Комуз уста

Ата-бабаларыбыз байыртан аздектеп келген устачылыктын шыбагасы кез келген адамга буюра бербейт. Мына ошол өнөргө ээ болуу менен устакана ачып, шакирттерди тарбиялап, комузда кол ойното да билген Эмилбек Шаршембаевдин устаканасына баш бактык.

– Илгертеден атадан балага мурас болуп калган устачылык өнөрдү кимден үйрөндүңүз?

– Ыраматылык атам комузда кол ойното билген. Көзү тирүү кезинде комуз да чапчу. Атамдын жанында жүргөндүктөн мен дагы бул өнөргө кызыгып, бир өрүктүн жарымын атам чапса, жарымын мен чаап, алгачкы комузумду 9-классымда жасагам. Ошондогу атамдын комузу азыркыга чейин үйдө сакталуу.

Мен да устачылыкка кызыккан шакирттерди таап, аларга үйрөтүп кетсем деген пландарым бар. Учурда балдарым кичиней, балким алар да чоңойгондо менин ишимди улантып кетер деп ойлойм. Ал эми комузчулук боюнча айтсам, кичи мекеним Нарын облусундагы Куланак айылында пионерлер үйү бар болчу. Ошол жерде комуз ийрим ачылып, аны үч жылдай жетектегем. Ал жерде шакирттерим бар болчу. Кийин турмуш-шарт өзгөрүп, шаарга келдим. Андан бери бир топ жыл өттү. Учурда шакирттерди жаңыдан үйрөтө баштаганыма 1-2 жыл гана болду. Окуучуларымдын үйлөрүнө барып үйрөтөм.

Жаштар арасында кыргыздын элдик аспаптарына кызыгып, аны өздөштүрүүгө аракеттенген жаштардын мууну жетилип келе жатат. Улуу кызым да комуз чертет. Өзүмдүн усулум бар. Нота эмес, угуу аркылуу үйрөтөм. Мында баланын кабыл алуусу да жакшы болот, бат дагы үйрөнөт. Каалоочулар болсо кабыл алганга даярмын. Кээде улуу кишилер дагы үйрөнгөнү чалып калышат.

– Демөөрчүлөрдөн колдоо аласызбы?

– Демөөрчүлөрүм жок. Демөөрчү болсо жакшы, анткени колуң узарат эле. Көптөгөн идеялар, ойлор бар. Комуз жасоо бул өзгөчө өнөр. Ушуга чейин комуздан аяк-башы 500дү жасадым. Канча жасасаң да улам жаңы кырлары, жаңы сырлары ачыла берет. Бир комузду жасаганда анын үнү башкасына окшобойт. Өзүм үчүн жаңы ачылыш болот. Жыгачтардын түрлөрүнө көңүл буруш керек. Канткенде дагы үнүн жакшы чыгара алам деп изденем. Илгери кыргыздын мыкты комузу бир жылкынын баасы болгон. Бир жылдары менин да бир комузум бир жылкынын баасына арзыган эле. Комуздун сырткы жана ички түзүлүштөрү эч өзгөрбөстөн бааланса жакшы болмок.

– Комузду канчага баалайсыз жана канча убакытта жасайсыз?

– Жаңы жасалган комуз да наристенин төрөлгөнүндөй эле. Ийине жеткиче толкунданып, жан дүйнөң менен жасап, бар дитиңди жумшайсың. Комузда эң негизгиси үн болуп саналат. Жакшы комузду 10 миң сомдон жогору 20 миңге чейин баалоого болот. Кымбат баалуу материалдардан жасалса, андан да кымбатыраак болушу мүмкүн. Жасалуу мөөнөтү ар түрдүү. Кээ бир комуз бир жумада бүтөт. Айрымдары 1-2 айга созулса, айрымдары жарым жылга чейин барат. Анткени бир жери эле жакпай калса, кайра алмаштырууга туура келет. Күткөн комузуңа жетмейинче улам өзгөртүп, оңдоп-түзөөгө туура келет. Жыгачтын бир өзгөчүлүгү канчалык эскирген сайын ошончолук сонун үн чыга баштайт. Бул дагы бир тирүү жан сыяктуу. Көп убакыт колго алынбай калса, үнү жакшы болбой калат. Адамдын көңүлү кандай болсо, комуздун үнү да ошол сыяктуу. Кээде шаңкылдап жакшы чыкса, кээде такыр жакшы чыкпай калат.

– Комуздун жасалуу жолун айта кетсеңиз?

– Эң алгач жыгачы жакшы тандалышы керек. Өрүк болсо жок дегенде эки жыл көлөкөдө, күн тийбеген жерде кургашы керек. Кургагандан кийин аны экиге бөлүп туруп, үлгүсүн чийип алабыз дагы балта жана керки, жана башка шаймандар менен жылмалап иштейбиз. Мына ушулар эң негизги иш процесси.

Мурунку биздин классик комузчуларыбыз Токтогул Сатылганов, Атай Огонбаев, Карамолдо Орозовдун комуздарынын формалары башкача болгон. Ал эми азыркы шартта шаймандардын өзгөргөндүгүнө байланыштуу комуз да өзгөрүүдө. Өзгөрүү формасында эле болбосо, негизинен ошол түп нускада эле калды.

Материалын кээде сатып алам, кээде комуз жасаткандар алып келишет. Баткендин өрүгү катуу болгондуктан үнү абдан жакшы чыгат. Кара жыгачтан, алмадан, жаңгактан жасадым. Комузду күнгө койбой жакшы сактаса, бир кылымга чейин сакталат.

– Комуз сиз үчүн эмне?

– Комуз менин маанайымды көтөрүүчү, жан дүйнөмдү эс алдыруучу жан досум деп айтсам болот. Комуздун башка музыкалык аспаптардан өзгөчөлүгү эки нотанын ортосунда жарым нотада ойнолгонунда. Мисалы, казактардын домбрасында бөлүнгөн жерлерди “лад” деп коет. Ал эми комузда мындай нерсе жок. Комуздагы кээ бир үндөр башка элдин улуттук аспаптарында кездешпейт. Үч кылы менен 6-7 толгоосу бар. Күүгө жараша толгоо келтирип чертилет.

– Устачылык өнөрдү аркалайсызбы же башка кесибиңиз барбы?

– Атам 1997-жылы өтүп кетти. Кудай канча жаш берет, билбейбиз, мен өтүп кетсем деле менин жасаган иштерим бирөөнү кубантып, эскерип жүрсө ошол мен үчүн кымбат. Ар бир комуздун ичине кайсы айда, канчанчы күнү чабылганын жазып коем. Бул жашоодо адам бай болобу, кедей болобу, аркаңда жакшы өнөрүң калса, жакшы тарбияланган балдарың калса, бул дүйнөдө бекер жашабаганың. Эмгегимди баалаган адамдар бар. Эски, атасынан калган комуздарын алып келгендердин комуздарын оңдоп берем. Куруучу болуп иштегем, азыр айдоочу болуп иштейм. Кээде жаныма комузду алып алам. Кардарларга чертип берем. Чарчаган учурда комуз чертип эс алам. Мен үчүн мындан өткөн эс алуу жок.

Маектешкен Жанара Каденова, «Полит клиника», 02.2107-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий