Самаковдун Япониядагы сапары тарыхты тактайт…

Карганбек Самаков кыргыз–япон тарыхындагы унутта калган бир окуя тууралуу кызык кеп айтты. Бул эки өлкөнүн достук мамилесиндеги жагымдуу факт катары мындан ары да тарыхта өз ордун табарына шек жок. Ал окуяны Самаковдун өзүнүн баяндоосунда толугу менен берели:

«1946-жылы Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) 125 япон аскер туткундарын алып келишкен. Алар Боомдогу темир жолдун курулушуна немец аскер туткундары менен чогуу иштеген. Андан соң 125 япон туткуну Ысык-Көлдөгү Тамга аскер санаторийин курушкан. Алардын көбү 20 жаштын тегерегиндеги боз уландар болгон экен. Алар туткундун жолдогу азап-тозогун көрүшүп, дистрофия, тифф жана башка оорулар менен оорушуп, кээ бирлери араң эле басып калышкан экен. Касиеттүү көл жээгиндеги кыргыздар аларга абдан жылуу мамиле кылышып, ана өлөт деп жаткан кээ бирлери дагы сакайып кетишиптир. Негизинен бээнин сүтүн, айран берип чоң тыңытышыптыр. Жалпы Советтик армиянын туткунундагы япондуктардын көбү оор кырдаалдардан улам каза болушуптур. Ал эми бизге келген 125 япон туткундары толугу менен торсойуп аман-эсен үйлөрүнө келишкен.

Такеучи сан менен жолугушуу

Бул тарых боюнча япондуктар Кыргыз элине өзгөчө ыраазы. Япондуктар бизден кетип жатканда НКВД алардын өздүк кагаз, буюм жана башка нерселерин бүт алып калышыптыр.

Мен биздин жана Россиянын СНБ, ФСБ, Коргоо Министрлигине депутаттык кайрылуу жасаган элем, бирок алар эч бир архивдик маалымат таба албай коюшту. Тамгадагы япондуктар курган санаторийдин убагында ошол япон туткундары ичип жүргөн булактан бир бөтөлкө суу, бир алакандай таш, ошол убакта тигилген бактан бир кичине бутагын алып Японияга бардым. Токиодо ошол 125 япон туткундарынын эң акыркы тирүү турган аксакал ТАКЭУЧИ менен гана жолуктум. Ал киши, жогорудагы окуя тууралуу: «Мен 22 жаштагы бала элем, ошол санаторийдин оозундагы эки Арстанды жасадым эле, ушул суудан ичип, ушул бакты тиктик эле, эң оболу керемет кыргыз элинин колунан баарыбыз сакайып, кыргыз элине бала болуп кеттик эле» – деп айтып, Тамгадан тартып барган сүрөттөрдү, видео материалдарды көрүп, көздөрүнөн жаш токтобой, айтаарга сөз таба албай, 22 жаштык боз улан кезин эстеп, ошол жаш курагына барып келди окшойт. «Тамгага бир барып келсем деп өмүр бою эңсеп жүрдүм эле, бирок азыр самолётто уча албайм, 90дон аштым, Тамгага мени алып барып келдиңер, касиеттүү кыргыз эли менен жолугуштуруп койдуңар», — деп дагы мууну бошоду. Тилекке каршы, азыр бул киши да жок. Бул киши көзү өткөнүнө 2 жыл болду. Такэучи сан атабыздын дагы кичине сообуна калдык окшойт», — дейт экс-депутат Карганбек Самаков. Чынында анын бул аракети эки өлкөнүн достук мамилесине байланыштуу тарыхты тактоого чоң жардам берет.

«Чагылган», 22.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий