«Жоодарбешим» эпосу туурасында беш факты. Эл коштошкусу келбеген образдар

«Жоодарбешим» дастаны кыргыздын баатырдык эпосторунун бири. «Эр Төштүк» чыгармасынын уландысы болгон бул баян туурасында Sputnik Кыргызстан беш фактыны сунуштайт.

Жин-перилер менен күрөш. Эпос Жоодарбешимдин алпка каршы аттанышы менен башталат. Бирок жеңиш оңой менен колго тийбей, баатырга көп кыйынчылыктарды жеңүүгө, бир нече дөөлөр, жин-перилер менен күрөшүүгө туура келет. Чыгарма баатырдын болочок кайын атасы койгон шартты аткарып, элине колуктулуу болуп кайтышы менен аяктайт. Бул бир катар кенже эпостордун көбүнөн чоңдук кылган көлөмдүү дастан.

 

«Эр Төштүк» чыгармасынын уландысы. Сюжетте ал Төштүктүн уулу. Кыргыз эли башкалар сыяктуу эле өздөрүнө жаккан каармандардын баянын бүтүрүп салууну каалабагандыктан, аны андан ары улантуу максатында кийинки образды таап, окуяны ал баатыр менен коштоттурган. Кыскасы, ал каарман менен эл коштошкусу келген эмес. Фольклор изилдөөчүлөр да «Жоодарбешимдин» жаралышын ушундайча түшүндүрүшкөн.

 

Жоодарбешимдин төрөлүшү. Бул чыгармада бала башкача жарыкка келет. Тагыраагы, ит көйнөгүн кийип, киндигинин кесилүү болуп түшүшү. Эпостук чыгармада эң көп гипербола орун алган.

Ит көйнөгүн мойнуна,
Иле түшкөн бул бала.

Аруу тонун жонуна
Кие түшкөн бул бала.

Киндиги өзү кесилүү,
Күмүш экен көкүлү,

Маңдайында калы бар,
Арыстандай жалы бар деп берилет.

 

Кылкара. Эпостук чыгармадагы канаттуу тулпарлардын укмуштуу касиеттери эң байыркы убактагы көрүнүш экенин айрым изилдөөчүлөр белгилеп келет. Жоодарбешимдин тулпары Кылкара анын жаш жолдошу, жардамчысы, таянар тоосу жана сырдашы. Ал эми анын атасы Төштүктүн аты Чалкуйрук экенин мурдагы материалыбызда айткан элек.

Кылкара тууралуу эпосто төмөнкүдөй саптар учурайт.

Ошо жерге келгенде,
Жаныбарың Кылкара,
Жалт этип токтоп турду эле.

Сырттан эрди карата,
Бугудай мойнун бурду эле.

Кылкарага үн бүтүп,
Кадимкидей тил бүтүп,

Жоодар эрге муну айтат,
Адам билбес шумду айтат…

 

Чыгарма төрт вариантта айтылган. Фольклор изилдөөчүлөрдүн маалыматында «Жоодарбешим» төрт вариантта айтылган. Негизги өзөгү катары Орозбай Урманбетовдун айтканы колдонулуп келет. Профессор Сапарбек Закиров аны 8545 саптан турат деп жазып кеткен. Андан сырткары Майрыков учурунда Ак-Талаалык Карымшак деген адамдан 13—14 жаш курагында угуп, анын ыр саптарын толук болбосо да көп бөлүгүн сактап калгандыгы белгиленген. Үчүнчү варианты Калча Суранчиевге таандык. Аны фольклор жыйноочу Ыбрай Абдырахманов 1940-жылы жазып алган. Ал эми соңкусу Абдыкерим Асан аттуу айтуучуга таандык.

Жоодарбешим Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору тарабынан даярдалып, «Эл адабияты» сериясынын жарыкка чыккан 30 томдугунун 3-томуна киргизилген. Ошентип, эпос соңку ирет 1997-жылы басылган.

“Sputnik-Кыргызстан”, 04.02.2017-ж.,
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий