Жантөшовдун «Каныбек», Мунун кандай жаны бек?

Кириш сөз

«Триумф жана трагедия» аттуу искусство адамдарына арналган жаңы китептин ачылыш аземи 13-июнь күнү Опера жана балет театрында болуп өттү. Китептин авторлору — Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов жана Кыргыз эл артисти Дариха Жалгасынова. Китепте өткөн кылымдын отузунчу, кыркынчы, элүүнчү жылдардагы кыргыз искусствосунун жүзү болгон атактуу адамдар тууралуу баяндар бар. Ушул китептеги айрым улуу адамдардын өмүрү жана чыгармачылыгын кыскартуу менен бере баштайбыз. Бүгүн жазуучу Касымалы Жантөшев тууралуу сөз кылабыз.

Айрыкча, 30-50-жылдардагы замандаш калемгерлердин катарынан бөлүнүп турган, кыргыз элинин кымбат сүйүүсүнө ээ болгон, китептери окурмандардын колунан түшпөгөн кадырлуу калемгер Касымалы Жантөшев эле.

Жаш чагында турмуштун кайнаган жеринде, татаал кагылыштарда, окуялардын чордонунда, тап күрөшүнүн карама — каршы кайчылаш тоомдорунда, ар түркүн тагдырлардын кесилишкен айры жолдорунда жүргөн. 1916-жылдагы элдик боштондук көтөрүлүштө Кытайга сүрүлгөн качкын кыргыздар менен кошо үркүнгө барганда 12 жашар бала эле.

30-жылдардын акырында, башкача айтканда, биринчи декаданын алдында кыргыз адабияты менен көркөм өнөрү өзүнүн өнүгүү стадиясынын биринчи фазасына жетти. Ошол кезде Касыкең «Каныбек» (1-2-китеп), «Эки жаш», «Адыл мерген» сыяктуу роман, повесть, аңгемелерди, «Курманбек», «Дардаш» «Токтогул» сыяктуу ж.б көптөгөн драмалык чыгармаларды жазат.

Жантөшовдун «Каныбек»,
Мунун кандай жаны бек?
Сууга салса чөкпөгөн,
Отко салса күйбөгөн,
Өмүр жолу дагы көп.

Касыкең Ата Мекендик согуштан кийин да көп иштеди. «Каныбек» романынын 3-китебин ж.б көптөгөн драма, повесть жана аңгемелерди бүтүрдү.

 

Касыкеңдин үйүндөгү сүрсүгөн эттер

Анын үйүндө эчен мертебе болгонбуз. Касыкеңдин түн бир оокумга дейре чырагы өчпөй күйүп турганын көргөнбүз. Мага Жазуучулар союзуна өтүүгө сунуш кийриген, туңгуч китебимди жарыкка чыгарууга, Москвадан окууга жолдомо берген устатым эле. Бир күнү Касыкеңдин үйүнө барсам, согумга союлган жарым тайдын этин алып, касапчыдан бетер алжапкычын тартынып, устукандап жатыптыр. Качан болбосун кампасында сүрсүгөн чүйгүн эттер илинип тураар эле.

— Тартып тур!- деди учанын капталын карматып. -Муну уча дейт, улуу урматтуу мейман жейт. Мейман сен!- деп какшык ыргытты да, этти шылып кирди.

Деги эле Касыкең жылкы, бодо, жандык мүчөлөрүн, түстөрүн, турпатын, сымбатын мудаа билчү. Кан тамырларды «күрөө тамыр, толто тамыр, жибек тамыр» деп ажыратчу. Ал билбеген кыргыздын төл сөздөрү сейрек эле.

— Жигит деп калды аңгыча. Бүгүн бир аксерке сапырып, бешбармак жейли да кырк жылкы айдайлы. Дүкөнгө чап да куркулдай сүтүн тап! «Молдокеңди» билесиңби?

— Билбей анан! Менин атам сиздин жердеш Кененбай Турсунов деле этсиз отурбайт. «Ак молдодон» да куру эмес.
— А болсун эмесе, акыр замандын баласы. Алып кел!

Талабын аткарып келген соң этти чүйгүндөп казанга салды да тактага чатраш тизип, үстөлгө чакырды.

 

Жазуучуну түшүнгөн үй-бүлө болбоду

Касыкеңдин жакшы көргөн жары Айымкан 1943-жылы каза тапты. Касыкең бир топ жыл бойдок жүрүп, режиссер Өмүркул Жетикашкаев майданда мерт болгон соң, анын жесир калган жаш жубайы Нуркамалга үйлөндү.

Кыргыздын биринчи акын кызы Нуркамал чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда 1952-жылы каза болду. Андан Кадыркул деген Өмүркулдун баласы калды. Касыкең дагы бойдок жүрдү. Бойго жетип калган кызы Жибек турмушка чыга турган болгон соң, кызына үй-жайын калтырып Айжамал деген казак аялга үйлөндү. Ал жесир калган беш балалуу аял эле. Аны түшүнгөн үй-бүлө болбоду. Бирок сыртына сыр чыгарып эч кимге билгизбеди. Өмүрүнүн акыркы жылдарында эси жок, эсирген, дүнүйөкор үй-бүлөдө жападан жалгыз калды. 1968-жылы «Эл жазуучусу» деген наам алгандан көп өтпөй үйдөгү пикир келишпестиктен ооруп, айылына 17 күн жүрүп келди. Бирок жалгыздыктан кутула албады. Акыры ооруканага барып 7 күн кыйналып жатып кете берди. Ошентип кылымда табылбас кыргыздын залкар адамы бул дүйнөдөн өттү. Айтаар сөзү, акыркы керээзи өзү менен кошо жерге кетти. Мына биз жакшы жашады деген жазуучунун турмушу түшүнбөстүктүн туңгуюгунда өткөн.

Авторлор — Эрнис Турсунов, Дариха Жалгасынова
Китептен кыскартып даярдаган Жамиля Таштанбекова,
«Де-факто», 21.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий