Зууракан Сыдыкова, манасчы: “ Манас — жашоомдун маңызы!”

Зуура эже, сиз жөнүндө көп кишилер биле бербейт. Балким, айымдардан чыккан манасчы десе, кай бир адамдар бул жаттама манасчы эмеспи деген дагы күдүк ойдо болушу мүмкүн. Манас дүйнөсүнө алгач качан, кандайча аралашып калдыңыз?

— 1971-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтту окуп бүтүрүп жаткам. Ошол жылы Саякбай Каралаев каза болгон эле. Жатаканада 5 кыз бир бөлмөдө жатчубуз. Бир жолу мен кыйналып, аларды түнү менен уктатпай чыгыпмын. Көрсө аян берүү ошондо башталыптыр. Аны мен кайдан билейин, оозума куюлуп ырлар келе берчү. Талаага барып ырдап бугумду чыгарган күндөр болду. Окуу жайын аяктаган соң жолдомо менен Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айлына мугалим болуп бардым. Ал жерде бир жылча иштегенден кийин Көк-Мойнок айылына жиберишти. Ошол жерден менин кыйналуум күчөдү. Бир жолу Талды-Суудан Көк-Мойнокко келе жатып, ырларды айткым келди, ички дүйнөм түрткөн сыяктуу толкуп ырдай бердим. Автобустагы элге карабай ырдадым. Жолдошум экөөбүз болчубуз. Үйгө келгенден кийин ал мага абдан таң калды.

Ал ырлар эмне жөнүндө эле?

— Эстегениме караганда, жаратылыш, гүлдөр, чөптөр тууралу эле. Ошентип, мугалим болуп жүрдүм. Түнкүсүн уктай албайм, төрт жыл кыйналдым. Өзүмчө ойлонуп, акылдан айныдымбы деп жүрдүм. Бир күнү эртең менен алгебра сабагынан жүрөгүм акылдап, көзүм караңгылап сүзүлө баштады. Окуучуларга жүрөгүм ооруп жатат деп койдум. Олтургучка олтуруп, партага эңкейдим, чекем шак этип партага тийди. Кулагыма аттардын дүбүртү угулуп, анан көзүмө жылкылардын үйүрү көрүндү. Чекелерине жоолук байлаган, кармаганы укурук, укурук башында чалма чалып алган жигиттер топ жылкыны айдап келе жатат. Мектеп жок эле ээн талаа болуп калды. “Уу-уу” деп ызы-чуу болуп дүбүрттөп өтүп кетти.

Кийин катуу жыгылдым. Өзүмөн кийинки иним Касмакун кыздуу болуп той берип жаткан. Үй толтура мейман эле. Эт чыгарабыз деп жатканда бирөө кулагыма шыбырап “чык, эшикке, чык” деди. “Бол батырак” деп шаштырып жатат. Мен бут кийимимди кийгенге жетише албай, байпакчан эшикке чыктым. Очоктун жанына барсам, жеңем сорпо сапырып жатыптыр. Сорпо ичесиңби деген суроого “жок” деп айтканга үлүрдүм да, тарс жыгылдым. Денемдин баары муздап, өлүп калгандай болупмун. Эми бул атамдын айтуусу. Мен эч нерсе билбейм. Ошол кезде мага бир кылка тизилген ак боз үй, сол жагында кара боз үйлөр көрүндү. Аппак өргөнү эки жигит кайтарып турат. Бир кезде Сыдык чоң атам пайда болуп, жүрү мен сенин жолуңду ачайын деп ээрчитип алды. Өргөгө барсак, эки жигит найзасын кайчылаштырып, атам бир нерсени айтканда гана кое берди. Боз үйгө киргенде атам жүгүнүп эле атты, бозүйдөгүлөрдүн баарына жүгүндү. Сыдык чоң атамды мен эмес, атам Акимхан жакшы эстебей калган. Алты жашында атадан калган экен. Чоң атам: “Бул — небере кызым. Ушул кызым Манас айтсынчы, уруксат бергиле” деп айтты. Манас төрдө жамбаштап жаткан экен. Бакай, Чубак, Сыргак, Алмамбет баары олтурат. Чоң атам — бул кызым оорулуу, айта алабы, айта албайбы, көргүлө, — дегенедей ишарат кылды. Ошондо Манас бабабыз: Кызың оорубайт, айтат, — деп, “айт, айт” деди. Көрсө, ошол кезде атам башыма чүпөрөк коюп, айт, айт деп жаткан экен. Анан мен: “Эки жакта эки тоо, ортосунда эки жоо, бири кара бири ак…” деп эле айта баштадым.

Аял манасчылардын тагдыры татаал болгон эмеспи, семетейчи Сейдене, Сейде Дейди кызы да жашоосунда көп кайгы-муң көргөн дейт. Сиздин турмушуңуз кандай болду?

Жаш кези…

— Менин тагдырым деле татаал болду десем болот. Мени күйөөм ала качып алды. Өзү жакшы эле үй бүлөнүн баласы өңдөнөт, бирок, аракка берилип, аны таштабай, мага тынчтык бербей койду. Менин “Манас” айтканымды шылдыңдап жүрдү. Мен жинди болгон экенмин деп өзүмөн өзүм чочудум. Төрт жыл чайналып жүрүп, бешинчи жылы ажырашууга туура келди. 1975- жыл эле. Бир балалуу болгонбуз. Аны тай энеси багып жаткан.

Туугандарыңыз, коомчулук кандай кабыл алды?

— Мен ичимдеги сырды эч кимге айткан эмесмин. Өзүм эле кыйналып жүрдүм. Түшүмө чоң калпак кийген ак сакалдар, ортодо булоолонгон эт көрүнчү. “Көргөнүңдү айт” деген үндөр угулчу. Эмнени айтам деп кыйналчумун. Аска зоодон учуп өткөн аттарды көрдүм. Бир жолу сары мадыл тоонун бир бетинен бир бетине аттап өткөнүн көрдүм. Мен Манас айтып жатканда мага башка бирөө айтып, кулагыма шыбырагандай сезилет. Совет учурунда өздүк көркөм чыгармачылык менен ар кандай фестиваль, кароолорго катыштым. Ошондо мен өзүм айтам деген теманы айтпай, башканы айтып алган күндөр көп болду. Азыр деле ошондой учурлар болот. Кээде олтуруп, менин жолумду чоң атам ачпаса, балким, мага берилген кутту көтөрө албай, психикалык жактан оорулуу болуп калмакмын деп да ойлоп кетем. Себеби, ошол учурда мени түшүнүп кеткен деле эч ким болгон жок. Манасты аял айтпайт дегендер да көп болду. Азыр бирге өмүр сүрүп жаткан жолдошум Садырбек мени туура түшүнгөнүнө ырахмат.

Манастын текстин кандайча кагазга түшүрүп калдыңыз?

— Бир жолу радиону угуп олтурсам, Жусуп Мамай маек берип жатыптыр. Ал: “Мен айтуучу манасчы эмесмин, жазгыч манасчымын”, — деп айтты. Ошону уккандан кийин мен муну айтып эле жүрбөй, жазсам болот турбайбы деген ойго келдим да 4-5 жыл жаздым. 1978-жылдан баштап бош убакыт болгондо чиймелеп койчумун.

Жакында “Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң казат” бөлүмдөрү сиздин вариантыңызда китеп болуп басылып чыкпадыбы. Эски дептерлер кандайча китеп болгонун айтып бериңизчи?

— Мен ушул жазгандарымды китеп кылып чыгарсам деп ойлоп жүрдүм. Бирок, акча керек эле да. Мугалимдердин акчасы аз да билесиң. Бир туугандарымдын өз жашоосу бар дегендей. Мен алгач муну кагазга түшүргөндө ушул окуяны жазып бүтөйүн деген ой да болгон эмес. Жөн гана бугумду кагаздан чыгарып жүрдүм. Шилтеп коюп, таштап коюп жүрө бергем. Бирок, кызып кеткенден кийин улам бир дептери жазып олтуруп, бир да сол таштабай калың дептерден 8-9ду жазыпмын. Бул китеп болуп басылат деп ишенгеним, бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө чоң мал баккан сарайдын жанында экенмин. Ошол жерге узун-узун столдор коюлуп, трибуна даярдалыптыр. Трибунада Таштанбек Акматов доклад жасап жатат. Кырка отургучтардын биринде жалгыз Чыңгыз Айтматов олтурат. Эки-үч катар аркасында мен олтурам. Бир кезде Айтматов артка бурулуп мени карады да: “Зукай, сен капа болбо, китебиң чыгат бир күнү” – деди. Бир топтон кийин “кичине кечирээк чыгат” деп койду. Анын айтканы келди, 1988-жылы көргөм ушул түштү, быйыл китебим жарыкка чыкты. Буга демөөрчүлүк кылган Республикалык “Манас” жаштар ордосунун директору Бакыт Рамановго, китепти редакциялап чыккан манастаануучу, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобековага, текстти карап чыккан филология илимдеринин кандидаты Сүйүн Дүйшөмбиевге, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиевага, анан албетте, ушул китепти чыгаралы деп жанымды койбой ары чаап, бери чаап жүрүп, максатына жеткен Бейшенбек иним, Гүлай келиниме ыразылыгымды билдирем.

Сизди Манас ааламы кандайча тандап алды деп ойлойсуз?

— Өзүм да ушуну көп ойлодум. Менин атам чоң комузчу эле. Анын бир канча күүсү Кыргыз радиосунун алтын казынасында жазылып калган. Энем ооз комуз чертчү. Чоң энем, өз энем да кол өнөрчү болчу, жаны тынчу эмес. Союз убагында өздүк көркөм чыгармачылык деген бар болчу. Атам, агам комуз чертет, мен “Манас” айтам, үчөбүз конкурстарга катышып, байгелүү орундарга татып жүрдүк. Мени Манас дүйнөсү кандай тандады билбейм, балким, мага ишенгендир. Өзүмдүн мүнөзүм абдан катуу. Менден мурда эки агам, аркамда эки иним бар, төрт эркектин арасында чоңойдум. Кыймыл-аракетим, жүргөн-турганым эркектей болчу. Апам көп балалуу болду. Жумуштан колум бошогон жок. Тамак жасоо, үйдү иретке келтирүү менин мойнумда, колго кир жууганды сураба.

“Манас” эпосу турмушуңузда канчалык орунду ээлейт?

— Манас — менин жашоомдун маңызы. Мен кыргыз болуп калганыма, мага “Манас” айтуу буюруп калганына, Кудай Таалам толгондон “Манасты” менин көкүрөгүмө салып бергенине сыймыктанам. Манас — Кыргыз элинин колдоочусу. Кээ бирөө аны жок деп жүрбөйбү, ал туура эмес. Манас бар үчүн улуу баян муундан-муунга, бизге жетип жатат. Кыргыз жоголмоюн “Манас” жашай берет. Аны Айтматов океанга салыштырганы бекер эмес. Себеби, улам бир манасчы чыгып, улам “Манас” айтуучулар жашарып жатат.

 Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарын окудуңуз беле?

— Жок, окуган эмесмин. Ыр түрүндө жазылган чыгармаларды окугум келчү эмес. Ошол боюнча эле окуганым жок. Кийин Талантаалы Бакчиевдин китебин гана окудум.

Улуу манасчылардын ичинен кимдер менен бирге “Манас” айтып калдыңыз?

— Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Сапарбек Касманбетов, Асанкан Жуманалиев менен чогуу айтып жүрдүм. Алар сен такыр башкача айтат экенсиң дешчү. Мен болсо алар айткан көп сөздөрдү түшүнбөйм, өзүм жөнөкөй тил менен айтам. Балким, мен математик болбой, кыргыз тилчи болсом, башкача айтат белем, ким билсин.

Уркаш Мамбеталиев айылдашыңыз эле да. Андан акыл-кеңеш алган учур болдубу?

— Жок, Уркаш Мамбеталиевге кезикпей калганыма азыр да өкүнөм. Балким андан тарбия алганда, башкача болмок. Мени ага жетелеп барган эч ким болгон жок. Бир жолу мени менен жолугайын деп келгенде атам каршы болуп, мага да айтпай коюптур. Балким, ошондо өзүмө жолукканда, мен аны ээрчип кетмекмин. Себеби, ошондо эмне кыларымды, жанымды кайда коерумду билбей делөөрүп жүргөн кез эле да.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА, “Чагылган”,  10.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий