“Эне тил барда – эл да бар…”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев менен маек.

Назаркул агай, кийинки кездерде биздин өлкө, алтургай, жалпы дүйнө коомчулугу тилге, тарыхка жана маданиятка шардана көңүл бура баштады…

— Ар кандай улуттун башкы байлыгы – анын эне тили. “Эне тилсиз эл карып” дейт. Ошондуктан, “баарынан сөз улук”, “оболу сөз жаралган” дешкен байыркы бабаларыбыз. Дүйнө элдеринин ыйык китептеринде да ушул ойлор айтылат.

Азыр доор өзгөрдү. Өнүккөн техникалар менен технологиялардын заманы келди. Дүйнө кичине бир айылдай болуп баратат. Чептер менен чек араларга карабастан, бүт элдер менен мамлекеттерди кучагына камтыды. Мунун өзү ааламдашуу деген ээ-жаасыз процесске айланып, адамзат анын жансыз бир бурама-тетигине айланып кетүү кооптуулугу турат. Ошон үчүн бүт дүйнө эли ал жыпырыктан “кантип аман калабыз, кантип коргонобуз?” деп баш катырып, ага тамыры терең тарыхы, көөнө маданияты жана көркөм тили бар элдер туруштук берерин түшүндү. Ошон үчүн ЮНЕСКО 1999-жылы Эне тилдин эл аралык күнүн жарыялап, 2000-жылдан баштап эне тилдерди жана ар түрдүү  маданияттарды өнүктүрүү максатында белгиленип келе жатат. Ошон үчүн Президентибиздин демилгеси менен былтыркы жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланып, бир катар бараандуу иштер жасалды. Ушунун уландысы катары быйылкы жылыбыз ыйман, адеп, маданияттуулук жылы катары жарыяланып жатканы колдоого татыйт.

Эне тил адамдарды байланыштырып туруучу негизги курал жана каражат гана болуп саналбастан, ал ошол элдин иденттүүлүгүн  тастыктаган жүрөгү. Гениалдуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткандай, улуттун автопортрети. Эне тил, менимче, этностун кундуу касиеттерин камтыган сырдуу ааламы жана кайталангыс космосу  гана болбостон, акыйкатта, ал элдин тарыхый тагдыры. Эгер биз мындан ары өнүгүп-өсөбүз, аалам элинин тутумунда өз ордубузду табабыз десек, тарыхыбызды талыкпастан тактап, эне тилибиздин бир сөзүн кемитпей сактап, бүт ааламга ажайып маданиятыбызды даңазалап алып чыгыш керек. Бизде мындан башка айкын жол жок.

— Мамлекеттик тилибиздин көйгөйлөрү оголе көп. Аны өзүңүз жакшы билесиз. Жаңы ишиңизди эмнеден баштадыңыз?

— Ооба, көйгөйлөр көп. Анын бир далай обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Дегеле, мамлекеттик тилдин көйгөйүн баарыбыз жакшы билебиз. Аны бешиктеги бала да билет. А бирок, аларды кайталап айта бергенден майнап чыкпайт экен. Аны  үй-бүлөдө, ар бир мекемеде, окуу жай ж.б. жерлерде чечүүнүн системдүү технологиялары иштелип чыкса жакшы болот эле. Жарандарыбыздын ар-намыстуулугу, мекенчилдик сезими жетишпей жаткандай. Менимче, мамлекеттик тил маселелерин чечүүдө ар бир жарандын жоопкерчилиги болууга тийиш.

Бизде тил саясаты боюнча эч кандай тоскоолдуктар жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Мамлекеттик  жана расмий тили жөнүндө мыйзамдарында, 2013-2017-жылдарда мамлекетибизди туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясында, ошондой эле, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында өлкөбүздө жашап жаткан этностордун эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кепилдиктер камсыз кылынган.  Өкмөттүн нечендеген мыкты-мыкты токтомдору токулуп, аларды ишке ашырууга жетиштүү акча каражаттары бөлүнгөн.

Ошого карабастан, көп маселелер боюнча иш ыкчам жүрбөй келүүдө. Анын бирден-бир себеби, баягы эле өзүбүздүн ыкшоолугубуз болууда. Андан көрө, алыбыз жете турган жагын алып, колдон келе турган жерин бүтүрүп, кичинеден болсо да адымдай берсек, эмдигиче бир топ жылыш жасайт элек.

Тил деген – социо-маданий тирүү организм. Аны байлап-матап буйрук менен же мажбурлап жөнгө салыш мүмкүн эмес. Ал революциялык зордукчул мамилеге муктаж эмес. Эволюциялык өөдө-төмөн өз жолу менен өскөнү оң. Биздин мамлекет демократиялык мына ушундай өнүгүү ыкмасын тандап алган.

Эне тили балага эненин сүтү менен, бешик ыры менен, ата-эне мээрими менен канга сиңет эмеспи. Ошондуктан биз тарбияны үй бүлө очогунан баштап, ыраатын жазбай улантышыбыз керек. Кыргызстандын ар бир жаранынын мамлекеттик тил алдындагы жоопкерчилигин сезиши мыйзам ченемдүү.

Кыргызстандын 80 пайыз калкы айыл жеринде жашайт. Бала бакчадан тартып кыргыз тилинде окуп, кыргызча тарбияга каныгат. Анан шаарга келип, окуу жайлардын кыргыз тайпаларына кабыл алынат. Тарбия ырааты так ушу жерден бузулууда. Көпчүлүк окуу жайлар бир-эки семестр өткөндөн кийин эле, ар кандай шылтоолор менен расмий тилде окутуп киришет. Балдар сабакты түшүнөбү-түшүнбөйбү, предметти өздөштүрүп атабы-жокпу, ойлобойбуз. Алардын укугун ким коргойт? Ошолор окууну бүткөндө кандай адис болуп чыгып жатышат? Орусча онтоп сүйлөп, кыргызча жаза албайт. Ошон үчүн мен педагог жана илим адамы катары мамлекеттик тил саясатын билим берүү тармагында: жогорку, орто жана атайын-кесиптик окуу жайларында күчтөндүрүп, андан ары мектептер менен бала-бакчаларда улантууну ылайык көрүп турам. Иштин башы катары, борбордогу жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча проректорлорун чогултуп, кеңеш курдук. Ага удаалаш Бишкектеги К.Көлбаев атындагы унаа жана автожолдор коллежинде орто жана атайын-кесиптик окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча директор орун басарлары менен кездешүү өттү. Алардын колунда кеңири мүмкүндүктөр, укуктар бар. Ишти, эң жок дегенде, окуу ырааты менен окутуу мерчемдерин мамлекеттик тилде жаза баштоого, андан ары окуу китептери менен базалык окуу каражаттарын кезең-кезеңи менен кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарууга макулдаштык. Кудай буюрса, мындай аракеттер жакын арада жемишин берүүгө тийиш.

— Азыркы тапта тилге үйрөтүү, тилди окутуу усулдары өзгөрдү. Адистердин айтымы боюнча, тилди үйрөнүү үчүн, адегенде муктаждык болуш керек экен, андан кийин ошол тилдин ажайып касиетин ачып кызыктыруу кажет дейт…

— Ооба, учурдун реалийи ушундай өңүттө. Ошон үчүн Президентибиз А.Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган Мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программада эл аралык эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүү, өз эне тили менен өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилин, тарыхы менен маданиятын мыкты өздөштүргөн, расмий жана башка чет тилдеринде сүйлөп, турмушунда пайдалана билген жогорку кесипкөй жаш муундарды тарбиялоо милдети коюлган. Эл аралык экономикалык интеграцияга кошулган бардык өлкөлөр менен мамлекеттер ушундай саясатты тутунууда.

Быйылкы күздө, буюрса, өлкөбүздө президенттик шайлоо өткөнү турат. Эми, ушундан тарта республикабыздагы бардык жогорку бийлик өкүлдөрү, анын ичинде бүт Өкмөт мүчөлөрү Кыргызтест түзүмү аркылуу мамлекеттик тилди кандай деңгээлде билери тууралуу тест тапшырып, сынактан өтүшөт. Ал иш эмдиги жылдан баштап бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жайылтылат. Ал тестте, андан тышкары, мамлекеттик кызматкердин расмий жана кайсы бир чет тилин кандай деңгээлде биле тургандыгы да аныкталмакчы.

Эми, көөнө кыргыз тилинин көркөмү менен ажайып касиети тууралуу айта турган сөз арбын. Тилекке каршы, аны тиешелүү деңгээлде айта албай жатабыз, жүрөк менен жүлүнгө жеткире албай жаткандыгыбызды да жашырып кереги жок.

Түрк дүйнөсүн терең жана кенен изилдеген Л.Н.Гумилевдун уңгулуу жана нарктуу теориялык концепциясы бар. Окумуштуунун ою боюнча, этностордун өнүгүшү геочөйрөгө, биочөйрөгө, аймактын флорасына жана фаунасына, башкача айтканда, өсүмдүктөрдүн, жан-жаныбарлардын түрлөрүнө байланыштуу болот. Менимче, улуттун тилинин диалектикасы да табиятка жана жаратылышка түздөн-түз симметриялуу. Албетте, Ала-Тоодой керемет жер ааламда сейрек кездешет. Жылнаамадага 12 ай, үч айдан топко бөлүнүп, так санга ажырап, төрт мезгилге чачырап, жуп санды уюштуруу аркылуу бирин-бири байытып, бирин-бири асырап, бирин-бири бөпөлөп, бирин-бири тазалоо менен кербезденип турат. Бул –  бирин-бири толуктоонун, карама-каршы туруп ажарына келүүнүн, жаңыруунун жана көп түрдүүлүктүн гармониясынын философиясы.

Дегеним, даанышман ойчул Молдо Кылычтын классикалык «Чүй баяны» чыгармасында 130га жакын өсүмдүктүн аты аталган, алардын адамдарга пайдалуу маани-маңызы көркөм-образдуу жалпылаштырылган. Мисалга, алар: дан куурай, кожогат, мандалак, бал жууран, кымыздык, кемпир чач, карандыз, катыраңкы, долоно, ак кодол, адырашман, балтыркан, көкөмерен ж.б. 140ка чукул жан-жаныбарлардын аталышы берилген, мисалга, кундуз, марал, бугу, кыл жылаан, тоодак, бозтек, кара куназ, чулдук, ызгыч, таскара, турумтай, ителги ж.б. «Канаттуу» деген актуалдуу ырында 90дон ашык парандалардын аты аталса, «Бүркүттүн тою» проблемалуу чыгармасында жетимиштен арбын жаныбарлардын аты тастыкталат. Бул көркөм-эстетикалык сейрек учуроочу көрүнүш.

Ал эми айтылуу Жеңижоктун «Аккан суусунда» 30дун тегерегинде өсүмдүктүн аталышы жана суунун түркүн түрлөрү көркөм-эстетикалык, философиялык негизде шөкөттөлгөн. Булар, сөздүн терең маанисинде, геоморфология, биоморфология менен аталыштын айкын, элестүү жана поэтикалуу үндөштүгү.

Тилибиздин сөздүк курамы 40-60 миң дегенибиз менен (К.Юдахин менен К.Карасаевдин сөздүктөрүнө таянып), “Манас” эпосунда 100 миңден ашык сөз бар экендигин илимпоздор далилдеп жүрүшөт. Мындан тышкары, тилде сөздүктөргө кирбеген орой-одоно сөздөр да болот. Ал эми тилибизде бою бир карыш, ою миң карыш омоним сөздөр да  өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт, мисалга 3260 омоним сөз 8122 мааниге ээ.

Залкарлардын чыгармаларында ааламдагы геофизикалык кубулуштар, климаттык мүнөздөмөлөр, атмосферанын тунуктугу жана алардагы өзгөрүүлөрдүн табигый динамикасы, кээде антропогендик факторлору да баёо, априордуу негизде (элементтери, философемалары) көркөм-образдуу жалпылаштырылат. Алар – асыл казына жана улуттук баалуулук. Көрсө, жаратылыш канчалык бай болсо, биочөйрө канчалык түркүн түстүү болсо,  тилдин лексикалык фонду  ошончолук мол, ошончолук күчтүү, образдуу касиетке жана “ядролук” энергияга ээ болот экен. Дал ушундай дөөлөткө, нарк-насилге эгедер кыргыз тили менен катарлаш өлкөбүздө жашаган көптөгөн этностордун тили дагы кыргыз табиятындай көркөм жана кооз, албетте, болуп көрбөгөндөй бай.

Кыргызстандын элдеринин өнөрү, акылмандыгы, кудурети, маданияты – сөзүндө. Ар бир сөздүн тарыхы, анты, мистикалык сырлары, табышмактары болот. Өнөр алды кызыл тил деп, кыргыз эли сөздү көздүн карегиндей кадырлап, өтө этият пайдаланышкан. Бардык элдин 21-кылымга бапестеп жеткирген рухий мурасы, сөз казынасы, накыл сөзү  эне тили болсо керек. Элибиздин ар бир сөзү алтын кыш сыяктуу асыл, андан ата-бабаларыбыз опол тоодой сепил курушкан. Демек, өлкөбүздө рух сепили, ынтымак сепили, биримдик сепили, достук сепили түбөлүк чыңдала берсин.

Маектешкен Капар Токтошов, «Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий