын артынан мамлекетке болгон чыккынчылык.

Жылдызбек ЖАКШЫЛЫКОВ: – Ар бир адам өз алдынча аракет кылып келген. Бирок, ар кимдин багыты ар башка болуп, ар ким ар кайсы тарапка тартып, аягында жыйынтык болбой жатканына баарыбыз күбө болуп келгенбиз. Акыркы жылдары коом багытты тапты. Бирок, бираз айырмачылыктар, түшүнбөстүктөр менен бир тарапка кетип атабыз. Мен сапат деген түшүнүк боюнча бир сунуш айтам. Сунушумдун негизги маңызы Кыргызстанга “Lean” деп аталган билим берүү түшүнүгүн жүргүзүү. Аны чечмелей турган болсок, жасалган иштердин баардыгынын акыр-аягында бир багытта жыйынтык чыгаруу. Ал үчүн мамлекеттик бир механизм курулуп, багыттар бир жакка бурулса деген нерсе да. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү системасында ар кандай рейтингдер бар, мисалы Англияда – Investing People, Японияда – Deming Prize. Бизда “Эң жакшы мектеп”, “Эң жакшы университет” рейтингдерин киргизип, жыл сайын алдыңкыларын аныктап, жарышууга шарт түзсөк, бара-бара билим берүү системабыз өнүгөт.

Эмил Үметалиев: – Жылдызбек, биринчиден сизди колдойм. Мен көп жыл мурун рейтингдердин пайда болушун көп жолу талкууга салып келгем. Акыры азыркы депутат Никитенко иштеткен ассоциация бир кезде менин сунушумду аткара баштаган. Экинчиси, биз нерселерди жараткан адамдар менен биздин айырмачылыгыбыз – проблемаларды тааныганды үйрөнгөнүбүз менен аны ишке ашырбайбыз, айтып коюп эле тим болобуз.

Темирлан САРЛЫКБЕК: – Акыркы убакта көбүрөөк китеп окуганга аракет кылчумун. Азыр китеп окуганга убакыт жок. Андан улам жаңы трендди ойлоп чыктым. Ал көп окуп, көптү билген адамдар менен бир чөйрөдө болуу. Баламдын мектебинде балдарды сотка телефон колдонууга тыюу салып атыптыр. Мен бул туура эмес дегим келди. Себеби, менин балам интернет аркылуу көп нерсени үйрөнүп атат. Мен он жылда үйрөнгөндөн он эсе көп нерсени бат үйрөнүп алып атат. Таш доорунда ташка жазчу да, анан кагаз чыкты. Бул кагазды токтоткула, таш менен иш кылабыз дегендей эле болуп калып атат.

Фархад ПАКЫРОВ: – Биз ишкерлер менен көп иш алып барабыз. Акыркы үч-төрт жылда ааламдашуу, жаңы технологиялардын заманы болду. Ишкерлердин ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын замандын талабына жараша чет өлкөлүк ишкерлерден тажрыйба алуу максатында, ишкерлер менен жолуктурганга аракет кылып турабыз. Андан сырткары чет өлкөлөргө чыга баштадык. Бизде көп нерселер чектелген. Бир жылда онго жакын адамды чет өлкөгө алып барабыз. Ал жерден ишкерлер жаңы технологияларды, инновацияларды көрүшөт. Натыйжада балдарын чет өлкөгө окутууну чечишип, кээ бирлери өздөрү да дүйнөнүн эң алдыңкы деп эсептелген Гарвард жана MIT университеттеринде окуп калышты.Андыктан эң биринчиден, билим берүүдөн башташыбыз керек экен. Азыр иш сапарларыбыздын жыйынтыгында бизнес багытында иш алып бара башташты. Бул бизге дүйнөдөн артта калбаганга чоң мүмкүнчүлүк берет экен.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит клиника», 02.2107-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий