Жазуучу Мукай Элебаевге – 110 жыл: Татаал тагдыр, тайгак жол

Мукай Элебаев – кыргыздын кесипкөй тунгуч жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири, өз мезгилинин дасыккан калемгери: акын жана прозачы, драматург, котормочу, сынчы, ал эмес обончу, куудул жана драмалык артист да болгон экен.

Бу жарык дүйнөдө болгону 38 гана жыл (1906–1944) жашаган өмүр жолунда калемгер катарында 1924-жылы кыргыздын улуттук эң алгачкы басылмасы“Эркин Тоо”гезитине жарыяланган “Зарыгам” деп аталган алгачкы ыры менен таанылып, 1936-жылы автобиографиялык “Узак жол” романын жарыкка чыгарып, кыргыз жазма адабиятынын проза жанрына чыйыр салган.Ага чейин орус адабиятынын: Н.Гоголь, Л.Толстой, А.Пушкин, М.Горький, В.Маяковский сыяктуу бир катар дөө-шааларынын чыгармаларын эне тилине которуу менен жазуучулук чеберчилигин улам арттыра берген.

“Өмүрүмдө өзүм көргөндөн башканы жазган жан эмесмин” деп жазууну 1935-жылы 20-январда күндөлүгүнө жазганына караганда, ал кенедейинен ата-энесинен томолой жетим калып, 1916-жылдагы Улуу Үркүндү, бала кезинен ар кимге малайлыктын азап-тозогун башынан өткөрүп жон териси менен сезгенин “Узак жолунда” зор чеберчиликте турмуштун дал өзүндөй баяндап жандуу элестетип чагылдырган.

Жазуучунун жашоо-турмушка реалдуу караган чынчыл, кандан-бектен кайра тартпаган бетке чабар мүнөзү ансыз деле тайгак жолдуу татаал тагдырын ого бетер татаалданткан. Кыргыздын маданий жана чыгармачыл интеллигенциясына (азыр деле кездешет) мүнөздүү: ичи тардык, өзүнөн жогору турган мыктыларды көралбастык деген жаман оору ошол 30-40-жылдарда деле болгондугун Мукай Элебаевдин өз учурунда жазган күндөлүк дептерлеринен даана байкоого болот. “Кээ бир адамдар, – дейт жазуучу күндөлүгүндө (25.03.38-ж.), – керт башынын максатына жетиш үчүн экинчи бирөөнү жоготууга аракеттенет. Анын адамдыгы,коомго пайдалуу жан экендиги бир тыйын. Артынан түшөт”.

Ушул сыяктуу туш тараптан болгон бут тосууларга карабастан жазуучу көгөрүп ого бетер чымырканып эмгектенген: театрда артист катарында ролдорду аткарган, чыгармачылык труппаларды жетектеп жер-жерлерди кыдырып, уштургуч, көрүүчүлөргө куудулдугужагынан да таанылган. Китеп басмаларында көркөм адабият жагын тейлеген. Ошол эле учурда ырларын, аңгемелерин, очерктерди, сын да жазган.

Кайсы бир жатакананын жалгыз бөлмөлүү батиринде кыпчылып жашаганы: “Иштешке эч кандай шартым жок. Кабинетим да, тамак ичер үйүм да, кухням да, жатар үйүм да… – баары биригип келип жалгыз тар комната. Галошту да ушул үйгө чечебиз… Аттиң дүйнө, эки комната үйгө жетсем – эмне кылбас элем!” деп арман кылган экен да. Андан да, бир учурда жазуучунун ишсиз калуусу турмуш кыйындыгын ого бетер тереңдеткен. Эптеп жан сактоонун айынан кийимдеринен да сатууга аргасыз болгон. Мааниси жагынан бүгүнкү күндөрдө да өзүнүн деңгээлин түшүрбөгөн “Тартыш” аттуу драмасын негизсиз ар кандай тоскоолдуктардан улам сахналаштырууга өткөрө албай убара тарткан. Башка кээ бир кесиптештериндей кошоматчылыкты жек көргөн “терс” мүнөзүнүн азабынан 1934-жылдан бери СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, бир нече китептин, кыргыз адабиятындагы алгачкы роман “Узак жолдун” автору экендигине карабастан кан күйгөн согушка кетип, майдандан бошотуу боюнча анын жазуучулугун тастыктаган алакандай кагаз жиберүүнү кээ бир ичи жамандар ыраа көрбөй, ал 1944-жылдын 15-майында кандуу майданда курман болгон. Жалпы кыргыз журту сыймыктана турган уул Мукай Элебаевдин 110 жылдыгы жакында кичи мекени Түп аймагынын Чоң-Таш айылында белгиленди. Жазуучунун үй-музейинде башталган мааракелик салтанатта Бишкек шаарынан келген кадырлуу меймандар, анан жергиликтүү жетекчилер жалындуу сөздөрүн айтышты. Мукай Элебаев атындагы фонддун атынан сөз сүйлөгөн Н.Элебаев мааракеге арналып чыгарылган китептерин жазуучунун музейине жана айылдык китепканага тапшырды. Андан соң, жазуучунун өмүрү жана чыгармалары боюнча сценкалар, ат оюндары көрсөтүлдү.

Бир караганда, бардыгы ирети менен адаттагыдай, бардык иш чаралар өз орду менен өткөндөй сезилгени менен, бир нерсе жетишпей, кемчил болуп тургандай… “Жазуучунун мааракесине борбордон Улуттук жазуучулар союзунан бирөө-жарымы келип коюшса болмок экен”, – деген ойго аргасыздан келип, Мукай Элебаев арман кылган өткөн ХХ кылымдын 30-40-жылдардагы жазып бизге калтырып кеткен күндөлүк кол жазмалары кайрадан “ка-а-п!?” дедиртип эске түшө берет экен, чиркин бири кем дүйнө шок…

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз туусу”, 18.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий