Жөлөп-таяп, кеңешип-таңашып… Кыргыздагы катыштын орду тууралуу

Колумнист Шаакан Токтогул тирүүлүктөгү бармай-келмей, алмай-бермей, ылымта-ымала тууралуу ой жүгүртүп, анын кыргыз жашоосундагы ордуна, маанисине токтолгон.

Жашоонун, өмүрдүн көркүн айланадагылар менен байланышып катышуу, баарлашып жүз көрүшүү, өз ара мамиле түзүү чыгарат. Миңдеген жылдардан бери уланып келаткан бул көрүнүш тирүүлүктүн мыйзамына айланган. Кадыры жоктун катышы жок. Айрыкча, кыргыз элинде жеке адамдык кызыкчылык эмес, жалпы кызыкчылык жогору турат эмеспи. Түтүн түтүнгө уланат, андан айыл куралат.

Эл багаар уулдун, элге алынаар жигиттин коомчулук менен катышынын эң мыкты үлгүсү — сөздүү жерде кулак, чөлдүү жерде булак, алсыздарга кубат, күчтүүлөргө жөлөк боло алгандыгында. Кыргызда улук болсоң кичик бол дейт. Ошон үчүн олуя Арстанбек атабыз:

Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да
Оозуңдан чыккан сөзүңө,
Зоо куланып учса да
Эл менен бийиксиң,
Элден чыксаң кийиксиң,
— деп катыштын баасын таамай айткан тура.

 

Катыштын башы – жигиттин үч журту

Эр жигиттин үч журту бар. Катыш алардын ар бири менен болууга тийиш. Катыштын эң ысыгы жигиттин өз журту менен болот. Ошондуктан кыргызда «Өз агасын агалай албаган, бөлөктөрдү сагалайт», «Султан сөөгүн кордобойт» дешет. Эң сыйлуусу кайын журт менен катыш, анткени, «Катын алба, кайын ал», «Күйөө жүз жылдык, куда миң жылдык» дешет эмеспи. Ал эми катыштын эң барктуусу — тай журту менен болгон катыш. Ошондуктан кыргызда эр тайын тартат, таякеси жакшынын өзү жакшы деп айтылат.

Тууган-урук менен катыштын ашар, ыража, согум, деңгене деген түрлөрү болот. Азыркы кезде кеңири жайылганы — ашар. Мунун шарапаты менен үй бүтүп, короо-жай салынып, чөп чабылып, эгин жыйналат.

Ыража дагы жамандык-жакшылыкта, аш-тойдо абдан көп колдонулуп, туугандарынын жөлөп таяганынын күчүн билдирет. Малы бары малын кошуп, акчалуулары акчалай берип, белге кубат боло түшөт.

Согум — азыр айылдарда жакын туугандар арасында эле колдонулуп калды. Айрыкча, кыш күрөөдө согум болсо жаш үй бүлөлөр, көп бала-чакалуулар ирдене түшөт эмеспи.

Деңгене болсо айыл жергесинде кеңири колдонулуп, уланып келет. Сатуунун эмес, алмашуунун эң мыкты үлгүсү болуп, дагы да жашай берсин.

Уруктун же топтун катышында айрыкча, айылдарда ошол урукка таандык же топко таандык бирикмелер ишке түшүп, буюм-тайымдар (боз үй, казан, идиш-аяк ж.б.) ортодо алынып, абдан жакшы нукта баратканы көңүл кубанткан көрүнүш. Бирок, катыш муну менен эле чектелбейт. Үйлөнүп бүлө күткөн учурда өкүл ата, өкүл эне шайланат. Өкүл эже, өкүл ага деген жаңы туугандар пайда болуп, кадимкидей туугандашасың.

Андан башка бажа отуруш деген бар. Мындай отуруш көбүнесе көп бир тууган кыздардын күйөөлөрүнүн арасында болот. Ушуга улай эле эже-сиңди отурушу дагы бар.

Бөлө отуруш деп да коюшат. Мында ынтымактуу кыздардан тараган балдар да ымаланы үзбөй өз ара дайыма катышта болуп, ай сайын же жыл сайын чогулушуп, жүз көрүшүү адатка айланган.

 

Дос-жолдоштор менен катыш

Жигит болгон соң дос күтөт, жолдош күтөт, алар менен да катыш түрдүүчө болот. Мисалы, шерине деп байыртан салт карманып, жылдын бир мезгилинде же айдын бир убагында жолугушуп, көңүл ачып, чер жазышып, оюн куруп күн батырып, таң атырган. Шеринени уюштурууда да түрдүү салым, жол-жобо, эрежелер бекитилген.

Бозо жоро же жоро отуруш деп байыртан уланган катыштын бул түрү оюн-зоокко, тамашага ылайыкталып, абдан кызыктуу. Анын негизги шарты сөзсүз бозо салынып, жоролордун баары тамак менен кошо бозо ичишет. Арак ичкендей мас болбой, бирок, бозого кызыганда кишиден кеп да, ыр да чыгып, өмүргө өзгөчө сүртүм берет.

Жамандык-жакшылыкта, той-ашта жалгыз эле туугандардын эмес, достордун, жоролордун, жолдоштордун да ыражасы болот. Ошондуктан кыргызда көп түкүрсө көл болот дешет тура.

 

Жаңы катыштар

Заман жаңырып, мезгил алмашканда эски салттар жаңыланып, унутта калганы кайра жанып, кете берет экен. Аш көп болсо каада көп дегендей улам байланышы жакшы, жаңылыгы көп учурга туш болуп, анын жаңылыгына умтулуп жашайт экенбиз, ошондой жаңылыктардан болуп катыштын да жаңыча түрлөрү көбөйдү.

Алсак, бир мектепте он жыл окуган классташтар арасында он жылдык, жыйырма жылдык, отуз жылдык, кырк жылдык деп өз ара жолугушуп, салтанат өткөрүп, көңүл көтөрүү кадимкидей көрүнүш. Жакшынын шарапаты дегендей мындай жакшы жөрөлгөнүн шааниси да жакшы болуп, бул салтанаттардын аркасында мектептер оңдолуп, же болбосо айылдарга жол салынып, же айылдарга дарбазалар, эс алуу бактары, бакча деген сыяктуу курулуштар курулуп жатат. Айрым айылдарда жетим-жесирге кайрылып, жарды-жалчынын үйү бүтүп, айтор эң сонун көрүнүштөр ишке ашууда.

Группалаштардын же курсташтардын арасында да дал ушундай эле жосундар башталып, жок дегенде жылдын бир убагында жолугушуп чер жазышуу, отуруп оюн куруу салтка айланууда. Тирүүлүк көркү сый болот, өмүр өткүчө көр оокат менен алышып, кара чач куу болгуча, тирлик менен күрөшкөндөн көрө мындай катыштарга да көңүл бөлгөнгө не жетсин.

Жумушта чогуу иштегендер менен да сөзсүз катыш болот. Анын үлгүсү болсо белгилүү даталарда же болбосо жогоруда айтылгандай жамандык-жакшылыкта көрүнүп, сен иштеген мекеменин колдоосу бир кыйла кубат болот.

Жашоодо улам жаңы көрүнүштөр пайда болуп, кайсы бирине көңүл бураарыңды да билбейсиң. Бирок, жалпы өлкө аймагында социалдык тармактарды колдонбогон киши аз. Ал дагы билинип-билинбей катыштын жаңыча үлгүсүн жаратты. Алсак, социалдык тармактагы достор деген сымал абдан таң калычтуу, катыштар келип чыкты.

 

Абысын ынтымак болсо аш көп, агайын ынтымак болсо ат көп

Катыштын түрлөрү жогоруда билингендей өтө көп, бул байыртан эле ушундай болчу, ошондуктан, кыргыздын аш-тойлорунда Ала-Тоодой эт тууралып, Ала-Көлдөй чык жасалганы айтылат да. Бирок, катыштын да карманган туткасы бар. Ал эр жигиттин жубайы. Жубайы мыкты болбосо сый баркын, катыш каадасын билбесе эч ким менен катыш да кыла албайсың. Ошондуктан:

Жакшы болсо катының,
Табыла берет акылың, куусаң кетпейт, жакының…
Жаман болсо катының,
Чачыла берет акылың, чакырсаң келбейт жакының,
— дешет тура. Анын үстүнө эрдин атын казан чыгарат деген да кеп бар эмеспи. Бир туугандарды эле алып карасак, аялдары мыктылары катышат, аялдары арсыздар бири-биринен качышат. Бир тууган менен катыш болбосо уруулу журтка алынмак кайдан…

Пейили кең, аң-сезими бийик атуулдар, өз тууганынан ашып, алыс-жуукту, жек-жаатты, уруулуу элди бириктиргендер. Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот. Жигитке канат жакындары болсо, эл-жери жөлөк таяк болуп берет. Ошондуктан, катыштын каадасын карманып, санатын сактап тирүүлүктүн көркүн чыгаралы. Алыс-жуукка, тууган-урукка, жоро-жолдошко катышып, бири-бирибизге бел бололу.

Шаакан Токтогул, SputnikКыргызстан”, 07.02.2017-ж.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий