Этностилдеги заманбап кийимдер

Акыркы жылдары өлкөдө мода тармагы тез ылдамдыкта  өнүгүүдө.  Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү, ишкер айымдар, ал гана эмес күнүмдүк турмушубузда кыргыз оюм-чийимдерине көңүл бурган жаштарды байкоого болот.   Жергиликтүү  дизайнерлердин колунан чыккан  кийимдер  брендге айланып,  кыргыз кийимдерин заманга ылайыкташтырып  жаткан дизайнерлер менен баарлаштык.

«ENESAY» өлкөдөгү эң жаш спорт-урбан стилинде кийим чыгарган бренд болуп эсептелет. Жаш дизайнерлердин тобу  учурдун талабына ылайык моделдерди ойлоп таап, футболка, “толстовкаларга” сүрөттөрдү түшүрүшөт. Кийимдин моделдерин жаш дизайнерлердин командасы иштеп чыгат. Негизги  линиядан сырткары, колдо тартылган сүрөттөр жайгашкан эксклюзивдүү кийимдерди да сатып алууга болот. Сүрөт кардардын каалоосу менен тартылат.

 

Зафарбек Сулайманов, «ENESAY» фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири:
“Кыргызстанды чет өлкөгө тааныталы дегенбиз”

Стамбулда экинчи курста студент болуп жүргөн мезгилде баштаганбыз. Ошондо талап аябай чоң болчу. Чет өлкөдө жүрүп Мекенди сагынуу сезимдери ээлеп алган, андан сырткары четке барганда көбү Кыргызстанды билбейт, тааныбайт. Чет өлкөлүктөргө таанытуу максатында ушундай бизнес-идея келди. Мисал үчүн “Кыргызстан” деген жөнөкөй футболкадан сырткары «Миң өлүп, миң тирилген кыргыз», «Чыныгы кыргыз кымыз ичет» деген жазуулар менен Кыргызстанды тааныталы дегенбиз. Негизи кыргыз жазууларын, оймо-чиймелерин заманбап түрдө колдонуу.

Улуттук элементтерге көңүл бурганыбыздын себеби, байкашыбызча көбүнчө оймо-чиймелер креативдүү процесстен өтпөйт да. Бир гана оймо-чиймелер бар болсо, ошону эле чаптап коет. Бул жерде эч кандай креатив дагы, эмгек дагы жок. Биз оймо-чиймелерди ушу модадан чыгарбай, элдерди оймо-чиймеден тажатпай, аларды заманбап түрдө колдонсок аябай эле пайдасы бизнеске дагы, стилдик жактан дагы жакшы болот го деп ойлодук.

Башка кыргыз оймо-чиймелерин чыгарган дизайнерлерден айырмабыз — биздин күнүмдүк жашоодогу кийилген кийимдерди чыгарабыз. Көбүнчө дизайнерлер Дилбар эже, А.Обозова болбосун, баары оймо-чиймелерди гана колдонот. Биздин өзгөчөлүгүбүз – ошол оймо-чиймелерди алып заманбап кийимге колдонобуз. Заманбап кийим дегенибиз ал күнүмдүк жашоодогу футболка, «толстовка», шорта, шым, курткалар. Жаштар Батышка көңүл буруп атпайбы, ошол модаларды алып, кыргыздын улуттук элементтерин кошсо, аябай жакшы гибрид чыгат экен.

Суроо-талап аябай жакшы болду. Биринчи – өзүбүздүн эле мекендештерибиз. Чет өлкөгө кеткендер тарабынан талаптар чоң болот. Экинчиден, чет өлкөлүктөр тараптын талабы чоң болот. Келип сувенир, эстелик катары алып кетишет. Учурда эмгектерибиз Москва, Стамбул, бир топ Европа өлкөлөрүндө сатылат.

Жаңы идея ойлоп табуу кыйын. Биздин кийимдерибиздеги идеяларды иштеп чыгуу процесстерибиз мындай отуруп эле чыгып калбайт. Командабызда 10-15 дизайнер иштейт.  Дизайнерлерди текшерип турган арт директор, технологдор болот. Алар өндүрүшкө жеткирбей, креативдүү процессти, идеяны түптөп, өнүктүрүп, даярдап берет. Анан цехке жеткенде ал жактагы технологдор текшерип, кайсы кездемени колдонуш керек, кайсы түстөрдү колдонсо туура болот, ошолорду карайт. Ошол процесстерден өтүп, аягында арт директорго келет. Бул товар алынабы, суроо талап жаралабы, текшерип, андан соң базарга чыгат. Бул жерде бир адам таап койгон идея эмес, бир топ адамдын колунан өтүп, креативдүү процесстер болот. Ошол процедуралардын ар бири маанилүү.

 

“Турана” – заманбап калпак

“Турана” — бул улуттук баш кийимди оригиналдуу кылып жаратып жаткан дизайнерлердин тобу. Алар негизинен жаштар үчүн заманбап калпактарды жасашат.

Нурдинов Баатыр, баш кийимге жаңы өң берип жаткан адис:

— Калпакты өзгөрткөн жокпуз, ак калпак биздин ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас, аны эч ким өзгөртө албайт. Сыртка чыгып айлананы караганда калпак кийип жүргөн жаштарды көп деле көрбөйсүң. Жаштар келечегибиз дейт эмеспи, ошол жаштардын батыштын кепкасын, шляпасын кийип кетпей, өзүбүздүн эле байыркы калпактардан илхам алынып, азыркы заманга ылайыкташтырылып жасалган модерн калпактарды кийсе, улуттук баалуулуктарды коргоого үгүттөсөк дейбиз. Учурда жаңы эле баштадык, суроо-талап буюрса көп эле. Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунан азырынча жаштар көп сурап жатышат. Биз эле Европанын шляпасын кие бербей, алар да биздикин таанып билсин деп Европага да үлгү түрүндө 3-4төн жибере баштадык. Европага жиберүүдөгү максат – бир эле калпакты сатуу эмес, ошол калпак менен бирге абасы,  суусу таза Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу, реклама кылуу. Бизде дүйнөнүн башка жеринде кездешпеген кооз жерлерибиз бар, биз аны жакшы реклама кыла албай жатабыз. Калпактын кээ бирлерине атайын чет өлкөдөн заказ кылынып алып келинген кездеме кошулуп шырылат жана кийиздин ичине киргизилип жасалат. Ооба, кийизди башынан баштап өзүбүз иштетебиз. Учурда 7-8 киши иштеп жатат.

Жаркын Муратбекова, «Политклиника», 02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий