Көкүрөктө сыйынаар бир жарык жок, көктө гана… жылтыраган жылдыздар

«Уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн», — деп кыргыз поэзиясына бурулуш жасаган стилист акын Сагын Акматбекованын ырларын талдап изилдеген эмгектер да арбын. Ошолордун биринде Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева: “Сагын акындын поэтикалык дүйнөсүндө бардыгы бар: мезгил бар, жамгыр бар, таш бар, дөң бар, дүйнө бар, өткөн бар, өчкөн бар, жеткен бар, жетпеген бар, кыйроо бар, ыйлоо бар, эзелки бар, эртең бар, акындын “мени” бар, көңүлдүн чери бар. Эң башкысы ой бар, ой менен көркөмдүктүн синтези бар…” — деп артыкча баа берген.

Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекованын алгачкы ыр жыйнагы «Жамгыр» деген ат менен 1970-жылы жарык көргөн. Китеп чыгары менен эл оозуна алынып, өзгөчө стили менен айырмаланган да, кыргыз адабиятына «сагынизм» деген жаўы агымды киргизген. Поэзия сүйүүчүлөрүнө андан кийин “Алыскы талаалар”, “Терезедеги жарык”, “Айлуу дөң”, “Өткөн жылдын жалбырагы”, “Күз ырлары”, “Күүгүмдөгү күү”, “Жан дептер” ж.б. ондогон китептерин тартуулады. Таланттуу калемгердин ырларынан башка чакан аңгеме, эсселери да бар. Ошондой эле Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу өңдүү япон, кытай классиктеринин ырларын мыкты которгон котормочу катары да белгилүү.

Сагын Акматбекова 1949-жылы Калинин районундагы Орто-Арык айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги политехникалык институтунда окуган. 1968-жылы Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун 1973-жылы ийгиликтүү бүтүрүп келип, “Кыргызстан аялдары” журналынын коомдук-саясий бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1975-жылдан тарта СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Акынга 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгы Алтын диплому, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык менен сыйланган.

ФЕВРАЛДАГЫ ДЕПРЕССИЯ

Неге ысыйт, неге муздайт, зарыгат?
Неге туйлайт, неге жүрөк камыгат?
Же киши жок басып келген жаныма,
Же чымчык жок учуп-конгон багыма.

Күнү-түнү, күүгүмдө да, күндүз да
Ышкырынат ырайымсыз бир ызгаар.
Көкүрөктө сыйынаар бир жарык жок.
Көктө гана… жылтыраган жылдыздар.

 

ЭКСПРОМТ

Айттырбай келди тушума
Арга жок, керек өтүшүм,
Шиштака кийген бутума
Кемпирдин сүйрөп кепичин.

 

ОЛТУРАМЫН БУЛЬВАРДА

Ченемсиз кыялга батып.
Алтын түстүү жалбырактар
Түшүп жатат бут алдымда.
Канаттары күн нурун катып
Кайдадыр кетишти куштар.

Кооздошуп асман бетин
Учкан сайын куштар арылап.
Кеч күз… булуттар, булуттар.
Жүрөгүм кимдидир сагынат.
Ким болду экен-Ал?

Кеч күз… Олтурамын гүлбакта.
Дарактар шуулдашат.
Кимдир бирөө шыбырагансыйт:
«Эстечи… кышкы түндү»
Жүрөгүм жооп берет:
«Автобуста баратканбыз.
Мен тиктегем күзгүсүнөн айнектин
Сени… сенин көзүңдү, кирпигиңди…
Көрүнбөй кайда кеттиң,
Таштап жалгыз?…»

Алтын түстүү жалбырактар
Түшүп жатат бут алдыма.
Олтурамын бульварда…

 

* * *

Коюлбасын эч эстелик, эч белги.
Билген билер, билбеске не кереги.
Таңы нурга, жылдызга жык кечтери,
Болсун боору бир калкайган дөбөнүн.

Сан түс берип, билген ойнун ойносун,
Жаз менен күз, кыш менен жай убактар.
Каптабаган караган-чер болбосун,
Калың бассын өзүм сүйгөн шыбак да.

Каалашынча эзсин жамгыр турпагын,
Кар астынан гүл башбаксын дирилдей.
Көргөн кезде урпагымдын урпагы,
Көр экени калсын такыр билинбей.

Даярдаган Нурзада Ташбаева, «Де-факто», 14.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий