Таалай Нуркемел

ЖОГОЛГОН МУУНДАР

* * *

Караңгыдан жол издеген адаммын,
Күндүз колго кармап алган чырагым.
Сени узатып үйдөн жолго чыкканда,
Карап турдум үзүлгөнчө карааның.
Kарап турдум бактыбызды жолдогу,
Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу.
Турмуш кандай, сүйүү кандай деп,
Сенде да бар нечен санаа, толгонуу.

 

* * *

…Бир өмүрдө күткөн жалгыз тагдырды,
Жолуктурду кармап алтын балыкты.
Көз жаштарың мончок болуп төгүлүп.
Ошондо бир баркың билбей калыпмын.
Толкун урган аңтарылган кайыкмын.
Эми биздин чексиз махабаттар деп,
Чексиз терең сырлар мемен алыштым.

 

* * *

Дал ушундий жылдыздуу түн кечте мен,
Нечен ирет сен деп, сени эскерем.
Кечир мени, кошулбаган тагдырга,
Нелер болбойт алтын башты тепсеген.
Алтын башты кылыч болбойт чаппаган.
Дайра болбойт сырын ичке катпаган
Сүйүү сырдуу ылайдагы алтындай,
Сөз берметин курап акын даңтаган.

 

СЫРЛАРЫ АЧЫЛБАГАН СУРДУУ КЕЧТЕР

Кызыл от. Ак мөңгүдөн ашып барат,
Тоолорду, ай талааны муңкандырып.
Чыйрыгып турат айдың, кечки талаа,
Кемирген ооздугун тулпар тынып.

Көөдөй түн, койнундагы тиричилик,
Жашоонун кызыгына үмүт арбын.
Арбактар эркин жүрөт түшкө кирип,
Мүрзөлөр челегиндей аарылардын.

Күркүрөп коктудагы сайдын суусу,
Күтүрөп төө чайнаган тикенектер.
Короодо койдун сүрдүү бышкырыгы,
Үргөнү же болбосо жаалып иттер.

Кадамың — терең чуңкур аңга окшойт,
Буттарды жипсиз байлап ойду козгойт.
Тарыхта жексен болуп талкаланган,
Кыямат-кайымдардан элди жоктойт.

Ураган күмбөздөрдүн арасынан,
Энедей инген боздойт, буура боздойт.
Аралап салаалаган жылдыздарды,
Жер Эне кайдан учкан, кайдан токтойт?
Сырлары ачылбаган сүрдүү кечтер,
Чыйрыгат мендик окшойт, сендик окшойт.

 

ПОЭЗИЯ

Жан жолдошум, сүйүүм дагы ыр болуп
Куткардың сен канча азап кайгыдан.
Тагдырымдын түшкөн жолу кыр болуп,
Түнөк таптым поэзия айлынан.

Жуткан аба, поэзия ичкен суум,
Жашоомдогу жакшы өткөргөн өмүрүм.
Жер каратпай көтөрүлгөн ыйык туум,
Ырларымда — эң бир кымбат көңүлүм.

Сыйдан кетсем бирок ырдан кетпедим,
Кайгымды да, жашымды да аарчыды — ыр.
Оттой кылган бир акындын көздөрүн,
Поэзия мага келген бактыдыр!

Курч канжардай поэзия сырлары,
Бөксөртпөдү, сындырбады шагымды.
Менин жашоом, менин бактым бул дагы,
Ыр бар жерде жашоо кандай жагымдуу.

Жан жолдошум, сүйүүм дагы ыр болуп,
Көңүлүмдү чөктүрбөдүң, көтөрдүң.
Адамдарга ачылбаган сыр болуп,
Атыр жели мага согот көчөңдүң!

 

ТОЛКУН ЖИРЕЙ БЕРИШСИН

Кайгырыптыр деп айтпасын акын деп,
жаздым бир топ шайыр, шаңдуу ырларды.
Кыйналган оор күндү эми эскербейт,
адам деле болот экен ит жандуу.

Кыйналдым деп арыз, муңду айтканда,
капа болот жакшы адамдар жанымда.
Турмушка алар жаңы күлкү чачканда,
өрттү козгоп салгым келбейт жалынга.

Эч санаа жок, күлкү-шаттык чачылып,
жакшы адамдар жарык маанай төгүшсүн,
Жакшы ырлар жатыптыр деп жазылып,
кемеге окшоп толкун жирей беришсин.

 

ТЕҢИР ТОО ЖӨНҮНДӨГҮ ЫРЫМ

Сен аскасың, биз бүркүтпүз шаңшыган,
бир өзүңдөң көккө учканы талпынам.
Канат талса кайра өзүңө кономун,
ырымды да сага жазып калтырам.

Тазалык бар ак мөңгүдөй жүрөктө,
дастандар бар сага арналчу тилекте.
Баатырдык бар бир өзүңө шерденип,
кайра сага кайтып жаткан күрөштө.

 

* * *

Жолугуу бар биз турмуштан күтпөгөн,
Ыр шилтедим башын баштап бүтпөгөн.
Поэзия – казан болсо калдайган,
Мен түбүндө түпкүч болуп бүктөлөм…

 

АТА-ЖУРТКА ТААЗИМ

Жол тартканда Ата Журтка кайрылып,
Борошо уруп, бороон-чапкын сайбулут.

Асман «гүлдүр», алай-дүлөй чагылган,
Көк жаркылдап, көл нөшөрдү жамынган.

О, бул, менин бактыма окшоп төгүлгөн,
Мени күтүп сагынган бейм өмүрдөн.

Жаркылдаган чагылганга коштолуп,
Бир жарк этип жануу кыйын от болуп.

Ата Журтка «жарк» деп жарык чачкандай,
Нөшөр болсок, терең болсок асмандай.

Бороон болсок боройлогон талаада,
Сүйүү арнап салбай муңга, санаага.

Мөңгү болсок Ата-Журтка нур берген,
Чексиз кылым жашоо өткөргөн бул жерден.

Асман болсок кучак жайып караган.
Түн түгөлдөп жылдыздарын санаган.

Мекен үчүн мээрим төккөн бабалар,
Кубат болуп калкка сансыз кылымдар.

Ташкындаган дайра болсок алкынган,
Таң нур болсок жашоосуна жаркыган.

Ата Журтка арман болбой түбөлүк,
Таазим кылып Мекенди, элди сүйөлүк.

Ушул бакыт кызмат кылуу калкыңа,
Таазим кылуу Ата-Журттун шартына.

 

КӨЛ ЖАНА КАШКА-СУУ

Толкундун жыты тоолорду каптап аркырап,
Эриген мөңгү ээгинен суусу тамчылап.
Муздаган жылга койнунда жатат Кашка-Суу
Атылып таштан, кыпчылып ташка шаркырап.
Чыйрыгат үшүп, өзөн, тоо турат жаңырып,
Салаңдап турган аскалар сүрдүү багынып,
Жылаңач айды булуттар соруп, жытташып,
Жылдыздар көзү чок болуп күйөт балбылдап.
Айлуу түн ичи, азыр мен Кашка-Суу жээктеп,
Келемин көлгө чачылган оюм ирээттеп.
Касиет сенде караймын түнкү көл түбүн,
Үшүбөс чыйрак балалык – ысык өттү күн.
Бабалар мында жайлашкан жылдап, кылымдап,
Кулундай күлүк күндөрүм калган өспүрүм.
Кусалык бүгүн көөдөндү жара тепчүдөй,
Жылдыздай болуп чачылып дүйнөм кетчүдөй.
Көздөрүм өтүп, көл сени тартат карегим,
Бакытым тоодон балбылдап келет өксүбөй.
Сагындым көлүм, желиңди муздак, Кашка-Суум,
Жандүйнө нуру жабышат сени өпкүлөй!

 

ТУУЛГАН АЙЫЛ

Мединадан ыйык туулган айылым,
Арча-кайың, аяйм суунун балырын.
Өрттөй кызыл гүл каптаган тоолорго,
Мен тагдырдын байлап койгом жарымын.

Сен бар үчүн ыраазымын тагдырга,
Өзүң аскар сүйүүмө да, жакшы ырга.
Тулпар туйлап чаң ойноткон көчөлөр,
Өз айылым менин таалай-бактым да.

Арып-ачып түндө келсем капалуу,
Баладаймын аскар-зоодой аталуу.
Итчиликти кечиресиң сүйөсүң,
Жөнөтөсүң оңдоп-түздөп катаны.

Башка жерден аш жесем да, баш жесем,
Бир сен үчүн бардык дүйнө башка экен.
Бүркүт көктү самап турган сыңары,
Мен талпынып уча каччу аска экен.

Мөңгү этектеп Кара-Кече суулары,
Шарпылдаган Соң-Көлүмдүн куулары.
Така урулган төрт туягы тыбырап,
Күтсө керек атакемдин бууданы.

Солкулдаган жар боорунда ышкындар,
Кымыздыгың бүт сезимди туткундаар.
Капчыгайда карагатка киргенде,
Кайсалактап ташты кошо жуткуң бар.

Кырк шейит кыз Кыз-Коргондун керемет,
Алп тарыхтын жашы тамат себелеп.
Керек болсо мен кечирип калганда,
Көөдөнүмдө көңүл дартым көбөйөт.

Теңир тоолуу Баш-Кууганды айылым,
Алп толкунга көөдөн тоскон кайыгым.
Күн асмандан жарык чачып турганда,
Күндөй мага чачып турган жарыгым.
Менин туулган Баш-Кууганды айылым.

 

КЫШ

Ак кар басты жер бетин,
Короо, үй, тоо, аңызды.
Көк муз каптап көл четин,
Жээк көмкөрдү кайыкты.

Кар алдында гүл бүрү,
Жерге сүңгүп качууда.
Жаз чыкканда бир күнү,
Чанак жарып ачууга.

Кышкы жылуу үй – жородон,
Бакылдап эл тарабайт.
Үшүп чыкпай короодон,
Иттер гана абалайт.

Зыңылдаган аяздын,
Сыйкыры бар түгөнбөс.
Дөңдөн кулап топ балдар,
Ырдап күйөт темир меш.

Кулак-мурдун кызартып,
Балдар муз тээп жарышкан.
Бутактардын кырына,
Карлар жатып алышкан.

Чийнелерге чөп басып,
Атка чегип кар жирейм.
Тердегенде Буурул ат,
Каардуу бороон калды дейм.

Күркүрөгөн күбүргө,
Турат балдар кезекте.
Суудан келет челекти,
Артып алып эшекке.

Шатыраган күлүктүн,
Таноосуна муз тоңот.
Күрткү карлар үшүгөн,
Кыш жылаңач – натюрморт.

 

ГОМЕР

Жолуга албай жолун тосуп убайым,
Тарткан акын жолунда мен турамын.
Гомер өзү ташпы, адамбы ким билет,
Мен андыктан кандай арга кыламын.
Сокур дешет сойгон дастан терисин.
Ташта отуруп дастан жазган дегим ким?
Болгону таш сокур адам кейпинде.
Кудайларын даңктайт грек жеринин,
Сулуулук бар, сүйүү да бар, каргыш бар.
Жаралуу, өлүү, оту да бар жана ызгаар,
Уурдоо, тоноо, жалын учкан согуштар.
Жамандык бар, жакшылык бар, жеңиш бар,
Баласынын башын жуткан кудайлар.
Кылыч сүйрөп кеткен баатыр жолдор бар,
Ууну сунган укмуш сулуу колдор бар.
Асыл Мекен деп жүрөгүн арнаган,
Арман иште өлгөн каардуу баатырлар.
Маскарапоз мас күчүнө куусу анда,
Арам ташын катып алган коюнга.
Чокутушкан боорун итке, куштарга
Канын төккөн, жанын сайган кыздарга.
Жараткандын жанын катуу оорутуп,
Жалындаган айланышкан муз карга.
Крон өңдүү ач көз, канкор адам бар,
Каны бузук, дили бузук маскара.
Аны айтсаң арман айтуу чак келбейт,
Ааламда бүт акын даңкы бап келбейт.
«Иллиада», «Одиссея» көз болгон,
Бүт дүйнөнү көрүш үчүн төп бойдон.
Хиостогу ташка бул чын белгилүү,
Алп Гомердин акындыгы, эрдиги.
Ахиланын, Одиссейдин, Гектордун,
Менелайдын, Еленанын, Паристин,
Троянын он жыл күйгөн өрт күнү.
Жаркыраган тунук көз жок чырактай,
Чын турмушта жашап өткөн изи жок.
Сөөгү да жок, алтын башы, каты жок,
Сүйгөнү жок, катар жүргөн досу жок.
Гомер – кудай, балким, Гомер өзү жок.

 

ЭЛЕС

(Мыскал Өмүркановага)

Жаралып жакшы обон жаны менен,
Туптунук Жумгалымдын таңы деген.
Ырдаган шаңдуу ырың эске түштү,
Жаңырткан залдын ичин шаңы менен.

Жаш элем тарабаган кумар жакшы,
Артисттер биздин үйдө ырдап жатты.
Эт кайнап, арак ичип, той топурап,
Бир укмуш ыр дүйнөгө аралашты.

Коңшулар, элдер келип туш-тараптан,
Ыр угуп терезеден акмалашкан.
Эжеке! Мыскал эже!.. – деп кыйкырып,
Куданы сыйлагандай сыйлап жаткан.

Жаш элем бүгүн катуу өкүнөмүн,
Сизди аңдып мен тактага бекинемин.
Ошондо элестериң аз-аз калган,
«Мыскал» – деп көп шыбырап көкүрөктөн.

 

СУЛУУ ӨМҮР

(Таттыбүбү Турсунбаевага)

Күндө ырбатып жандүйнөнүн жарасын,
Ээндеттиң сулуу-өмүр арасын.
Таланттарды уурдай берсең сен ажал,
Саяктарга колго түшүп каласың.

Эжем барда гүлдөп кино, сахна,
Табияттын так өзүнө жарашып.
Таң каламын кең Жумгалдын кызына,
Адам тургай ажалдын да жаны ашык.

Мезгил чогуу калыстыкка келели,
Болуу керек ажыроонун ченеми.
Чексиз берип сулуулукту, талантты,
Колдон айрып алдың Татты эжемди.

Гүлгө жетпей, Күнгө жетпей самаган,
Калат тура кара жерде ар адам.
Бир өлүмдүн барлыгына ишенип,
Мен кайратты андан күчтүү кыла алам.

Тагдыр мага, балким, таалай бересиң,
А эжемди кандай кайрып келесиң.
Адам ата, Обо эненин балдары,
Күн алдында күчтүү ажалды жең өзүң.

Соц тармактар:

Добавить комментарий